Иш жүзүндө өлкөдө үчүнчү ирет төңкөрүш болгон. Бул аралыкта анын себептери жана сабактары жөнүндө көп талкуу жүрдү.
Ал окуяларга шайлоонун жыйынтыгына карата нааразылык гана алып келдиби, же ага чейинки жагдайлар да себеп болдубу? Өлкөнүн тагдыры ошол он күндөй аралыкта кантип чечилген? Элдик толкундоонун мүдөөсү канчалык аткарылды? “Азаттык” мына ушул суроолорго жооп издеди.
Биринчи бөлүк: Себептер
Арийне, 2005-жылкы Март ыңкылабына же 2010-жылкы Апрель төңкөрүшүнө үй-бүлөлүк башкаруу, бийликти узурпациялоо, коррупциянын күчөшү, шайлоолордун жыйынтыгы себеп болгону айтылат. Ал эми 2020-жылкы Октябрь окуяларына эмне себеп болгон? Албетте, Жогорку Кеңешке шайлоодо жалаң бийликчил күчтөрдүн гана утуп чыгышы башкы себеп. Бирок үчүнчү төңкөрүшкө ага чейинки жагдайлар да түрткү болгон. Алгач мына ошол 2020-жылга чейинки окуялардан сөз баштайбыз жана алардын хронологиясына кайрылабыз.
Кумтөрдү кайтаруу аракети жана камоолор
2010-жылкы Апрель окуясында бийлик алмашкандан кийин бир жылча Роза Отунбаева президент болуп туруп, 2011-жылы Алмазбек Атамбаев шайланат.
2011-жылы Ысык-Көлдө жергиликтүү тургундар Кумтөр кенин улутташтырууну талап кылып митинг өткөрөт. 2012-жылы Кумтөрдө иштеген 1,5 миңдей кызматкер айлыкты көбөйтүү талабы менен иш таштайт. Маселени депутат Садыр Жапаров төрагалык кылган Жогорку Кеңештеги комиссия иликтейт. Иликтөөдөн кийин комиссия кенди мамлекетке алууну сунуштап, ал парламентте кабыл алынбай калат.
Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаров. 2012-жыл.
Мындан соң депутаттар Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытов 2012-жылдын 3-октябрында Бишкекте Кумтөргө байланыштуу митинг кылып, Ак үйдүн дарбазасынан ашып өтүшөт. Натыйжада үчөө тең камакка алынат. 2013-жылы райондук сот аларды 1-1,5 жылдан абакка кесип, Жогорку сот кайра актаган өкүм чыгарган.
“Негизи бул процесс мурдатан келаткан – 2005-жылкы, 2010-жылкы процесстердин уландысы деп айтсак болот. Ал окуяларда эң негизги максат таза шайлоо өткөрүү болчу. Ошондон берки алмашып жаткан бийликтер, анын ичинде мен да иштеп кеткен бийлик таза шайлоо өткөрө албай келатат. Таза шайлоону жана сот адилеттигин камсыз кыла албай жатат. Кыргызстандагы 30 жылдан берки негизги маселе мына ушул”, – деп сөз кошту ушул жерден саясатчы Бектур Асанов.
Баш мыйзам жана оппозицияны куугунтуктоо
Жогорудагы окуялар Апрель ыңкылабынан кийин өлкө башына келген бийликке эл ичинде биринчи олуттуу нааразылык жараткан. Экинчи ири сын пикирлер Баш мыйзамга байланыштуу болгон.
2010-жылы өткөн референдумга ылайык, Конституцияны 2020-жылга чейин өзгөртүүгө мораторий киргизилген. Бирок Алмазбек Атамбаевдин бийлиги аны бузуп, 2016-жылы Баш мыйзамды өзгөрткөн. Анда премьер-министрдин ыйгарым укуктары күчөтүлгөн деген жүйө келтирилген.
2020-жылы “Социал-демократтар” партиясы менен шайлоого катышкан саясатчы Темирлан Султанбеков ал окуяны мындайча эстеди:
“Атамбаевди колдоочулардын көбү “анын негизги катасы Сооронбай Жээнбековду күчтөп президенттикке алып келүүсү болгон” деп айтып жүрүшөт. Бул эң чоң катасы эмес. Эң чоң катасы 2016-жылы оппозиция менен тирешкени болгон. Алмаз Шаршенович мени менен макул болбойт болуш керек, мен деле бул ойго кийин келдим. Ошол бийликти, азыркы бийликти талдап атып, кийин түшүндүм. Негизи Атамбаевдин Конституцияны өзгөртүү сунушу туура болгон, ал премьерди күчтөнтүп, өлкөнү парламенттик башкарууга айлантмак. Бирок ошол кездеги оппозиция же кандай айтабыз, билбейм, себеби Өмүрбек Чиркешович жана башкалар Атамбаевди алгач колдоп эле келишкен да. Министрлер “Ата Мекен” партиясынан да коюлуп, баары чогуу эле жүрүшкөн. Анан алар конституциялык реформаны “Атамбаев президенттиктен кеткен соң өзү премьер болгусу келип жатат, ошого өкмөт башчынын ролун бекемдеп жатат” деп ойлоп калышкан. Президенттик шайлоодон кийин парламенттик шайлоо өтүп, КСДП бардык бийликти ээлеп алат деп ойлошкон. Атамбаев аларга арданып кетип, анан кагылышуу башталып кеткени аябай туура эмес болуп калган. Болбосо ошо парламенттик бийликти куруу ошол эле Текебаевдин же, ага чейин Убактылуу өкмөттү жетектеген Отунбаеванын, ошол өнөктөштөрдүн баарынын мүдөөсү эмес беле?”.
Бул арада – 2017-жылы оппозициялык саясатчылар Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов “коррупцияга” жана “алдамчылыкка” шектелип камалса, дагы бир саясатчы Садыр Жапаров “Ысык-Көлдүн губернаторун барымтага алган” деген айып менен ошол эле жылы кайра кармалган. Текебаев менен Чотонов 8 жылга, Жапаров 10 жылга кесилген.
Атамбаевдин тушунда камалган саясатылар. 2017-жыл.
Ушул жана башка саясатчылардын камалышы эл ичинде бийликке карата терс маанайды күчөтүп олтурган.
“Саясий туткундарды коргоо комитети” Атамбаевдин тушунда 30дай саясатчы саясий буюртма менен камалганын маалымдаган. Жалпыга маалымдоо каражаттарына козголгон кылмыш иштери, журналисттерди жана активисттерди куугунтуктоо да ошондой эле сын жаратып турган.
Атамбаевдин тушунда бийликти басып алууга айыпталып, камалып, Жээнбековдун тушунда бошогон Бектур Асанов ошол учурга мындайча баа берди:
“Саясатчылар Садыр Жапаров, Өмүрбек Текебаев, биз жана башкалар абакта олтурдук. Атамбаев акыркы жылдары репрессияны аябай күчөткөн. Ошонун күчү менен Жээнбековду бийликке алып келди. Нааразылык бир күндө эле чыгып калбайт да, мына ушунун баары акырындан чогулуп келип, нааразылыкка айланды. Ошол шайлоо маалында жарылды. Эл башка иштерге салкын кандуу байкоо салып, анан шайлоону карап турат. “Ушул шайлоодо оңолор бекен?” деп күтөт. Эгерде шайлоодо да оңолбосо анда эл да саясаттагы активдүү топко кошулат. Бул бир эмес, үч жолу биздин башыбыздан өттү. “Оппозиция күчсүз” деп дайыма айтып келет. Оппозиция эч качан күчтүү болбойт. Азыраак оппозиция, алсыз оппозиция ошол нааразылык күндөрү элге туу болуп берет. 2005-жылы, 2010-жылы, 2020-жылы да ошондой болду”.
Жээнбековдун шайланышы жана тирешке себеп болгон Матраимов
2017-жылы Алмазбек Атамбаевдин президенттик мөөнөтү бүтүп, өзүнүн үзөңгүлөшү Сооронбай Жээнбековду шайлоого аттантат.
Бийликтин көмүскө жана көз көрүнөө колдоосу менен Жээнбеков оппозициячыл саясатчы Өмүрбек Бабановду утуп чыгат. Ошол маалда коомчулуктун бир бөлүгү бул шайлоону “президенттикти мураскерге өткөрүп берүү аракети” катары баалашкан.
Экс-судья, саясатчы Клара Сооронкулова мына ушул окуяны үч жылдан кийинки ыңкылапка жеткирген себептердин бири деп эсептейт:
“Сооронбай Жээнбеков утуп чыккан шайлоодо биз баарыбыз эле адилетсиздикти көрдүк да. Анткени, ошол маалда утуп чыгышы ыктымал болгон, авторитеттүү талапкерлер четтетилип калды. Өздөрү да күрөшкөн жок, жөн гана кырдаалга макул болуп туруп берди. Ошол нерселердин баары таасир этти”.
Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаев. 2017-жыл.
Президенттик шайлоодон көп узабай Атамбаев менен Жээнбековдун ортосунда тиреш башталат. Кийин ачыкка чыккандай, бул бажычы “Райым миллион” атка конгон Райымбек Матраимовго байланыштуу болгон.
Тагыраагы, Атамбаев премьерликке дайындап кеткен өкмөт башчы Сапар Исаков Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Райымбек Матраимовду 2017-жылы ноябрда иштен алып коёт. Матраимов өкмөттү сотко берип утуп алып, бирок кызматка кайтпайт. Исаков өзү 2018-жылы апрелде иштен кетип, Бишкек жылуулук электр борборундагы кырсыкка байланыштуу камалат. Атамбаев-Жээнбеков тиреши курчуйт.
“Азаттык” радиосунун 2017-жылы “Бажыдагы миллиондор” аттуу иликтөөсүндө Райымбек Матраимовдун ысымы коомчулуктун калың катмарына алгач ирет көрсөтүлгөн эле. 2019-2020-жылдары “Азаттык” эл аралык жана жергиликтүү өнөктөштөрү менен бирге бажы тармагындагы коррупциялык иштерди ашкерелеген иликтөөлөр сериясын жарыялаган. Ал материалдарда Матраимов түзгөн бажыдагы көмүскө коррупциялык системанын бети ачылган.
Райымбек Матраимов жөнүндө иликтөөдөн алынган скриншот.
Иликтөөлөрдүн фонунда Бишкекте нааразылык акциялары өтүп, Матраимовду жана анын кадрларын жоопко тартуу талаптары жаңырып турат. Бирок Жээнбековдун бийлиги ага “факты бергиле” деген жооп менен чектелет.
Саясат таануучу Эмилбек Жороев соңку ыңкылаптардын себептеринин ичинде так ушул “Матраимов фактору” негизгилердин бири болгонун белгилейт:
“Биринчи кезектеги көйгөйүбүз, эл тааныган эң чоң маселе коррупция болсо, Матраимовдун аты ошо менен синоним болуп калды. Канчалаган журналисттер аны иликтеп, канчалаган материалдар чыгып жатты. Ошол эле кезде президент, балким, саясий алы жетпегендиктенби, ага карыздар болгондуктанбы, факты берген сайын факты сурап туруп алды. Чынында бул нерсе эл арасында жылмаюуга себеп болуп шакаба жаратты. Президенттик деңгээлдеги реакция болбой калды. Матраимов тууралуу “эл уулу, чыгаан лидер, президентке татыктуу” деген атайын уюштурулган маалыматтык аракеттер болуп жатты. COVID-19 маалындагы оор кырдаалда да Матраимов тыйын-тыпыр таштап, упай топтоого аракет кылды. “Уурдаса деле” элге бөлүшүп жатпайбы” деген чакырыктар ташталып турду”.
Калкты козуткан Кой-Таш окуясы жана камакта калган Жапаров
2019-жылы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге кылмыш иши козголуп, парламент аркылуу кол тийбестик макамы алынат. Суракка келбеген саясатчыны тергөөгө жеткирүү үчүн анын Кой-Таштагы үйүнө милициянын жана коопсуздук кызматынын атайын тобу жөнөтүлөт. Атамбаев курал менен коргонуп, жергиликтүү тургундар жол тосуп, кагылыш катталат. Жүздөгөн тургун, ондогон күч кызматкери жаракат алып, атайын кызматтын бир кызматкери каза болот. Соңунда Атамбаев тергөөгө жеткирилип, камакка алынат.
Кой-Таш окуясы иш жүзүндө өлкөнү солкулдаткан жана бийликти теңселткен окуя болуп калган. Бул кезектеги жапырт нааразылыктар үчүн чоң сигнал эле. Экс-губернатор Бектур Асановдун пикирине кайрадан орун берели:
“Кандай болгон күндө да Кой-Таш окуясы чечилди, Атамбаев кармалды. Нааразылыктар болду. Бул деле кандайдыр бир деңгээлде ошол убактагы бийликке нааразылыктарды күчөттү. Бул деле шайлоо учурунда элдин көчөгө чыгышына кошумча болду. Шаардын айланасындагы айылдарда Атамбаевдин таасири чоң, ошондуктан бул окуянын да бийлик алмашууга таасири бар”.
Кой-Таш окуясы. 2019-жыл.
2019-жылы Өмүрбек Текебаевдин иши кайра кароого жөнөтүлүп, өзү бошоп чыкса, Садыр Жапаров абакта кала берген. Анын үзөңгүлөштөрү президент Сооронбай Жээнбековдон суранганына карабай, ага ырайым берилген эмес. Мунун өзү да Жапаровдун тарапташтарынын кыжырын келтирип, бийликке каршы маанайга салым кошуп турган десе болот.
“Президент Жээнбековдон саясий туткундарга ырайым кылуу, аларды бошотуп коюу сыяктуу өтүнүчтөр дайыма болуп келип, эң акырында гана Текебаев камактан чыкты. Бирок Садыр Жапаровдун да тарапташтары өтө массалык түрдө болгон. Ал 2017-жылы сырттан келген маалдагы протесттерден көрүнөө болчу. Атамбаев аны каматтарды, бирок Жээнбеков ал боюнча эч кандай аракетке барган жок. Албетте, бул нерсе 2020-жылкы окуяларга салым кошсо керек. Себеби, “Мекенчил” саясий партиясы Садыр Жапаровдун атын туу тутуп, шайлоого аттанган. Камчыбек Ташиев мырза ал саясий партияны жетектегени менен, “бул Садырдын партиясы” “Садырдын таламын талашып жатабыз” дегени өтүмдүү саясий кадам болду десек болот”, – дейт саясат таануучу Эмилбек Жороев.
Пандемия жана эки күркүл калкалаган партиялар
2020-жылдын башында Кытайдан башталган коронавирус илдети дүйнөнү, анын ичинде Кыргызстанды каптап, экономика кризиске кептелди. Дүйнөдө пандемия жарыяланып, чек аралар жабылды. Коронавирус илдетинен улам 3 миңдей адам каза болду, өлкөдөгү медицинанын чабалдыгы ашкереледи. Натыйжада товар тартыштыгы жаралып, кымбатчылык күчөдү. Бул да өлкөдөгү абалды чыңалткан.
Пандемиянын фонунда 2020-жылдын октябрына парламенттик шайлоо дайындалып, даярдык башталат. Бийликчил күчтөр “Биримдик”, “Мекеним Кыргызстан” жана “Кыргызстан” партиясынын айланасына топтолду.
"Биримдик" партиясындагы талапкерлер. 2020-жыл.
“Биримдикке” президенттин иниси Асылбек Жээнбеков кирет. Мунун өзү аталган партиянын артында бийлик турат деген ишарат эле. Башкача айтканда, калган партияларга президент колдогон партия менен атаандашууга туура келген.
Саясатчы Бектур Асанов мыйзамдык жактан мында маселе болбогону менен ал саясий атаандаштыктын балансын бузганын айтууда:
“Юридикалык жактан муну таза деп атышат да. Президенттин иниси партияга кирип алганы да экинчи маселе. Биринчи маселе бул жерде бийлик өзүнүн партиясына акча таратууга уруксат берип койду. Жарышып акча таратты. Эл добушун картошка саткандай сатты. Ушунун баарына шарт түзүп берип койду. Аны эч кандай таза шайлоо деп айтканга болбойт. Нааразылык ушундан келип чыкты. Анан жыйынтыгында парламенттеги абсолюттук көпчүлүктү ошол эки партия ээлеп алды да. Шайлоо ошол окуялардын кульминациясы, жеткен чеги болуп калды”.
Шайлоо башталып-башталбай жатып “Мекеним Кыргызстан” партиясынын артында ошол учурдун башкы каарманы Райымбек Матраимов турганы белгилүү болот. Партияга анын бир тууган агасы Искендер Матраимов жана ага мурдатан байланыштырылып жүргөн адамдар кошулат. Бул фактор да шайлоого катышкан партиялардын жана шайлоочулардун арасында кыжырданууну жаратат.
"Мекеним Кыргызстан" партиясынын талапкерлери.
2020-жылкы парламенттик шайлоодо “Реформа” партиясын жетектеп чыккан Клара Сооронкулова Матраимовдун жүрүштөрү өнөктүккө бир жыл калганда башталганын эстеди:
“Райымбек Матраимов 2019-жылдын апрель айында мени чакырып, сунуш кылды. “Мен шайлоого катышкан атам, партия түптөп жатам, партияга кирип, талапкер катары катышып бериңиз” деди. Мен ага “бийликти эмне кыласың, саясатты эмне кыласың?” деп суроо бердим. Ал ошондо “мен шайлоого эч качан аралашкан эмесмин, бийлик мени ушуга түртүп жатат” деди. Себептерин тактаган жокмун. Айтайын дегеним, Матраимов 2019-жылдан баштап эле шайлоого даярдана баштаган. Демек, өзүнүн кандайдыр бир максаттары болгон. Бийликти колуна алуу, мамлекеттик башкарууга таасир этүү максаттары болгон. Анан эми салыштырып көрсөк, Матраимовдо башкаларга салыштырмалуу эң көп ресурс болгон да”.
Детонаторго айланган шайлоо
Ошентип, шайлоого жалпы 16 партия ат салышат. Эл аралык жана жергиликтүү байкоочулар шайлоо жүрүшүндө одоно мыйзам бузуулар катталганын, добуштарды сатып алуу болуп көрбөгөндөй жүргөнүн белгилешкен.
4-октябрдын кечинде автоматтык эсептөө системасы “Биримдик” менен “Мекеним Кыргызстан” 24 пайыздан көбүрөөк добуш алганын көрсөтөт. “Кыргызстан” партиясы да 8% ашык добуш алса, оппозициялык партиялардан саясатчы Адахан Мадумаров жетектеген “Бүтүн Кыргызстан” гана араң 7% босого чектен өтөт.
2020-жылкы шайлоодо добушканалардын бириндеги жыйынтык.
Бул калган партиялардын нааразылыгын жаратты. Октябрь окуялары деген ат менен тарыхта калган тополоң так ушундан кийин башталды.
2020-жылкы парламенттик шайлоодо “Бир бол” партиясы менен чыккан саясатчы, учурда Мамлекеттик салык кызматын жетектеген Алмамбет Шыкмаматов буларга токтолду:
“Бул жерде шайлоо детонатор болуп берген. Жанагы мен айтып жаткан коррупция, уюшкан кылмыштуулук менен күрөштөр болбогондуктан, тескерисинче шайлоо аркылуу бийликке, парламентке 90% криминал менен коррупционерлер келмек. Ошону үчүн эл жарылып, 2020-жылкы окуялар катталды”.
Экинчи бөлүк: Төңкөрүш
Шайлоонун жыйынтыгына алгачкы нааразылыктар добуш берүүнүн эсеби чыккан – 4-октябрдын кечинде башталган. Кыргызстан социал-демократтар партиясынын жана “Чоң казат” партиясынын өкүлдөрү Борбордук шайлоо комиссиясынын жана парламенттин алдына чогулушкан.
Акциялар 5-октябрь күндүз Ала-Тоо аянтында уланган. Демонстрацияга “Реформа”, “Республика”, “Ата Мекен”, “Мекен Ынтымагы”, “Замандаш” жана башка партиялардын өкүлдөрү жана жарандык активисттер кошулган. Түштө чогула баштаган топ, саат алтыларда беш миңге чейин жеткени кабарланган. Аянтка коопсуздук кызматкерлери дагы тартылган.
Алгачкы талаптар жана Ак үйдүн алынышы
Өлкөнүн негизги аянтына топтолгондор алгач шайлоо тыянагын жокко чыгарууну гана талап кылып турушкан. Тиешелүү талапка 12 партиянын лидерлери кол койгон.
Кечки саат 20:00дөн кийин Ала-Тоо аянтындагы демонстранттар экиге бөлүнүп, айрымдары Ак үйдүн дарбазасын талкалап кирүүгө аракеттенген. Ак үй тараптан коопсуздук кызматкерлери демонстранттарга карата күч колдонуп, таратууга аракет кылган.
2020-жылдын 5-октябры. Борбордук аянт, Бишкек.
Кечки саат 23:00дөн кийин президент Жээнбеков парламенттик шайлоого катышкан 16 партиянын лидерлерин жолугушууга чакырган. Ошол күндөрдөгү митингге катышкан саясатчы Алмамбет Шыкмаматов андагы талаптарды мындайча айтып берди:
“Мындайда мамлекеттик органдар бүт деморализацияга түшөт. Бийлик качат дагы, эл өзү менен өзү калат. Ошондой шартта элди уюштурган патриоттор сахнага чыгат. Бирок ошол 2020-жылы эл лидерге суусап турган. Ураан биринчи шайлоо деп чыккан. Кийин лозунг өзгөрүлгөн. “Садырды чыгаргыла башкаңарга ишенбейбиз!” деген...”.
6-октябрга караган түнү, тагыраагы таңкы саат 3:00дөн кийин демонстранттар Ак үйгө кирип барган. Өкмөт имаратын ээлеп алган оппозициялык күчтөр элдик өкмөт түзүп, Жогорку Кеңештин төрагасын алмаштыруу жана жаңы премьер-министрди тандоо маселесин көтөрүшкөн.
Атамбаевдин жана Жапаровдун абактан чыгышы
Көчөгө чыккандар Ак үйдү ээлеп алган соң, ар кандай топтор Улуттук коопсуздук комитетин, Ички иштер министрлигинин, Башкы прокуратуранын, жада калса мамлекеттик телеканалдардын имараттарына да кирип барышкан.
Түн ортосунда абактагы бир катар саясатчылар, анын ичинде Садыр Жапаров, Алмазбек Атамбаев, Сапар Исаков жана башкалар бошотулган. Үч жарым жыл абакта отурган Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевдин коштоосунда түз эле аянттагы элдин алдына чыккан.
Нааразылыкка чыккандар Ак үйдүн алдында 6-октябрь, 2020-жыл.
Күч кызматкерлери менен демонстранттардын ортосундагы кагылышууларда ондогон адамдар жараат алып, 19 жаштагы Үмүт аттуу жигит каза тапкан.
“Реформа” партиясынынын лидери Клара Сооронкулова да ошол күндөрдөгү ызы-чуулардын чордонунда жүргөн:
“Негизги катышып жаткан күчтөр өз ара келише алган жок. Программа, максат болбогондон кийин көчө демократиясынын жеңиши болуп кетти. Көчө демократиясынын негизги каармандары Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевди колдоп кетишти. Ошол кезде Садыр Жапаровдун образы жаштарга жагып калды. Куугунтукталды, камактан чыкты. Кумтөр үчүн өмүр бою күрөшүп келген адам катары колдоп кетишти”.
Жапаровдун өкмөт башчылыкка биринчи шайланышы
Жапырт митингдердин басымы менен Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган. Бийлик шал болуп, башаламандык күчөгөн. Бишкек шаарындагы дүкөн, соода борборлорду элдик кошуундар кайтара баштаган. Бул тушта президент Сооронбай Жээнбеков кайрылуу таратып, бийликти күч менен тартып алуу аракети болгонун айткан жана бардык саясий күчтөрдү укуктук талаага кайтууга чакырган.
Борбордук аянт. 2020-жылкы Октябрь окуялары.
7-октябрга караган түнү Бишкектеги “Достук” мейманканасында Жогорку Кеңеш чогулган. Парламенттеги 120 депутаттынын 64ү жыйынга келгени айтылган. Дастан Жумабеков спикерликти тапшырып, ордуна Мыктыбек Абдылдаев шайланган. Өкмөт башчы Кубатбек Боронов кызматтан кетүү арызын жазып, абактан чыккан Садыр Жапаров премьер-министр болуп шайланган.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров куду ошол күндөрдөгү аракеттерди Октябрь окуясынын беш жылдыгында мындайча эскерди:
“6-октябрь күнү эртең менен жоон топ балдар Байтик тарапка жөнөп калышкан экен. “Эмне болду?”- десем, - “Сооронбай Шарипович ошол жакта бир үйдө жатат экен кармап, аянтка алып келип жазалаганы кетип жатабыз”, - дешти. Колдорунда куралдары бар. 2010-жылдан калган куралдар болсо керек деп ойлоп койдум. Колдорунда дагы 300дөй тизме бар экен. Баары – ошол учурдагы жана мурдагы бай чиновниктер. Баарын аянтка алып келип асабыз дешет. “Андай кылбагыла. Таптакыр кереги жок” деп ынандырып жатып, араң макул кылдым. Ызы-чуу. “Сен өзүң бийликке туруп-турбай жатып коррупционерлерди колдой баштадың” дешет. Баарын мыйзамдын чегинде жазалайбыз десем, “Кустура аласыңбы?” дешет. Ооба “кустурам” дейм”.
Мадумаров менен Бабановдун биригиши
Бирок Жогорку Кеңештин береги чечими коомчулукта кескин сынга кабылып турду. Анткени, парламенттеги депутаттардын көбү “Биримдик”, “Мекеним Кыргызстан” жана “Кыргызстан” партиясы менен элдик толкундоолорго себеп болгон талаштуу шайлоого катышкан. Анүстүнө, жыйында кворум болбой калганы айтылып, чечимдин легитимдүүлүгүнө шек кеткен.
Бул арада Адахан Мадумаров, Өмүрбек Бабанов, Алтынбек Сулайманов, Сапар Исаков жана Жанарбек Акаев баштаган саясатчылар Координациялык кеңеш түзүп, Мадумаровду ага лидер катары жарыялашкан. Иш жүзүндө бийликке умтулган негизги эки саясий топ пайда болгон.
Бул арада Бишкек шаарынын администрациясы талашка түшүп, аны басып алгандар өздөрүн “элдик мэр” деп жарыялашкан.
Ош шаары. 6-октябрь, 2020-жыл.
Ошто да кырдаал курчуп, шаардын жана облустун жетекчилик кызматтары талаш болгон. Бозгундагы саясатчы, мурдагы мэр Мелис Мырзакматов Түркиядан Ошко учуп келип, митингге барган.
Уланган бийлик талаш
7-октябрда Ала-Тоо аянтына жалаң жаштар чогулуп, алардын негизги талабы люстрация болуп турду. Топтолгондор жаштар бийликке келиши керектигин айтып, “Ата Мекен” партиясы менен шайлоого барган Тилек Токтогазиевди өкмөттүн башында көргүсү келгенин билдиришкен. Садыр Жапаров болсо чогулгандарга аны парламент шайлаганын айтып, легитимдүү премьер-министр экенин угузган. Өкмөт үйүнүн алдында эки саясатчынын тарапкерлери кагылышкан.
Тилек Токтогазиев. 7-октябрь, 2020-жыл.
Президент Сооронбай Жээнбеков экинчи ирет кайрылуу менен чыгып, тараптардын бири да сүйлөшүү үчүн аянтча сунуштабаганын билдирген.
7-октябрдын ичинде Координациялык кеңеш депутаттарды “Жаннат” мейманканасына топтоого аракет кылган. Ага ошол учурда спикер экени айтылган Мыктыбек Абдылдаев да келген. Бирок кворум чогулган эмес. Түн жарымда депутаттар тобу президентке импичмент жарыялоого кол чогулта башташкан.
Саясат таануучу Эмилбек Жороев үчүнчү ыңкылапта деле биринчи-экинчи тополоңдордогу талаш уланганына мындайча баа берди:
“Таң калтырганы, 2005-жылкы, 2010-жылкы окуяларда эки ирет ушундай кырдаалга кептелип, эбин таба албай калган саясий элита, үчүнчү жолу кайра эле ошол кырдаалга барып калды. Элди көбүрөөк чыгарган, партиялары күчтүү Адахан Мадумаров, Жанар Акаев жана башка бир топ саясатчыларда же лидерлик жетишпегендиктенби, же бири-бирине ишенбегендиктенби, ар жерде чогулуп атып, демилгени ыкчамыраак топтолгон, мобилизация күчтүүрөөк болгон тарапка жеңилип калышты. Ал Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин тобу болчу. Колдоочуларын да топтоду, парламент аркылуу да иштеди. Менимче ушунусу сөзсүз жеңишке алып келчү зирек стратегия болду окшойт”.
Бабанов менен Атамбаевдин биригиши
8-октябрда Бишкектеги ызы-чуу салыштырмалуу басаңдаган. “Ата Мекен”, “Бир Бол”, “Реформа” жана “Республика” партиялары “Акыркы үмүт” деп аталган саясий бирикме түзүп, Өмүрбек Бабановду премьер-министрликке, анын орун басарлыгына Тилек Токтогазиевди сунуштаганы белгилүү болгон.
Өмүрбек Бабановду премьерликке тандаган топ. 2020-жылдын октябрь окуялары.
Бул учурда “Достук” мейманканасында парламент депутаттары өкмөт башчылыкка шайлаганы айтылган Садыр Жапаров өз тарапташтары менен Жээнбековдун кызматтан кетишин талап кылып турган.
Ал ортодо мурунку муниципалдык жана башка жетекчилер кызматына кайтып келген. Биринчи вице-премьер-министр Эркин Асрандиев өкмөт мүчөлөрү менен тополоңдон кийин биринчи жыйынын өткөрүп, абалдан чыгууну талкуулашкан. Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Өмүрбек Суваналиев күч түзүмдөрүнүн жыйынын өткөргөн.
“Ошондой хаос болуп кеткенден кийин өзүңдүн жоопкерчилигиңди сезет экенсиң да. Ушундай болуп кетти, бийлик алсыз болуп калды, мамлекетти башкара албай калды. Бийлик үчүн күрөш саясатчылардын турган турпаты эмеспи, анан ар кайсы аянтчаларда саясатчылар, сүйлөшөлү, келишимге келели деген сүйлөшүүлөр болуп жатты. Сүйлөшүүлөр болуп атты, бирок ар ким ар кайсы жерде болуп, бири-бири менен тил табыша албай жатышты. Жаштар эскилерди түртүп жатты, эскилер жаштар эмнени билмек эле дегендей мамиле кылып жатышты. Акыр-аягы биз башка партиялар менен сүйлөшүп, “Реформа”, “Ата Мекен”, “Республика” партиялары жөндөмдүү адам катары Өмүрбек Бабановду сунуш кылдык. Кийин анан алардын оюну болуп кетти, биз да иренжип калдык. Биз ага ишенип, “Атамбаев менен барбайсыз” дегенде бизге сөз берген. “Атамбаев азыр саясатка барбайт, анын максаты соттон акталып алуу, ага барбайм” деп айтты. 9-октябрда аны көрүп эле, ал бизди ойнотуп кеткенин түшүндүм”, – дейт Клара Сооронкулова.
9-октябрдын таңында президент Сооронбай Жээнбеков билдирүү таратып, “өлкө мыйзамдуу жолго түшкөн соң, президенттик кызматтан кетүүгө даяр” экенин жар салган. Мунун артынан эле президент өз чечими менен куралдуу күчтөрдүн генералдык штабынын башчысы Райимберди Дүйшенбиевди, өкмөт башчы Кубатбек Бороновду, атайын кызматтын төрагасы Орозбек Опумбаевди кызматынан бошоткон. Андан соң Өмүрбек Суваналиев да Коопсуздук кеңешинен кеткен.
Борбордук аянттагы кагылыш
9-октябрь күндүз Ала-Тоо аянтына мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана өзүн премьер-министрликке сунуштаган Өмүрбек Бабанов баштаган топ келип, митинг өткөргөн.
Атамбаев менен Бабановдун биригиши. 9-октябрь, 2020-жыл.
Темир жол бекетинин алдында “Уюшкан кылмыштуу топко каршы” акциясынын катышуучулары жүрүш жасап, аянттагыларга кошулушкан. Өкмөт үйүнүн алдында үч күндөн бери топтолуп турган Садыр Жапаровдун тарапташтары борбордук аянтты көздөй жүрүп, эки тарап кагылыша кеткен.
Кагылышта таш атылып, октордун үнү угулган. Тилек Токтогазиевдин башына таш тийип, жараат алган. Кийин белгилүү болгондой, Алмазбек Атамбаев жүргөн автоунаага ок атылган.
Жапаров-Ташиев менен Атамбаев-Бабановдун тарапкерлеринн кагылышы. 9-октябрь, 2020-жыл.
Ал ортодо президент Сооронбай Жээнбеков Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабына келип Бишкек шаарына өзгөчө абал режимин киргизген.
Саясатчы Бектур Асанов тополоңдо ким күчтүү болсо ошол бийликте алып калары анык болуп калгандыгын айтып, ошол себептүү тиреш күчөгөнүн кеп кылат:
“Сөзсүз түрдө, мында ачык эле бийлик талаш болду. Бир эмес, үч топ болду. Алар митинг башталган күндөн баштап кыймылдай башташты. Анан ар кандай кырдаалдарга жараша бүгүнкү бийлик утуп чыкты. Бул бийлик талаштын классикалык эле түрү. Шайлоодон кийин, мыйзамдык талаадан чыгып кеткенден кийин талаш ушундай эле болот”.
Атамбаевдин кайрадан камалышы
10-октябрда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, анын мурдагы жансакчылары Канат Сагынбаев, Дамир Мусакеев, тарапташы Фарид Ниязов кайра камалган. Ал эми экс-премьер Сапар Исаков менен экс-мэр Албек Ибраимов өлкөдөн чыгып кетишкен. Бул күнү ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов да камакка алынган. Башкы прокуратура эскертүү берип, кырдаалдан пайдаланып абакты таштай качкандардын кайтып келүүсүн талап кылган. Ал ортодо Садыр Жапаров президент Жээнбеков менен жолугуп, абалдан чыгып кетүүнүн жолдорун сүйлөшкөнүн айткан.
2020-жылдагы Октябрь окуялары.
Бул күнү Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга чогулган. Мыктыбек Абдылдаев төрагалыктан баш тартып, жыйынды алып барууну вице-спикер Мирлан Бакировго өткөрүп берген. Жыйында Садыр Жапаров премьерликке экинчи ирет шайланган. Жапаров андагы билдирүүсүндө президент Жээнбеков эки-үч күндүн ичинде кызматынан кете турганын билдирген.
Бирок мында да Жапаровдун өкмөтүнүн легитимдүүлүгү талкууга түшкөн. Аны шайлаган Жогорку Кеңеште кворум болбогонун, демек ал легитимсиз экенин айрым депутаттар жана башка юристтер айтып чыгышкан.
11-октябрда митингдер жана кагылышуулар катталган жок. 12-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков Бишкекте кайрадан өзгөчө абал киргизген. Ал Жапаровду дайындоо тууралуу жарлыкка кол койгон эмес. Кийин белгилүү болгондой, бул күндөрү эки тарап кызуу сүйлөшүү жүргүзүп турган. Жээнбеков Жапаровду премьер кылып, өзү жаңы шайлоолор өткүчө кызматта туруп турууга ниеттенген. Бирок Жапаров буга макул болгон эмес.
Алмамбет Шыкмаматов ошо кездеги президентти өлкөдө түзүлгөн кырдаал эмес, сүрмө топтун сүрү кетирген деп санайт:
“Жээнбеков кылкылдаган элди көрүп гана арызын жазып берди. Болбосо ал арызын жазмак эмес. Талдоо деп коёт. Атайын кызмат, башка органдар “элдин 90% колдоп жатат, өткөрүп бербесең болбойт” деген. Ошондуктан ал “мына мен кетейин, өзүңөр мыйзамдуу бийликти түптөп алгыла!” деп арызын жазып берген.
Жапаровдун үчүнчү ирет премьерликке шайланышы
13-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков “Орусия лидери Владимир Путиндин тапшырмасы боюнча Кыргызстанга келген Кремлдеги аткаминер Дмитрий Козак менен жолугушканы расмий кабарланган. Жолугушууга Садыр Жапаров да катышкан.
Кийин Жээнбеков менен Жапаров жекече жолукканы белгилүү болот. Президент өкмөт башчы легитимдүү шайланышы керектигин айтып, мындан кийин парламенттин Жапаровду премьерликке дайындаган токтомун артка кайтарган. Бул күнү спикерликке Канатбек Исаев шайланган.
Канатбек Исаев, Садыр Жапаров жана Сооронбай Жэнбеков. 14-октябрь, 2020-жыл.
14-октябрда Сооронбай Жээнбеков парламенттин кезектеги жыйынында Садыр Жапаровго байланыштуу маселени кароону сунуштап, Жапаров үчүнчү жолу өкмөт башчылыкка шайланган. Бул ирет анын легитимдүүлүгү боюнча маселе жаралган эмес.
Мындан соң Жээнбеков Жапаровду премьер-министрлик кызматка дайындоо тууралуу жарлык чыгарган. Эски аянтта митингдин катышуучулары президенттин кызматтан кетүүсүн талап кылып турушкан.
Президент Садыр Жапаров ал күндөрү көшөгө ичинде да, сыртында да саясий оюндар болуп турганын соңку маегинде эскерип, бул жөнүндө кийинчерээк китеп жазарын угузду:
“Ар кандай оюндар болуп, мени бир эле жолу эмес, үч жолу кайра-кайра кайталап премьер-министрликке бекитишти. Акыркы жолу 14-октябрь бекен, эсимде жок, үчүнчү жолу бекидим. Ошондон кийин премьер-министр катары толук кандуу иштей баштадым. Бирок президенттик чылбыр колго тие элек эле. […] Сооронбай Шарипович менен биринчи жолу резиденциядан жолуктук. Албетте, сүйлөшүүлөр өтө оор өтүп жатты. Беш-алты күндүк оор сүйлөшүүлөрдөн кийин анан макул болуп, отставкага кетти”.
Жээнбековдун кетиши жана Жапаровдун президенттин милдетин аткарышы
Президент Сооронбай Жээнбеков 15-октябрда эртең менен коомдук-саясий чөйрөнүн өкүлдөрүн резиденцияга чогултуп, кырдаал турукташкандан кийин, парламенттик шайлоону өткөрүп, президенттик шайлоо жарыяланган соң гана кызматтан кетерин билдирген. Ал жыйынга Роза Отунбаева, Феликс Кулов, Марат Султанов, Азимбек Бекназаров, Абдыганы Эркебаев, Исмаил Исаков жана башкалар катышкан.
"Ысык-Көл" мейманканасынын алдында турган митингчилер. 15-октябрь, 2020-жыл.
“Ала-Арча” резиденциясында сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан учурда өкмөт үйүнүн алдындагы митингчилер резиденцияга жакын жердеги “Ысык-Көл” мейманканасынын алдына чогулушкан. Алар президенттин кызматтан кетүүсүн жана парламенттин тарашын талап кылып турушкан.
15-октябрдын кечинде мамлекет башчынын сайтында президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кеткени жарыяланды. Алты жылга шайланган президент кызматта үч жыл гана олтурду.
Талдоочу Эмилбек Жороев Жээнбеков каалагандан эмес, аргасыздан бийликти өткөрүп бергенин айтты:
“Биринчиден, менимче 6-октябрдан баштап эле Садыр Жапаровдун дымагы, анын дарамети Атамбаевдикине караганда күчтүүрөөк экени белгилүү болуп калган. Атамбаев жеңилип калары дайын болуп калган. Экинчиден, кымгуут мезгилде Жээнбековдун сүйлөгөн аудиосун да угуп калбадыкпы, ал Атамбаев менен эки-үч жылдан бери алышып атып, андан коркуп калган окшойт. Эгер ал бийликти кайра алып, Жээнбеков бийликтен түшүп калчу болсо, анын тагдыры жаман болорун көз алдына элестетип туруп, Атамбаевге такыр бергиси келген жок. Бабанов ага кошулуп кеткенине да нааразы болду. Ошондуктан ал бийликти Садыр Жапаровго өткөрүп бергенине ыраазы болду. Албетте, идеалдуу түрдө ал бийликти бербеши керек болчу, бирок эгер бийлик колдон тайчу болсо анда ал Атамбаевге тийбеши керек деген ойдо болду”.
Садыр Жапаров, Сооронбай Жээнбеков, Канатбек Исаев. 16-октябрь, 2020-жыл.
16-октябрда парламент кайрадан чогулуп президент Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетүү арызын кабыл алды. Мыйзам боюнча өлкө башчысынын милдети жүктөлчү парламент төрагасы Канатбек Исаев андан баш тартып, президенттин милдетин аткаруу өкмөт башчы Садыр Жапаровго берилди. Садыр Жапаров досу, экс-депутат Камчыбек Ташиевди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагалыгына бекитти.
Парламент өз токтому менен Бишкектеги өзгөчө абал режимин жойгон. Мындан соң Садыр Жапаров Өкмөт үйүнүн алдындагы тарапкерлерине чыгып, Жээнбеков кеткенин, президенттин милдети өзүнө жүктөлгөнүн жар салган. Ошентип Кыргызстандын эгемен тарыхында элдик толкундоолордун арты менен үчүнчү жолу бийлик алмашкан.
Үчүнчү бөлүк: Мүдөө
Садыр Жапаров 2020-жылдагы Октябрь окуяларында Кыргызстанда Баш мыйзамды өзгөртүп, күчтүү президенттик башкаруу орнотууну, премьер-министр менен президент кызматын бириктирүүнү, кылмыш дүйнөсүн жок кылууну, коррупциянын тамырын кыркууну, анын ичинде мурдагы бийликтин тушунда аты чыккан бажычы Райымбек Матраимовду камакка алууну убада кылган.
Өкмөт үйүнүн алдындагы тарапташтарына Садыр Жапаров Матраимовду камоого убада берген. 14-октябрь, 2020-жыл.
Жапаров ноябрда президенттин милдетин аткарууну парламент төрагалыгына бекиген Талантбек Мамытовго өткөрүп берип, өзү президенттик шайлоого аттанган. Шайлоо өнөктүгүндө да бир катар убадаларды берген. Анын ичинде экономиканы көтөрүп, бюджетти көбөйтөрүн, тышкы карыздан кутуларын, Кумтөрдү 100% мамлекетке иштетерин, такталбаган чек араларды чечерин, мигранттарды кайтарарын, саясий куугунтукту токтоторун, сөз эркиндигин чектебей турганын айткан.
Президенттик башкарууну киргизүү
Октябрь окуяларынан берки беш жыл ичинде саналган убадалардын бир тобу аткарылды, айрымдары башка нукта кетти. Алгач, жүзөгө ашкандары жөнүндө кеп кылалы.
Садыр Жапаров 2021-жылдын январында президенттик шайлоодон утуп чыгып, Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум демилгелейт. Апрелде өткөн жалпы элдик добуш берүүгө ылайык, Баш мыйзам өзгөртүлүп, Кыргызстанда президенттик башкаруу системасы киргизилген. Ага чейин парламенттик-президенттик башкаруу болчу.
Садыр Жапаров президенттик шайлоо өнөктүгүндө. 8-январь, 2021-жыл.
Бирок премьер-министр кызматы жоюлбай, Министрлер кабинетинин төрагасы деп аталып калат. Өкмөт менен президенттин аппараты бириктирилип, администрация болуп өзгөрөт. Жапаров ага карабай бардык жоопкерчилик президенттин мойнунда экенин айтып келет.
Саясат таануучу Эмилбек Жороев үчүнчү ыңкылаптын мүдөөсү жөнүндө мындай пикирди карманат:
“Мисалы үчүн, жеке мен либералдык демократия орноп, парламенттик система калышы керек деп эсептеп, Октябрь окуяларынан кийин ошону күтсөм, ал ишке ашкан жок. Бирок моюнга алыш керек, Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев биринчи эле күндөн баштап “парламенттик башкаруунун бизге кереги жок, күчтүү президенттик бийлик орнотобуз, саясий партиялар коррупцияга малынды, алардан арылышыбыз керек, Конституцияны өзгөртөбүз” деп айтып чыгышты, так ошолор ишке ашты. Албетте, алардын жемиши кандай болот дегенде ар кимдин бүтүмү ар кандай болушу мүмкүн. Анткени, өтө борборлошкон күчтүү президенттик бийлик болуп, ага баланс болчу башка институт жок калды. Андай баланс болбогондон кийин кээде аша чапкандыктар да болот”.
Криминалды жана коррупцияны жок кылуу
Садыр Жапаров президент болуп шайланып, Камчыбек Ташиевдин ыйгарым укуктары кеңейген соң ошол эле Кыргызстандагы “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев бир-эки ирет кармалып, бирок кайра бошотулган. Бул жагдай коомчулукта сын пикирлерди жаратып келди.
2023-жылы 4-октябрда Бишкекте Көлбаев кармоо операциясы кайрадан өтүп, ал атайын операция маалында өлтүрүлгөн. Анын мүлкү мамлекетке алынып, артынан кылмыштуу топтун ондогон мүчөлөрү кармалды.
Райымбек Матраимов менен Камчы Көлбаев
Мурдагы бажычы Райымбек Матраимов да ортодо эки ирет кармалып, сотто күнөөсүн моюнга алып, мамлекетке 2 млрд сом төлөп бергенден кийин абактан бошотулган. Көлбаев өлтүрүлгөн соң Матраимов аны менен бир “мафия” экени айтылып, ал жана анын жакындары чет жактан кармалып келип, мүлктөрү мамлекетке алынды. Мамлекеттик кызматтарда, анын ичинда бажыда бул экөөнө байланышкан жүздөгөн кызматкерлер иштен алынды.
Саясатчы Алмамбет Шыкмаматов азыркы бийлик мына ушул убадаларды так аткарды деп билдирет:
“Мурунку бийликтерди карагыла, Акаевден баштап, бардык президенттердин лозунгу эмне болду эле? “Кылмыштуу топ менен күрөшөбүз, коррупцияны жок кылабыз. Ушул эки лозунгду эч ким аткара алган эмес. Азыр ушул эки лозунг аткарылды. Ушуга чейин 80-90% аткарылды десек болот. Бул тарыхый жактан эң маанилүү жана стратегиялык иштер. Алдыда дагы кыла турган иштер абдан көп”.
Президент Садыр Жапаров 2025-жылдын жай айындагы билдирүүсүндө коррупцияга каршы күрөштүн алкагында өлкө казынасына 200 миллиард сомдон ашык акча, 1100дөн көп кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк мамлекеттин карамагына өткөнүн билдирген.
Президент өзү бул жааттагы иштер дале аяктай электигин айтса, айрым талдоочулар жемкорлорго каршы күрөш тандалма болуп жатканын сынга алып келишет.
Кумтөр, экономика, бюджет, тышкы карыз
2005-жылкы Март ыңкылабына, 2010-жылкы Апрель көтөрүлүшүнө катышкан саясатчы Бектур Асанов 2020-жылкы Октябрь төңкөрүшүнүн мүдөөсү жөнүндө төмөнкүдөй ойдо:
“Биз жаш кезде Акаев кетсе эле бүт баары тез эле оңолуп, жыргал заман орнойт деп шашчу элек. Көрсө, бул процесс узакка созулган процесс экен. Беш жыл, он жыл аздык кылат экен. Кээде мындай процесстер 25-30 жылга созулат экен. Өзүбүз деле эгемендик алганыбызга 35 жыл болду, демократиялык коом калыптанып, көз караштар калыптанып келатат. Ошондуктан беш жылда эле өзгөрүп кетет деп айтыш кыйын. Октябрь окуясы беш жыл мурда башталды деп айтуу да туура эмес. Себеби, бул процесс 2000-жылдары келаткан процесстердин уландысы. Менин оюмча дагы 10 жылча убакытта, 2035-2040-жылдарга барып, Кыргызстан толук демократиялуу өлкө болуп калат деп ишенем”.
Садыр Жапаров 10-15-жыл мурдараак депутат кезинде көтөргөн Кумтөр кенин президент болгон соң толук мамлекетке кайтарып алды.
Кумтөр кени.
Жалпы экономикада да убада кылынгандай жылыш болду. Пандемиядан кийинки секирикпи же бийликтин реформалары жемишин бердиби, айтор соңку жылдары экономика 9% чейин өсүш берип, ички дүң өнүм Кыргызстандын тарыхында биринчи ирет 1 триллион сомдон ашты. Мурдараак өсүш темпи 3-4% гана болчу.
Ички дүң өнүм көтөрүлгөн соң бюджет да көбөйдү. Кыргызстандын республикалык бюджети 2020-жылы 163 млрд сом болсо, 2025-жылы 473 млрд сомго жетти. Анын ичинде салык өстү.
Кыргызстандын учурдагы башкы салыкчысы Алмамбет Шыкмаматов мындагы айырмаларды талдап берди:
“Мына 2020-жылы бюджетке 112 млрд сом төлөнчү. Бул жалпы, бир жылдагы төлөм. Азыр, буюрса ушул жылы 274 млрд сом түшүп жатат. Бул үч эсе көп. Же 160 млрд сомго көп. А мурда ушул акча кайда эле? Ошол 160 млрд сом акча уурдалчу. Ооба, экономика өстү, өндүрүш өстү, ал 30% өсүш берди деп коёлу. Калган 70%ы уурдалчу”.
Ошол эле маалда өлкөнүн мамлекеттик карызы азайбай, тескерисинче көбөйдү. 2020-жылы анын көлөмү 4,9 млрд доллар болсо, 2025-жылы Кыргызстандын жалпы карызы 8,4 млрд долларга жетти. Анын 5 млрд доллары тышкы карыз.
Мамлекеттик карыздын сом менен эсептелген өсүү динамикасы.
Садыр Жапаров алгач мамлекеттин карызын азайтууга убада кылса, кийин көз карашы өзгөрүп, өнүгүү үчүн мамлекет карыз алса боло турганын, өлкө өнүккөндө аны төлөп салуу көйгөй жаратпай турганын айта баштады.
“Болуп жаткан ийгиликтерди тааныбай коюу мүмкүн эмес. Аны статистика деле көрсөтүп жатат. Бирок эң негизгиси ким болбосун элдин көйгөйүн ойлогон бийлик үчүн башкы көрсөткүч адамдардын жашоосу. Ийгиликтер, жетишкендиктер болуп жатканы менен кымбатчылык элди кыйнап жатат. Ошондуктан менимче азыр баа берүү өтө эрте”, – деди Клара Сооронкулова “Азаттыкка”.
Чек аралардын чечилиши жана камоолор
Октябрь окуяларынан кийин Кыргызстандын башына келген бийликтин башкы жетишкендиги Өзбекстан жана Тажикстан менен отуз жылча убакыттан бери чечилбей келаткан чек ара маселесин чечкени болду. Тажикстан менен такташууда эки ирет чек ара жаңжалы катталып, эки тараптан тең жоготуулар болду.
Эки өлкө менен чек араны тактоо нааразылыктар менен да коштолду. Кыргыз-өзбек чек ара келишимин кабыл алууда Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин алмашылышын сындаган отуздай саясатчы-активисттер камалып чыгышса, кыргыз-тажик чек ара келишимин сындаган айрым депутаттардын мандаты алынды.
Жапырт камалган 11 журналист. Учурда бирөө - Махабат Тажибек кызы (солдон эң төмөнкү) абакта кала берүүдө.
Камак демекчи, Temirov Live жана “Айт, айт десе” долбоорлорунун 11 журналистинин жапырт кармалганы Октябрь окуяларынан берки чуу жараткан окуялардын бири болуп калды. Алардын жетөө акталып, эки журналист абакка кесилсе, дагы экөө пробациялык сыноо менен бошотулду. Долбоорлордун негиздөөчүсү Болот Темиров өлкөдөн мажбурлап чыгарылды.
“Азаттык” 2020-жылдын ноябрь айынан бери социалдык түйүндөргө жазган билдирүүсү, бөлүшкөн маалыматы, жаcаган материалы үчүн суракка чакырылган, кылмыш жоопкерчилигине тартылган 50дөн ашык жарандын ишин тизмектеген. Kloop.kg басылмасы болсо пикири үчүн соңку төрт-беш жылда 140 киши камалып же куугунтукка алынганын эсептеп чыккан.
2020-жылдан бери пикир үчүн камалгандардын бир тобу. "Азаттыктын" атайын долбоорунда аныкталган жарандар.
Өзү да шайлоого байланыштуу камалып чыккан саясатчы Темирлан Султанбеков “Азаттыкка” курган маегинде соңку камоолор жөнүндө да айта кетти:
“Жетим-Тоо деп кыйкырган жетимдерден баштап, Кемпир-Абад деп кыйкырган кемпирлерге чейин камалды. Мындай болбойт да. Жакшы нерселер болуп жатат, алардын баарын кыла бергиле. Бирок мисалы Рита Карасартова камалбаса кайсы бир жерде жол салынбай калабы? Андай болбойт да, туурабы? Анан аны социалдык тармактарда көбүнчө эркектер “ырас болуптур, камалсын, жок болсун, атып салсын” деп отурушат. Бул эмне деген коом? Эмне деген нерселер?”.
Саясатчыларды, активисттерди, журналисттерди жана башкаларды камоолорду айрымдар саясий куугунтуктун уланышы жана сөз эркиндигине жасалган басым катары баалап, өлкөдө бийликке сын айткандар жокко эсе болуп калганын белгилешет.
Парламенттин сыртында да, ичинде да оппозиция жок калганы да айтылат. Бийлик башындагылар мындай пикирлерди четке кагып, өлкөдө сөз эркиндиги барын, саясий куугунтук жок экенин билдирип келет.
“Кемпир-Абад” иши боюнча камалып, кайрадан акталгандардын бири, биз кепке тартып жаткан Клара Сооронкулова бул камоолордон кийин оппозициянын абалын мындайча мүнөздөдү:
“Авторитардык мамлекетте оппозициянын болушу кооптуу. Бирок оппозиция болбой койбойт. Эгерде оппозицияга ачык жүргөнгө, талаптарын ачык айтканга мүмкүнчүлүк бербесе, анда оппозиция жашыруун иштеп, көмүскөгө кетет. Менимче бул жакшы көрүнүш эмес. Азыр оппозициялык күчтөр бардыр, бирок мурда өзүн оппозиционер катары таанытып жүргөн адамдар, коопсуздугунан, эркиндигинен чочулап, тынчып калды десек болот”.
Мигранттардын кайтышы жана курулуштар парады
Кыргызстандын бийлиги чет өлкөдө жүргөн эмгек мигранттарынын санын соңку үч-төрт жылда дээрлик 300-400 миңге азайтканын жар салып, муну Октябрь окуяларынан кийинки убадалардын аткарылышы катары сыпаттап келет.
Мурдараак Орусияда иштеген кыргыз мигранттарынын саны миллиондой деп айтылса, учурда алардын саны 600 миңге кыскарган. Катталгандары 400 миңдей. Бирок мигранттардын мекенине кайтышы Орусияда борбор азиялыктарга басым күчөгөнү менен да түшүндүрүлөт.
Кыргызстанда ири объектилердин – өкмөттүк имараттардын, стадиондордун, мектептердин салынышы, жолдордун жаңыланышы, жүздөгөн ипотекалык батирлердин курулуп жатышы да Октябрь окуяларын мүдөөсүнүн аткарылышы катары бааланып келет.
Бишкекте курулуп жаткан "Азаттык арена" стадиону.
Алмамбет Шыкмаматов бийлик болгон соң анда ийгиликтер да, мүчүлүштүктөр да болорун белгилеп, бирок соңку беш жылдагы жетишкендиктерде оң жагы оорлук кыларын айтты:
“Негизи Кыргызстанда үч ыңкылап болду. Үч ыңкылапта тең убадалар мынчалык аткарылган эмес. Беш жыл бул кыска убакыт. Беш жыл ичинде андагы убадалар, талаптар аткарылды деп мен, жоопкерчилик менен айта алам. Анткени, 2005-жылы аткарылбай калган, тескерисинен кеткен. 2010-жылы аткарабыз деп, бирок саясий топтор бири-бири менен ырылдап атып, журналисттер онго, саясатчылар жыйырмага, эл жүзгө бөлүнүп атып, ынтымак дегенден кур калганбыз. Азыр ынтымак бар, мүдөөлөр аткарылып келатат деп эсептейм. Дагы аткарыла турган көп маселелер бар. Ошондуктан тынымсыз, күн сайын, саат сайын, мүнөт сайын астыга жылып туруш керек”.
Адатта кайсы бир саясий окуяларга “тарых өз баасын берет” деп айтылат. Бирок биз программабызда 2020-жылкы Октябрь окуяларына беш жылдан кийинки терезеден карап, анын күңгөй-тескейин талдаганга аракет кылдык. Калган бааны окурман берер.