Өткөн жумада Европанын 2008-жылы болчу футболдук чемпионатына катышчу улуттук командалардын атаандаштары маалым болду. Чүчү кулак кармоого ылайык, 50 өлкөнүн футболчулары жети топко бөлүнүп, ар топтон мыкты эки команда чемпионатка катышууга жолдомо алат. Ар команда атаандашы менен өз үйүндө жана конокто бир жолудан беттешет. 2008-жылкы Европа чемпионаты Австрия жана Швейцарияда өтөт.
Белорус оппозициясынын ана башы жана президенттикке талапкер Александр Милинкевич дүйшөмбү күнү Брюсселде Евробримдиктин тышкы иштер министрлери жана башка ырасмий адамдар менен кездешти. Министрлер Белоруста 19-мартта болчу президенттик шайлоого Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюму-ЕККУнун байкоочуларын чакыруу жөнүндөгү президент Лукашенконун сунушун колдошту. Бирок, шайлоо эркин жана калыс өтпөсө, ал үчүн жооптуу кызмат адамдарына каршы тийиштүү чаралар көрүлөт деп эскертти.
Британия Ооганстандын Гелман провинциясына үч жылдык мөөнөт менен 3 миң жоокер жөнөтмөк болууда. Алар жалаң курулушта иштешмекчи. Кабулга мурда жайгаштырылган 1 миңдей британ аскери ордо шаарда коопсуздукту камсыздоого жардамдашып, “ал-Каида” менен талиптердин калган-каткан күчтөрүн жок кылуу аракетинде.
Палестинадагы парламенттик шайлоодо ХАМАС кыймылы ишенимдүү жеңди. Ырасмий маалымат боюнча, согушчул ислам уюму 132 орундуу парламентте 76 мандатка, ал эми палестин лидери Махмуд Аббас башындагы башкаруучу ФАТА партиясы 43 мандатка ээ болду. Талдоочулардын боолгошунча, ХАМАСтын жеңиши Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды курчутуп, Палестина-Израил мамилеси осолдойт. Махмуд Аббас Израил менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүүнү колдоорун билдирди.
Грузия жетекчилиги Россия менен болгон талашта Евросоюздун колдоосуна жетүүнүн аракетине өттү. Тышкы иштер министри Гела Бежуашвили шаршемби күнү Европарламенттин тышкы иштер комитетинде сүйлөп, Брюсселди Түштүк Осетия чатагын жана Россия менен газ талашын жөндөөгө шымалана киришүүгө үндөдү.
Жекшемби күнү Боливиянын жаңы президенти Эво Моралестин тактыга отуруу салтанаты болду. Мурдакы койчу жана Боливиялык кока өстүрүүчүлөрдүн улуттук кошунунун башчысы ант берүү аземинде жергиликтүү индеецтерди дискириминациялоо токтотулат, 1520-жылы испан оторчулары басып алгандан берки индеецтерге каршы жасалган касырет иштер ашкере кылынат, коррупцияга чек коюлат деп убада берди. Салтанатта чет элдик сыйлуу коноктор жана он миңдеген боливиялыктар катышты.
Түркиянын соту Батышта таанымал жазуучу Орхан Памукка коюлган доону жаратпай, жокко чыгарды. Калемгер “Түркияны маскара кылды” деп айыпталып жаткан жана сот жараяны 7-февралда улантылмак. Өлкөдөгү сөз эркиндигинин абалына тынчсызданып жаткан Евробиримдик соттун чечимин оң кабыл алды. Лекин, Түркияда башка дагы ондогон адамдар бу сыяктуу доо менен соттолгону жатканына көңүл бурду.
Өткөн жумада Мина өрөөнүндөгү “Жамаратка” же шайтандын сөлөкөттөрүнө таш атканы бараткан 363 зияратчы тепсендиде калып, шейит болду. Акыркы 32 жылда “Жамарат” жолунда 1,5 миңдей адам бейажал өлүмгө кабылды. Зияратчылардын коопсуздугун камсыздоо максатында Саудия өкмөтү шайтанга алып барчу мурдакы эки кабат жолдун ордуна төрт кабат жол курмак болууда.
Кытай Африкага назарын салып, экономикасына жардам бере баштады. Мао Цзедун 1960-70-жылдары жакшы ыкласын көрсөтүп, оторчулуктан жаңы бошонгон Африка мамлекеттерине саясый-экономикалык жардам көрсөткөн. Кытай бүгүн Африканын мунайына жана башка минералдык байлактарына муктаж. Африка дүйнөдөн өз ордун издеп жаткан кезде, Кытайдын коррупциячыл өкмөттөрдү колдоп жатканы кооптуу эмеспи?
Дүйшөмбү күнү Ооганстандын Спин Болдак шаарчасында жанкечти жардырган бомба 22 адамдын өмүрүн алды. Бул жанкечтилердин 2001-жылы талиптер бийликтен кулатылгандан берки эң чоң кандуу чабуулу болду. Акыркы 48 саатта эле Кандагар провинциясында жанкечтилердин катар катар чабуулу -талип согушчандары ирактык козголоңчулардын жолоюна түштүбү деген кооптонууну жаратууда. Ооганстандын бийлик өкүлдөрү менен АКШлык офицерлер Спин Болдакта бомба жардырган жанкечти чет элдик согушчан болсо керек деп боолгошот.
Үстүбүздөгү аптанын биринчи күнү Ирактын мунай министри Ибрагим Бар Улум кызматынан кеткенин жарыя кылды. Улум өкмөттү “мени кызматтан мажбурлап кетирип, авторитардык ыкманы колдонду” деди жана күйүүчү майга бааны жогорулатууну “демократияга каршы кадам” деп атады. Козголоңчулар мунай иштетүүчү ишканаларга, мунай куурларына жана күйүүчү май сатуучу жайларга дембе-дем кол салышып, калк керектөөсүн камсыздоону кыйындатууда жана Мунай министрлигинин ишин татаалдантууда.
Израилдин премьер-министри Ариель Шарондун абалы- мээсине кан куюлуп, эки таатал операциядан кийин-оор. Доктурлардын сөзүнчө, 77 жаштагы Шарон эми жумушка кайра чыга албайт. Шарондун ден соолугуна байланыштуу АКШнын Мамкатчысы Кондолиза Райс Индонезия жана Австралияга болчу сапарын кийинге калтырды. Шарондун саясаттан чыгышы Израилдин Жакынкы Чыгыштагы саясатына кандай таасир этет?
Израиль премьер-министри Ариель Шарондун татаал операциядан кийинки абалы оор бойдон калууда. 77 жаштагы Шарондун мээсине кан кетип, 4-январда шашылыш операцияга жаткырылган эле. Иерусалим ооруканасынын доктурлары канды токтотушту. Бирок, Израилдин 2- телелеканалы кеселдин белинен ылдый жагы кыймылдабай калганын маалымдады. Шарондун абалы “Израил-Палестин мамилеси эмне болот?” деген суроону пайда кылууда.
Президент Первез Мушарраф былтыр 7-июлда Лондондо болгон бомба жардырууларынан кийин Пакистандын медреселеринде окушкан чет элдиктердин жыл аягына чейин өлкөдөн чыгып кетүүсүн талап кылган жана медреселердин каржы булактары жөнүдө маалымат берип, каттоодон өтүүсүн талап кылган. Бомба жардыргандардын үчөөсү теги пакистандык британ жарандары болсо, алардын бири Лахордогу медреседен таалим алган. Бирок, Жаңы жыл алдында президент Мушаррафтын мүдөөсү аткарылбай калганы айкын болду.
Россия 1-январдан тартып Украинага газ берүүнү азайтты. Борбор Европа өлкөлөрү Россиядан көгүлтүр отундун аз келип жатканын кабарлашты. Европа Союзу жана Кошмо Штаттары Москва менен Киевди өз ара мунасага чакырды. Азырынча, талашты жөндөөгө эки тараптын ынтызарлыгын ырастаган белгилер байкалбайт. “Газпрпом” 1-январдан баштап Украина 1 000 куб метр газды 230 доллардан алуусун талап кылууда. Мурда Украина 1 000 куб метр газды 50 доллардан сатып алчу. Ырасмий Киев баанын чукул эмес, акырындап жогорулашына макул.
Москва жаңы жылдын биринчи күнү Украинага жөнөтүлгөн газды бууп баштады. Орусиянын газ монополисти “Газпром” - Украина 2006-жылга сунуш кылынган финалдык келишимге макул болбогондон улам катаал кадамга барганын билдирди. Орусия-Украина ортосундагы газ чатагынын башаты эмнеде?
Ирак өкмөтү мунай сатууну жакшы контролдобой эркин койгон. Министрликтердин чыгамдары да начар көзөмөлдөнөт. Мунайдан түшкөн каражат кандай сартпалып жатканы белгисиз. Мунайдан түшкөн акчалар топтолчу-Ирак өнүгүү фондунун ишмердүүлүгү начар контролдонот. Бул эсеп-кысаптарды текшерүү боюнча адистешкен Масилээт жана мониторинг боюнча эл аралык кеңештин бүтүмү. Финансылык тартипти бекемдөө үчүн Улуттар Уюму эл аралык кеңештин Ирактагы мандатын дагы бир жылга узартууну оң тапты.
Рыбак Галина Даниловна узак жылдар мурдакы Кыргыз ССРинин Борбордук статитистика комитетининин төрагасынын биринчи орун басары болуп иштеген. Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген экономисти. Акыркы 15 жылда Германиянын борбор шаары Берлинде жашайт. Галина Даниловнанын Кыргызстандагы саясый окуяларга карата көз карашы кандай?
Кадыр-барктуу Economist Intelligence Unit изилдөө борбору 2006-жылга экономикалык прогноз жасады. Лондондук институттун эсебинче, келерки жылы Азербайжан, Грузия, Түркмөнстан жана Казакстан азыркы “таскагын жазбайт”. Кыргызстандын экономикасы 4 процентке өсөт. Бирок, КМШ өлкөлөрүнүн өсүү ырааты басаңдайт. Көпчүлүк Батыш өлкөлөрүндө ички дүң продукция 1 проценттин тегерегинде өсөт. Эксперттер мунайдын баасы азыркыдан ылдыйлабаса, дүйнөлүк экономикага жана кара май өндүрүүчү өлкөлөрдүн өзүнө залал келтирет деп боолгошот.
26-декабрда Түштүк Чыгыш Азияны алааматка салган табигый кырсыкка бир жыл болот. Толкуп кирген цунами 230 миңден ашуун адамдын өмүрүн алган. Жүз миңдеген адамдар там-жайы, мүлк-дүйнөсүнөн ажыраган. Албуут толкундардан жабыркаган аймактардын айрымдары али мурдакы калыбына келе элек. Бирок капсалаңдан аман калган адамдар тукум улап, там салышып, тирилигин улантышууда.
Дагы жүктөңүз