Согуштан чарчаган Газа. Израил жана ХАМАС Египетте сүйлөшүү өткөрөт

Газа тилкеси. 5-октябрь 2025-жыл

Израил жана Батыштын бир топ өлкөлөрүндө террордук деп таанылган ХАМАС радикалдык тобу Шарм эл-Шейх шаарында Египеттин ортомчулугу менен сүйлөшүү өткөргөнү жатат.

Газада ок атууну токтотуу жана барымтадагыларды бошотуу планын сунуш кылган АКШ президенти Дональд Трамп келишимдин биринчи баскычы апта аягына чейин ишке ашырылат деп үмүттөнөрүн билдирди. ХАМАС анын эки пунктуна макул болгону менен куралсыздануу талабын өз билдирүүсүндө сөз кылган жок. Ал эми Израил радикал уюмду түп тамыры менен жок кылууну көздөгөнүн айтып келет.

Эки жылдан бери токтобогон согуштан чарчап-чаалыккан газалыктардын бир даары Дональд Трамптын сунушуна күмөн саноо менен караса, башкаларында кан төгүү токтойт деген үмүт өчө элек.

"Элдин көбү ок атуу токтойт бекен деп тынчсызданууда. Бул акыркы баскыч, чоң көйгөй. Бизге эки жолу "жер которгула" деп айтышкан. Түндүктөн түштүккө чыгып кеткиле деп көрсөтмө да беришти. Ушунчалык кемсинтип жатышат, кычыраган суукта көчөгө чыгарып салышты. Кармаш кызыган сайын жашообуз кыйындап жатат", - деди Самех Абд-Раббох.

Дагы караңыз Трамп Газадагы согушту токтотобу?

Ал эми Аталла Яаги оптимисттик көз карашын билдирди:

"Бүтүндөй дүйнө согушка чекит коюуну, салгылаштарды токтотууну жана кудайым буюрса Палестин мамлекетинин түзүлүшүн каалайт. Туннелдин аягында үлбүрөгөн жарык көрүнгөндөй. Жаратканым кааласа, бардыгы жакшы болот".

АКШ президенти жекшембиде Газада тынчтык орнотуу жана барымтадагыларды бошотуу боюнча сүйлөшүүлөрдө жылыш бар экенин билдирди.

Жума күнү ал план боюнча мунасага келүү үчүн ХАМАСка (АКШ жана Европада террордук уюм катары таанылган) жекшембинин кечине чейин убакыт берген жана аны палестин жоочулар тобу үчүн "акыркы мүмкүнчүлүк" деп атаган.

Трамп сентябрдын аягында сунуш кылган планга ылайык, согушкерлердин барымтасындагы кишилер бошотулууга тийиш. Буга жооп катары Израилдин түрмөлөрүнөн палестиналык айрым туткундар эркиндикке чыгат.

Израилдик Охад Бен Ами жекшембиде Беэри кибуцундагы (коммуна) талкаланган үйүнө кайтып барды. Ал быйыл февралда эки киши менен чогуу жоочулардын туткунунан бошотулган. Алардын таанылгыс болуп арыктап, өңдөн азган сүрөттөрү коомчулукту нес кылган.

7-октябрдагы теракттардын эки жылдыгын утурлай Бен Ами Израилдин өкмөтүн Трамптын планын кабыл алууга үндөдү:

"Үч жума мурун АКШда, Вашингтондо президент Трампка жолукканбыз. Мен жеке өзүнө кайрылып, мени чыгаруу үчүн үстөлдү муштагандай азыр да келишимге жетишүү үчүн катуу талап коюуну өтүндүм. Азыр үмүт жангандай болуп турат. Араб өлкөлөрү, Израил жана ХАМАС долбоорго макул болду, саналуу күндө ишке ашчудай. Мен оптимистмин, барымтадагылардын эркиндикке чыгышын чыдамсыздык менен күтүп жатам".

Бен Ами Израилдин өкмөтүнөн түңүлгөнүн айтып, мекендештерин көчөлөргө чыгууга, бийликтен Газадагы согушту токтотуу жана барымтадагыларды бошотуу планын жактырууга үндөдү.

Дагы караңыз "Израилге Батыш жээкти аннексиялоого жол бербейм". Трамп Газа боюнча жолугушууларды өткөрдү

Эки жыл мурда ХАМАС радикалдык тобу Израилге Газа тараптан кол салганда 1200 киши каза болгон, 250 чактысы туткунга алынган. Анын 140тайы, арасында Бен Аминин жубайы Раз бошотулган. Аны "хамасчылар" ок атууну токтотуу келишиминен кийин 2023-жылдын ноябрында кое беришкен.

Соңку маалыматтарга караганда радикал топ учурда 48 кишини кармап турат, алардын 20сы гана тирүү деп болжолдонууда.

ХАМАС радикал тобу жума күнү барымталагылардын калгандарын жана каза тапкандардын сөөктөрүн өткөрүп берүү шартына көнгөн. Андан тышкары Газадагы бийликти “палестиналык көз карандысыз технократтык органга” өткөрүп берүүгө макул болду. Бирок куралдан баш тартуу жана анклавды башкарууга катышпоо талабы тууралуу ооз ачкан жок.

Трамп "хамасчылардын" барымтадагыларды бошотуу билдирүүсүн кубаттап, алардын коопсуздугун камсыздоо үчүн Израилди ок атууну токтотууга чакырган. Америкалык лидердин планында израилдик аскерлерди палестин аймагынан акырындык менен чыгаруу кадамдары да каралган.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху ЦАХАЛ өз бөлүктөрүн башка жерлерге жайгаштыра турганын айтты. Бирок кабар агенттиктери израилдик танктар менен учактар анклавга чабуул коюуну улантып жатканын жазышууда. Газанын саламаттык сактоо мекемеси жекшембиде 19 киши набыт болгонун билдирди. Согуш башталгандан бери 67 миңден ашуун адам каза тапканы маалымдалууда.