Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:10

Шанхай кызматташтык уюмунун Екатеринбург саммитти жыйынтыкталды


Иран, Тажикстан, Өзбекстан жана Ооганстан президенттери ШКУнун саммиттинде, Екатеринбург, 16-июнь 2009-жыл
Иран, Тажикстан, Өзбекстан жана Ооганстан президенттери ШКУнун саммиттинде, Екатеринбург, 16-июнь 2009-жыл

Бүгүн Шанхай кызматташтык уюмунун саммити алкагында Екатеринбургда Кыргызстан президенти Курманбек Бакиев Ооган мамлекет башчысы Хамид Карзай менен жолугушту. Карзай өлкөсүндөгү тынчтык орнотуу иштерине кошуп келаткан салымы үчүн Кыргызстанга ыраазычылыгын билдирип, мындан аркы кызматташууга үмүттөнөөрүн айтты. Уюмга мүчө-мамлекеттер бийик жолугушуунун жыйынтыктары боюнча биилдирүү кабыл алып, терроризмге каршы конвенцияга кол коюшту.

Бул жолку жыйында Ооганстан маселесине өзгөчө көңүл бурулду. Ооганстан уюмга байкоочу катары катышып жүрөт. Орус президенти Дмитрий Медведев саммит башталаары менен анын чордонунда Ооганстандагы абал болоорун белгилеген. Кыргыз президенти Курманбек Бакиев терроризм, экстремизм жана наркоаткезчиликке каршы аракеттер үзбөй көрүлүшү керек деп, аталган проблемаларды талкуулоо үчүн Бишкекте эл аралык жыйын өткөрүүнү сунуш кылды.

Мындан тышкары кечээ Орус президенти Ооган жана Пакистан мамлекет башчылары менен үч тараптуу сүйлөшүү өткөргөн. Бүгүн болсо Кыргыз жана Ооган мамлекет башчылары жолугушту. Анда "Манас" аскерий базасы жөнүндө ачык айтылбаганы менен, Карзай Кыргызстан Ооганстанга “жүк ташуу үчүн транзит жагынан мындан ары да жардам берет” деп үмүттөнөөрүн айтты. Ал ошондой эле Кыргызстан Ооганстандагы кырдаалды жөнгө салууга гана эмес, жалпы чөлкөмдөгү бейпилдикке жана коопсуздукка салым кошуп келатат деп белгиледи. Президент Бакиев Кыргызстан “ооган элинин тынч жашоосуна кызыкдар” деп, мындан ары да колунан келген жардамын берип турат деп ишендирди.

“Эркин Европа/Азаттыктын” Ооганстан жана Пакистан боюнча аналитиги Абуббакар Сыдыктын пикиринде, Кыргызстан базаны кармап туруу менен регионалдык коопсуздук үчүн чоң салым кошо алат:

"Манас" базасы америкалык жана натолук аскерлердин Ооганстанда жүргүзүп жаткан операциялары үчүн өтө маанилүү. Базаны сактап калуу боюнча кандайдыр бир келишим түзүлсө, бул абдан жакшы болот. Америкалыктар президент Бакиевдин өкмөтү койгон айрым талаптарга көнүшү ыктымал. Бирок Кыргыз өкмөтү да регионалдык коопсуздукту жана кызматташтыкты өнүктүрүүдө өз вазийпасын аткарууга тийиш.

Глобалдуу экономикалык кризис жараткан кыйынчлыктарга туруштук берүүнүн бирден бир жолу – эларалык кызматташтык, - деп белгилешти саммиттин катышуучулары. Лидерлер уюмдун алкагындагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өөрчүтүү, ири долбоорлорду ишке ашырууну тездетүү, регионду дүйнөлүк рынокко чыгаруучу жолдорду кеңейтүү, туризм жана соода тармактарын өнүктүрүү керектигине басым жасашты. Уюмдун бардык мүчөлөрү эл аралык соода америкалык доллардан өтө эле көз каранды болуп жатканын деп белгилешти.

Саммиттен кийинки пресс-конференцияда орус президенти Дмитрий Медведев орток валюта маселеси козгологонун билдирди:

- Шанхай кызматташтык уюму алкагында эсептешүү үчүн орток акча колдонуу идеябызды коллегаларыбыз колдошту. Балким, кийин ага мындан да маанилүү функция жүктөлүшү ыктымал. Еврошаркеттин тажрыйбасын эстесек, евронун жүгүртүүгө киригизилишине чейин экю бар болчу, ал өз ара эсептешүү биримдиги катары пайдаланып келген.

Арийне, уюмдун ишмердигин песимисттик маанайда баалагандар да жок эмес.

“Ата Мекен” партиясынын төрагсы Өмүрбек Текебаевдин пикиринде, жүздөгөн келишимдерди кабыл алганына карабастан уюм өзүнүн жандуулугун көргөзө албай жатат.

- Биз бир геосаясий чөлкөмдө тургандыктан бул уюмга кызыкдар болбогондор дагы иш жүзүндө уюмду көпкө сактап турганга аракет кылат. Анкени бул жакшы кошунабыздын жакшы белгиси катары сакталып турат. Чындыгында КМШ, ШКУ жана ушул сыяктуу башка түзүмдөр ондогон, жүздөгөн келишимдерди кабыл алганына карабастан өзүнүн ишин, өзүнүн жандуулугун көргөзө албай келе жатат.

Бул жолку жыйында Беларус менен Шри-Ланка байкоочу статусун алышты. Дагы бир байкоочу – Иран мүчөлүккө арызын тапшырган эле, бирок Екатеринбургда бул маселе каралган жок. Иран президенти Махмуд Ахмадинежад жыйындын бүгүнкү отурумуна катышты. Кремлдин басма сөз кызматы маалымдаганына караганда, уюмдун лидерлери аны президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттукташты.

Шанхай кызматташтык уюмунун эмки саммитти 2010-жылы Ташкенде өтмөй болду.



XS
SM
MD
LG