"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.
Саммит Франциянын Страсбург жана Германиянын Кель шаарларында өтүүдө. Жыйырма сегиз өлкөнүн лидерлери бул жыйында альянстын алдында турган көйгөйлөрдү талкуулашууда.
Президент Барак Обама жергиликтүү машина чыгаруучу эки ири компанияга катуу шарт койду. Өкмөттөн жардам алуу үчүн Женерал Моторс (General Motors) менен Крайслер (Chrysler) чыгымдарын азайтып, жаңы иш пландарын сунуш этүүгө тийиш. Президент атүгүл банкроттук жөнүндөгү мыйзамды колдонуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарбайт.
Дүйнөнүн булуң-бурчунда карапайым калк экономикалык кризиске, өкмөттөрдүн аны жөнгө салуудагы жөндөмсүздүгүнө нааразылыгын билдиришүүдө.
Москва менен Тбилиси былтыр августта болгон 5 күндүк урушту ким баштаган деп бүгүнкү чейин талашып келатышат. Ушул жуманын этегинде орустардын Биринчи каналы уруштун тутанышы жөнүндө көркөм фильм тартуулаганы жатат. "Olympius Inferno" деп аталган тасмада согуш үчүн жоопкерчилик грузин президенти Михаил Саакашвилиге жүктөлөт.
Мындан 10 жыл мурун НАТО аскерлери Сербияга абадан чабуул коюшкан. Бул чара серб күчтөрүнүн Косовонун албан калкына каршы зордук-зомбулугуна жооп иретинде көрүлгөн. Белградда көптөрү аны “Батыштын агрессиясы” катары баалашса, Приштинанын тургундары чабуулдар репрессивдүү доорго чекит койгон дешүүдө.
24-март кургак учукка каршы күрөшүү күнү. Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына ылайык, ар бир секундда дүйнөдө бир киши бул балакет ооруну жуктуруп алат.
Францияда жалпы улуттук иш таштоо өтүп жатат. Бир катар шаарларда, анын ичинде баш калаа Парижде коомдук транспорттун бир бөлүгү токтоп турат. Кесиптик кошуундардын демилгеси менен өтүп жаткан иш-чара президент Николя Саркозинин экономикалык саясатына нааразылык билдирүүнү көздөйт. Өлкөдө жумушсуз калган элдин саны 2 миллион кишиге жетти жана мындан ары да өсөт деп болжолдонууда.
Кечээ Азербайжанда өткөн референдумду оппозиция Алиевдердин саясий сулалесин бекемдөөнү көздөгөн айла-амал катары баалашты.
Жакартада Балидеги кош жардыруу үчүн өлүм жазасына өкүм кылынган 3 кишинин өмүр баяны сатыкка түштү. Былтыр Индонезия өкмөтү анын басып чыгарылышын токтотуп койгон эле. Окурмандардын айрымдары ал исламчыл согушкерлердин бурмаланган түшүнүктөрүн баяндайт дешет.
Дүйшөмбүдө Стамбулда 5-Дүйнөлүк суу форуму башталды. Аны ачып жатып, Түркиянын президенти Абдулла Гүл дүйнө калкынын дээрлик жарымы суу тартыштыгынан жабыркаса, 1 миллиарддай киши таза сууга муктаж деди. Жыйынга Кыргызстандын өкмөт башчысы Игорь Чудинов катышып сөз сүйлөдү.
Бишкекте Франкофония же француз маданиятынын жана тилинин жумалыгы өтүп жатат. Жумалыктын максаты жана Франция менен Кыргызстан ортосундагы маданий байланыштар жөнүндөгү суроолорубузга Француз элчилигинин маданият жана кызматташтык боюнча атташеси Шарлот Үрбэн айым (Charlotte Urbain) айтып берди.
Автокырсыктан каза болгондордун сөөгү экспертизалык иликтөө үчүн чет өлкөгө жиберилиши мүмкүн. Мындай маалыматты "Азаттыкка" саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.
Соңку айларда чет өлкөлөрдө жүргөн бир нече чечен эмигранты киши колдуу болуп өлгөн. Европада баш пааналаган чечендер эми аларга да кезек жетет деп чочулап, өлтүрүүлөрдүн артында чечен президенти Рамзан Кадыров, балким, орус чалгынчылар менен кошо турат деп боолголошот.
Айрым маалыматтарга караганда, ушу тапта кыргызстандык 800 миңге жакын киши чет өлкөлөрдө иштеп жүрөт. Эмгек мигранттарынын басымдуу бөлүгү Россияга агылганы менен, океандын аркы жагынан иш издеп кеткендер да аз эмес. Кыргызстандык изилдөөчү, АКШдагы Виржиния университетинин профессор жардамчысы Салтанат Либерт ошол мигранттардын жашоо-турумушу, алардын Америкага кандай жолдор менен келгенин иликтеп чыккан.
Кыздардын жыныстык органын тилип, ырымдоо көпчүлүк тарабынан Африка өлкөлөрүнө таандык көрүнүш катары каралып келгени менен укук коргоочу активисттер, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү мындай практика Ирак менен Ирандын күрттөр жашаган аймактарында жайылганын айтышууда.
Индиялык же боборазиялык обон, бийлер, сериалдар аморалдык жана исламга каршы келеби? Дал ушундай айыпты оогандык прокурорлор Кабулда жайгашкан менчик телеканалга тагып жатышат. Канал сөз болгон аймактын программаларын сунуш кылат.
Далай Лама Кытай жетекчилигин тибеттиктерди куугунтуктап жатат деп айыптады. Тибеттин руханий лидери Кытайдын башкаруусуна каршы болгон көтөрүлүштүн 50 жылдыгына арналган сөзүндө жүз миңдеген тибеттиктин өлтүрүлгөнүн, миңдеген ибадатканалардын кыйратылганын белгиледи. Бээжин бул күнү Тибетке жана чектеш аймактарга аскерлерди жайгаштырды. Дүйнөнүн булуң-бурчунда болсо Тибетти колдоо акциялары өттү.
9-мартта АКШ президенти Барак Обама сөңгөк клеткаларды изилдөөгө мамлекеттик акча бөлүүгө жол ачкан буйрукка кол койду. Муну менен ал мурдагы мамлекет башчы Жорж Буштун тушунда киргизилген чектөөнү жокко чыгарды.
9-мартта айтылуу Барби куурчагы 50 жашка толду. Барби Миллисент Робертс АКШнын Висконсин штатында пайда болгон. Кичинекей кыздардын сүймөнчүгүнө айланган Барби, арийне, айрым коомдордо көптөгөн талаш-тартыш жаратып келатат.
“Акыйкат үчүн” кыймылынын лидерлеринин бири Аликбек Жекшенкуловду камакка алынган фактысын акыйкатчы Турсунбек Акун бийликке кошомат кылгандардын чагымчыл аракети катары айыптады. Анын айтымында, бул окуя бийлик менен оппозициянын сүйлөшүү аракетин үзгүлтүккө учуратышы мүмкүн.
Дагы жүктөңүз