Ушул тапта эксперттер сот чечимине ылайык Башкы прокуратуранын расмий маалыматын күтүп жатышат. Азырынча кайсы материалдар тууралуу сөз болуп жатканы белгисиз. Соттун мындай чечимин айрымдар көз карандысыз медиаларга карата басымдын уланышы катары сынданышууда.
Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту 27-октябрда Temirov Live, Kloop.kg жана “Айт Айт Десе” медиа-долбоорлорунун маалыматтык материалдарын жана журналисттер Болот Темиров менен Ринат Тухватштиндин ишмердигин экстремисттик деп тапканы тууралуу кабарды соттун маалымат кызматы 28-октябрда таратты.
Сотко мындай өтүнүчтү Октябрь райондук прокуратурасы берген. Эми соттун чечимин ишке ашыруу Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу Байланышты жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматына жүктөлгөнү маалым болду.
“Temirov Live, Kloop.kg жана "Айт Айт Десе" медиа-долбоорлорунун маалыматтык материалдары, ошондой эле Т.Б.М. менен Т.Р.Р.нын
ишмердүүлүгү экстремисттик деп табылды. Интернетте Т.Б.М. жана Т. Р.Р.нын жетекчилигиндеги же катышуусундагы Temirov Live, Kloop.kg жана "Айт Айт Десе" медиа-долбоорлорунун ресурстары жана баракчаларынын ишмердүүлүгүнө тыюу салынат”, - деп жазылган соттун маалыматында.
Сөз болуп жаткан медиалардын өкүлдөрү соттун бул чечимине даттанарын билдиришти. Бирок соттун бул өлкөдөгү көз карандысыз, иликтөөлөр менен алектенген медиалардын материалдарын экстремисттик деп тапканы бир катар суроолорду жаратты.
Анткени, прокуратуранын өтүнүчүнө эмне негиз болгону жана соттун чечими жөнүндө кенен маалымат бериле элек. Сот чечими расмий жарыялана электигине байланыштуу юристтер соңку окуяны мындай деп чечмелеп жатышат.
Юрист Акмат Алагушев сот чечими тууралуу мындай пикирде.
Акмат Алагушев.
“Бул тездетилген өндүрүш тартибинде каралган сот чечими болсо керек. Жарандык процессуалдык кодексте ушундай бөлүмдө 261-берене бар. Негизи чечимдин өзүндө кайсы материалдар тууралуу сөз болуп жатканы так белгилениши керек. Ал чечимдин аныктама бөлүгүндө гана эмес, резулятивдик бөлүгүндө дагы көрсөтүлүшү керек. Кайсы материалдар экстремисттик болуп саналат? Эмне үчүн аларга тездетилген тартип жана өзгөчө өндүрүш керек болду? Маалыматтык материал интернет түйүнүндө болушу мүмкүн жана ал алып салынууга тийиш. Ошондуктан чечими тез арада чыгып, сөзсүз түрдө жарыяланышы керек. Мыйзам боюнча аны Башкы прокуратура жарыялашы керек. Чечимди биз көргөн жокпуз, эгер бардык материалдар жана келечектеги материалдар дей турган болсо, бул анда абсурд болмокчу. Эмнеге? Материалды экстремисттик деп таануу үчүн белгилүү бир кыймыл-аракет болушу шарт жана бир нече экспертизалар жүрүшү зарыл. Чечимди көрбөй туруп азыр бир нерсе айтуу кыйын".
Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы бул өзгөчө өндүрүштөгү иш экенин ырастады. Соттун басма сөз кызматы тараткан маалыматта журналисттер Болот Темиров менен Ринат Тухватшиндин ишмердиги да экстремисттик деп таанылганы жазылган.
Юристтер буга чейин Кыргызстандын тарыхында журналисттердин иши экстремисттик деп таанылган учур боло электигин белгилешүүдө. Бирок 2017-жылдын август айында Биринчи Май райондук соту “Сентябрь” телеканалынын ишин токтоткон. Ал учурда “Башкы прокуратура контенттен экстремисттик материалдарды тапканы” айтылган.
Юрист Клара Сооронкулова соттун бул өкүмү ансыз да кысымда калган сөз эркиндигин чектей турганын белгиледи.
Клара Сооронкулова.
“Кыргызстандын тарыхында бир дагы жалпыга маалымдоо каражаты экстремисттик уюм деп таанылган эмес. Анткени, экстремисттик уюмдар, экстремизмге аракет кылган адамдар бийликке таасир этип, аны алмаштырууга, коомдук тартипти бузууга умтулат да. Мыйзамда ал так көрсөтүлүп турат. Мисалы, сөзсүз түрдө жардыруу же өрт коюу өңдүү аракеттерге барат. Бирок биздин мыйзамда, кандай уюмдар экстремисттик деп таанылат дегенде кеңири маани берилип калган да. Ал жерде диний же болбосо коомдук уюм да болушу мүмкүн деп жатат. Чынында Кыргызстанда Баш мыйзам менен кепилденген сөз эркиндигине тобокелдик жаратат. Мунун кесепетинен журналисттер өзүн-өзү чектей баштайт. Экинчи жагынан жөнөкөй жарандар дагы ошол экстремисттик деп табылган жалпыга маалымдоо каражаттарына же ошол адамдарга карата, алардын социалдык тармактардагы материалдарына "жакты" белгисин басып, комментарий калтыра турган болсо булар дагы экстремисттик аракеттерге жардам кылган адам деп таанылышы мүмкүн”.
Жарандык активист Руслан Акматбек соттун өкүмү өтө кооптуу прецедент жаратканын айтып өттү.
“Экстремизм дегенде ойго "Аль-Каида", "Ислам мамлекети" деген топтор келет экен. Бизде аябай коопту прецедент жаралып калды. Радикалдар менен сын айткан журналисттерди бир таразага таштап койдук да. Бул аябай кооптуу прецедент. Мунун сөзсүз кесепети болот. Экстремисттер өзүн журналистке теңеп чыгып алышы мүмкүн. Бул ыкма Орусия, Түндүк Корея, Түркмөнстан өңдүү авторитардык режимдер өкүм сүргөн өлкөлөрдө колдонулат. Мисалы, Орусияда Фейсбук, Инстаграм платформалары экстремисттик деп жарыяланган. Ошол каналдардан бийликке жакпаган маалыматтар тарайт, ошону бийлик четтете албай, оппонент боло албай экстремисттик деп жарыялап жатат”.
Кыргызстанда “Экстремисттик ишмердикке каршы туруу” жаатындагы мыйзамдарга өзгөртүү киргизилип, быйыл июнда президент Садыр Жапаров кол койгон. Ага ылайык, Жарандык-процессуалдык кодекс жана Кылмыш кодекси баштаган беш мыйзамга толуктоолор киргизилген. Ал жерде жалпыга маалымдоо каражаттары тарабынан экстремисттик материалдарды даярдоого жана таратууга жаза каралары белгиленген. Бирок сөз болуп жаткан медиалар кандай норма жана кайсы материалдары боюнча экстремисттик деп табылганы белгисиз болуп турат.
Болот Темиров ким?
46 жаштагы Болот Темиров Кыргызстандагы таанымал иликтөөчү журналисттердин бири. Ал 1979-жылы Ош облусунун Өзгөн районунда туулган.
Өзүнүн маектеринде төрт жашына чейин чоң энесинин колунда жүрүп, кийин Москва шаарында иштеген ата-энесинин колуна келгенин айтканы бар. Мектепти ошол жактан аяктаган. М.В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинде жогорку билим алган. Кесиби социолог. Кыргызстанга 2006-жылы кайтып келип, УТРКга жумушка орношкон. 2008-жылы президенттик администрациянын катчылыгына караштуу жооптуу кызматта иштеген. Кийин бир катар телеканалдарда, медиа уюмдарда иштеп, 2018-жылдан 2021-жылга чейин FactCheck.kg cайтында башкы редакторлук кызматты аткарды.
2019-жылдын соңунда ал жетектеп турган Factcheck.kg басылмасы Бажы кызматынын мурдагы орун басары Р. Матраимовдун байлыгын ашкерелеген иликтөөсүн жарыялаган.
Журналист онлайн троллдордун каралоосуна кабылганын жана анын веб-сайты (DDOs) хакердик чабуулга туш болгонун айтып чыккан.
2020-жылдын январь айында үч жигит көчөдө ага капыстан кол салып, катуу сабап кетишкен. Кийин Бишкектин Биринчи май райондук соту кол салууга төрт кишини айыптап, ар бирин 2,5 жылдан эркинен ажыраткан. Бирок айыпталуучулардын баары абакта отурган күндөрүнүн эсебинен жаза мөөнөтү бүттү деп эсептелип, сот залынан бошотулган.
Бул опурталдуу окуядан кийин Темиров өз ишин токтотмок тургай, улантышы керек экенине мурдагыдан дагы бекем ишенип калганынын айтканы бар.
“Бул ишенич мага кол салышкан учурда келди. Ошол окуя дал ушул жолду тандашыма жана иликтөөлөрдү жасайм деп өзүмө өзүм сөз беришиме түрткү берген бурулуш болду”, - деп айтып берген "Азаттык" радиосу, "Клооп" OCCRP иликтөөсүндө.
2020-жылы Temirov LIVE долбоорун түптөп, ошол жылдын жайында алгачкы иликтөөлөрүн жарыялаган. Иликтөөлөр түшүндүрмө видеолордун форматында даярдалып, социалдык тармактардагы баракчаларына жарыялана баштады.
2021-жылы Кыргызстанда маалыматтарды ыкчам чогултууга шарт түзгөн teskep.com аталган сайтын негиздеди. Сайттан каалоочулар ишканалар, фирмалар жеке жарандар бизнеске байланышкан маалыматтарды ала алышары айтылган.
Кылмыш иши, камакка алуу
Болот Темиров кармалган учурда жасалган коллаж. Иллюстрациялык сүрөт.
2022-жылы 23-январда Болот Темировду жана аны менен кызматташкан төкмө акын Болот Назаровду Бишкек шаардык милициясы камакка алган. Милиция журналистти кармоо учурунда анын кеңсесин тинтип, “жанынан маңзат табылганын” айтса, Темиров өзү “тартип сакчыларынын бири анын чөнтөгүнө сала койгонун” билдирген.
Темировго жана Назаровго алгач “Маңзатын жана психотроптук заттарды сатып өткөрүү жана даярдоо” деген берене менен иш козголгон.
Кийин ага “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” жана “Документтердин жасалмасын жасоо” деген эки берене да кошулган.
Темировду өлкөдөн чыгарган сот чечими
Болот Темиров сот отурумдарынын биринде. 28-сентябрь, 2022-жыл
2022-жылы 28-сентябрда Бишкектин Свердлов райондук соту маңзат боюнча коюлган айып негизсиз экенин айтып, аны актаган. Алган паспорту менен чек арадан өткөнү мыйзамдуу болгонун билдирип, ал боюнча да актоо чечимин чыгарган. Ал эми документ жасалмалоо боюнча айыптуу деп таап, бирок жаза чарасы чегерилбей турганын билдирген. Прокуратура бул чечимге каршы арызданган.
Бул арыз 2022-жылы 23-ноябрда Бишкек шаардык сотунда каралган. Темиров акыркы сөзүндө күнөөсү жок экенин дагы бир жолу айтып, ага карата иш козгогон жана айып таккан күч органдарын калыстыкка чакырган.
Бишкек шаардык соту Болот Темировду өлкөдөн чыгаруу чечимин чыгарды. Журналистти дароо сот залынан кармап, алып кетишкен. Соттук жараянда мурда Кыргызстандын паспортторун жасап келген "Интел линкс" ишканасынын жетекчиси Таалайбек Жумадылов 2008-2009-жылдары паспорт берүүнү жол-жоболору боюнча күбө катары сурак берген.
Temirov Live командасы тушуккан басым
Абактагы Махабат Тажибек жана Азамат Ишенбеков.
Болот Темировдун жубайы, “Айт Айт Десе” долбоорлорунун жетекчиси Махабат Тажыбек кызы жана бул медиа кызматташкан 11 журналист, активисттер 2024-жылы январь айында кармалып, аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып тагылган. Кийин жетөө акталып, эки журналист абакка кесилсе, дагы экөө пробациялык сыноо менен бошотулган. Алардын арасынан алты жылга кесилген журналист Махабат Тажыбек кызы ушул тапта абакта жатат.
Болот Темиров өзү жана кесиптештерине жасалып жаткан аракеттерди бийликтин куугунтугу катары санап, коррупциялык иштерди ашкере кылганы үчүн катаал мамилеге дуушар болгонун айтып келет. Бир нече эл аралык жана медиа уюмдар кыргыз бийлигинин Temirov Live жана “Айт Айт Десе” долбоорлоруна карата бийликтин мамилесин айыптап келет.
“Клооп” басылмасынын баяны
2008-жылдан бери иштеп келе жаткан “Клооп” басылмасы бир катар чуулгандуу иликтөөлөрү үчүн эл аралык сыйлыктарга татыган. Аны алгач жаш журналисттер негиздеп, кийин салмактуу иликтөөлөрдү жасаган медиага айланган. Порталдын журналисттери "Азаттык" радиосу баш болгон башка медиалар менен бирге бажы тармагындагы чуулгандуу иштердин бетин ачкан. Соңку жылдары Болот Темиров менен бирге бир катар иликтөөлөрдү жарыялаган.
“Клооптун” орус тилиндеги сайты 2023-жылдын 12-сентябрынан тартып жабылган. Ага “Саясатчы Равшан Жээнбеков абакта кыйноого кабылганы кабарланды” деген материал негиз болгон. Атайын кызмат материал “чындыкка коошпойт жана УКМКнын аброюна шек келтирет” деп, Маданият министрлигине кайрылган.
Министрлик ушул эле материалга байланыштуу “Фейктер жөнүндөгү” мыйзамдын негизинде “Клооптун” кыргыз тилиндеги ky.kloop.asia доменинде жайгашкан сайтын бөгөттөгөн.
Жогорку сот көз карандысыз "Клооп Медиа" коомдук фондун жоюу чечимин 2024-жылы 16-июлда кабыл алган.
Ал эми быйыл бул портал менен иштешкен бир нече журналист суракка чакырылып, эки кызматкери камакка алынган. Тагыраагы, басылманын оператору Александр Александров жана мурунку кызматкери Жоомарт Дуулатов 48 саатка кармалып, Бишкектин Биринчи май райондук соту аларды эки айга чейин камакка алган.
Атайын кызмат 30-майда билдирүү таратып, “Клооп Медианы” “мамлекеттик органдар жөнүндө бурмаланган маалыматтар менен терс материалдарды жарыялап келген” деп айыптаган. Мекеме суракка алынган журналисттер “Клооп Медиа” менен мындан ары кызматташуудан баш тартууга убада бергенин" маалымдап, жүзү жабылган бир нече адамдын видеосун жарыялаган. УКМК тинтүү болгонун да ырастаган.
17-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту Жоомарт Дуулатов менен Александр Александровду күнөөлүү деп таап, беш жылдан абакка кескен. Алардан тышкары басылманын эки эсепчисин да айыптуу деп таап, беш жылдан абакка кесип, үч жылдык пробация менен эркиндикте калтырган. Мындай өкүмдү райондук соттун судьясы Чолпонай Үмөталиева чыгарган.
Дагы караңыз "Абакка адилетсиз кесилишти". "Клооптун" мурдагы операторлоруна сот өкүмү, эл аралык уюмдардын реакциясыПрезидент Садыр Жапаров “Клооп Медиа” фондун жоюу боюнча Жогорку соттун чечимине комментарий берип, мыйзамдуу экенин айткан. Кыргызстанда сөз эркиндиги буга чейин да болгонун жана мындан ары да боло берерин белгилеген.
"Клооптун" негиздөөчүлөрүнүн бири Ринат Тухватшин Жогорку соттун чечими "күтүлгөндөй болгонун" айтып, "эч нерсеге карабай иштей берерин" айткан.
Учурда “Клооп Медианын" сайты кыргызстандыктар үчүн жабык. Басылманын социалдык тармактагы баракчалары иштеп турган.
Медиа коомчулук, эл аралык уюмдар эркин маалымат каражаттарынын бири саналган "Клооп Медианын" жабылышын сөз эркиндигине басым-кысым деп сыпаттап келишет.