"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.
Дем алыш күндөрү Франциянын тышкы иштер министри Бернар Кушнер 2 күндүк сапар менен Иракта болду. Июлдан тартып Еврошаркетке төрагалык кылууга даярданып жаткан Париж, биримдик Ирактагы кайра куруу иштерине катышуусун күч алдырат деп убада кылууда.
28-майда 100дөн ашуун өлкө кластердик --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/security/ky/2008/05/78A1FCA7-E481-4E39-8DC3-29694B37CE2E.asp же чачырама бомбаны колдонбоо жана өнүктүрбөө жөнүндө макулдашышты. 10 күн бою талкууланган документ расмий түрдө жума күнү кабыл алынып, декабрда кол коюлат деп күтүлүүдө. Бирок чачырама бомбаны чыгарган бир катар мамлекеттер Дублиндеги жыйынга катышпагандыктан, келишим канчалык таасирдүү деген суроо пайда болууда.
Өзөктүк кубат боюнча эларалык агенттиктин Ирандын --> /rubrics/politics/ky/2008/05/87b72996-7c9e-435f-b784-8d216780b999.asp ядролук программасына байланышкан отчету АКШнын терс реакциясын жаратты. Вашингтондун мекемедеги өкүлү билдиргендей, Тегеран атомдук тармактагы аракеттерин жаап жашырууда. Иран болсо, тескерисинче, документ өлкөнүн эларалык агенттик менен кызматташып жатканынан кабар берет деп эсептейт.
Соңку апталарда Ташкент менен Москванын мамилелери сууп бараткандай ишараларга күбө болдук. 13-майда “Өзбекнефтегаз” мамлекеттик ишканасы Малайзиянын «Петронас» газ концерни --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/economics/ky/2008/05/E1DCF636-69F8-4561-AA11-24ECBF91C72E.asp менен келишимге кол коюп, мурда орус энергетиктери чалгындаган 3 участокту малайзиялыктар иштетмей болду. Eurasia View басылмасы ушул темага токтолуп, Ташкент өзүнүн эски геополитикалык оюндарына кайтты деп жазат.
Пакистандын Ооганстандагы --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/society/ky/2008/04/61B878F6-DFE0-465D-AA9E-39E885EC9574.asp элчиси ишебиде барымтадан бошотулуп, үйүнө аман-эсен кайтып барды. Тарик Азизуддин 3 ай мурун исламчылар деп шектелген топ тарабынан уурдалып кеткен. Элчи менен кошо анын айдоочусу жана жеке сакчысы бошотулду.
Мьянма өкмөтү көбүрөөк гуманитардык жардам кабыл алууга көнө баштады. Дүйшөмбүдө Рангун шаарына алгачкы америкалык гуманитардык учак конду. Мындан 10 күндөй мурун орун алган табигый кырсыктан курман болгондордун саны, расмий маалыматтарга ылайык, 28 миң кишиге жетти. Мьянманын бийликтери гуманитардык жүктү өтө жай таратып, эларалык уюмдарга жардамды жеткирүүгө уруксат бербей жатат деген сынга кабылган эле.
Сербияда эрте парламенттик шайлоо --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/05/1E148238-1190-43B0-B9AA-30E85DB3491F.asp өтүп жатат. Президент Борис Тажичтин батышчыл альянсы улутчул радикал партиясы менен теңме тең баратат. Өлкө Европа биримдиги менен интеграция жолуна түшөбү же обочодо калабы? Шайлоо дал ушул суроого жооп берет деп күтүлүүдө.
Армяндар 24-апрелде “геноцид күнүн” белгилешти. Армения --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/04/B0925E93-4C0A-4E5E-935F-BDAAFA3B60F5.asp Осмон империясы маалында армяндардын кыргынга учурашын түрктөр тарабынан жүргүзүлгөн тукум курут саясаты деп баалашат. Түрктөр болсо андай ырастоону четке кагышууда. Ереванда өткөн эскерүү аземинде жаңы президент Серж Саркисян геноциддин эларалык коомчулук тарабынан таанылышы үчүн аракет мындан ары да көрүлөт деп ишендирди. Тарыхтагы окуялар азыркы саясатка таасир эткен учурлар четинен жолугат.
АКШнын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс Багдад өкмөтүнө колдоо көргөзүү иретинде жекшембиде Иракка --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/security/ky/2008/04/5779BBB2-E8EB-4259-A1FE-FD004140EEFD.asp күтүлбөстөн барды. Нури ал-Маликинин өкмөтү ушу тапта радикал шийи лидери Муктада ас-Садрдын согушкерлерине каршы операция жүргүзүп келатат. 19-апрелде ас-Садр Багдад өкмөтү анын тарапкерлерине каршы операциясын токтопосо, “ачык согуш” жарыялоо тууралуу эскерткен.
АКШ мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс Москванын Түштүк Осетия жана Абхазия менен алакаларын күч алдыруу пландарына байланыштуу камтамачылыгын билдирди. Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров жана грузин президенти Михаил Саакашвили менен телефон сүйлөшүүсүндө Райс Вашингтон Грузиянын --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/04/057C8BE7-A421-4EFE-A288-982A9A81AF4F.asp аймактык бүтүндүгүн колдойт деп белгиледи. Тбилиси Москванын кадамын Грузин аймактарын аннексиялап алуу аракети катары баалады.
Италияда миллиардер, медиамагнат Силвио Берлускони бийликке кайтып келди. Экс-премьер 14 жылдын ичинде ушуну менен 3-ирет парламенттик шайлоону жеңди. Эркин Эл партиясынын лидери Берлускони Италиянын Экинчи Дүйнөлүк согуштан кийинки 62-өкмөтүн жетектемекчи.
Дүйнөлүк банктын жетекчиси Роберт Зеллик өнүгүп келаткан өлкөлөрдү каптаган ачарчылыкка каршы чукул аракет көрүүгө үндөдү. Дүйнөлүк азык-түлүк кризисинен улам, кедей өлкөлөрдүн 100 миллиондой калкы жакырчылыкка батышы ыктымал, - деп эскертти Зеллик. Тамак-аш бааларынын өсүшү бир катар өлкөлөрдө элдик толкундоолорго алып келди.
АКШ президенти Жорж Буш июлдан кийин аскерлерди Ирактан чыгарууну убактылуу токтотууга буйрук берди. Ак Үйдө сүйлөгөн сөзүндө Буш ошондой эле согушка жиберилген аскерлердин мөөнөтү 15 айдан 1 жылга чейин кыскартылат деп билдирди.
Мындан 5 жыл илгери америкалык аскерлер Ирактын баш калаасына басып кирип, Саддам режими биротоло кулатылганы жарыяланган. Бирок өлкөдө туруктуулук али орной элек. 8-апрелде АКШ куралдуу күчтөрүнүн Ирактагы кол башчысы Дэвид Петреус --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/04/FAB57BF3-0474-4F2A-845D-E568CAD8A591.asp Конгрессте баяндама жасап, мындан аркы стратегия тууралуу суроолорго жооп берди. Урушта жүргөн америкалык жоокерлер генералдын олуттуу алга жылуулар жөнүндөгү сөздөрүнө кошулушабы?
АКШ армиясынын Ирактагы командачысы Дэвид Петреус июлдан кийин аскерлерди чыгаруу жараянын токтото туруш керек деп эсептейт. Конгресстеги угууларда генерал коопсуздук жаатында жетишилген прогрессти сактап калуу зарылдыгын белгиледи. Багдадда болсо Саддам режиминин кулатылышынын 5 жылдыгына байланыштуу бийликтер 1 күнгө унаа менен жүрүүгө чектөө киригизишти.
Коопсуздук чараларына карабай, Олимпиада оту --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/sport/ky/2008/04/058DA0BB-07AC-420F-BF8B-399BC73FC72C.asp дүйшөмбүдө Парижде бир нече жолу өчүп, кайра жандырылды. Тибеттиктердин укуктарын коргогон активисттер менен полициянын тирешүүсү айрым учурларда тамаша оюнду элестеткени менен, көчө театрынын артында олуттуу талаштар орун алууда. Кээ бир европалык лидерлер Бээжин Олипмиадасын бойкоттоо керектигин көбүрөөк сөз кыла башташты.
Сочиде жекшебиде орус жана америкалык мамлекет башчылар жолугушту. Бул - Владимир Путин --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/04/30D35081-29F6-47A7-8D79-2534209F224E.ASP менен Жорж Буштун президенттик кызматтагы акыркы расмий кездешүүсү болуп калды. Жылуу сөздөргө карабай, лидерлер негизги маселелерде мунасага келе алышкан жок.
НАТОнун саммити баштала элек жатып, көпчүлүктүн бүйүрүн кызыткан маселелер кандай чечилээри дээрлик айкын болуп калды. Уюмдун маалымат катчысы кечээки сый тамактан кийин билдиргенине караганда, бул жолу Грузия менен Украинага Мүчөлүк аракет планы сунуш этилбейт, Македония болсо альянска кирүү чакырыгын азырынча албайт.
Румыниянын баш калаасында НАТОнун --> http://azattyk.kg/rubrics/security/ky/2008/04/79515C77-C648-4EBD-899E-EB57F03274FD.asp жылдык саммити башталууда. Жолугушуунун алдында америкалык президент Жорж Буш НАТОну Грузия менен Украинага Мүчөлүк аракет планын сунуштоого чакырды. Россия болсо бул эки мурдагы советтик жумурияттардын блокко киришине караманча каршы. Бухаресттеги саммитте Ооганстандагы аскерий операция да негизги маселелерден болмокчу.
НАТОнун жылдык саммити 2-4-апрель күндөрү Бухарестте өтмөкчү. Альянска жаңы мүчөлөрдү кабыл алуу анын күн тартибине киргизилген маселелердин бири. Бул жолу Хорватия, Албания жана Македония чакыруу алышат деп күтүлүүдө. Грузия менен Украина болсо Мүчөлүк аракет планы сунуш этилет деп үмүттөнүшөт. Мурдагы Югославиянын жумурияттары НАТОго кирүү менен 1990-жылы тутанган Балкан согушу кайталанбайт деп үмүт артышса, Тбилиси жана Киев альянсты орустардын ыктымал аскерий агрессиясынан коргон катары кабыл алышат. Азаттыктын кабарчылары сөз болгон өлкөлөрдүн тургундарын сөзгө тартышкан.
Дагы жүктөңүз