"Свет өчсө суу да жок". Кыш быйыл кыйын болобу?

Көк-Жар конушу.

Бишкекте жана аймактарда соңку күндөрү белгилүү бир убакытта жарык өчүп жатканы айтылууда.

Буга чейин энергетика министри быйыл кыш оор болорун айтып, муну Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү жылдагыдан аз экенине байланыштырган. Мындан тышкары ал балким жарык дагы маал-маалы менен өчүрүлүшү мүмкүн экенин белгилеген.

Бишкектин Көк-Жар конушунун тургундары эки аптадан бери күнүнө эки саатка чейин свет өчүп жатканын билдирүүдө. Алар жарык өчөрү тууралуу алдын ала маалымат берилгени менен эмне себептен өчүрүлүп жатканы беймаалым экенин айтууда. Арасында бул туурасында ачык айткандан айбыккандары да бар.

"Өткөн аптада кечкисин жок болду. Үч күн алтыдан тогузга чейин. Бүгүн саат тогуз жарымда өчкөн. Мына саат 12 болду, азыр да жок. Кечээ билбейм, мурда күнү өчтү. Дээрлик туруктуу десек болот. Светчилерге чалган жокпуз, балким кышка даярдык көрүп жатышат".

Дагы караңыз "Эң кыйын – быйылкы жыл". Өкмөт жарык тартыш болорун эскертти

Конуштагы көп кабаттуу үйлөрдө дагы жарык өчө бергендиктен алар арыз жазууга аргасыз болуптур. Анткени жарык өчкөн сайын, электр насостору иштебей үйдөгү чоргодон суу акпай калып жаткан экен.

“Эки саатка өчүрдү, анан жашоочулар арыз жазды. Бизде свет өчкөндө, суу да өчөт. Андайда ажатканага да бара албай калабыз. Кичинекей балдары бар адамдар чай кайната албай калышат экен. Арыз жазгандан кийин эле өчүрбөй калды”, - жашоочулардын бири Элеонора Ахметова.

Чүй жана Нарын облустарында да тургундар күндүз же кечкисин эки саатка жакын свет өчүп жатканын билдиришти.

“Ооба, эки сааттан свет өчүп жатат. Кечээ майыптар үйүнүн аймагында өчкөн, мурдагы күнү Искра айылында жок болду. Кезек менен өчүрүп жатышат окшойт", - Чүй облусунун тургуну Жылдыз.

Нарын облусунун тургуну Айжан дагы жарык маал-маалы менен өчүп жатканын ырастады.

"Бизде жарым, бир сааттан жарык өчүп турат. Күндүз бала бакчада иштейм, азырынча жарыкты өчүрүүнүн кесепети билине элек".

Дагы караңыз Камбар-Ата-1 ГЭСи жарака үстүнө курулуп жатабы? Башкы сейсмологдун билдирүүсү талкууда

Энергетиктер алдыдагы кыш өтө оор болорун, Кыргызстандын өзүнүн энергетикалык кубаттуулугу калкты толук камсыздай албай турганын билдирүүдө.

Энергетика министри Таалайбек Ибраев буга чейинки маектеринин биринде калкты электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга, айрым техникалык мүчүлүштүктөр менен авариялык өчүрүүлөргө түшүнүү менен кароого чакырган.

“2024-жылы кышка карата суу сактагычта 12,4 млрд кубметр суу болсо, азыр 1,6 миллиардга аз. Ошондуктан көбүрөөк сатып алууга туура келет, мындан улам элди сарамжалдуу болууга чакырып жатабыз. Жарык өчүрүлөбү? Бул деген өчүрүүлөр эмес, бул деген жөнгө салуучу иш-чаралар. Эгер көмөк чордонго күч келсе, ал күйүп кетет. Бир көмөк чордон 700 миң доллардай турат жана төрт айда оңдолот. Алдын ала сактануу үчүн 500 миң акылдуу эсептегичтерди коюп жатабыз, алар керектөөнү чектеп турат. Кыргызстандыктарга кайрыларым, өзгөчө керектөө күчөгөн кезде электр энергиясын үнөмдөңүздөр”.

Бул маселе 24-сентябрда парламентте да көтөрүлүп, депутаттар энергетика министринин биринчи орун басарына Эмилбек Ысмановдон кырдаал тууралуу сурашкан.

"Өткөн жылдарга салыштырмалуу биздин керектөөчү киловаттар өсүп, дээрлик 500 млн киловаттка өсүп жатат. Ошон үчүн биз төрт мамлекет менен келишим түздүк. Былтыр 3,8 млрд киловатт саатка түзсөк, быйыл 4,3 млрд киловатт саатты түзүп жатат. Электр энергиясы импорт болсо толук беребиз. Эртең менен көп колдонулса, кечки лимиттен аша турган болсо өчүргөнгө туура келет".

Энергетика министрлиги быйыл электр энергиясын Казакстандан, Өзбекстандан, Түркмөнстандан сатып аларын, бирок анын баасы ачык айтылбай турганын билдирүүдө.

Расмий маалыматтарга ылайык, Кыргызстандын кышындагы электр энергияны керектөөсү 18 млрд кВт/сааттан ашып, өндүрүлгөн кубаттуулуктан 4 млрд кВт/сааттан ашып түшөт.

Энергетика боюнча эксперт Эрнест Карыбеков жарыкты өчүрүү менен тартыштык жоюлбасын белгилейт. Ал мындай иштер системалуу жасалышы керек болчу деген пикирде.

“Системалуу иштер жасалышы керек эле. Үч-төрт жыл ичинде жылуулук электр станциясын курсак болот. Канча жылдан бери Кара-Кечеде жылуулук электр станциясын куруп алсак деп какшап жатабыз. Бирок эмгиче ошол иш баштала элек. Анда биз кышкы керектөөнү ошол электростанция менен жаап, сууну топтоп алар элек. Токтогул дайыма толуп турмак. Ички керектөөнү жаап, бизде дагы 6 млрд резерв болмок. Ошону жасашпай жашыл, көгүлтүр деп эле ар кайсыны айтышат. Шарттуу, салтуу эле электр станцияларын куруш керек. Өз коопсуздугубузду өзүбүз бекемдешибиз керек”.

Дагы караңыз "Жашыл" долбоорлор Кыргызстандын тышкы карызын азайтабы?

Бир катар тармактык эксперттер өкмөттүн жетишпеген электр энергиясын коңшу мамлекеттерден сатып алууга арткан үмүтү бир катар тобокелдиктер менен коштолорун айтышууда.

Алар кыш катуу болсо, Өзбекстан менен Казакстанда да жетишсиздик жаралып, линияларында, көмөк чордондорунда чыңалуу жогорку чекте болгондуктан Кыргызстанга электр энергиясын транзит менен өткөрүп бере албай калышы мүмкүн деп кооптонушат.