"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.
Өнүгүп келаткан өлкөлөрдө 8 баланын бирөө баштапкы билим албай калат. Бул тууралуу Улуттар уюмунун 25-ноябрда жарык көргөн докладында айтылат. Мындай жагдайда 2015-жылга чейин дүйнөдөгү бардык балдардын сабатсыздыгын жоюу программасы ишке ашпай калаары айкын болуп калды.
Рублдин бир кездеги куну качып, дүйнөлүк финансылык кризис орустарды үнөмдөөгө мажбур кылды. Кремль улуттук акчаны куткарып калуу үчүн чет өлкөлүк валюта резервдерин жумшоодо. Бийлик социалдык нааразылыктан улам толкундоолор чыгып кетсе, аны тыюу боюнча милицияга атайын көрсөтмө берди.
25-ноябрда аялдарга зомбулук кылууга каршы күрөшүү күнү белгиленет. Аялдардын укуктарына соңку кезде эл аралык деңгээлде көп көңүл бурулууда.
20-ноябрда Россиянын бийликтеги партиясы – “Бирдиктүү Россия” 10-конгрессин баштады. Аны ачып жатып, президент Дмитрий Медведев жана премьер-министр Владимир Путин глобалдуу финансылык кризиске карабай, өкмөт социалдык тармактагы милдеттенмелерин атакарат деп ишендиришти.
Грузия Эларалык Олимпиада комитетин коопсуздук жүйөөлөрүнөн улам 2014-жылкы кышкы оюндарды Сочиден башка шаарда өткөрүүгө үндөдү. Тарыхта Олимпиаданы башка шаарга же өлкөгө которуу учурлары болду беле?
Түркмөн президенти Гурбангулы Бердимухаммедов 17-ноябрда Германиядагы алгачкы сапарын аяктады. Батыш Европага 140тай кишинин коштоосунда барган президент немис лидерлери, бизнес өкүлдөрү менен жолугушту.
АКШнын жаңы шайланган президенти Барак Обама Гунтанамо Бэйдеги кармоочу жайды жабуу ниетин бышыктады. Кыйноолорго жол бербөө керектигин белгилеген Обама мындай кадам “Американын дүйнөдөгү моралдык статусун калыбына келтирүү” үчүн зарыл деп белгиледи.
Бир катар маалымат каражаттары АКШнын мурдагы биринчи айымы, демократ-сенатор Хиллари Клинтон Обама администрациясында мамлекеттик катчынын ордун ээлеши мүмкүн деп жазып чыгышты. Азырынча бул кабар расмий бышыктала элек. Бирок Обама жана Клинтондун өкүлдөрү эки саясатчы өткөн бейшембиде Чикагодо жолугушканын танышкан жок.
Вашингтондо аяктаган саммитте 20дай өлкөнүн лидерлери биргелешкен коммюнике кабыл алып, дүйнөлүк финансылык кыйроону алдын алуу үчүн бар аракет көрүүгө убада кылышты. Финансы министрлерине 31-мартка чейин 5 маселе боюнча конкреттүү сунуштарды иштеп чыгуу тапшырылды.
Вашингтондо ушул дем алыш күндөрү Чоң жыйырманын лидерлери чогулушууда. “Экинчи Бреттон Вудс” (Bretton Woods) деп аталган жыйында финансылык кризиске туруштук берүүнүн мындан аркы кадамдары талкууланмакчы.
Хайдер Али Хан “Авами Улуттук партиясынын” тышкы иштер катчысы. Аталган партия Пакистандын Түндүк Батыш Чегара аймагынын (NWFP) коалициялык өкмөтүн жетектейт. Хан ошондой эле чөлкөмдүн ассамблеясына Сват районунан депутат болуп шайланган.
Өткөн жуманын ичинде Ооган президенти Хамид Карзайдын буйругу менен 9 кишинин өлүм жазасы жөнүндөгү өкүмү ишке ашырылды.
4-ноябрда өзгөрүүлөрдү эңсеген америкалыктар демократтарга артыкчылык беришти. Жорж Буштун республикачыл партиясы 2010-жылкы жалпы улуттук, 2012-жылкы президенттик шайлоого чейин элдин ишенимине ээ болуу үчүн кандай кадам көрөгөнү жатат?
АКШ Мамлекеттик катчысынын саясий маселелер боюнча орун басары Уильям Бөрнс Москвада Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен сүйлөшүү өткөргөнү жатат. Орус аскерлери Грузияга басып киргенден бери Москва менен Вашингтондун мындай жогорку даражалуу өкүлдөрү жолугуша элек эле. Кечээ Лавров Россиянын Польша менен чегарага ракета жайгаштыруу пландары боюнча компромисс тапса болот деп кыйытты.
Шейшембиде (11-ноябрда) Дүйшөмбүдө Ооганстандагы коопсуздукту камсыздоодо регионалдык кызматташтыктын ролун талкуулаган жыйын башталды. Анда байистүү талиптер менен диалог куруу мүмкүнчүлүгү, мурдагы талиптердин айрымдарын өкмөткө тартуу маселеси да сөз кылынууда. Жыйынга Кыргызстандын да делегациясы катышууда.
Кээ бир кабарларга караганда Кошмо Штаттардын жаңы шайланган президенти Барак Обаманын жардамчылары Гуантанамо Бэйдеги түрмөнү жабууну көздөшүүдө. Обаманын командасы эч кандай чечим кабыл ала электе эле терроризм үчүн шектелген адамдарды кармоо маселеси талаш тартыш жаратты.
Американын теги африкалык жарандары Ак үйдүн башына кара түстүү адам жакыңкы аралыкта келет деп күтүшпөсө керек. Обаманын жеңиши расалык проблема толугу менен жоюла элек өлкө үчүн эмнени билдирет?
4-ноябрда Барак Обаманын жеңиши менен катар демократтар конгрессмендерди шайлоодо да ийгиликке жетишти. Айрым өлкөлөрдө мындай кош жеңиш президентке эбегейсиз бийлик берет эле. АКШда жагдай кандай?
АКШдагы шайлоо супердержава үчүн гана эмес дүйнө үчүн да кыйын кезде өтүүдө. Акыркы жылдары АКШнын дүйнөлүк сахнадагы аброю кыйла төмөндөдү. Бул жөнүндө “Азаттыктын” директорунун орун басары Ненад Пейич ой жоруйт.
29-октябрь күнү “Азаттыктын” Бишкектеги студиясында Европа биримдигинин адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын жеке өкүлү Риина Кионка болуп, кабарчыбыз Илим Жанузаковдун бир катар суроолоруна жооп берди. Андан бир күн мурда Европа биримдигинен келген делегация Кыргызстандын бийлик өкүлдөрү жана адам укуктары боюнча иш алып барган бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү менен жолугушуп, кызматташуу тууралуу сүйлөшүшкөн. Риина Кионка айым ошол жолугушуулар жана адам укуктары жаатындагы байкоолору тууралуу ой бөлүштү.
Дагы жүктөңүз