22- февралда Ирактын Самара шаарындагы шииттердин ал-Аскария мечитинде болгон жардыруудан кийинки жаатташтык чатагында 450 жакын киши набыт болду. Калабанын эпкини саясый кризиске айланууда. Бейшемби күнү күрт партиялары шиит коалициясына кат жолдоп, премьер-министр Ибрагим ал - Жафааринин жаңы өкмөттүн башында болуусун каалабасын маалымдады. Катты айрым сунни партиялары, ошондой эле секулярдык партиялар да колдошту.
22- февралда Ирактын Самара шаарындагы шиитердин ыйык ал-Аскария мечитиндеги бомба жардыруусу Ирактагы кырдаалды дагы курчутту. Шииттер менен суннилер ортосунда жааташтык согушу тутанды. Ирактын шиит жана суннилер арасындагы айрымачылыктар жана окшоштуктар, ошондой эле Ирактык мусулмандардын өз ара мамилеси жөнүндө доктор Реза Нуризаде ой бөлүшөт.
Батыштын “энергетикалык коопсуздугу” Москвага да көз каранды экени, жыл башында Россия менен Украина ортосунда болгон газ чатагы көрсөттү. Кремлдин ыкласы менен башталган чатакта негизги оюнчу өкмөттүк “Газпром” компаниясы болду. Талдоочулардын боолгошунча, 2020-жылы Батыш Европанын газ рыногунун кеминде 60 процентин контролдоп калат.
24- мартта президент Аскар Акаевди элдик ынкылап бийликтен шыпырып түшкөнүнө туура бир жыл толот. Анын алдында байкоочулар Кыргызстандагы саясый жагдайды кылдат талдоодон өткөрүп, өз бааларын беришүүдө. “Азаттыктын” Вашингтондогу эксперти Даниел Киммэйж Кыргызстандагы саясый жагдайга арнап, үстүбүздөгү аптада жарыялаган макаласында премьер-министр Феликс Куловдун күч органдарындагы коррупция жана кылмыштуулук боюнча жасаган билдирүүсү, президент Курманбек Бакиев менен парламент төрагасы Өмүрбек Текебаев арасындагы араздашуу-бийлик системалык кризиске тушукканын күбөлөйт деп боолголойт.
Белорус оппозициясынын өкүлдөрү бейшемби күнү Прага шаарына чогулушту. Жыйында Белорусту Европанын саясый алкагына тартуу үчүн коңшу өлкөлөрдүн жардамдашуу мүмкүнчүлүгү жана 19- мартта Белоруста болчу шайлоо маселеси талкууланды. Конференцияны Европа парламенттик ассамблеясы уюштурду.
15-февралда Грузия парламенти 1992-жылы Түштүк Осетиядагы куралдуу калабаны токтоткон жана чөлкөмдөн россиялык тынчтык күчтөрдүн коопсуз чыгып кетүүсүнө кепилдик берген келишимди кайра кароого чакырды. Ырасмий Тбилиси узактан бери россиялык аскерлерди жикчи күчтөрдүн тарабын алууда жана Грузиянын улуттук коопсуздугуна коркунуч жаратууда деп күнөөлөп келген. Россия аталган тынчтык келишимиден Грузия бир жактуу түрдө чыгып кете албайт деп, нааразылык билдирди. Келишимге эки өлкөнүн ал кездеги лидерлери Эдуард Шеварднадзе жана Борис Ельцин кол коюшкан. Экс-президент Шеварднадзе менен “Азаттыктын” грузин кызматынын кабарчысы Нона Мхедлишвили маектешкен.
Белорустун мамлекеттик коопсуздук кызматы саясый оппозицияга каршы жортуулга чыкты. Шейшемби күнү оппозиция мүчөлөрүнүн үйлөрү тинтилип, иш кагаздары, маалымат баракчалары жана компьютерлери тартып алынды. Минск шаарында көрүнүктүү эки оппозиционер камалды. Бул жортуул-президент Лукащенко 19-мартта болчу жалпы элдик шайлоо алдында коопсуздук чараларын күчөтүүнү буйругундан кийин болду.
Ирактын Самара шаарында катуу жардыруудан шииттер аздектеп күткөн ал- Аскария күмбөзүнүн алтын төбөсү оюлуп калды.. Жардырууга байланыштуу өлкө боюнча нааразылык акциялары өттү. Премьер-министр Ибрагим ал-Жаафари үч күнгө аза күтүү жарыялады жана улутту жааташып өч алуудан сактанууга чакырды. Бирок да, суннилердин Багдаддагы мечиттеринин бирине чабуул жасалганы маалымдалды.
Үстүбүздөгү аптада Кыргызстандагы чет элдик аскерий базалардын келечеги айкын болду. Россиянын аскерий жетекчилери Канттагы россиялык база “ар качан болорун” билдирди. Президент Бакиев Россиянын “Коммерсант” гезитине берген интервьюда, Ооган жеринде тынчтык орнотулмайынча, АКШ башындагы көп улуттуу күчтөр “Манас” аба майданында кала беришээрин айтты. Бирок, ижара акысына азыркыдан 100 эсе көп акча төлөшү шарт.
Ооганстан, Индия, Пакистан жана Түркмөнстандын отун-энергия тармагы боюнча министрлери шейшемби-шаршемби күндөрү Ашхабадда кездешип, түркмөн газын Түштүк Азияга ташыган куурдун долбоорун талкуулашты. Долбоор оболу 1990-жылдардын башында пайда болуп, талиптер Ооганстанда бийликке келгенден кийин унутта калган. Куур Түркмөнстанга газды азыркыдай Россия аркылуу эмес, түздөн түз тышкы базарга сатууга мүмкүндүк бергени менен маанилүү.
Шаршемби күнү Сенаттын тышкы байланыштар комитетинде АКШнын Ирак, Иран жана Палестина саясаты боюнча угуулар болду. Мамкатчы Кондолиза Райс берген түшүндүрмө- президент Буштун Республикачылар партиясынын айрым мүчөлөрүн да ынандыра албады. Алардын пикиринче, Буштун стратегиясы региондогу кырдаалды жакшыртпай, тескерисинче, татаалдантууда.
АКШнын вице-президенти Дик Чейнинин ишемби күнү аң уулап жүрүп, шеригин жаңылыш атып, жарадар кылуусу Ак Үйдүн иш ыкмасын сындоону күчөттү. Капылет кырсык 18 саат бою коомчулуктан жашырылган жана алиге дейре Дик Чейни өзү элге кырсык тууралуу түшүндүрмө бере элек. Чачма октун бири Гарри Уиттингтондун жүрөгүн көздөй жылып, техастык адвокат жеңил инфаркт алды.
Тоолуу Карабах чатагын жөндөө боюнча Азербайжан жана Армения ортосунда өткөн сүйлөшүү ийгиликсиз бүттү. 11-февралда Париждин ныптасындагы Рамбулэ сепил-сарайында аяктаган эки күндүк сүйлөшүүдөн кийин президенттер Илхам Алиев жана Роберт Кочарьян эч кандай билдирүү жасашпады. Бирок, сүйлөшүүгө арачылык кылган Минск тобу жасаган билдирүүгө караганда, талкуу өтө ургаалдуу болгонуна карабай, айрым талуу маселелер боюнча эки тарап акыркы айлардагы көз караштарын өзгөрткөн эмес.
Президент Жорж Буш өлкө ичиндеги чалгындоо программасы жөнүндө маалымат алган конгрессмендердин санын бир кыйла көбөйттү. Тышкы чалгынды көзөмөлдөө мыйзамы боюнча АКШ ичинде шектүү көрүнгөн адамдарды аңдуу үчүн өкмөтө атайын соттун уруксаты керек. Айрым конгрессмендер береги программа конституцияга каршы келет дешүүдө. Бирок, президент Буш программа тууралуу конгрессмендер көбүрөөк билишсе, күдүктөнүүсүн коюшат деген ишеничте. Ага карабай, республикачыл сенатор Арлен Спектер террорчу деп шектелген адамдарды байлоого алуу үчүн соттун чечми керек деп, Ак Үйгө кысымды күчөтүүдө.
Кабулдун аба майданы 2001-жылдын аягынан бери кош башкарууда. Аэропорттун түндүк бөлүгүн Улуттар Уюмунун мандаты астындагы эларалык күчтөр- ISAF, ал эми түштүк ныптасын Ооган өкмөтү тейлейт. Учурда эл аралык аскерлер ооган адистерди жаңы курулуп жаткан техникалык борборду тейлөөгө окутуп-үйрөтүп жатышат. 2007-жылдын жайынан тартып Кабул аэропорту толук бойдон ооган адистердин башкаруусуна өтүш керек.
Мурдакы Совет өкмөтү кыйрагандан кийин миңдеген бухаралык жөөтөр Америкага көчүп кетишкен. Нью-Йорктун четиндеги Квинс шаарчасындагы Бухара жөөттөрү жашаган 108-көчөнү жергиликтүү эл “Бухара Бродвейи” же “Регистан” деп аташат. “Регистандын” көркүн азык-түлүк дүкөндөрү, диний салтка ылайык жөөт тамак-ашын, ошондой эле өзбек жана тажик улуттук тамактарын даярдаган ресторандар ачат.
Кечээ, 6-февралда АКШ президенти Жорж Буш 2007-жылдын бюджетин Конгресске тапшырды. Бюджетте коргоо үчүн 439 миллиард доллар каралган. Коргоо министри Доналд Рамсфелд Пентагондо өткөн маалымат жыйынында акча өлкөнүн террорчуларга каршы жана кадыресе согуштагы кубатын камсыздоого колдонула турганын айтты. Жаңы бюджетте аскерлердин, айрыкча, араб тили менен маданиятын үйрөнүүсүнө да каражат каралган.
Жайында Германиянын шаарларында футбол боюнча дүйнөлүк чемпионат болот. Бир айга созулчу мелдеште 8 топко бөлүнгөн 32 улуттук команда дүйнөнүн кубогу үчүн ат салышат. Топ жарып, байгени кайсы өлкөнүн футболчулары жеңиши мүмкүн? Мыкты футболчулар ким болушу ыктымал? 2006-жылкы чемпионат мурдакы чемпионаттардан эмнеси менен айрымаланат?
Өткөн аптанын жума күнү Йемендин түрмөсүнөн 23 адам качып кетти. Эл аралык “Интерполь” уюму дүйнө өлкөлөрүн этияттыка чакырып, 13 качкын “ал-Каиданын” мүчөсү экенин маалымдады. “Интерполдун билдиришинче, качкындардын ичинде 2000-жылы АКШнын “USS Cole” аскерий кемесине жана 2002-жылы Франциянын мунай тартуучу “Limburg” кеме-танкерине чабуул жасаган террорчулар да бар.
Жума күнү Түркияда “Ирак- бөрүлөр өрөөнү” деген көркөм тасма көрсөтүлө баштады. Өлкөдө антиамерикалык маанай күчөп турган учурда экранга чыккан фильмде Иракта адамдардын канын төгүп маашырланып жүргөн америкалык жоокер, Багдаддын четиндеги Абу Грейб түрмөсүндө отурган адамдардын органдарын кесип алып, байларга саткан жөөт доктур жана намыс үчүн согушкан түрк офицерлер тууралуу баяндалат. Батыш маалымат булактары - тасма Түркиядагы антикамерикалык маанайды дагы курчутат дешсе, көпчүлүк түрктөр көркөм филмдин саясатка тиешеси жок деген пикирде.
Дагы жүктөңүз