"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.
Глобалдуу бейпилдик индексине (GPI) ылайык, 2009-жылы дүйнө мурдагыдан тынч эмес болду. Австралиялык Экономика жана Тынчтык институту ушуну менен 4-ирет изилдөө жүргүздү. Анда 23 көрсөткүч, маселен, өлкөнүн аскерий тармакка жумшаган чыгымдары, коңшу мамлекеттер менен мамилелери, адам укуктарынын абалы эске алынган.
Пакистандын борборуна жакын жерде куралчан адамдар Ооганстанга жүк ташып бараткан Батыш күчтөрүнүн машиналарын өрттөп жиберишти. Кол салуудан бери дегенде 7 киши набыт кеткени маалымдалууда.
27-майда Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында Улуттар уюмунун Цивилизациялар альянсынын 3-форуму башталууда. Анда миграция, адам укуктары, билим берүү, Интернет чөйрөсүндөгү проблемалар талкууланмакчы
7-апрелде элдик ыңкылаптын күчү менен бийликтен кулатылган Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин "Азаттык" менен болгон маеги.
27-июнга белгиленген жалпы элдик референдумга даярдык иштери тууралуу БШК мүчөсү Жеңиш Акматов кеп салып берди.
Учурда Беларустун баш калаасы - Минскиде жүргөн Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев бүгүн "Азаттыктын" кечки түз обосунда суроолорго жооп берди. Экс-президент Убактылуу өкмөт азыр баарын эле Бакиевдерге шылтап жатат, мамлекетти башкаруу алардын колунан келбей жатат деп эсептейт.
Конституциянын жаңы долбоору бүгүн Убактылуу өкмөткө тапшырылды. Убактылуу өкмөт чукул жабык жыйынында ошол долбоорду карап жатат. "Азаттык" Баш мыйзам долбоорунда секулярдуулук маселеси кандай чечилгенин сурап дин, укук жана саясат боюнча көз карандысыз аналитикалык изилдөө борборунун орун басары Данияр Мурадиловго кайрылды.
Мурдагы Югославиянын коммунисттик лидери Иосиф Брос Титонун дүйнөдөн кайтканына 4-майда 30 жыл болду. Бирок ошол доорду самаган, аны даңазалаган апаздарды ыдыраган федерациянын булуң-бурчунда дале да укса болот.
АКШ Мамкатчысы Х. Клинтон Ирандын өзөктүк дымагы дүйнөдө кооптуу жагдай түзүүдө деп билдирди. Анын алдында Иран президенти Тегеран атомдук куралдын үстүнөн иштеп жатат деген айыптоолорду четке какты.
Белгия коомдук жайларда паранжыга тыюу салган Европанын алгачкы өлкөсү болуп калды. Бейшембиде парламенттин төмөнкү палатасы бетти чүмбөттөп жашырган кийим кечеге тыюу салуу жөнүндөгү мыйзам долбоорун жактырды.
Виктор Януковичтин президенттикке келгенине эки айдай гана болду. Бул аралыкта ал Украинанын “чоң коңшусу” менен жакындашуусуна карай бир топ кадам жасоого үлгүрдү. Эксперттер болсо мамлекет башчынын мындай аракеттери өлкөнү эки жаатка бөлүп, стабилдүүлүккө коркунуч жаратып жатат деген кооптонуусун айтышууда.
Убактылуу өкмөт парламенттик жана президенттик шайлоону 10-октябрда өткөрүүнү көздөп жатат. Саясий партиялар жаны бийликтин парламенттик системага өтүү демилгесин колдошобу? "Азаттык" бул темада “Туран” партиясынын лидери Тайырбек Сарпашев менен маектешти.
Польшанын президенти Лех Качински, жубайы Мария жана өлкөнүн бир катар расмий адамдары Орусиянын Смоленск шаарынын жанында авиа кырсыкка учурап курман болушту.
АКШ президенти Барак Обама күтүлбөгөн сапар менен Ооганстанда болду. Кабулга бараары менен ал Ооган мамлекет башчысы Хамид Карзай менен жолугушту. Обама Ооганстандагы алга жылуулар үмүт жаратат деп билдирди. АКШ президенти ошол эле маалда Карзайды башкаруу тармагын жакшыртуу, коррупцияга каршы күрөшүү жана мыйзамдын үстөмдүгүн орнотуу жаатында аракеттерди улантууга үндөдү.
25-мартта Татарстандын ветеран-президенти Минтимер Шаймиев кызматынан расмий кетти. Кээ бир аналитиктер аны постсоветтик доордогу эң таасирдүү саясатчылардын бири катары аташат. Улутчулдар ал Татарстандын көз карандысыздыгына жетише алган жок деп нааразы болушса, саясий оппоненттери авторитардык ыкмалары үчүн сындашат.
Кургак учукка каршы күрөшүү күнүнө карата жарыялаган докладында Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму бул илдеттин дары-дармекке туруштук берген түрү көбөйүп жатканын белгилейт. Cоциалдык же жакырлардын оорусу деп атаkuан кургак учук Борбор Азияда да өсүп жатат.
Франция президенти Николя Саркози анын оңчул партиясы жергиликтүү шайлоодо утулуп калгандан кийин эмгек министрин кызматтан алуу менен чектелди.
Кечээ АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасы саламаттыкты сактоо тармагын реформалоо сунушун жактырды. 219 конгрессмен мыйзам долбоорун колдоп, 212си каршы добуш берди.
АКШ Мамлекеттик катчысынын адам укуктары, демократия жана эмгек боюнча жардамчысы Майкл Познердин улук кеңешчиси Карен Стюарт Эркин Европа/Азаттык үналгысынын суроолоруна жооп берди. Маектешүүдө Беларустагы адам укуктарынын абалы, геосаясат жана адам укуктары, мурдагы советтик өлкөлөрдөгү режимдердин чет өлкөлүк радиоберүүлөргө тоскоолдук түзүп жатышы өңдүү маселелер козголду.
Армениянын расмий адамдары Түрк өкмөт башчысынын армян мигранттарын өлкөдөн чыгарып салышыбыз мүмкүн деген эскертүүсүн айыпташты. Кээ бирлер аны адам укуктарын бузуу деп аташса, башкалары курулай сөз деп сыпатташууда.
Дагы жүктөңүз