"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.
Шаршембиде Шри-Ланканын президенти Чандрика Кумаратунганын буйругу менен өлкөдө чукул кырдаал абалы жарыяланды. Эми президентке чексиз бийлик, анын ичинде парламентти таркатуу, маалымат каражаттарын цензуралоо жана башка ушул өңдүү укук берилди. Бул кадам тамил козголоңчулары маселесинен улам мамлекет башчысы менен премьер-министр ортосунда келип чыккан тирешүүнү ого бетер курчутту.
Грузияда парламенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыктары белгилүү болду. Алгачкы көрсөткүчтөргө караганда, өкмөтчүл партиялардын блогу алдыда баратат. Бул элдин пикирин сурап билүүлөрдүн жыйынтыктарына карама-каршы келүүдө. Оппозиция өкүлдөрү болсо өкмөт шайлоонун жыйынтыктарын өз пайдасына бурмалады деген нааразылыгын билдирүүдө.
АКШ президенти Жорж Буш Ирактагы негизги салгылашуулар аяктады деп жар салганына 1-ноябрда туура жарым жыл болду. Бул күнгө карата курман болгон америкалык аскерлердин саны 120дан ашты. Жешемби күнү баш калаа Багдаддан алыс эмес жерде америкалык вертолет атып түшүрүлдү. Андан кеминде 15 жоокер набыт кетти, дагы 20 чактайы жаракат алды. Жоготууларга карабай АКШ армиясы Иракты мөөнөтүнөн мурун таштап кетпей турганын Буш жарыя кылды. Ал эми Багдадда бул апта соңун оккупациялык күчтөргө “каршылык көрсөтүү күнү” деп белгилөөгө үндөгөн баракчалар пайда болгону маалымдалууда.
Ирактагы терракттар үчүн Хусейндин БААС партиясынын калдыктары жооп туубу же сырттан келген күчтөр жоопкерби? Өлкөдөгү америкалык жана башка чет өлкөлүк аскерлерге, эл аралык уюмдарга каршы кол салуулар күч алган сайын, бул соболго бир беткей жооп берүү оңой эмес болуп калды.
2-ноябрда Грузияда парламенттик шайлоо өтөт. Көпчүлүк байкоочулар бул шайлоону президенттик ат салышуунун алдындагы көнүгүү катары баалап жатышат. Акыркы сурамжылоолор көрсөткөндөй, азыркы президент Шеварднадзенин бийлигин колдогондор аз. Оппозиция жетекчилик шайлоонун жыйынтыктарын бурмалоого аракет кылат деп азыртадан эле айтууда.
Израилдин маалымат каражаттарынын кабарлашынча, жекшембинин таңында Газа тилкесиндеги салгылашууда палестиналык бир куралчан киши атып өлтүрүлдү. Дагы бир нече жоочу жөөт конуштарына кирүү аракеттери учурунда жарадар болушту. Иерусалимде болсо Шарондун саясатына каршы демонстрация болуп өттү. Анын аралыгында Сирия өкмөтү Израил дагы бир ирет өлкөнүн аймагына сокку урчу болсо, тийиштүү жооп кайтараарын билдирди.
Британияда окууну каалаган чет өлкөлүк студенттердин саны улам көбөйүп баратат. Өлкөнүн билим берүү департаментинин маалыматына ылайык, алардын арасында мусулман дүйнөсүнүн өкүлдөрү басымдуулук кылат. Көпчүлүк бул көрүнүш - АКШнын виза берүү саясатынын натыйжасы дешүүдө.
Диний турмушка арналган кезектеги берүүбүздөн Марокконун үй-бүлө кодексиндеги өзгөрүүлөр жөнүндө сөз кылмакчыбыз. Эскичил көз-караштагы динчилдер менен прогрессивдүү күчтөрдүн тирешүүсүнүн натыйжасында эми марокколук аялдарга чыныгы боштондук алып келе турган реформалар жүргүзүлө баштайт.
Швейцарияда жекшемби күнкү парламенттик шайлоодо улутчул Элдик партия ири жеңишке жетишти. Эми улутчулдар өкмөттө өздөрүнө кошумча орун талап кылышууда. Муну менен, байкоочулардын пикиринде, Швейцарияны башкарууда дээрлик 40 жылдан бери иштеп келаткан “сыйкырдуу формулага” залака тийиши мүмкүн.
Бейшемби күнү БУУнун Коопсуздук Кеңешинде Ирак боюнча жаңы резолюция колго салынды. Добуш берүү Вашингтондун дипломатиялык жеңиши менен аяктады. АКШнын негизги оппоненттери болсо резолюцияны согуштан кийинки көйгөйлөрдү чечүүдө бир консенсуска келүү максатында колдошконун белгилешти. “Бул чечим - эми Франция, Германия жана Россия сөзсүз түрдө өз аскерлерин Иракка жиберет дегенге жатпайт”, - деп билдиришти үч өлкөнүн элчилери.
Малайзиянын Путражайа шаарында Ислам Конференциясы Уюмунун тышкы иштер министрлеринин жыйыны уланып жатат. Мусулман мамлекет башчыларынын саммиттин утурлай өтүп жаткан жыйындын катышуучулары Жакынкы Чыгыштагы кырдаал боюнча бир пикирге келишсе, Ирак маселесинде бир топ карама-каршы көз-караштар айтылууда. Уюмдун жалпы катчысы ачылыш сөзүндө 11-сентябр чабуулдарынан кийин Ислам дүйнөсү бир топ кыйынчылыктарга дуушар болуп жатканын да белгиледи.
Ушу тапта дүйнө жүзүндө өспүрүмдөрдүн саны мурда болуп көрбөгөндөй деңгээлге жеткенин БУУнун Калк фонду 8-октябрда Прагада жарыялаган докладда айтылат. Өзгөчө жакыр, өнүгүү жолундагы өлкөлөрдөгү өспүрүмдөрдүн абалы өтө кыйын экени баса белгиленет. Соңку кезде 12-13 жаштагы бойго жетелек кыздарды күчкө салып, күйөөгө берүү учурлары көбөйдү. БУУнун кору өспүрүмдөрдүн маселелерин чечүү жаш муундун гана эмес, жалпы коомдун кызыкчылыгында экенин белгилейт.
Шейшембиде АКШнын эң көп калктуу штаты - Калифорниянын губернатору болуп атактуу киноактер Арнолд Шварцнеггер шайланды. Адаттан тышкаркы шайлоодо штаттын тургундары азыркы губернатор Грэй Дэвистин кызматынан мөөнөтүнөн мурда кетиши үчүн добуш беришти. Көпчүлүк эл Америкадагы саясий тенденциялар дал ошол Калифорнияда башталат деген пикирде.
Ооган президенти Хамид Карзай мамлекет башчылыгына кайрадан шайланууну көздөөрүн билдирди. Шайлоо өлкөнүн кабыл алына турган жаңы конституциясынын негизинде эмки жылдын июнь айында өткөрүлүүгө тийиш. Талибан режиминин кулатылганына 2 жылдын жүзү болсо да, өлкөдө көптөгөн проблемалар чечиле элек. Дүйшөмбүдө эл аралык Эмнести Интернешнл уюму болсо ооган аялдарынын укуктары сакталбайт деген мазмундагы докладын жарыялады.
Ишемби күнү Хайфа шаарында жан кечтинин жардыруусунан 19 киши набыт болду. Израиль армиясы ага жооп катары эртеси Газа тилкесинде аскерий рейд өткөрдү. Бул терракт Жакынкы Чыгыштагы ансыз да курч абалды татаалдаштырып, байкоочулардын айтымында, Палестин лидери Ясир Арафатка каршы Израиль өкмөтүнүн аракеттерин күч алдырышы мүмкүн.
Ирак согушуна байланыштуу АКШ президенти Жорж Буштун дарегине айтылып жаткан ансыз да арбын сын пикирлерге дагы бир чуулгандуу окуя кошулду. Атап айтканда, Ак Үйдүн жогорку даражалуу бир өкүлүнө согуштун оппоненттерин тизгиндөө максатында кызматтык жашыруун сырды ачыкка чыгарып салды деген кине тагылууда. Байкоочулар бул жаңжалдын арты Буш үчүн олуттуу болушу мүмкүн дешүүдө.
Бейшембиде БУУнун Атомдук энергия боюнча агенттиги Ирандагы текшерүүсүн улантат. Расмий Тегеран агенттик менен кызматташууга даяр экендигин белгилөө менен, байытылган уран тынчтык максаттарында гана пайдаланылат деп ырастоодо. Ирандын өзөктүк программасы АКШ менен Россиянын президенттери Буш менен Путиндин өткөн жуманын алгында Кэмп-Дэвидде болгон 2 күндүк саммитинде да талкууга алынды.
Иракта балдарды эмдөө же вакцинация өнөктүгү жүрүүдө. Өлкөнүн саламаттыкты сактоо министрлиги, БУУнун балдар кору - ЮНИСЕФ жана Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму биргелешип уюштурган иш чара бир нече айлампа менен жүргүзүлүүдө. Ушул аптада 3 жарым миллиондой бала эмделди. Жыл аягына чейин дагы үч ирет ушундай эле иммунизация өткөрүлмөкчү.
Европа Биримдиги Түштүк Кавказдагы өзүнүн алгачкы өкүлү кылып финляндиялык дипломат Хейкки Талвитиени дайындады. Анын баамында, Брюссел Азербайжан, Армения жана Грузия менен алакаларын өөрчүтүүнү көздөгөнү менен, аталган өлкөлөрдүн Европа Биримдигине жакын арада кошулуусу күмөн. Ал эми Россиянын аймактагы кызыкчылыктары үч жумурияттын эгемендүүлүгү шартында гана аткарылышы мүмкүн. Ушул жана башка ойлору менен Талвитие мырза кабарчыбыз Ахто Лобьякас менен болгон маегинде бөлүштү.
Жекшемби күнкү референдумда швециялыктар евро мейкиндигине кошулуу сунушун четке кагышты. Өлкө атуулдарынын 56,1 пайызы Европанын орток акча биримдигине каршы добуш беришти. Аналитиктер мындай жыйынтык жалгыз гана Швециянын экономикасына эмес, бүтүндөй Европа Биримдигине таасир этиши мүмкүн дешүүдө.
Дагы жүктөңүз