Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Сентябрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:06

Орусиянын Орел облусунда темир жолдогу жардыруудан эки адам мерт кетти


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Орусиянын Орел облусунда темир жолго коюлган жардыргыч заттын жарылуусунан эки адам мерт кетти. Бул тууралуу облустун губернатору Андрей Клычков маалымдап, кылмышка шектүүлөр изделип жатканын кошумчалады.

Курск облус башчысынын милдетин аткаруучу Александр Хинштейн маркумдар Росгвардиянын кызматкерлери болгонун билдирди.

"Транспорт министрлиги Курскиге багыт алган 457 жүргүнчүнү жеткирүү үчүн 18 автобус жиберди", - деп жазды ал.

Москва темир жол башкармалыгы 10 поезддин каттамы 4-5 саатка жылганын билдирди.

Буга чейин 1-июнда Брянск жана Курск облустарында темир жол жардырылып, жети адам мерт кеткен. Жүздөй киши жаракат алганы кабарланган.

Орусиянын Тергөө кызматы темир жолдогу жардырууларга Украинаны айыптаган. Президент Путин окуяны теракт деп атаган. Киев жооп берген эмес.


Шерине

XS
SM
MD
LG