"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.
Президент менен катар оогандар жергиликтүү кеңештерге өкүлдөрүн тандашты. Кабараларга караганда, талиптер шайлоого жолтоо болуу убадасын аткарууга аракеттеништи.
Багдаддын борборунда шаршембиде бир нече жардыруу бери дегенде 75 адамдын өмүрүн алып кетти. Кандуу теракттан 300дөй киши жарадар болду.
Мындан 20 жыл илгери Венгрия менен Австриянын чек арасында орун алган окуя "темир көшөгөнүн" кулашынын башталышы катары сыпатталып келет. 1989-жылдын 19-августунда Чыгыш Германиянын жүздөгөн тургуну Венгрия аркылуу Австрияга тоскоолдуксуз качышкан.
Ооганстандагы президенттик жана жергиликтүү шайлоолорго саналуу күн калганда белгилүү талаа командири генерал Абдул Рашид Достум өлкөгө кайтып келди.
Махмуд Ахмадинежад ушул аптада жаңы кабинетин парламенттин кароосуна сунуш кылмакчы.
Евровидение - кадимкидей эле ыр жарышы. Арийне Азербайжанда быйылкы конкурста армениялык ырчыларга добуш берген жарандар коопсуздук органдарына түшүндүрмө берүүгө аргасыз.
Шийилер жашаган чөлкөмдөрдөгү жардыруулар Иракта мазапаралык тирешүү кайра күчөп жатабы деген кооптонууларды жаратты. Шийилердин лидерлери өз тарапкерлерин өч алууга барбоого чакырууда.
Ирандык белгилүү журналист Ислам жумуриятынын бийлигин адамзатка каршы кылмыштары үчүн сотко бериш керек деп эсептейт.
Дүйшөмбүдө Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Милибанд НАТОнун Брюсселдеги баш кеңсесинде Ооганстан стратегиясы боюнча сөз сүйлөдү.
2-июлда Атомдук энергия боюнча эларалык агенттиктин (IAEA) жаңы башкы директору шайланды. 4 айга созулган бир нече айлампадан турган шайлоонун натыйжасында агенттикти япониялык дипломат Юкия Амано жетектемей болду. Мурдагы башкы директор Мухамед Эл-Барадеи ушул ноябрда кызматынан кетүүдө.
Ооганстандын Хелманд вилайетинде талиптерге каршы масштабдуу операция башталды. Ага АКШнын деңиз күчтөрүнүн миңдеген аскерлери, көп сандагы оогандык полициячылар менен армиянын бөлүктөрү тартылды. Дүйнө жүзү боюнча тараган апиймдин ири бөлүгү Хелмандда өстүрүлөт. Чөлкөмдүн басымдүү бөлүгүн талиптер көзөмөлдөшөт.
Швеция Евробиримдиктин 6 айлык төрагалык милдетин баштап жатып, Иран жетекчилигин өзүн калган дүйнөдөн обочодо калтырбоого үндөдү. Швед өкмөтү 1-июлда Европа Комиссиясы менен жыйын өткөрүп, алдыдагы багыттарды талкуулады.
23-июнда Ислам Каримовдун Өзбекстан коммунисттик партиясынын 1-катчылыгына шайланганына 20 жыл толду. Ал ошондон бери бийликти колунан чыгарбай бекем кармап отурат. 1991-жылы эгемен Өзбекстандын президенти болуп калган Каримовдун репрессивдүү режими өз өлкөсүнө гана эмес бүтүндөй Борбор Азия аймагына таасир тийгизип келатат.
Ирандын мамлекттик сыналгысы полиция менен оппозициячыл демонстранттардын ишемби күнкү кагылышуусунда баш калаада 10 киши өлгөнүн, 100дөн ашуун киши жараат алганын кабарлады. Анын алдында, жума күнү Ирандын руханий лидери аятолла Али Хаменеи калайыкка кайрылуу жасап, Батыш өлкөнүн ички иштерине кийлигишүүдө деп айыптаган. 12-июнда өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыктары жарыялангандан бери Иранда абал тынчый элек.
Иран оппозициясы бүгүн Тегеранда шайлоодон кийинки кагылышууларда курман болгондорду эскерүү иш чарасын жана көчө жүрүшүн уюштурганы жатат. Ирандын мурдагы өкмөт башчысы, президенттик жарышта утулуп калган Мир Хосейин Мусави каза болгондордун жакындарына тилектештик билдирүү үчүн мечиттерде чогулууга үндөгөн.
Тегеранда жана Ирандын башка ири шаарларында нааразылык акциялары бүгүн да уланаары күтүлүүдө. Өлкөнүн Жогорку лидери Аятолла Али Хаменеи добуштардын айрымдарын кайра санап чыгууну колдоду. Бирок режимдин оппоненттери жума күнкү президенттик шайлоонун жыйынтыктары одоно бурмаланганын ырастап, шайлоону кайра өткөрүүнү талап кылышууда. Бийлик чет өлкөлүк журналисттерге кеңселеринен чыгып, нааразылык иш-чараларын чагылдырууга тыюу салды.
Бүгүн Шанхай кызматташтык уюмунун саммити алкагында Екатеринбургда Кыргызстан президенти Курманбек Бакиев Ооган мамлекет башчысы Хамид Карзай менен жолугушту. Карзай өлкөсүндөгү тынчтык орнотуу иштерине кошуп келаткан салымы үчүн Кыргызстанга ыраазычылыгын билдирип, мындан аркы кызматташууга үмүттөнөөрүн айтты. Уюмга мүчө-мамлекеттер бийик жолугушуунун жыйынтыктары боюнча биилдирүү кабыл алып, терроризмге каршы конвенцияга кол коюшту.
Ирандын ички иштер министри Садык Махсули Махмуд Ахмадинежад добуштардын 62,6 пайызын алып, президенттик шайлоону жеңди деп расмий жарыялады. Бирок учурдагы президенттин негизги эки атаандашы мындай жыйынтыкты жокко чыгарууну талап кылууда. Бул арада расмий жыйынтыкка нааразы тараптар көчөгө чыгып, Тегеранда коопсуздук чаралары күчөтүлдү.
Ирандын шайлоо комиссиясы президент Махмуд Ахмадинежад президенттик шайлоодо жеңишке жакындаганын жарыялады. Бирок Ахмадинежаддын негизги атаандашы, реформачыл талапкер Мир Хоссейин Мусави өкмөт чыгарган жыйынтыктарды таануудан баш тартууда. Ал шайлоо мыйзам бузуулар менен коштолгонун катуу сындады.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму чочко тумоосунун коркунуч деңгээлин 6-тепкичке көтөрүп, пандемияны расмий жарыялады. Эми өкмөттөр илдеттин мындан аркы жайылышын алдын алуу чараларын күч алдырып, H1N1 вирусуна каршы вакцинаны чыгаруу иштери ыкчамдатылууга тийиш.
Дагы жүктөңүз