"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.
“Кызыктуулар жана Сонундар” берүүсүснүн кезектеги чыгарылышына назар салыңыздар. Марска учуу – кыялбы? Маймыл жылы эмнелерди тартуулайт? Балдарга чылым чекккен жакшыбы, же момпосуй жегенби?
Багдадда жекшемби күеү болгон жардыруудан набыт болгон адамдардын саны 25ке жетти. Соңку санактар боюнча 100гө жакын киши жараат алды. Эң кандуу кол салуулардын бири катары эсептелген бул терракт Кошмо Штаттардын өзүндө президент Жорж Буштун тышкы саясатын сындаган апаздарды ого бетер күчөттү.
“Кызыктар жана сонундар” апталык берүүсүнүн кезектеги чыгарылышы сиздерди кайдыгер калтырбайт. Анда ооган ырчысы Салиманын сыналгыдагы концерти, батыш жылдыздары, Балхаш көлүнүн тагдыры, түш жоруган жабдуу тууралуу сөз болот.
Ишембиде АКШнын бейрасмий тобунун Түндүк Кореяга сапары аяктады. Конгрессмендердин жардамчылары менен эксперттерден турган делегация Йонбендеги атомдук комплекс менен да таанышып чыкты. Топтун мүчөлөрү Пхеньян өкмөтүнүн кызматташтыгын өтө жогору баалашты. Бул сапар Вашингтон менен Пхеньяндын араздашуусун жөнгө салууга канчалык салым кошоору али белгисиз.
Кээ бир өлкөлөрдө жылдын эң мыкты адамын аныктоо салты бар эмеспи. Гонконгдун өкмөттүк радиосу кабарлагандай, “Жылдын кейипкери” деп дээрлик эки айдан бери жергиликтүү элдин бүйүрүн кызытып келаткан крокодил таанылды. Гонконгдун чет жакасында пайда болгон чоңдугу 1 жарым метрге жеткен крокодилди кармоого австралиялык аңчы чакырылганын биз дагы маалымдаган элек. Бирок крокодилди колго түшүрүү аракетинен майнап чыкпай келатат. Жергиликтүү тургундар өкмөттүк радионун тандоосун кубаттап, крокодил - эркиндиктин символу, ошондуктан Гонконгдо жүрөт дешүүдө.
Эми Балкандагы саясий окуяларга кайрылабыз. Сербиянын саясий партиялары жаңы өкмөт куруу боюнча сүйлөшүүлөрдү башташты. Эксперттер бул процесс созулуп кетиши мүмкүн экенин белгилеп жатышат. Айрымдары болсо сүйлөшүүлөр натыйжа бербей, дагы бир жолу жалпы шайлоо өткөрүлүшү ажеп эмес дешүүдө.
Шейшембиде Индия менен Пакистан ортодогу бардык маселелерди, анын ичинде талаштуу Кашмир провинциясы боюнча чатакты чечүү үчүн кеңири диалогду баштоого макулдашышты.
Италиянын эң ири компанияларынын бири – “Пармалаттын” айланасындагы чуулгандуу окуяны териштирүү уланып жатат. Бул аферага дүйнөнүн бир катар чоң банктары менен фирмаларынын дагы тиешеси бар деген шектенүүлөр пайда болууда. Америкалык тергөөчүлөр “Пармалат” иши тарыхтагы эң ири финансылык көз бойомолоочулук болуп калышы ажеп эмес дешүүдө.
Шейшембиде Түндүк Корея өкмөтү өзөктүк программасын токтотууга даяр экенин билдирди. Өлкөнүн борбордук кабар агенттигинин маалымдашынча, бул олуттуу консенсус үчүн Вашингтон Пхеньянга каршы киргизилген блокаданы жоюп, Түндүк Кореяны терроризмди колдогон мамлекеттердин тизмесинен чыгарууга тийиш. Ошол эле күнү АКШнын бейрасмий делегациясы Пхеньянга жол тартты.
Бүгүн Түштүк Азия кызматташтык ассоциациясынын Исламабад саммити улантылды. Көпчүлүк байкоочулар менен дипломаттар жыйындын өзүнө эмес, Индия менен Пакистан лидерлеринин жеке жолугушуусуна көбүрөөк маани берип жатышат. Айрымдар аны атүгүл тарыхый катары баалап, жарым кылымдан бери касташып келаткан эки өлкөнүн мамилелери эми оңолобу деген үмүттө.
HTTP://dcyh5l5lgidpq.cloudfront.net/NCA/IMAGES/PEOPLE/SAAKASHVILI.JPG Жекшембиде Грузияда президенттик шайлоо өткөрүлдү. Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясынын айтымында, шайлоочулардын жалпы санынын 50 пайыздан ашууну шайлоо чөлкөмдөрүнө келип добуш беришти. Бул – президенттик шайлоону өттү деп жарыялоого мыйзамдык негиз бар дегенди туюнтат. Айрым байкоочулардын бейрасмий жыйынтыгына караганда, ат салышкан беш талапкердин ичинен Михаил Саакашвили басымдуу көпчүлүк добушка ээ болгондой...
Ирандын түштүгүндөгү Бам шаарында ишемби күнү болгон кырсыктан кийин азырынча 30 миңдей кишинин сөөгү табылды. Ондогон өлкөлөрдүн өкмөттөрү Иранга жардам катары 500 миллионго жакын доллар каражат бөлүп берди.
Сербиядагы парламенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыктары улутчулдар партиясы көпчүлүк добуш топтосо да, өз алдынча өкмөт курууга жетишпегенин көрсөтүүдө. Улутчулдардын жеңиши жакырчылыкка баткан жумуриятты кайрадан эл аралык изоляцияга алып келеби деген кооптонууларды туудура баштады.
Кечээ, ишембиде, коалициянын Ирактын түштүгүндө жайгашкан базасына кол салуу болуп, андан кеминде алты аскер жана жети ирактык атуул мерт кетти. Дагы 125тей киши жарадар болгону маалымдалууда.
Бириккен Улуттар Уюму грузин-абхаз чатагын жөнгө салуудагы негизги ортомчу. Уюмдун дарегине саясий процесс жай жүрүп жатат деген сын көп айтылып келатат. Бирок ООНдун Абхазиядагы аскерий байкоочуларынын жетекчиси Жан-Мари Гуенно тынчтык аракеттери акырындап алга жылып аткандыгына ишенээрин билдирди.
Шейшембиде АКШнын айыл чарба министрлиги өлкөдө уйдун кутурма оорусунун алгачкы фактысы катталганын билдирди. Буга чейин негизинен Европада жайылган бул илдет америкалык экономикага олуттуу зыян тийгизиши ыктымал.
Израиль полициясынын билдиришинче, Египеттин тышкы иштер министрине болгон кол салууга байланыштуу шейшембиде палестиналык 7 киши камакка алынды. Полициянын басма сөз өкүлү Жил Клейман кармалгандардын бардыгы тең Иерусалимден экенин белгилеп, башка маалымат берүүдөн азырынча баш тартты. Министр Махер болсо медициналык текшерүүдөн өткөндөн кийин үйүнө сапар тартты.
Дүйшөмбүдө Белградда Сербиянын премьер-министри Зоран Жинжичтин өлүмү боюнча сот жараяны башталды. Арийне, күнөө тагылып жаткан 40тай кишинин арасында Жинжичти өлтүрүү жөнүндө буйрук бергендер жок. Мындан улам, байкоочулардын көбү бул процесс Сербиянын сот системасы үчүн олуттуу сынак болуп калат деген пикирде.
Жекшемби қүнү Кувейтте Перси булуңундагы өлкөлөрдүн Кызматташтык кеңешинин эки күндүк жыйыны башталды. Саммитте айрым экономикалык проблемалар менен катар терроризм менен күрөшүү жана Саддамдан кийинки Ирак менен кызматташуу маселелери каралат.
Өтүп бараткан жылы дүйнөдө демократия менен адам укуктарынын абалы негизинен жакшырды. Мындай тыянак АКШнын “Фриидом Хау” аттуу өкмөттүк эмес укук коргоочу тобунун жылдык докладында айтылат. Кыргызстан, аталган баяндамага ылайык, быйыл да эркин эмес мамлекеттердин катарына киргизилген.
Дагы жүктөңүз