“Жээнбековду жазалайбыз дешкен”
Президент Садыр Жапаров бийлик алмашкан Октябрь окуясынын беш жылдыгына байланыштуу “Кабар” улуттук агенттигине маек куруп, 2020-жылдагы кырдаал тууралуу азыноолак айтып берди.
Анда ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков менен оор сүйлөшүүлөр өткөнүн, аткаминерлерди жазалайбыз деген куралчан жоон топ балдар болгонун билдирди.
“Сооронбай Шарипович 8-октябрь күнү пайда болду. 6-октябрь күнү эртең менен жоон топ балдар Байтик тарапка жөнөп калышкан экен. “Эмне болду?” десем “Сооронбай Шарипович ошол жакта бир үйдө жатат. Кармап, аянтка алып келип жазалаганы кетип жатабыз” дешти. Колдорунда куралы бар. 2010-жылдан калган куралдар болсо керек деп ойлоп койдум. Колдорунда дагы 300дөй тизме бар экен. Баары ошол учурдагы жана мурдагы бай чиновниктер. "Баарын аянтка алып келип асабыз" дешет. Андай кылбагыла. Таптакыр кереги жок деп ынандырып жатып, араң макул кылдым”, - деген Жапаров.
Жапаровдун айтымында, ал Жээнбеков менен биринчи жолу резиденциядан 9-октябрда жолуккан. Бир жумага созулган оор сүйлөшүүлөрдөн кийин Жээнбеков отставкага кеткен.
Жапаров Октябрь окуяларынын өнүгүшү, өзүнүн кантип өкмөт башчы болуп дайындалганы, жаалданган жарандар менен кантип мунаса тапканы жана андан кийинки көрүнүштөр тууралуу айтып берип, саясий топтордун ар кандай оюндары, сырткы күчтөрдүн басымы күч болгонун билдирди. Президент саясатчылардын аты-жөнүн, кайсы сырткы күчтөр экенин ачыктаган жок.
Жээнбеков кандай жагдайда кеткен?
Коомчулукта Октябрь окуясында Жээнбеков кандай жагдайда тактыдан кулап, Жапаровдун бийлик башына келгени көп ачыкталбай калган темалардын бири. Экс-президент Сооронбай Жээнбеков беш жылдан бери Октябрь окуясы боюнча такыр үн катпай келет.
Ошол учурда Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары болуп турган Өмүрбек Суваналиев буга чейин “Азаттыктын” эфирлеринде Октябрь окуяларында президент Жээнбековду таппай калышканын айтып берген.
"Жээнбековду өзүбүз да издедик. Анткени ал мыйзам боюнча президент, коопсуздук кеңешинин төрагасы да. Издеп, тапкан жокпуз. Эки жарым сутка эч ким билген жок. Бардык чет мамлекеттерден мага чалып, ар бири өз өлкөсүнүн президентине доклад кылышы керектигин айтышты. Аларга өзүбүз да таппай жатканыбызды айтып жооп бердик. Москвадан Александр Бортников да чалып "президенттиңерди таппай жатабыз" деди. Мен ага "биз дагы таппай жатабыз" дедим".
Ал эми ошол мезгилде Жээнбеков менен жолуккан саясатчылардын бири Феликс Кулов президент жеке үйлөрдүн биринде болгонун айтып келет.
“Сооронбай Жээнбековдун жардамчыларынын биринин телефонун таптым. Чалдым жана жолуккум келген. Макулдук беришти. 8-октябрь болсо керек. Анткени Ак үйдө дагы, резиденцияда дагы жок болчу. Мага бир дарекке келүүнү айтышты. Жеке менчик үй болчу. Ал жерге бардым. Жээнбеков бар экен. Мен анын позициясын билгенге аракет кылдым. Анда толук маалымат жок болгондуктан анча-мынча өзүн жоготуп койгон экен. Ошол эле учурда оор басырыктуу. Жүзүндө тынчсыздануу байкалган жок. Мен ага ушул кырдаалда аскердик кеңеш түзүнүү сунуштадым”, - деген Кулов.
2020-жылы 5-октябрдан кийин өлкөдө он күндөн ашуун саясий кризис орун алган. Саясий чөйрөдө бийлик талаш болгону айтылып келет. Ошол маалда абактан чыгарылып, Жапаровдун бийлик башына келгендеги легитимдүүлүк маселеси көтөрүлгөн.
Парламент депутаттарынын жабык эшик артында өткөргөн жыйындары, криминалдык топтордун саясий процесстерге таасири тууралуу шек саноолор айтылган.
Ошентип, 16-октябрда Жогорку Кеңеш Сооронбай Жээнбековдун отставкасын кабыл алып, президенттин милдетин аткаруу укугу өкмөт башчы Садыр Жапаровго жүктөлгөн.
Садыр Жапаров дал ушул Октябрь окуялары учурундагы белгисиз жагдайлар боюнча китеп жаза турганын, ал таңкалычтуу маалыматтар жазылган “бестселлер болорун” белгиледи. Бирок китеп качан жазыларын ачыктаган жок.
Бийликти шайлоо сынайт...
Президент Садыр Жапаров соңку маегинде, Октябрь окуясына байланыштуу кырдаалдан сырткары элдик толкундоолордун кайталанбашы үчүн шайлоолор таза өтүшү керектигин жана бул өнөктүктү өзү көзөмөлгө аларын ишара кылды.
Октябрь окуяларынын активдүү катышуучусу, ишкер Тилек Токтогазиев ар бир шайлоо бийлик үчүн тобокелдиктерди жараткан сыноо экенине токтолду.
“Шайлоо деген ар дайым бийлик үчүн азгырык. Өзүнө керектүү адамдарды алып келүүгө, саясий элитага таасир бере тургандай мүмкүнчүлүгү болот. Бул шайлоо кандай болорун убакыт көрсөтөт. Мисалы, 2021-жылкы шайлоодо азыркы бийликтин позициялары анча бекем эмес болчу. Азыр бүт бийлик булардын колунда, эми кандай болорун убакыт көрсөтөт”, - деди Токтогазиев.
Токтогазиев 2020-жылдагы окуялардагы көшөгө артындагы саясий оюндар жыл өткөн сайын ашкере болорун белгиледи.
2020-жылдын октябрь айындагы толкундоо парламенттик шайлоонун жүрүшүнөн, анын жыйынтыгынан улам келип чыккан. Көчөдө толкуган эл кечке жуук президенттин администрациясы жайгашкан Жогорку Кеңештин имаратына түз эле кирип барган.
Октябрь окуяларынан кийин бийликке келген Садыр Жапаров Конституциялык реформа демилгелеп, Кыргызстан парламенттик башкаруу формасынан президенттик башкаруу формасына кайтты.
Бийлик муну өлкөдө бекем тартип орнотуу талабы менен түшүндүрүп, дал ушул аракеттердин аркасында экономикада өсүш болуп, коопсуздук тармагы иретке келгенин билдирип келет. Буга далил катары соңку учурдагы ички дүң өнүмдүн жогорулоо темпи, криминалга каршы күрөштүн жүрүшүн, өндүрүштө жылыш болуп жатканын айтууда.
Бирок ошол эле маалда оппозициячыл көз караштагы саясатчылар жана жарандык коомдун өкүлдөрү демократия, сөз эркиндиги кысымга кабылып, саясий атаандаштык жокко эсе болуп калганын белгилешет. Буга чейин Freedom House уюму да Кыргызстанды бешинчи ирет эркин эмес өлкөлөрдүн катарына кошкон.
Шерине