"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.
Украин парламенти Эларалык валюта кору бере турган насыя боюнча талкуу өткөрүүдө. 26-октябрда шардана кылынган план парламент маанилүү финансылык реформаларды кабыл алганда гана ишке ашырылмакчы.
Өткөн жумада Брюсселде өткөн жыйынында донор-мамлекеттер Грузиядагы кайра куруу иштерине ири суммадагы акча бөлүп берүүгө убада кылышты. Грузин кызматынын директору Давид Какабадзе ошол окуяга сереп салып, анын саясий өңүтүнө, коррупцияны алдын алуу чаралардын керектигине токтолот.
Алишер Саиповдун өлүмү үчүн ким жооптуу деген суроо ачык бойдон кала берүүдө. Айрым байкоочулар Кыргызстан менен Өзбекстандын коопсуздук мекемелеринин ортосундагы жашыруун кызматташтыктан улам, кылмыш боюнча тергөө иштери алга жылбай жатканын белгилешүүдө. Башкалары болсо Өзбек өкмөтү Саиповду каралоо кампаниясын бир нече жыл мурун баштаганын, ал өлгөндөн кийин деле токтотбогонун айтышат.
Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму шайлоого байкоочуларын жибергенде, адатта сөз өткөөл доорду баштан кечирип жаткан Украина же Кыргызстан жөнүндө болуп жатканына көнүп калганбыз. Арийне, 4-ноябрь күнү АКШдагы добуш берүүнүн жүрүшүнө да уюмдун 100дөн ашуун байкоочусу көз салмакчы. Эмне үчүн уюм эң байыркы демократиядагы шайлоого байкоо жүргүзүү керек деп чечти?
Бир жыл мурун беларус мамлекет башчысы Лукашенка антисемиттик сөздөрү үчүн эларалык коомчулуктун нааразылыгына кабылды эле. Быйыл болсо борбор калаада Минскидеги жөөттөрдүн кырылышынын 65 жылдыгы кеңири белгиленди. Оппозициянын лидерлери бул – Европанын акыркы диктатору деген атка конгон адамдын коомчулукка жагуу аракети деп сындашууда.
Исламабад Вашингтондун терроризмге каршы урушунда негизги шериги болгону менен, Ооганстандагы айрым америкалык аскерий адамдар Пакистандын чалгындоо кызматынын же армия өкүлдөрүнө анча ишене бербегенин айтышат. Пентагон Ооганстандагы талип козголоңчуларына каршы аскерий операциялардан тышкары кандай стратегия керек деп эсептейт. Ушул өңдүү маселелердин айланасында АКШнын коргоо министринин саясат боюнча орун басары Эрик Эделман “Азаттыктын” кабарчысы Рон Синовиц менен болгон маегинде сөз кылды.
Бүгүн кечинде АКШ президенти Жорж Буш Кемп Дэвидде Француз мамлекет башчысы Николя Саркози жана Еврокомиссиянын төрагасы Жозе Мануэл Баррозо менен жолугушмакчы. Жолугушуунун алдында Саркози эларалык финансылык системаны өзгөртүү керектигин дагы бир жолу айтып өттү.
Эң өнүккөн экономикалык державаларда башталган глобалдуу финансылык капсалаңдын эпкини чакан мамлекеттерди да кыйгап өткөн жок. Алсак, Украинанын борбордук банкы үстүбүздөгү аптада талаштуу чара көрдү. Дүйшөмбүдөн тартып кредит берүүгө, чет элдик валюта менен соода кылууга жана кээ бир депозиттик эсептерден акча алууга чектөө киргизилди.
Эларалык Валюта кору, өнүккөн жети мамлекетти жана бир катар негизги өнүгүп келаткан өлкөлөрдүн башын бириктирген “Жыйырманын тобу” финансылык кризисти жөндөө үчүн биргелешип кызматташууга үндөштү. Европанын лидерлери болсо глобалдуу финансылык кризиске байланышкан чараларды координациялоо үчүн бүгүн жекшембиде Парижде чогулушту.
Республикалык партиянын атынан АКШнын вице-президенттигине талаптанып жаткан Сара Пэйлин губернаторлук кызматынан кыянаттык менен пайдаланган. Мындай тыянакка ал башкарган Аляска штатынын мыйзам чыгаруучулары атайын иликтөөдөн кийин келишти. Пэйлин болсо айыптоолорду четке кагууда.
Нобель комитети быйылкы лауреттарды атоону улантууда. Эки күн мурда химия тармагындагы ачылыштары үчүн япониялык Осама Шимомура жана америкалык окумуштуулар Мартин Чалфи менен Рожер Тсиен жеңүүчү деп жарыяланды. Алар жашыл флуорисценттик же кубулган белокту ачып, иликтешкен. Бул зат биохимия жана молекулярдык билогияда кеңири колдонуп жүрөт. Анын жардамы менен буга чейин көрүнбөгөн процесстерге, маселен, рак клеткаларынын тарашына, нерв клеткаларынын өнүгүшүнө байкоо жүргүзсө болот.
Финансылык кризис Атлантиканын эки тарабын тең каптады. Өкмөттөр биржа, банктарды жана жалпы элди кризистен чыгуу жолдору табылат деп ишендирүүгө аракеттенип жатышат. Евромейкиндикке кирген 15 өлкөнүн каржы министрлери экинчи күн катары менен жыйын өткөрүшүүдө. Вашингтон болсо 700 миллиарддык пландан кийинки кадамдарды караштырып жаткан кез.
АКШнын турак жай секторундагы кризис глобалдуу финансылык системаны дүрбөлөңгө салды. Пирамида схемасынын кыйрашына буга чейин 1990-жылдары Россия менен Албанияда күбө болдук эле.
Дүйнөнүн каржы базарларындагы кризистик жагдай сакталууда. Орусиянын биржалары эки күндүк тыныгуудан кийин жума күнү гана ачылмакчы. Мындай чечим баалуу кагаздар менен акциялардын наркы кескин төмөндөп кеткенден кийин кабыл алынган. Глобалдуу баш аламандыкты алдын алуу үчүн бир катар ири банктар биргелешип чара көрүү жөнүндө макулдашышты.
Бүгүн (18-сентябрда) Парижде Европа биримдиги – Борбор Азия форуму өтүүдө. Тышкы иштер министрлеринин деңгээлинде өтчү жыйында эки региондун коопсуздук тармагындагы кызматташтыгы талкууланмакчы. Форумдун күн тартибине терроризм, ядролук куралды жайылтпоо, аткезчилик, энергия жана экологиялык коопсуздук маселеси киргизилген. Жыйынга катышуу үчүн Францияда Кыргызстандын тышкы иштер министри Эднан Карабаев жетектеген делегация жүрөт.
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Польшага сапарын баштоодо. Анын жергиликтүү жетекчилик менен сүйлөшүүлөрү оңой-олтоң болчудай эмес. Варшава орус-грузин чатагында Тбилисиге өзгөчө колдоосун билдирген өлкөлөрдүн бири. Анын үстүнө Москва АКШнын Польшага антиракеталык системанын бөлүгүн жайгаштыруу пландарына абдан нааразы. Балким, Лавров Польшага соодалашуу үчүн келип жүрбөсүн? – деген суроо коюшат айрым талдоочулар.
Абулла Гүл анын Армения жасаган сапары “региондогу стабилдүүлүккө салым кошот” деп ишенет. Мындай билдирүүнү түрк мамлекет башчысы дүйшөмбүдө “Азаттыктын” азери кызматына берген интервьюсунда жасады. 6-сентябрда Гүл армян президенти Серж Саркисяндын чакыруусу менен Ереванда “тарыхый” визит менен болуп кеткен. Лидерлер эки өлкөнүн футбол боюнча беттешүүсүн чогуу көрүп, жабык эшик артында сүйлөшүү өткөрүшкөн.
Жума күнү Вашингтон белоруссиялык эки компанияга каршы киргизилген санкцияларын алты айга токтото турууну чечти. Өткөн айда Минск бир нече белгилүү оппозициялык саясатчыны абактан бошоткон. Бирок бир катар жазалоочу чаралар, анын ичинде виза чектөөсү күчүндө кала берүүдө. Чектөөлөрдүн алып салынышы 28-сентябрга белгиленген парламенттик шайлоонун өтүшүнө багынкы болмокчу.
Ишембиде Түркиянын президенти Абдулла Гүл Ереванга келип кетти. Ал футбол боюнча дүйнө чемпионатына тандалчу курамалардын (квалификациялык) беттешүүсүн чогуу көрүүгө армян мамлекет башчысынан чакыруу алган. Серепчилердин айтымында, президент Гүлдүн тарыхый сапары символикалык мааниге гана ээ болбостон, эки тараптуу мамилелерди жакшыртууга мүмкүнчүлүк түзөт деген үмүт бар. Ал эми спорттук оюнга келсек, коноктор үй ээлерин 2:0 эсебинде жеңип, түркиялык күйөрмандардын кубанычы кончуна сыйбай, атажуртуна ыраазы болуп кайтышты.
Россия менен Грузия ортосундагы куралдуу кагылышуудан көп узабай Түркия Түштүк Кавказдагы таасирин күчөтүү ниетин ишара кылган эле. Анкара региондогу жаңжалдарды жөнгө салуу максатында Түркия, Россия, Грузия, Армения жана Азербайжан ортосунда келишим түзүү демилгесин көтөргөн. Ошол эле маалда андай альянс Түркиянын соода жана энергия кызыкчылыктарына жооп бермек. Ишембиде болсо түрк президенти Абдулла Гүл тарыхый сапар менен Арменияга аттанууда. “Түрк демилгесинин” ишке ашуу мүмкүнчүлүгү канчалык?
Дагы жүктөңүз