Кыргыз-казак алакасы: Валиханов, Аэузов, Айтматовдун мурасы уланат

Бишкекте “Достуктун алтын көпүрөсү” эстелиги ачылды, 22-август, 2025-жыл

Бишкекте президент Садыр Жапаров менен Казакстандын лидери Касым-Жомарт Токаев эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнү талкуулады. Стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоо үчүн бир катар маанилүү документтерге кол коюлуп, соода, чек ара жана маданий алакаларды өркүндөтүүнүн жаңы демилгелери сунушталды.

22-августта президент Садыр Жапаров Казакстандын мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев менен тар курамда сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Мунун алдында “Ынтымак ордодо” эки өлкөнүн президенттеринин расмий жолугушуу аземи өткөн.

Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматы тар курамда сүйлөшүүлөрдө эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселеси талкууланганын билдирди.

Касым-Жомарт Токаев “Кыргызстан менен Казакстан өз ара сый-урматка негизделген бардык деңгээлдеги саясий диалогду чыңдап, мамлекеттер, парламенттер жана өкмөттөр аралык кеңештер ийгиликтүү иштеп жатканын” айтты:

"Бул расмий сапарымдын максаты – казак-кыргыз байланышын күчөтүп, өз ара ынтымакты күчөтүү. Бир тууган кыргыз элине, чакырганы үчүн Садыр Жапаровго алкыш айтам. Биз жогорку саясий диалогдун аркасында эки элдин алакасын жаңы деңгээлге көтөрөбүз, мен буга ишенем. Биздин калктар бири-бирине көмөкчү болгон. Азыр эки калктын ортосундагы карым-катнаш оз ара ишеним жана сыйга негизделген".

Жыйында Касым-Жоомарт Токаев президент Садыр Жапаровго өз өлкөсүнүн эң жогорку сыйлыгы - "Алтын-Кыранды" тапшырды.

Кеңейтилген форматта өткөн жолугушуу учурунда сөз сүйлөп жатып, кыргыз президенти Садыр Жапаров Казакстан менен Кыргызстандын тышкы саясаты өзгөчө артыкчылыкка ээ экенин, соода-сатыктагы негизги өнөктөшү экенин айтты.

"Калыптанган достук салттын негизинде бардык маселелерди кеңешип чечебиз деп терең ишенем. Кыргыз менен казак эгиз элдер. Былтыр Астана калаасында сиз менен эки тараптуу кызматташуубуздун бардык тармактарын кылдаттык менен карап чыкканбыз. Бүгүн биз жогорку мамлекеттер аралык кеңшибиздин жетинчи жыйынын өткөрүүдөбүз. Бул жыйын биздин мамлекеттердин ортосундагы боордоштукка, стратегиялык өнөктөштүккө жана өз ара ишенимге жаңы дем берип, эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди илгерилетүүгө өбөлгө түзөрүнө ишенем артам", - деди Жапаров.

Кыргыз-казак алакасы: экономика

Мамлекеттер аралык жогорку жыйындын ачылышында Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаев эки тараптуу соода-сатыктын көлөмү 1,7 млрд АКШ долларына жеткенин айтты:

"Кыргызстан Казакстандын аймактагы башкы стратегиялык өнөктөштөрүнүн бири. Бул көрсөткүчтү эселеп көбөтүүгө бардык мүмкүнчүлүктөр бар. Инвестициялык ынтымакташтык жылдан жылга жакшырып барат. Анын аркасында түрдүү биргелешкен келишимдер ишке ашты", - деди Токаев.

Кыргыз-казак президенттеринин Бишкектеги жолугушуусунда бир катар документтерге кол коюлуп, алмашуу болду.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров эки коңшу ортосунда кандай макулдашуулар аткарыла турганын айтып өттү.

“Кызматташтыкты жигердүү өнүктүрүүнүн жаңы багыттарын аныктадык. Көңүлүбүздү кыргыз-казак чек арасындагы индустриалдык соода-логистикалык комплексин куруу, айыл чарба продукциясын сактоо үчүн Алматы облусунда дүң бөлүштүрүү борборун түзүү, Алматы-Ысык-Көл автожолун куруу сыяктуу биргелешкен долбоорлорго өзгөчө көңүл бурдук. Биз соода көлөмүн көбөйтүү, анын ичинде өз ара соода товарларынын номенклатурасын көбөйтүү, ошондой эле бизнес үчүн ыңгайлуу шарттарын түзүү маселелерин талкууладык. Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пункттарын модернизациялоо боюнча жол картасынын аткарылышын карап чыктык. Бул максатта 2003-жылдагы өткөрүү пунктары жөнүндө макулдашууларына өзгөртүү киргизүү протоколуна кол койдук. Бул демилгелер ийгиликтүү ишке ашса, соода жүгүртүүлөрүбүздү 2030-жылга чейин 3 млрд долларга жеткиребиз деп турабыз".

Касым-Жомарт Токаев жана Садыр Жапаров. Бишкек. 22-август, 2025-жыл.

Казакстандын өкмөт башчысынын орун басары, экономика министри Серик Жумангарин эки мамлекеттин ортосунда товар жүгүртүүнү жакшырта турган экспорт-кредиттик агенттик ачылганын белгиледи.

"Кыргызстан Казакстандын Орто Азиядагы эң маанилүү соода өнөктөшү. Мисалы, 2024-жылы товар айландыруунун көлөмү 1,7 млрд АКШ доллары болду. Быйылкы жылдын жарым жылында 1 млрд. Бул эмнени түшүндүрөт? Товар айландыруубуз 34% өстү дегенди билдирет. Ошондуктан ушул жылдын аягында 2 млрдга чейин жетет деп күтүп атабыз. Бүгүн биз жол картага кол коюп, анда товар айландыруу 3 млрд жетет деп белгиледик. Ал үчүн кандай иштер аткарылышы керек, аракеттерибиз кандай болот? дегендин баары так жазылган. Биз экспорт-кредиттик агенттик ачтык, ал эки мамлекет ортосунда товар жүгүртүүнү жакшырта турган жакшы курал. Ошондуктан кыргыз кесиптештерибизди бул жаатта талыкпай иш алып барууга чакырабыз".

Кыргызстандын эл аралык соода алакасында, өзгөчө Евразия экономикалык биримдигинин алкагында эң олуттуу тоскоолдуктардын бири - кыргыз-казак чек арасы.

Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов бул маселени чечүү үчүн эки өлкөнүн салык кызматтары эки негизги документке кол койгонун билдирди.

"Биринчи документ - бул биздин чек араларда эми электрондук кезек деген түшүнүк пайда болот. Азыр Токмоктогу жана башка өткөрүү пунктарында узун кезектерди көрүп жатабыз, ошолорду жоюу үчүн биздин эки модуль - чек ара аймагындагы оператору болуп салык кызматтары эсептелет. Мындан ары кичи жана чакан ишкерлерге, жүк ташуучуларга жана бизнестегилерге жеңилдик болот. Мындан тышкары биз товарларды Кыргызстандан пломбалап жөнөтөбүз, ал товар А точкадан Б точкага жеткенге чейин GPS көзөмөлдө болуп турат. Бул бюджеттин ачык-айкындуулугун камсыздап, көмүскө экономика менен күрөшүүгө өбөлгө болот. Андан тышкары 2026-жылдын январь айынан баштап биздин эсеп-фактуралар Казакстанда бир модуль менен алынып, бул өлкөдө да тааныла баштайт. Алдыңкы эки документте көрсөтүлгөн талаптарды ишке ашыруу үчүн аракеттердин баары 3-4 айда иштей баштайт. Чек арадагы кезекти азайтууга багытталган бул механизмдер дүйнөлүк тажрыйбада өзүн жакшы көргөзө алган".

Кыргыз-казак чек арасында жүк ташуучу унаалардын чакырымдарга созулган узун кезек тыгыны алдыңкы 3-4 айда жоюлары, пилоттук негизде Чоң-Капка-Сузак көзөмөл өткөрүү пункту жаңыланган тартипте иш алып барары айтылды.

Мамлекеттер аралык жетинчи жогорку жыйындын жүрүшүндө УКМК менен Казакстандын коопсуздук кызматы чек ара кызматы үчүн кадрларды даярдоо келишими, элчиликтер менен резиденциялардын имараттарын куруу боюнча жер участоктору менен алмашуу, 2030-жылга чейин өз ара товар жүгүртүүнү 3 миллиард АКШ долларына чейин жеткирүү боюнча эки өлкөнүн Экономика министрликтери ортосундагы жол картасы келишими, чек ара пунктарынан өткөрүү боюнча протокол менен алмашуу, Алматы облусунда дүң таратуу борборун куруу боюнча меморандум, 2025-2026-жылдагы туризм кызматташтыгы боюнча иш-чаралардын планы, пенсиялык камсыздоо боюнча ведомстволор аралык келишим, эки өлкөнүн улуттук телеканалдарынын кызматташтыгы меморандуму алмашылды.

Казакстан Бишкектин соода-экономикалык өнөктөштөрүнүн арасында Кытай менен Орусиядан кийинки үчүнчү орунда турат. 2023-жылы эки өлкөнүн соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 1 млрд 318 млн доллар болгон. Анын 35% экспорт жана 65% импорт. Эки өлкө ортосундагы соода алаканын негизин азык-түлүк өнүмдөрү, курулуш материалдары, отун жана мунай, жер семирткичтер, металл буюмдар жана баалуу рудалар түзөт.

Касым-Жомарт Токаевдин Бишкекке сапары. Сүрөттөр президенттин сайтынан алынды.

Кыргыз-казак алакасы: Токаев Бишкекке келди

2017-жылы Кыргызстан чек арадагы тоскоолдуктары үчүн казак өкмөтүн Евразиялык сотко берген. Сот четке кагып койгондон кийин, Дүйнөлүк соода уюмунун сотуна кайрылган. Тартылган зыяндын көлөмү 75 млн доллар деп бааланган. Соттук териштирүүлөр эки жыл уланып, соода уюмунда Казакстандын аброюна бир кыйла таасир кылган. Бирок эки өлкөнүн президенттери жолугуп, сүйлөшкөндөн кийин кыргыз тарап белгисиз себептер менен доо арызын кайтарып алган.

Кыргыз-казак алакасы: экология жана суу

Кыргызстан менен Казакстан суу-энергетикалык тармагында да бир кыйла тыгыз кызматташат. Нарындан чыгып, Орто-Токой суу сактагычы аркылуу чек арадан ары аккан Чүй дарыясынын 48% Казакстанга, 52% Кыргызстанга таандык деп эсептелет. Эки тараптуу келишимдерге ылайык, сугат мезгилинде 80% чейинки бөлүгүн Кыргызстан колдонот. Таластагы Киров суу сактагычынын суусунун 30% кыргыз тарап алса, калганын казак дыйкандары алат. Суусун чогуу пайдаланганы үчүн Орто-Токой жана Киров суу сактагычтарынын техникалык оңдоо иштерине казак бюджетинен да каражат берилип турат.

Таластагы Киров суу сактагычында топтолгон суу Казакстандын талааларын сугаруу үчүн жумшалат.

Нарын дарыясы Өзбекстанга киргенден кийин эки чоң агымга бөлүнүп, бирөө “Достук” каналы аркылуу Казакстандын Мактаарал районуна кетет. Экинчи чоң бөлүгү Тажикстан, Өзбекстан аркылуу Казакстандын Кызыл-Ордо аймагын аралап Арал деңизине барат.

Эсептөөлөр боюнча Кыргызстан өзүнөн чыккан суу ресурстарынын 2% гана пайдаланып, калганы бүт кошуна мамлекеттерге агып кетет. Ал жакта суу сактагычтарды башаламан куруп, дыйканчылыкка буруп кетип жаткандыктан, Арал деңизине чейин жетпей калууда.

Кыргыз-казак алакасы: маданият

Касым-Жомарт Токаев жыйында маданий-гуманитардык байланыштар дагы артып жатканын белгиледи.

Анын сапарынын алкагында Ош шаарында Казакстандын Башкы консулдугу, Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинин филиалы ачылары кабарланган.

Эки өлкөнүн лидерлеринин катышуусунда Бишкектин "Ынтымак" паркында “Достуктун алтын көпүрөсү” монументи расмий ачылары белгилүү болду.

Иш-чаранын урматына 21-августта Бишкекте “Чокон Валиханов: Тарыхтын жарык жылдызы” аттуу даректүү тасманын бет ачары өттү. Ага эки өлкөнүн бир катар расмий жана маданий өкүлдөрү катышканы кабарланды. Тасманы "Манас" улуттук академиясы, Назира Аалы кызы, Нуриза Чынтемирова тарткан. Башкы ролду актер Эрлан Бекчоро уулу ойногон.

Буга чейин жаз айларында Астананын негизги көчөлөрүнүн биринде “Айкөл Манастын” эстелиги тургузулган. "Казакстан Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын ортосундагы эки жактуу мамилелерди бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" Садыр Жапаров Казакстандын I даражадагы “Достык” ордени менен сыйланган. Казакстандын бир катар коомдук жана чыгармачыл ишмерлерине кыргыз өкмөтүнүн сыйлыктары ыйгарылган.

Быйыл апрель айында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Астанага расмий сапар менен барган. Анда казак президенти Касым-Жомарт Токаев эки өлкөнүн саясий мамилеси чыңдалып, соода-экономикалык алакасы өсүп жатканын белгилеген.

Делегациялардын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында “Союздаштык мамилелерди тереңдетүү жана кеңейтүү жөнүндө” келишимге кол коюлган.

Дагы караңыз Астана сапары: кыргыз-казак кызматташтыгы, чек ара жана суу

Мындан тышкары, Мамлекеттер аралык кеңештин чечими, “Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө өкмөттөр аралык макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” протокол, “Инвестицияларды колдоо жана өз ара коргоо жөнүндө” макулдашуу, Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында "Автоунаа өткөрүү пункттарын өнүктүрүү боюнча биргелешкен иш-чаралар планы (Жол картасы)", Кыргызстандын Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиги менен Казакстандын Санариптик өнүктүрүү, инновациялар жана аэрокосмостук өнөр жай министрлиги ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум, ошондой эле Кыргызстандын Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги менен Казакстандын Өнөр жай жана курулуш министрлигинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюлган.

1997-жылы Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда “Түбөлүк достук” келишими, андан кийин 2003-жылы “Союздаштык мамилелер жөнүндө” келишим түзүлгөн. Эгемендик алган 30 жылдан ашуун маалда 180ден ашуун мамлекеттер, өкмөттөр жана мекемелер аралык документтерге кол коюлган.

Эки өлкө тең Бириккен Улуттар Уюму (БУУ), Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги (КМШ), Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ), Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ), Жамааттык коопсуздук келишими уюму (ЖККУ) жана Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ) өңдүү эл аралык альянстарга мүчө.