"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.
Өткөн түнү Лос-Анжелесте Оскар сыйлыгынын быйылкы ээлеринин ысымдары аталды. Америкалык киноакадемиянын эң жогорку сыйлыгын тапшыруу боюнча 76-аземде “Шакектин өкүмдары: Падышанын кайтып келиши” (Lord of Rings: Return of the King) деген тасмага 11 айкелче ыйгарылды. Эң мыкты фильм деп таанылган тасма дүйнө боюнча 3 миллионго жакын доллар жыйнаган. Фантастикалык үчилтикти койгон Питер Жэксон "эң мыкты режиссер" наамына арзыды. Баса, 1997-жылы Жэймс Камерундун “Титаниги” да 11 Оскарды алууга жетишкен.
Кечээ БУУнун Коопсуздук кеңеши Гаитиге көп улуттук бейпилдик күчтөрүн жиберүү жөнүндөгү резолюцияны бир добуштан кабыл алды. Резолюцияга ылайык 3 айга жибериле турган аскерлерге өлкөдөгү тартипти калыбына келтирүү жана туруктуулукту камсыз кылуу вазийпасы жүктөлөт. Ал эми Бонифас Александр жекшембиде Гаитинин жаңы лидери катары ант берди.
“Кызыктар дүйнөсүнүн” бүгүнкү чыгарылышында кастык менен тамекинин түздөн-түз байланышы, чумага каршы вакцина, кытайлык коммунистердин имижине сыйбаган жоруктар, “Гарри Поттер” чыгармасынын байыркы грек тилине котормосу, Нобел сыйлыгынын алтернативасы жана 40 жылдан кийин табылган капчык жөнүндө сөз болот.
Дүйшөмбү күнү кечинде БУУнун баш катчысы Коффи Аннан Ирактын саясий келечегине байланышкан сунуштарды камтыган докладын шардана кылды. Уюмдун атайын тобу даярдаган баяндамада Иракта эркин жана адилет шайлоо өткөрүү үчүн кеминде 8 ай убакыт талап кылынаары белгиленет. Ага чейин бир топ техникалык маселелер чечилүүгө тийиш.
Жума күнкү парламенттик шайлоонун толук жыйынтыктары чыга элек. Бирок эксперттер добуш берүүчүлөрдүн катышуусу рекорддук деңгээлде аз болгонун белгилеп жатышат. Ирандын диний лидеринин чакырыктарына карабай, добуш берүүгө укуктуу атуулдардын 50.57 пайызы гана шайлоого катышты.
Ирактын америкалык администратору Пол Бремер өлкөдө шайлоо өткөрүү эң кеминде дагы бир жылда мүмкүн болбой турганын билдирди. “Анын негизги себеби – техникалык проблемалар”, - деди Бремер. Ишембиде Кызыл чырым эларалык уюмунун өкүлдөрү болсо Саддам Хусейн менен жолугушту.
Дүйнө жүзү боюнча саясатчы аялдардын саны эркектерге салыштырмалуу өтө аз. Аялдардын мыйзам чыгаруу органдарындагы өкүлчүлүгүн кеңейтүүнүн бир жолу – аларга атайын квоталарды бөлүп берүү, - деп эсептешет айрымдар. Ирак менен Ооганстандагы соңку мисалдар буга жакшы далил болуп бере алат. Бирок квота бөлүп берүү ыкмасын сындагандар да аз эмес.
Эми илим жана технологиялар темасына кайрылып, Марс планетасын изилдөөдөгү соңку кабарлар менен тааныштырабыз. Дүйшөмбүдө америкалык “Спирит” аттуу марсжүргү планетага конгондон берки эң узун сапарын ишке ашырды. Экинчи аппарат - “Оппортьюнити” болсо Марстын кыртышын изилдөөнү улантып жатат.
Дүйшөмбүдө Өзбекстандын жогорку сотунун өкүмү менен Азизбек Каримов кошуна Кыргызстанда жасаган кылмыштары үчүн өлүм жазасына тартылды. Айрым жергиликтүү укук коргоочулар эмне себептен Каримов Кыргызстанда эмес Өзбекстанда соттолду деген маселени көтөрүшүүдө.
Өткөн аптада дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө Ыйык Валентин күнү же махабат майрамы белгиленди. “Кызыктар дүйнөсүндө” аттуу рубрикабызда ал күнү болгон айрым кызыктуу окуялар жөнүндө айтып беребиз.
Ирактын тышкы иштер министри Хошияр Зебари кошуна мамлекеттерге кайрылып, чет элдик согушчан топтордун Иракка өтүүсүнүн алдын алуу үчүн чек аралардагы коопсуздук чараларын бекемдөөгө үндөдү. Мындай чакырык региондун тышкы иштер министрлеринин Кувейттеги конференциясында жасалды. Коопсуздук кырдаалы Ирактын Фаллужа шаарында ишембиде болгон кол салуудан кийин ого бетер курчуду.
Кечээ президент Жорж Буш АКШнын Эн-Би-Си сыналгы каналына интервью берип, Вашингтон администрациясынын Ирак саясатын дагы бир жолу жактады. Саддамдын кыргын куралы табылбаса да, ал ошондой куралды кыска мөөнөттө өнүктүрө алат эле, - деген Буш, согуш баштоо чечимин чалгындоо кызматтарынын маалыматына таянып кабыл алганын баса белгиледи.
АКШда президенттик шайлоого камылга өнөктүгү кулач жайууда. Демократтардан талапкер болуу үчүн ат салышып жаткан сенатор Жон Керри дагы эки штатта - Вашингтон менен Мичиганда утуп чыкты. Вермонттун мурдагы губернатору Ховард Диин болсо бул эки штатта тең экинчи орунду ээледи.
Эми аялдардын укугу менен байланыштуу баянга назар салыңыздар. Бугүн Ооганстандагы пуштун уруусунун эскиден калган бир салты жөнүндө сөз кылабыз. Кыздарды кунга берүү салты укук коргоочулардын сынына кабылып келатканы менен, Ооган өкмөтү пуштундардын бул байыркы адатына каршы мыйзамдуу чара көрүүгө дээрлик алсыз.
Бүгүн реформисттер ушул айдын этегине белгиленген парламенттик шайлоону кийинкиге калтырууну дагы бир жолу сунуш этишти. Кечээ болсо парламенттин 100дөн ашуун мүчөсү кызматтарынан чегинүү жөнүндө жарыялашкан эле.
Жекшембиде Иран парламентинин 100дөй реформачыл-депутаты кызматынан чегинүү жөнүндө арыздарын тапшырышты. Муну менен өлкөдөгү саясий кризис ого бетер күчөдү. Эми кризисти чечүүгө Ирандын жогорку диний лидери аятолла Хаменейи киришиши мүмкүн.
Эми “Кызыктуулар дүйнөсүнө” чакырабыз. Бул ирет сыраны жакшы көргөн пилдер, 92 жаштагы каракчы, 21-кылымдын Робинзону жөнүндө кабарда боло аласыздар.
Расмий маалыматтарга караганда, быйыл Сауди Арабиянын ыйык Меке шаарына ажылык парызын аткаруу үчүн 2 миллиондон ашуун мусулман чогулду. Эр-Риядда былтыр болгон жардыруу, Ирактагы согуш, САРС өңдүү эпидемиялардын коркунучунан улам, Саудиялык бийлик өлкөнүн аймагы боюнча коопсуздук чараларын күчөттү. Быйылкы ажылык жөнүндө Айнура Жекше кызы баяндайт.
Ирактын массалык кыргын салуучу куралы табылабы? Дегеле, Саддам тыюу салынган куралга ээ болгонбу? АКШнын жогорку мартабалуу өкүлдөрү тарабынан жакында жасалган комментарийлер Ирактын куралы боюнча кызуу талаш-тартышты күчөттү.
Бүгүн АКШнын Мамлекеттик катчысы Коллин Пауэллдин Россиядагы сапары башталды. Эки күндүк сүйлөшүүлөр учурунда эки тараптуу мамилелерден сырткары бир топ эл аралык маселелер талкууга алынмакчы.
Дагы жүктөңүз