Аларды издөө кийинки жылы атайын даярдыктагы куткаруучулар жана тик учак менен уланышы мүмкүн экени айтылууда.
Ал арада Наталья Наговицинанын уулу Орусиянын Тергөө комитетине кайрылып, энеси калган жерди аэровидеого тартууну суранды.
Кыргызстандын Атайын кызматы 27-августта Жениш чокусунда эки аптадан бери жаткан орусиялык альпинист Наталья Наговицинаны издеп-куткаруу иштеринин алкагында жогорку тактыктагы учкучсуз аппарат учурулуп, альпинсттин тирүү экенинен эч бир белги аныкталбаганын билдирди.
Буга чейин альпинисттин уулу Михаил Наговицин Орусиянын тергөө комитетине, Башкы прокуроруна жана Тышкы иштер министрлигине кайрылып, энеси жаткан ак кар, көк музду дрон менен тартып келүүнү суранган.
“Менин апам тажрыйбалуу альпинист, альпинизм боюнча экинчи спорттук разряды бар. Ден соолугу чың, мыкты формада. maga.fpv'ден алынган видеодо ал байланыш үзүлгөн жети күндөн кийин дагы алсырабай, колун активдүү булгалап жатканын так көрүнүп турат. Апам тирүү экенине ишенем”.
Наталья Наговицина тарткан тасмадан алынган сүрөт.
Кыргызстанда тажрыйбалуу альпинисттер, куткаруучулар эки аптадан бери Наговицинаны жана эки ирандык альпинистти издеп куткарууга аракет кылып жатат.
12-августта Наговицина кошулган төрт кишиден турган топ Жеңиш чокусуна чыгып, кайра түшүп келатканда аялдын буту сынып, баса албай калган. Топтогу немис Гюнтер Зигмунд менен италиялык Лука Синигалья буту сынган аялды эки жолу ылдый алып түшүүгө аракет кылып, майнап чыкпаган соң чоң таштын жанына чатыр тигип, аялды калтырып өздөрү ылдый жөнөгөн.
Эки күндөн кийин Лука 6900 метр бийикте көз жумат, адистер анын мээсине суу толуп кеткен деп болжолдошот. Гюнтер менен топтун дагы бир мүчөсү Роман Мокринскийди куткаруучулар Бишкекке алып келет.
Ал эми ирандык эки жаран чокуга Наговицинанын тобунан мурда аттанып, ошондон бери дайынсыз. Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Италиядан келген эки жогорку квалификациялуу учкуч жана бир куткаруучу аба ырайынын начардыгынан улам чокуга чыга албай, 26-августта артка кайтканын, издөө иштери кийинки жылга чейин токтотулганын маалымдады.
ӨКМнин Калк жана массалык малымат каражаттары менен иштөө боюнча башкармалыгынын башчысы Адилбек Чаргынов азыр издөө иштерин жүргүзүү кооптуу экенин айтты:
"Орусиялык өнөктөштөрүбүз, Өзгөчө кырдаалдар министрлигиндеги кесиптештерибиз кечээ кечинде ошол жерге азыр барууга мүмкүнбү деп кеңеш сурап кайрылышты. Биз "Азыр ал жакка барганга мүмкүнчүлүк жок, анан калса кооптуу, куткаруучулардын өмүрүнө, ден соолугуна да зыян келтирилет. Жашоосуна да коркунуч туулат", - деп айттык. Быйылкыга куткаруу иштери жыйынтыкталды деп айтсак болот".
Ал арада Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы Ноговицина кабылган окуя боюнча тергөөгө чейинки текшерүү жүргүзө баштаганын, чокуга чыгууну ишке ашырган туристтик компаниянын ишине юридикалык баа берилерин билдирди.
Өткөн түнү "Аксай Трэвел" компаниясы альпинисттердин “Түштүк Эңилчек ” базалык лагеринде жүргөн учурунун хронологиясын жарыялады.
“Ак-Сай Тревэл” компаниясынын башчысы Елена Калашникова окуяга байланыштуу мындай комментарий берди.
"Биздин компания лагердин аймагындагы гана коопсуздукка жооп берет. Биздин Конституция боюнча биз адамдарга баргысы келген жагына тыюу сала албайбыз. Азыр окуя болуп өткөндөн кийин баары "алар даяр эмес болчу" деп кыйкырып жатат. Бирок алар чокуга чыгышты да, алардын сапарга чыгаарда даяр-даяр эместигин кантип аныктайбыз? Албетте бизге жарандар келгенде чокунун өзгөчөлүгү, кыйынчылыктары, маршруту, аба ырайы, чокунун татаалдыгы тууралуу бардык маалымат берилет".
"Аксай Травэл" тараткан маалыматка караганда август айынын эки аптасында Жеңиш жана Хан-Теңири чокусунда беш киши дайынсыз жоголуп, каза болгон.
19-августта Коргоо министрлигинин эки аскер учагы алты жолу учуп, Жеңиш жана Хан-Теңири чокуларынан 60тан ашуун кишини эвакуация кылган.
Дайынсыз болуп жаткан иран альпинисттери Хасан Сейфолла менен Марьям Пилехвари мекенинде альпинизм боюнча клубдун жетекчилери эле. Каза болгон италиялык 49 жаштагы Лука Синигалья киберкоопсуздук боюнча адис болчу жана ал “Ак илбирс” программасын жыйынтыктап жаткан.
48 жаштагы Наталья Наговицияна он жылдан бери альпинизм менен алектенип жүргөн.
"Түштүк Эңилчек" жана "Поляна" лагерлеринен альпинисттер, куткаруучулар, туристтер эвакуацияланып, 16-августта Хан-Теңириде каза болгон орусиялык Алексей Ермаковдун сөөгү да чыгарылган.
Кыргызстандын активисттери альпинисттерге көзөмөлдү жана алардын коопсуздугу үчүн жоопкерчиликти аныктаган мыйзамды кабыл алуу зарылдыгын белгилешет. Анткени ушул тапта тоо туризимине кызыккан жеке компаниялар менен гана түз иштешет.
Рысгүл Акимжанова
Рысгүл Акимжанова тоо туризми боюнча атайын мыйзамдар керек экенин белгиледи.
"Негизи альпинизм дүйнөсүндө Кыргызстан аябай популярдуу. Баягы чоң тоолорго даярдануу, категориясын жогорулатуу үчүн ыңгайлуу. Бизде тоо туризми өнүккөн эмес, ошондуктан мыйзамдар жазылган эмес. Тоолор аркылуу биз кантип экономикабызды көтөрсөк болот? Ошол жөнүндө концептуалдык, масштабдуу программа жазып, мыйзам менен бекитиш керек. Болбосо туристтерден пайданы туристтик компаниялар гана көрүп жатат. Бардык салыктар чет мамлекетке чыгып кетүүдө орой айтканда. Ошол үчүн тоого чыгууга салык киргизишибиз керек, туристтер жергиликтүү камсыздандыруу компанияларына акы төлөшү керек. Түшкөн акчаны эмнеге жумшоо керек? Эң биринчи ошол коопсуздукка. Ушундай коркунучтарга кабылган альпинисттерди жана куткаруучуларды үйрөтүшүбүз керек, аларга айлык төлөп, адистерди өстүрүп, тапташыбыз керек. Мисалы, Эверестке чыгууга уруксат алыш үчүн Непал мамлекетинин казынасына 15 миң доллар төлөнөт. Бул төлөм милдеттүү жана бир жыл мурда төлөнөт".
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматында буга чейинки тик учактардын учуулары альпинисттердин камсыздандыруусунун эсебинен ишке ашырылып жатат.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Жеңиш чокусунда калган альпинисттерди издөө-куткаруу токтоду
16-августта Жеңиш чокусуна альпинисттерди эвакуациялоо үчүн бараткан Кыргызстандын Коргоо министрлигинин Ми-8 аскердик тик учагы кырсыктап, 4600 метр бийиктик катуу конгон. Төрт адам жаракт алып, кийин Каракол шаарына жеткирилген. Азырынча бул учактын чыгымын ким көтөрөрү тууралуу маалымат айтыла элек.
Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Фейсбуктагы баракчасына Наговицинанын абалын байкоого учкучсуз аскердик учак да тартылганын жазып, бирок аба ырайы начар болгондуктан альпинистке жетүү мүмкүн болбой жатканын белгиледи.
Эң бийик жери 7439 метрге жеткен Жеңиш чокусу кыргыз-кытай чек арасындагы Тянь-Шань тоо кыркасында жайгашкан.
Альпинисттердин эсебинде 1955-жылдан 2017-жылга чейин бул чокуда 70 киши каза тапкан, алардын көбүнүн сөөгү ак кар баскан тоодо калган.
Жер планетасынын түндүк чокуларынын бири саналган Жеңиш чокусунун жолу техникалык жактан өтө татаал, шамалдын күчү секундасына 100 метрден ашат. Чокуга чыгуу үчүн сезон июлдан август айынын ортосуна чейин гана созулат.
Кыргызстандын аймагында жети миңдик үч чоку: Хан-Теңири (7010 метр), Ленин (7134 метр) жана Жеңиш (7439 метр) бар.
Тажикстандын аймагында Исмаил Самани (мурдагы Коммунизм - 7595 метр) жана Азаттык чокусу (мурдагы Корженевская - 7105 метр) жайгашкан.