"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.
АКШнын мурдагы сенатору Сэм Нан президент Жорж Буштун жер астындагы бункерлерди талкалачу өзөктүк куралды чыгаруу пландарын сынга алды. Ошондой куралдын күчү төмөн болгону менен, аны иштеп чыгуу Өзөктүк куралды жайылтпоо жөнүндөгү эларалык келишимге көлөкө түшүрүшү ыктымал деп эсептейт Нан.
Шейшембиде Испаниянын баш калаасында терроризмге каршы күрөшкө арналган конференция башталды. Мындан бир жыл мурун Мадриддин темир жолундагы терракттан 200гө жакын киши өмүрүнөн ажыраган эле. Башка жыйындардан айырмаланып, бул конференцияда терроризмдин себептери, проблеманы чечүүнүн узак мөөнөттүү чаралары талкууланмакчы.
Европа комиссиясы Иран менен Орусия ортосунда жекшембиде түзүлгөн келишимге карата эч кандай каршылыгы жок экенин билдирди. Макулдашууга ылайык, Москва Ирандагы Бушер атомдук станциясын уран менен камсыздап, иштетилген өзөктүк отунду кайра алып кетип турмакчы. Германия, Франция жана Британия бир айдан бери Тегеранды уран байытуу процессинен баш тартууга көндүрүү аракетин көрүп жатышат.
Тегеран менен Москва ортосунда түзүлгөн келишим Ирандын алгачкы атомдук реакторунун ишке киргизилишине жол ачмакчы. Жекшембиде кол коюлган документке ылайык, Орусия Иранды өзөктүк отун менен камсыздайт. Тараптар өзөктүк калдыктар маселесине байланыштуу көптөн бери мунасага келе албай жатышкан эле.
Бириккен улуттар уюмунун Өнүгүү программасы менен Кабул өкмөтү дүйшөмбү күнкү биргелешкен докладында өлкөдөгү жакырчылык проблемасы тезинен чечилбесе, Ооганстанда кайрадан башаламандык өкүм сүрүп калышы ыктымал деп кооптонуу менен эскертет. “Ооганстандын улуттук өнүгүүсү” деп аталган доклад өлкөнүн экономикасы менен коомун иликтөөгө алган.
“Кызыктар дүйнөсүндө” рубрикасынын кезектеги чыгарылышы назарыңыздарда.
Ирактык күрттөр көп улуттуу Киркук шаарын камтыган түндүк провинциянын кеңешине болгон шайлоону жеңип чыгышты. Мунайга бай чөлкөмдө күрттөрдөн тышкары ирактык түркмөндөр, Саддам Хуссейн тарабынан көчүрүлгөн арабдар жана ассириялык христиандар жашайт. Бир катар байкоочулар күрттөрдүн жергиликтүү кеңеште үстөмдүк кылуусу атаандаш топтор ортосундагы араздашууну күчөтөт дешет.
Ашыглык отуна кабылгандар бүгүн Ыйык Валентин күнүн белгилешүүдө. Махабат деген эмне? Бул суроого жүрөк дартын жакшы билет деген акын- жазуучу, обончу, сүрөтчүлөр, атургай жүрөгү канап, махабатка мас болуп жүргөндөрдүн өздөрү да ага жооп бере алышпайт. Ал эми окумуштуулар болсо бардыгын илимий көз караштан алып түшүндүрүүгө далалат жасашат.
Жекшембиде Ирактын шайлоо комиссиясы 30-январь күнкү добуш берүүнүн жыйынтыктарын жарыялады. Ырасмий санактарга ылайык, Шийилердин альянсы добуштардын дээрлик 48 процентин алууга жетишти. Жекшемби күнкү брифингде ошондой эле күрттөрдүн партиясы марага экинчи болуп келгендиги ырасталды. АКШнын кеңири колдоосуна ээ болгон премьер-министр Аллавинин партиясы үчүнчү орунду ээледи. Суни шайлоочулар өнөктүккө активдүү катышпагандыктан, алардын парламенттеги өкүлчүлүгү чектелүү болуп калмакчы.
Кошуна Ирактагы күрттөрдүн кеңири автономия же өз алдынча мамлекет куруу мүдөөлөрү Анкараны көптөн бери эле бейпайга салып келатат. Жакында өткөн шайлоого күрттөрдүн негизги партияларынын активдүү катышуусу түрктөрдү ого бетер тынчсыздандыра баштады.
Египеттин Шарм-Эл-Шейх курортундагы саммиттин жыйынтыгында Израилдин премьер-министри Ариэль Шарон менен Палестин лидери Махмуд Аббас ок атышууну токтотуу боюнча ымалага келишти. Бул чечим палестиндердин интифадасына жана Израиль армиясынын аскерий операцияларына чекит коюуну көздөйт. Ошол эле маалда аналитиктер Жакынкы Чыгыштагы тынчтык процессин алдыда дагы далай кыйынчылыктар күтүп турат дешет.
АКШнын Мамлекеттик катчысы Кондилиза Райс Телавивте жарыялагандай, Израилдин өкмөт башчысы Ариэль Шарон жана Палестин автономиясынын лидери Махмуд Аббас Акүйдүн чакырууларын кабыл алышты. АКШ дипломатиясынын эң жогорку өкүлү катары Жакыңкы Чыгыштагы алгачкы сапары маалында Райс ошондой эле Вашингтон чөлкөмгө атайын координаторун жиберээрин билдирди.
Буэнос-Айресте үналгы психатр дарыгерлерге жардам берүүдө. Свазиленддин падышасы Мсвати Үчүнчү өзүнүн 13-аялы кылып 17 жаштагы кызды тандады…
Ирактагы шайлоо аяктаары менен БУУ, Евробиримдик, НАТО өңдүү абройлуу эларалык уюмдар Ирактагы реконструкция иштерине жардамын көбөйтө турганын жарыялашууда. Ал эми Вашингтон менен Лондон Ирак согушунун айынан пайда болгон жарылып-бөлүнүү жоюлуп, дүйнөлүк коомчулук Иракка жабыла көмөк көрсөтөт деген үмүтүн билдиришти. Бирок, коопсуздук жагдайындагы кырдаал Ирактагы саясий жана экономикалык кайра курууга бир топ жолтоо болчудай.
Мындан 60 жыл илгери советтик армия Польшадагы Освенцим лагерин бошоткон. Нацистердин эң ири концентрациялык лагери фашисттик ыраймысздыктын символуна айланып калган. Экинчи дүйнөлүк согушта 6 миллионго жакын жөөт жок кылынган. Алардын бир миллиондон ашууну Освенцимдин газ камераларында кырылып салган. Жөөттөрдү тукум курут кылуу Холокост деп аталып калган. Тарыхчылар Холокосттун кайталанбашы үчүн жаш муунга анын сабактарын үйрөтүш керек деп эскертишет. Бүгүнкү мектеп окуучулар 60 жыл мурун болгон окуялар жөнүндө эмнени билишет?
Өткөн бейшембиде Бразилияда алп-бала төрөлдү... Жакында интернет аукционго Пабло Пикассонун чакан сүрөтү коюлду... Британияда өткөрүлгөн социологиялык изилдөөнүн натыйжасы көргөзгөндөй, аялдар кийим кече, ар кандай аксессуарларга өмүрүндө 100 миң фунт стерлинг коротушат экен...
Шейшембиде Кондолиза Райс сенаттын сынагынан өтмөкчү. Тышкы байланыштар комитети мамлекеттик катчылыкка талапкерге суроо берип, анын келечек пландарын талкуулайт. Кандидатурасы бекитилгенден кийин Кондолиза Райс АКШнын 66 мамакатчысы катары расмий түрдө ишке киришмекчи. Америкалык бир катар гезиттер ушул темага кайрылып, мамлекеттик депаратаменттин жаңы командасынын курамын байма бай талкуулап жатышат.
Эртең (12-январда) Америкада космос кемеси учурулуп, ал ташыган зонд 6 айдан кийин, 4-июлда “Темпель-1” деп аталган комета менен кагылышууга тийиш. Кагылышуудан кометанын кыртышында чоңдугу футбол талаасындай кратер пайда болмокчу. Изилдөөчүлөрдүн ырастоосунда, кемедеги телескоптордун жардамы менен Күн системасы менен бирдей убакытта жаралган деп болжолдонгон кометанын түзүлүшү жөнүндө маалымат алынат.
Дагы жүктөңүз