"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.
Кошмо Штаттары Грузиянын эң жакыр аймактарын өнүктүрүү үчүн 300 миллион долларга жакын каражат бөлүп бермей болду. АКШнын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс бул грант аркылуу жүз миңдеген грузиндер жардам алышаарын белгиледи. Грузин президенти Михаил Саакашвили айтымында, 5 жылга каралган келишим өлкөнү калыбына келтирүү аракеттеринин негизги бөлүгү болуп калмакчы.
Шоколадга катылган жардыргыч… Кумсаларды армияга чакыруу аракети… Тыюу салынган театр оюну… Велосипедде Европаны кыдырууга камынган адам…
Кошмо Штаттардын Сенаты менен Өкүлдөр палатасы капсалаң тийген чөлкөмдөргө жардамдын берилишин териштирүү үчүн биргелешкен комиссия түзмөй болушту. Шаршембиде жарык көргөн сурамжылоолого ылайык, америкалыктардын 42 пайызы Буш администрациясы кризисти чечүүдө начар аракеттенүүдө деп эсептешет. Анын аралыгында, Буш “Катрина” ураганынан жапа чеккен аймактарга 50 миллиард доллар жардам бөлүп берүүнү Конгресстен суранды.
Египетте бир нече мүнөт мурун шайлоо участкалары жабылды. 32 жарым миллионго жакын египеттик шайлоочу алгачкы альтернативалуу добуш берүүгө катышууга мүмкүнчүлүк алышты.10 талапкердин ичинен азыркы мамлекет башчы Хосни Мубарак жогорку кызматты кайра ээлеши күтүлүүдө.
Шаршембиде америкалык илимпоздор шимпанзенин ДНКсын чечмелешкенин жарыялашты. Эми адам баласына эң жакын маймылдын генин адамдын геному менен салыштырып, эволюциялык процесстерди аныктоого шарт пайда болду.
Соңку маалыматтарга ылайык, Кошмо Штаттардын Жаңы Орлеан шаарында бир нече жарылуу болду. Жарылуунун себептери азырынча белгисиз. Анын аралыгында, ураган менен суу каптоодон жапа чеккен шаарга Ирактагы согушта сынактан өткөн аскерлер жиберилди. Аларга шаарда өкүм сүргөн талап тоноолорду, баш аламандыкты токтотуу үчүн керектүү учурларда ок чыгарууга уруксат берилди.
Түндүк Осетиянын Беслан шаарындагы трагедияга 1 жыл болду. Былтыр 1-сентябрда шаардын номур 1-мектебиндеги окуучулар, ата-энелер менен мугалимдер барымтага алынып, натыйжада 330дан ашык киши ажал тапкан. Аза күтүп, кара кийнген Бесландын тургундары “Каза болгондордун саны эмне үчүн ушунча көп болду? Кан төгүүгө кантип жол берилди?” - деген суроолорго жооп алыша элек.
Өзбекстандын Кыргызстанга газ берүүнү токтотуу чечими Бишкекте качкындар маселеси менен байланыштырылууда. Өзбекстан менен чектеш аймактарда жашаган кыргызстандыктардын айырмдары газ маселеси улутаралык мамилелерге залакасын тйигизиши мүмкүн деп эсептешет. Анын аралыгында Казакстан Кыргызстанды газ менен камсыз кылуу чечимин жарыялады. Муну менен кошуна өлкөнүн экономикалык жана саясий экспансиясы күчөшү мүмкүнбү?
Кошмо Штаттардын тарыхындагы эң ири табигый кырсыктардын бири алгачкы курмандыктарга алып келе баштады. Дүйшөмбүдө «Катрина» деген ураган Миссисипи штатында 80 чакты кишинин өмүрүн алып кетти. Кошуна Луизиана штатындагы Нью-Орлеан шаарынын борбору болсо толугу менен суунун астында калды.
Кошмо Штаттарында өткөрүлгөн соңку сурамжылоолор көргөзгөндөй, президент Жорж Буштун рейтинги быйыл жайында кыйла төмөндөп кетти. Президенттин Техастагы резиденциясынын алдында Иракта каза болгон аскердин энеси баштаган антисогуштук кампания уланып жатса, конгрессмендер Буштун Ирактагы стратегиясын улам-улам талкулашууда. Президент болсо Ирактагы стабилдүүлүк АКШнын коопсуздугу үчүн өтө маанилүү деп, америкалыктарды ынандырууга аракет жасоодо.
Британиянын соту оогандык мурдагы талаа командири Фарияди Сарвар Зардадды 20 жылга түрмөгө кести. Эларалык юриспруденциянын тарыхында алагачкы жолу Британия башка өлкөдө орун алган кылмыш үчүн жооптуу адамды өз жеринде соттоду. Күбөлөр болсо өз көрсөтмөлөрүн сателлит аркылуу беришти.
Пакистандын аскерий өкүлдөрү жекшембиде Ооганстанстан менен чегарага жакын жерде жок кылынган согушкерлердин бардыгы Казакстандын жарандары болуп чыкты деп маалымдашты. Түштүк Вазиристандагы кыштактардын биринде орун алган салгылашууга аялдар менен өспүрүмдөр катышканы айтылууда. Казакстандын Исламабаддагы элчилиги болсо согушкерлер казакстандык жарандар деп ырастоого азырынча эрте экенин билдирди.
Египеттин полициясы Лондондогу жардырууларга тиешеси бар деп шектелген адамды кармады. Бул жөнүндө Египеттин ички иштер министри билдирди. 33 жаштагы Магди эль-Нашар жума күнү Каир аэропортунда камакка алынды. Англиянын Лидс шаарындагы университетте химия боюнча сабак берген Эль-Нашарга Британиянын жана АКШнын полициясы издөө салган. Ал азыр полицияга сурак берип жатат.
Өткөн жумада Чехиянын Карловы Вары шаарында аяктаган эларалык кинофестивалда беларуссиялык режиссер Андрей Кудзиненканын “Оккупациянын сырлары” деген фильми көргөзүлдү. Тасма 3 жыл илгери эле тартылган, бирок ал Беларустун көрүүчүлөрүнө тартуулана элек. Улуу Атамекендик согуш жөнүндө баяндаган фильмде беларус партизандары Советтер Союзунун тарыхында чагылдырылып келгенден катуу айырмаланып, кайдыгер, кай бир учурларда ачык эле чыккынчылар катары көргөзүлгөн.
Кечээ Кошмо Штаттардын президенти Жорж Буш террорго каршы согуштун жүрүшү менен тааныштырып, америкалык аскерлерге ыраазычылыгын айтты. Буш британ калкына тилектештигин билдирип, эки өлкө тең мусулман экстремисттерине каршы күрөшүп, өз элдерин коргоп жатат деди. Бирок бардык эле америкалыктар президенттин стратегиясына макул эмес.
Лондон метросунун кээ бир бөлүктөрүндө поезддер мурдагыдай эле жүрүп жатат. Сыртта болсо, станциялардын жанына элдер курман болгондорду эскерип, гүл коюп жатышат
Лондондогу жардыруулардан көп узабай АКШнын өкмөтү темир жолдордо, автобус каттамдарында коопсуздукту күчөтүүгө буйрук берди. Мадрид, андан кийин Лондондогу теракттардан кийин согушкерлер башка жерлерде да ушундай эле ыкмаларды колдоноору күмөн дешет эксперттер.
Британиялык мусулмандар да бейшемби күнкү теракттарды айыптап чыгышты. Бейкүнөө адамдардын өмүрүн кыйган кылмышкерлер мусулмандар эмес, - дешет Британиядагы мусулмандардын өкүлдөрү. Ошол эле мезгилде көпчүлүк мусулмандар эми аларга карата ишенбөөчүлүк, атүгүл экстремисттик турумдагы топтор тарабынан коркутуп-үркүтүүлөр күч алат деп чочулашат. Айрымдары болсо, британдыктар акылдуу эл, сокур фанатиктер менен катардагы мусулмандардын айырмасын түшүнүшөт деп ырасташат.
Дагы жүктөңүз