Белорустун президенти Александр Лукашенко баш болгон 31 даражалуу атка минер мындан ары Евробримдиктин өлкөлөрүнө киргизилбейт. Биримдиктин тышкы иштер министрлери бүгүн Люксембургда болчу жыйында ушундай чечим кабыл алаарын уюмдун мартабалуу дипломаты “Азаттык” үналгысына билдирди. Евробиримдик бул тизмедеги ырасмий адамдарды 19-мартта Белоруста болгон президенттик шайлоонун адилет өтпөгөнүнө жана өнөктүктөн кийинки оппозиция уюштурган нааразылык акцияларын күч менен басууга жооптуу деп санайт.
КМШ өлкөлөрү эркин соода мейкиндигин түзө албай, эки тараптуу келишимдердин негизинде иш жүргүзүп жатканына Молдова чыдабады. Бейшемби күнү Бухарестте өткөн жыйында Молдова 2007-жылдын башынан Борбор Европа Эркин соода келишимине кошулаарын билдирди. Ошентип Молдова келерки жылдан тартып Түштүк Чыгыш Европанын жети өлкөсү менен эркин соодалаша баштайт жана Евробримдикке өтүүгө мүмкүндүк алат.
Бүгүнкү глобалдык экономика доорунда эмгек мигранттарын көпчүлүк дүйнө өлкөлөрүндө кездештирүү мүмкүн. Алар жергиликтүү жарандар аткарбаган иштерди бүткөрүүгө катар өз өлкөсүнүн экономикасына да олуттуу салым кошушат. Мисалы, өткөн жылы Түндүк Америкада иштеп жашаган индиялыктар Ата журтуна 23 миллиард доллар, мексикалыктар 20 миллиард доллар которушкан.
Акыркы он жыл ичинде Интернет байланышын жана чөнтөк телефондорун пайдаланууда чоң секирик жасалды. Азыр Интернет жана сателлиттик телефон байланышы дүйнөнүн дээрлик бардык өлкөлөрүндө бар. Деген менен, улуттук өкмөттөр Интернетти жана жаңы технологияны жайылтуу үчүн кандай иштерди жасоодо? Жумушчу –кызматчылар жана чиновниктер жаңы технологияны канчалык деңгээлде пайдалана билишет?
Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюму-ЕККУнун төрагасы, Бельгиянын тышкы иштер министри Карел де Гюхт 1-апрелде Ташкенде Өзбекстандын президенти Ислам Каримов, Тышкы иштер министри Элйор Ганиев жана жарандык коомдордун өкүлдөрү менен кездешти. Де Гюхтун визити боюнча жасалган билдирүүдө ЕККУ учурда Өзбекстан менен үч багытта кызматташууга кызыкдар экени белгиленип, ырасмий Ташкенди былтыр болгон Анжиян калабасын тергөө боюнча маалымат бөлүшүүгө чакырат.
Кечээ Прагада жаңы технологияны өндүрүштө колдонууга арналган Экономикалык билим форуму ачылды. Дүйнөлүк банк уюштурган үч күндүк жыйынга Борбор Азия жана Чыгыш Европа өлкөлөрүнөн, анын ичинде Кыргызстандан да өкүлдөр келген. Алдыңкы технологияны колдонуудан Борбор Азия өлкөлөрү кандай пайда табышы мүмкүн? Аны кантип сатып алса болот? Бул жөнүндө Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбор Азияда иш жүргүзүү боюнча директору Аннетте Диксон “Азаттык” менен ой бөлүшөт.
Ырасмий маалыматтар боюнча, Украинадагы парламенттик шайлоого-шайлоочулардын 60 процентке жакыны катышты. Жекшемби күнү парламентке катар Киев шаарынын мэри, Киев шаардыкы кеңешинин мүчөлөрү жана райондук кеңештерге депутаттар шайланды. 45ке жакын партия төрт шайлоого тең катышкандыктан, шайлоо бюллетендери өтө узун болуп, аларды толтурууга орточо 15 мүнөт убакыт кетти жана айрым добушканаларда адамдар узак кезек күтүүгө мажбур болушту.
Белорус оппозициясынын ишемби күнкү полиция күчтөрү менен болгон кагылышуу учурунда жоголгон жетекчиси, 19-марттагы шайлоодо президенттикке талапкер болгон Александр Козулиндин абакта экени маалымдалды. Кагылыштын көптөгөн катышуучулары да абакта кармалууда. Саясый өнөктүктү калыс өтпөдү деп сындашкан Евробиримдик менен АКШ өкмөтү Козулинди абактан чыгарууну талап кылышууда.
Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин Өзбекстандагы ырасмий сапары уланууда. Визиттин максаты коңшулаш эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди жакшыртууну көздөйт. Айрым байкоочулар Анжиян окуясынан кийин Батыш өлкөлөрүнүн кысмагына кабылган Өзбекстан коңшу мамлекеттер менен болгон алакасын оңдоого көңүл бурганын, Казакстан болсо Өзбекстандын ички рыногуна жана арзан продукцияларына кызыкдар экенин белгилешет.
Жекшемби күнү Беларуста президенттик шайлоо болуп өттү. Борбордук шайлоо комиссиясынын алдын-ала маалыматы боюнча, азыркы президент Александр Лукашенкону шайлоочулардын 82,6 пайызы колдоду. Биргелешкен оппозициянын талапкери Александр Милинкевич үчүн шайлоочулардын 6 пайызы, калган эки талапкер үчүн 3,8 пайыз шайлоочу добуш берген.
Тыш өлкөлөрдө иштеп жүргөн эмгек мигранттары Ата журтуна түрдүү жолдор менен акча жөнөтүшөт. Европа инвестиция банкынын изилдөөсүнө караганда, банк системасы аркылуу жөнөтүлбөгөн акчалардын бештен бирине жакыны ээлерине жетпейт. Түрдүү орточуларга төлөнөт. Бул бөтөн өлкөлөрдө иштеп жүргөн кыргыз жарандарына да тийиштүү көрүнүш.
Абидхан Кары Назаров Өзбекстандык динзарлар арасындагы таанымал инсан. 90-жылдардын башында Карынын дарстарына катышуу жана жума күнкү кутпа сөзүн угуу үчүн Ташкендин Токтобай мечитине бүтүн өлкөдөн мусулман жарандар келчү. Улуттар Уюму качкын деп тааныган Абидхан кары бейшемби күнү Казакстандан Батыш Европага учуп кетти.
Япония жана көпчүлүк Европа өлкөлөрүнүн экономикасынын өсүү ыргагы тездей баштады. Шейшемби күнү Вашингтондо жайгашкан Manpower борбору жарыялаган изилдөөгө караганда, акыркы жарым жылда Европа, Азия жана Американын бакубат 24 өлкөсүндө жумушчу күчүнө болгон талап ырааттуу өсүп барат.
Германия Францияны ички базарын коргоп, протекционизм саясатын жүргүзүүдө деп санайт. Германия бул маселени бүгүн Брюсселде ачылчу Евробиримдиктин экономика жана өнөр жай министрлеринин жыйынында козгомокчу. Евроинтеграциянын демөөрчүлөрү эсептелген Германия менен Франциянын чатагынын башаты эмнеде?
Россиянын Ирандын ядролук чатагын жөндөө боюнча мурда жасаган сунушун Тегеран четке какты. Жекшемби күнү Тегеран уранды байытуу боюнча Россияда ирандык-россиялык теңорток ишкана түзүү жөнүндө сунуш күн тартибинен алынып салынганын билдирди. Шаршемби күнү Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик-МАГАТЭ Ирандын атомдук программасы боюнча талкууланчу маселелер бар экенин БУУнун Коопсуздук Кеңешине маалымдаган болчу.
Нурмамед Ханамов 1994- 2001-жылдары Түркмөнстандын Түркиядагы жана Израилдеги элчиси болгон. Ага чейин узак жылдар республикалык мекемелерди башкарган. Беш жыл мурда президент Ниязовдун саясатына каршы оппозицияга өткөн. Азыр Ата мекенинен сыртта жашайт жана оппозициядагы Түркмөнстан Республикалык партиясын жетектейт. Нурмамед аганын атасы өз заманында ири чарбаны жетектеп, Социалисттик Эмгектин баатыры наамына жеткен. Экс-элчи менен Амирбек Азам уулу маектешет.
Югославиянын президенти Слободан Милошевич ишемби күнү Улуттар Уюмунун Гаагадагы сотунун абак жайында каза болду. Милошевич Балкан согушу маалында болгон кызыл кыргындарга, анын ичинде 1995-жылы Сребреница чөлкөмүндөгү 8 миңдей мусулманды жок кылууга жооптуу деп соттолуп жаткан. Акыркы айларда 64 жаштагы Милошевичтин кан басымы туруктуу болбой, сот жараяны үзүл-кесил жүрүп жаткан.
Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров шейшемби күнү АКШ президенти Жорж Буш, Мамкатчы Кондолиза Райс менен кездешет. Вашингтондогу жолугушууда Ирандын ядролук программасынан тартып, Чоң Жетинин июнда болчу саммитинде каралчу маселелерге чейин талкууланат. Лавровдун визити алдында Американын өтө беделдүү изилдөө борбору- Тышкы байланыштар кеңеши АКШ-Россия мамилелери тууралуу доклад жарыялады. Доклад авторлору Москва-Вашингтон арасындагы мамиле тууралуу эмне дешет?
Жайында Германиянын шаарларында футбол боюнча дүйнөлүк чемпионат болот. Бир айга созулчу мелдеште 8 топко бөлүнгөн 32 улуттук команда дүйнөнүн кубогу үчүн ат салышат. Топ жарып, байгени кайсы өлкөнүн футболчулары жеңиши мүмкүн? Мыкты футболчулар ким болушу ыктымал? 2006-жылкы чемпионат мурдакы чемпионаттардан эмнеси менен айрымаланат? (2-бөлүк).
Дагы жүктөңүз