Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Сентябрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:25

Украина Ленинграддагы ири мунай заводуна сокку урганын билдирди


Кириши шаарындагы мунай иштетүүчү завод. (архив)
Кириши шаарындагы мунай иштетүүчү завод. (архив)

14-сентябрга караган түндө Ленинград облусунда Орусиядагы эң ири мунай зафоддордун бири - "Киришинефтеоргсинтез" заводуна сокку урулуп, жарактан чыкканын Украинанын куралдуу күчтөрү кабарлады.

Жергиликтүү бийлик Кириши шаарында бир нече учкучсуз учактар атып түшүрүлгөнүн, сыныктары кулаган кезде мунай заводунда өрт чыкканын маалымдашты. Ленинград облусунун губернатору Александр Дрозденко завоlдогу өрт жекшемби таңга жуук өчүрүлгөнүн ырастады. Каза тапкандар жана жабыркагандар тууралуу маалымат жок.


Кириши мунай заводу Орусияда кубаттуулугу жагынан экинчи орунда турат. Завод жылына орточо 17,7 млн тонна мунай иштетет деп жазды Reuters.

Жума күнү учкучсуз учактар Ленинград облусундагы Приморск портундагы мунай терминалынын ишин үзгүлтүккө учуратышкан. Эки мунай танкери жарактан чыкканы айтылган.

Ошондой эле жекшембиге караган түндө облустун Луга жана Гатчина райондорунда жүк ташыгыч поезд рельстен чыгып, машинист каза тапканы кабарланды.

Орусиянын тергөө органдары эки учур тең диверсиянын натыйжасы болушун четке каккан жок. Окуя болгон жерде саперлер иштеп жатышат. Облуста темир жол коопсуздугун камсыздаган күч органдарынын иши күчөтүлдү.


Шерине

XS
SM
MD
LG