"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.
Октябрдын башында АКШнын Ооганстандагы аскерий командачылыгы талиптердин сөөктөрүн өрттөп салуу фактысын иликтей башташкан эле. Ишембиде генерал Жэйсон Камия иликтөө шариятка сыйбаган бул окуя үчүн эки кенже офицер жооптуу экенин далилденгенин, бирок алар сотко тартылбастан, эскертүү гана алышаарын билдирди. Кечээ Ооганстандын тышкы иштер министрлиги мындай жазалоону өтө жумшак, деп баалады.
Өлкөнүн оппозициясы бул өнөктүктү бойкоттоду. Баш мыйзамга киргизилчү алымча-кошумчалар сот, аткаруу жана мыйзам чыгаруу бутактарынын так бөлүнүшүн көздөйт. Добуш берүүгө Армениянын жарандарына башка өлкөлөрдүн жарандыгын алууга тыюу салган чектөөлөрдү алып салуу сунушу да коюлган.
Жумурияттын вице-премьер-министри Рамзан Кадыров жергиликтүү саат 13кө карай шайлоочулардын 25 пайызы добуш бергенин билдирди. Бул – шайлоо өттү деп тааныш үчүн жетиштүү. Укук коргоочулар болсо федералдык бийлик өз милдеттерин жергиликтүү өкмөткө жүктөөдө деп, Кремлди сынга алды.
Палестин автономиясынын бийликтерине өткөрүлүп берген Газа тилкеси менен Египет ортосундагы Рафах чегара пункту расмий ачылды. Расмий азем кечээ өткөрүлүп, ишембиден тарта катардагы жарандар чегарадан өтө башташты. Азырынча Европа Биримдигинин 70тей байкоочусу палестиналыык чегарачыларга жардам берип турушат.
Жекшембиден дүйшөмбүгө караган түнү Францияда 1 жарым миңге жакын машина өрттөлүп жиберди. Аламандаган жаштар алгачкы жолу ок чыгарышты. Өкмөт болсо чукул жыйын өткөрүп, 11 күн катары менен уланып келаткан тополоңду токтотууга аракет көрүүдө.
6-ноябрда грозныйлык адвокат Лидия Юсуповага адам укуктары тармагындагы жетишкендеиктер үчүн ыйгарылып жүргөн Рафто сыйлыгы тапшырылат. Юсупова Мемориал укук коргоо тобунун Грозныйдагы кеңсесин жетектейт. 5 жылдан бери адвокат Чеченстандын карапайым элине жардам берип келатат. “Азаттыктын” кабарчысы Дэйзи Синдлер менен болгон маегинде Юсупова Кремль тынчтыкка карай кадамды биринчи болуп ташташы керек деп эсептээрин айтты.
Париждин чет жактарындагы тополоң тынчыбай жатат. Полициянын маалыматына караганда, Дижон шаарында бир нече машина өрттөлүп жиберди. Баш аламандык Франциянын түштүк жана батыш аймактарына да жайылып кетти.
Ирактан түшкөн айрым кабарларга ылайык, кечээ Киркук шаарында болгон жардырууну 13 жаштагы өспүрүм ишке ашырган. Жашы жете элек балдарды куралдуу жаңжалдарда колдонуу учурлары көп эле жолугат. Бирок Ирак согушунда буга чейин өспүрүм жан кечтилер болгон эмес.
Пентагондун соңку отчетуна ылайык, 2004-жылдын 1-январынан тартып Ирактагы согушта 26 миңге жакын ирактык каза тапты же майып болду. Бирок бир катар эксперттер карапайым калк арасындагы жоготуулар жөнүндө так маалымат алуу дээрлик мүмкүн эмес, деп эсептешет.
Индиянын баш калаасында кечээ биринин аркасынан бири болгон 3 жардыруудан кеминде 61 киши мерт кетти, 100дөй адам жараат алды. Индиянын премьер-министри терракттарды айыптап, бирок анын артында ким турганын айтуу азыр эрте деди.
Иран БУУнун Хартиясын урматтап, эч бир өлкөгө каршы күч колдонбойт жана эч кимдин коопсуздугуна шек келтирбейт. Ирандын тышкы мекемесинин ушундай билдирүүсүн бүгүн ИРНА агенттиги таратты. Шаршембиде президент Махмуд Ахмадинежад Израилди дүйнөнүн картасынан жок кылыш керек деп, эл аралык коомчулуктун катуу сынына кабылган эле.
Пакистан жана Индиянын карамагындагы Кашмир провинциясында куткаруу иштери уланып жатат. Кечээки катуу жер титирөөдөн миңдеген адам каза болгону кабарланууда. Зилзаланын эпицентри Исламабаддан 95 чакырым алыстыкта жайгашкан тоолуу аймакта болгон. Айрым алыскы чөлкөмдөр менен байланыш үзүлгөндүктөн, ал жердеги курмандыктар жөнүндө маалымат түшө элек.
Германияда парламенттик шайлоонун алагачкы жыйынтыктары чыгарылды. Христиан-демократтардын партиясы негизги атаандашы социал-демократтардан 3 мандат көбүрөөк алып, озуп кеткени менен шериги ФДПнын добуштарын кошкондо да, парламентте көпчүлүктү түзө албай калды. Эми 3 партиядан турган “чоң коалиция” куруу мүмкүнчүлүктөрү караштырылууда. Бирок канцлер Шрөдер Германияда күчтүү өкмөт түзүү өзүнүн гана колунан келээрин айтууда
Ооганстанда 1969-жылдан берки алагачкы параламенттик шайлоо өттү. Жаңы парламентти түзүү - талиптерден кийинки демократиялык реформаларды аныктаган Бонн процессинин соңку тепкичи. Талип согушкерлеринин коркутуп-үркүтүүлөрүнө карабай, добуш берүү үзгүлтүксүз өткөнү маалымдалууда.
Өзбекстандын тышкы иштер министри Элиор Ганиев БУУнун Башкы ассамблеясында сүйлөгөн сөзүндө терроризм, экстремизм жана наркотрафик Борбор Азияны кара тумандай каптап кетти деген кооптонуусун билдирди. Ооганстандагы кырдаал жөнгө салынмайынча, аймакта стабилдүүлүк орнобойт деген министр, Борбор Азияны курал жараксыз регионго айлантуу чакырыктарын кайталады.
Кечээ БУУнун юбилейлик саммитинин алкагында Коопсуздук кеңешине кирген мамлекеттердин жетекчилери терроризмге каршы чараларды талкуулашты. Кеңештин мүчөлөрү, анын ичинде АКШ, Кытай, Россиянын президенттери, Франция менен Британиянын өкмөт башчылары кабыл алган резолюцияда терроризмге тукурган күчтөргө каршы катуу чара көрүү керектиги белгиленет.
14-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун саммити башталды. Күн тартибине коюлган негизги маселе – уюмду реформалоо. Кечээ кызуу талаштардан кийин Башкы ассамблея реформа боюнча документтин долбоору кабыл алды. Бирок анда кээ бир маанилүү маселелер камтылбай калды.
Дагы жүктөңүз