"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.
13-февралда Ирандын Ком шаарында суфизмдин 1 миңден ашуун жолдоочусу камакка алынды. Суфизм Иранда акыркы кезде популярдуу болуп баратат. Өлкөдө дервиштер менен салттуу исламдын жактоочулары ортосунда тирешүү дайыма болуп келген. Бирок дервиштердин өкүлдөрү белгилегендей, аларга каршы чабуул бийликке жаңы президент келгенден бери өзгөчө күчөдү.
21-февралдын түнүндө Сербиянын мамлекеттик кабар агенттиги Босния армиясынын мурдагы кол башчысы Ратко Младич колго түшүрүлдү деген маалымат таркатты. Бирок Белград өкмөтү аны төгүнгө чыгарды. Младич эркиндикте экенин Гаага трибуналынын башкы прокурору Карла Дел Понте да тастыктады. Согуш кылмыштары боюнча трибунал сары изине сая түшүп издеген адам ким?
Москвада Ирандын делегациясы уранды Россиянын аймагында байытуу сунушун талкуулап жатат. Бир катар аналитиктер Россиянын демилгеси Тегеран ядролук ишканаларын курал чыгаруу үчүн пайдаланышы мүмкүн деген Батыштын тынчсыздануусун басаңдатат деп болжолдошууда. Анын аралыгында Атомдук энергия боюнча эларалык агенттик Иранга өз аймагында чектелүү бир өлчөмдөгү уранды байытууга уруксат бериши ыктымал деген кабарлар пайда болду.
Мухамед пайгамбарга тартылган карикатураларга байланыштуу тутанган нааразылык дээрлик эки жумадан бери тынчыбай жатат. Демонстранттар Евробиримдиктин өкмөттөрүнөн кечирим суроону талап кылышууда. Алар болсо биз көз карандысыз маалымат каражаттарын көзөмөлгө алууну каалабайбыз деп кайталап келатышат.
Ооганстандагы коопсуздукту камсыздоого жардам берген эларалык күчтөр, же ISAF март айында өлкөнүн түштүгүнө жайгаштырыла баштайт. НАТОнун жетекчилигиндеги аскерлер Ооганстанда дагы 10 жылга калууну көздөп жатышат. Түндүк Альянстын расмий өкүлдөрү “Азаттыктын” кабарчысына билдиргендей, бул үчүн БУУ алардын мандатын узартып берүүгө даяр. Ошол эле маалда ISAF америкалык аскерлердин талиптерге жана ал-кайидачыларга каршы операцияларына катышууну максат кылбайт.
Минскидеги “Эркин театр” Лукашенко өкмөтүнүн цензурасына, кысымына каршылык көргөзүп келаткан Беларустагы жападан жалгыз театралдык топ. Бир жылча мурун негизделген театрдын чыгармачылыгы менен жакында россиялык көрүүчүлөр да тааныша алды. “Азаттыктын” Москвадагы кабарчысы Клэр Бигг театрдын түптөөчүлөрүнүн бири, драматург Николай Халезин менен жолугушуп, аңгемелешкен.
7-февралда Ташкент шаарынын граждандык соту “Фриидом Хауз” уюмунун апелляциялык арызын канааттандырган жок. Өзбекстандын юстиция министрлиги баш кеңсеси АКШда жайгашкан уюм бейөкмөт уюмдар жөнүндөгү мыйзамды бузду деген кине менен анын өлкөдөгү ишмердигин 6 айга токтотууну чечкен эле. “Фриидом Хаузга” ал өзбекстандыктарга интернетти бекер колдонууга мүмкүнчүлүк берүүдө, каттоодон өтпөгөн укук коргоо уюмдары жана саясий партиялар менен алака түзүүдө деген күнөө тагылган. Буга карабай, “Фриидом Хауз” алты айлык жазалоо аяктаганга чейин Өзбекстандагы кызматкерлерин кармап турууну чечти.
Россия Иранга ракетадан коргонуу системасын сатуу боюнча келишимге кол койду. Бул жөнүндө 9-февралда Россиянын расмий өкүлү билдирди. Комплекс коргонуу максаттарында гана колдонот деген россиялыктар Иранга куралдын башка түрлөрүн сатуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлбөгөндүгүн кошумчалашты.
Мухамед пайгамбарга тартылган карикатуралардан улам тутанган нааразылык жыйыны учурунда Ооганстанда шаршембиде бир нече адам набыт кетти. Ислам конференциясы уюму, БУУ жана Еврошаркет биргелешкен билдирүү жасап, сүйлөшүүгө чакырышты. Бирок мусулман дүйнөсүндөгү нааразылыктын тынчый турган түрү жок.
Дания менен Норвегия алардын элчиликтерин жакшылап коргой албагандыгы үчүн Сирия өкмөтүн сынга алышты. Кечээ Мухамед пайгамбарга тартылган азил сүрөттөргө нааразы болгон эл аталган эки өлкөнүн Дамаскидеги дипломатиялык миссиялары жайгашкан имаратка өрт коюшкан. Европа биримдигинин учурдагы төрагасы Австрия жана АКШ чабуулду айыпташты. Жекшембиде Даниянын Бейруттагы консулдугунун имараты да өрттөлдү.
Мусулман өлкөлөрүндө Мухаммед пайгамбарды карикатура кылып тартууга байланышкан нааразылык барган сайын өсүүдө. Бир катар мамлекет башчылар Батыш гезиттерин сүрөттөрдү басып чыгаргандыгы үчүн айыпташты. Борбор Азия мусулмандары болсо бул талаш-тартыш жараткан чуулгандуу окуяга карата сабырдуу, толеранттуу турумга чакырууда.
Бир нече европалык басылма Даниянын гезиттеринин биринде жарык көргөн Мухамед пайгамбардын карикатурасын басып чыгарып, мусулман өлкөлөрүндөгү нааразылыкты ого бетер күчөттү. Чегарасыз кабарчылар уюму кимдир бирөө сүрөттөргө нааразы болсо, гезитти сотко бериш керек деген пикирде. Бир катар уюмдар, башка диндердин өкүлдөрү даниялык сүрөтчүнүн жоругун айыпташты.
Иран менен Батыштын тирешүүсү күчөгөн сайын анын арты эмне менен аяктайт болду экен деген маселе көбүрөөк козголо баштады. АКШ Иранга каршы куралдуу күч колдонууга барышы мүмкүнбү? Катардагы америкалыктар буга кандай карашат?
Ирандагы күрт активисттеринин бири, аялдардын укуктарын коргоочу Ройя Толои октябрь айында түрмөдөн күрөгө кое берилген. “Разан” журналынын башкы редактору Толои былтыр августта бир катар күрт шаарларындагы нааразылык акциялардан кийин камакка алынган. Ага “улуттук коопсуздукка каршы аракет көрүү” жана “коомдук тартипти бузуу” деген айып тагылган. “Фарда” радиосуна берген интервьюда Толои Ирандын бийликтери адам укуктарын урматтабагандыгы үчүн айыпталууга тийиш деп белгиледи.
АКШнын Борбордук Банкынын төрагасы, 79 жаштагы Алан Гриинспин шейшембиде кызматынан кетти. Гриинспинди бул орунга президент Роналд Рейган дайындаган. Андан кийинки мамлекет башчылар да, экономикалык көз караштары бири биринен айырмаланганы менен, башкы банкирди алмаштырбоону эп көрүшкөн. Гриинспиндин 18 жылдык төрагалыгы өлкөнүн экономикалык экспансиясына туш келди.
Дагы жүктөңүз