"Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.
5-октябрдагы элдик толкундоонун эпкини бир нече оор беренелер менен айыпталган 13 адамды абактан чыгарды.
Ал өзүн байкоочу катары тааныштырганы менен аймактык шайлоо тилкесинен каттоого турган эмес. Көчмө добуш берүү жараянына катышкандардын айтымында, аталган жаран үйүнөн добуш берген шайлоочулардын көбүн тааный турганы байкалган.
Активист Улан Үсөйүн «Фейсбуктагы» баракчасынан белгисиз адамдар аңдып жүргөнүн жазып чыкты.
Соңку бир жума ичинде азык-түлүктүн баасы кескин кымбаттап кетти. Мисалы мурда 95 сомдон сатылып жаткан өсүмдүк майы азыр 115ке чыккан. Эт 50, кумшекер 10 сомго чейин кымбаттады. Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин маалыматына караганда, кымбатчылыкка доллардын кунунун өсүшү себеп болууда.
90 жаштагы Токтокан Эдилбаева жана анын абышкасы Акмат Бейшенбаев коронавирусту жеңип чыкты. Алар өпкөсү кагынып, ооруканада эки жумадан ашык жатышкан. Бул ардагерлердин алгачкы жеңиши эмес. Бирге жашаган 71 жыл ичинде көп кыйынчылыктарга моюн сунушкан жок. Кыргызстанда жыл сайын 1-октябрда Карылар
Саламаттык сактоо тармагында адистер жетишпегендиктен пенсия жашындагы кызматкерлердин саны 7862 адам. Алардын 3100ү дарыгерлер экени белгилүү. Улгайып калган адистердин көпчүлүгү коронавирустун биринчи толкунунда иштеген эмес.
Бишкек, Ош жана Каракол шаарында «Кул болбо!» деп аталган акция өттү. Митингдин катышуучулары «Биримдик» партиясынын төрагасы Марат Аманкуловдун эгемендүүлүк боюнча сүйлөгөн сөзүнө каршы чыгышкан.
Журналист Болот Темиров шайлоо өнөктүгүндөгү мыйзам бузулган учурлар боюнча иликтөөсүн жарыялады.
Борбордук шайлоо комиссиясы Ош облусунун Араван районунда «Мекеним Кыргызстан» жана «Биримдик» партияларынын тарапкерлеринин ортосунда чыккан мушташка байланыштуу тизмедеги эки талапкерди шайлоодон четтетти. Ошондой эле жаңжалга катышты делген алты киши кармалды.
14-сентябрда Дыйкан-Кара-Кече жолуна түшкөн жер көчкү дагы эле токтой элек. Адистер Жумгалдагы кырсыкка экосистеманын бузулушу себеп болгонун айтышууда. Анткени Кара-Кечеде мамлекеттик көзөмөл жок болгондуктан көмүр ар кайсы жерден казылууда дешет. Ошондой эле көмүр казган компаниялар кенден чыккан
Азыркы учурда шайлоого аттанган партиянын үгүтчүлөрү элдин добушун алууга аракет кылып, шайлоочуларды №2 форма деп аталган документ менен өздөрүнө ыңгайлуу шайлоо тилкелерине каттаганга аракет кылып жатат. Бирок бул добуш сатып алуу катары да бааланууда.
Парламенттик шайлоого аттанган партиялардын үгүт материалдарында каталар байма-бай кездеше баштады.
Башкы прокуратура шайлоо алдындагы мыйзам бузуу фактыларына байланыштуу 43 материалды изилдеп чыкты.
Бишкек, Ош жана Нарын шаарында курулуп жаткан ооруканалар өз убагында бүтпөй калды.
Шайлоого аттанган партиялар элдин добушун алууга аракет кылып, шайлоочуларды №2 форма деп аталган документ менен өздөрүнө ыңгайлуу шайлоо тилкелерине каттаганга аракет кылып жатат.
“Полис Азия” аналитикалык борбору жана “Эсимде” талкуулоо аянтчасы “Касташуу тили жана бөлүп-жаруу көрүнүштөрү” аттуу изилдөөнүн бет ачарын өткөрдү.
1991-жылы 31-августта легендарлуу парламент Кыргызстандын “Көз карандысыздыгы жөнүндөгү” декларация кабыл алган. “Азаттыкка” коомдук ишмер, мамлекеттик кызматкер жана жаштар эгемендүү Кыргызстандын басып өткөн жолу, кетирген кемчиликтери, келечеги жөнүндө оюн билдиришти.
Президент Сооронбай Жээнбеков аймактарда жаңы жумушчу орундарды түзө турган абдан чоң потенциал бар экенин айтты.
Дагы жүктөңүз