Көзү өткөн адамды акыр сапарга узатуунун жана маркумду эскерип аш берүүнүн ар бир элде өзгөчө аздектеп күтүлгөн каада-салты бар. Кыргызстан эгемендикке жеткени эл арасында мусулманчылык кайра жанданууда. Лекин, колдуулардын шагырата мал союп, узатуу каадасын, чоң аш-тойго айлантып жиберген учурлары да арбын кездешет. Бул жөрөлгө шариятка ылайык келеби?
Германияда дарыланып жаткан Өзбекстандын ички иштер министри Закир Алматов журтуна шашылыш кайтты. Буга адам укугун коргоочу уюмдардын Закировду Анжияндагы кан төгүүлөр үчүн жооптуу дешип, сотко берүүсү себеп болду. Адам укугун коргоочу Хьюман Райтс Уоч уюму Алматов менен кошо дагы 11 ырасмий адам Анжиян чатагын басуудагы мыкаачылыктары үчүн жазаланыш керек деп санайт.
Кечээ Иракта парламенттик шайлоо болду. Борбордук шайлоо комиссиясы калк шайлоого жакшы катышканын маалымдады. Саясый өнөктүктү Кошмо Штаттары менен Британия “тарыхый окуя” деп аташты. Россия да шайлоону оң жышаан катары баалап, Москва Ирактын жаңы өкмөтү менен кызматташа турганын билдирди. Сунни азчылыктары шайлоого бул ирет бойкот жарыялабастан, тескерисинче, жамаатты добеш берүүгө жапырт чыгууга үндөп жатты.
Ирандын президенти Махмуд Ахмединежад Израилге кайрадан бир тийди. Шаршемби күнү өлкөнүн түштүк чыгышындагы Захедан шаарында миңдеген адамдардын алдында экинчи дүйнөлүк согуш тушундагы жөөттөрдү кырууну-холокаусту “Кудайдан, диндерден жана пайгамбарлардан” өйдө турган калп, болбогон “миф” деп, Израилди Жакынкы Чыгыштан тыш жакка көчүрүп кетүү зарыл деди.
Азербайжан, Армения жана Грузиянын тышкы иштер министрлери кечээ шейшемби күнү Брюсселде Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча комиссары Хвьер Солана дагы башык ырасмий адамдар менен кездешти. Жолугушуудан соң Солана Евробиримдик Түштүк Кавказдагы жөндөлбөй турган чатактарды басууга катышууга даяр экенин маалымдады. Жыйында биримдикке коңшу өлкөлөр менен кызматташуу планы да талкууланды. План боюнча сүйлөшүү Кипр Грек Республикасы менен Азербайжан арасындагы чырдан улам токтоп турган.
Бир кезде советтик чиновниктердин сыймыгы болгон “Волга” жеңил машинесин чыгаруу эки жыл ичинде биротоло токтотулат. Горький автомобиль заводу-ГАЗ өткөн аптада ушундай чечим кабыл алды. Ишкана жетекчилиги “Волга” моралдык жактан эскиргенине катар, чет элдик автомобилдер толуп бараткан ички базарда өтүмсүз болуп калганы, анын өндүрүшүн токтотууга негиз болгонун ырастады.
Бир нече күндөн бери Украин бийликтери куш тумоосун жайылтпай басуунун камында. Крым жарым аралындагы алты кыштакта коркунучтуу ылаңдан 2, 5 миңдей каз-тоок кырылды. Үй канаттуулары куш тумоосунун кайсы түрүнөн кырылганы азырынча беймаалым. Ветеринардык кызматтар илдетке чалдыкты дешип, 30 миңдей тоок-казды жок кылышты.
Олимпиаданын оту бүгүн шаршемби күнү байтак шаар Римге Италиянын аскер күчтөрүнүн С-130 учагында алып келинди.
Украин парламенти шейшемби күнү кезексиз өткөн сессияда куш тумоосуна каршы чара көрүү маселесин талкуулады. Президент Юшенко ветеринардык кызматтарды илдеттин алдын албаганы үчүн күнөөлөп, бийликтер коркунучтуу вирусту жайылтпай токтотуунун бардык амалдарын жасайт деди. Ушул эле күнү Крым жарым аралындагы илдет катталган үч аймакта чукул кырдаал абалы жарыяланды. Маалыматтарга караганда, илдет 2 миңден ашуун бакма канаттууну кырган. Бийликтер өзү да Крым жарым аралында 22 миң тоок-казды жок кылышкан. Куш тумоосу адамга жуккан учурлар Украинада каттала элек.
Алдын ала маалыматтар боюнча, жекшемби күнү Казакстанда болгон президенттик шайлоодо элдин көпчүлүгү президент Нурсултан Назарбаевге ишеним көрсөтүшкөн. Борборшайлоокомдун билдиришинче, оппозициячыл талапкер Жармахан Туякбайды 445 миңден бир аз көбүрөөк шайлоочу колдогон. Өлкөнү 1991-жылдан бери башкарып келаткан Назарбаев алдыдагы жети жылда Казакстанды дүйнөдөгү экономикасы кубаттуу элүү мамлекеттин катарына кошом деп убада кылды.
Европа өлкөлөрүнүн жетекчилиги бейшемби күнү Киевде өткөн жыйында Украинага рынок экономикалуу өлкө макамын берилет деп кепилдик берди. Экономиканы эркин деп таануу украиналык товарларды Европада сатууну, айрыкча, арбитраждык сотто өндүрүшчүлөрдү коргоону жеңилдетет. Биримдик буга дейре бааны контролдоодо мамлекеттин ролу зор жана ишканаларды кудуретсиз жарыялоонун механизми өтө татаал деп, макамды берүүнү кечиктирип жаткан.
Пакистандын октябрдагы зилзаладан жабыркаган аймактарына жекшемби күнү калың кар түштү. 20 сантиметрге жетип жааган кар миңдеген там-жайсыз адамдарга азык-түлүк жана жылууланган чатырларды жеткирүүнү кыйындатты. 8-октябрдагы зилзалада 73 миңдей адам набыт болуп, жүз миңдеген адамдар там-жайынан ажыраган. Улуттар Уюму начар даярдыктан улам кышында дагы көптөгөн адамдардын өмүрүнө доо кетиши мүмкүн экенин эскертти.
28-ноябрдан 9-декабрга чейин Канаданын Монреал шаарында климаттын өзгөрүүсүнө арналган чоң конференция өтөт. Улуттар Уюму уюштуруп жаткан жыйынга 190 өлкөдөн 10 миңдей өкүл, алардын ичинде ырасмий адамдар, ишкерлер, өндүрүшчүлөр, окумуштуулар катышат. Анын жүрүшүн дүйнөнүн чар тарабынан келген миңден ашуун журналист чагылдырат. Эл аралык жыйында Жердин атмосферасынын өндүрүштүк газдарды абага бөлүүдөн ысуусу, анын табиятка келтирген зыянын азайтуу маселеси талкууланат.
23-ноябрда Грузияда Роза ынкылабынын эки жылдыгы майрамдалды. өлкөнү узак жылдар башкарган Эдуард Шеварднадзени бийликтен шыпырып түшкөн массалык чыгуулар мурдакы советтик мейкиндиктеги улуттук өкмөттү алмаштырган өзгөчө окуя болду. Андан кийинки ынкылаптардын натыйжасында Украина менен Кыргызстанда да эски советтик мектептин тарбиясын көргөн лидерлер бийлигин жоготту. Грузиядагы ынкылап, анын мааниси жөнүндө америкалык сенатор Жон МакКейн “Азаттык” радиосуна кабарчысы Саломе Асатиани менен ой бөлүшкөн.
Британияда иммиграция маселеси кызуу талкууланууда. Буга өлкөгө Чыгыш Европадан мыйзамдуу келген жумушчулардын жана Африка менен азиялык мыйзамсыз мигранттар түрткү берүүдө. Сынчылардын айтымында, өкмөт Чыгыш Европадан убактылуу келишкен мигранттар маселесине жетерлик маани бербей жатат. Алардын саны азыр 300 миңге жетип калган. Бийликтер мыйзамсыз иммигранттардын саны ашыкча көп болуп кеткендиктен, ага каршы чараларды катаалдантуунун жолдорун ойлонуштурууда.
27-ноябрда Чеченстанда парламенттик шайлоо өтөт. Шайлоонун натыйжасында Чеченстан Россия Федерациясынын толук укуктуу субъектине айланат. Чечен жетекчилиги саясый өнөктүк республикадагы абалдын турукташып калганынын дагы бир далили болоорун айтышууда. Россиялык жана эл аралык беш укук коргоочу уюм Чеченстанда тынчтык жок, Москванын саясаты чечен маселесин жөндөбөй эле “туңгуюкка биротоло камайт” дешип, шайлоону “саясый жараянды иммитациялоо” деп аташты.
Тегеранда үч күндүк сапар менен жүргөн Ирактын президенти Жалал Талабани Ирандын президенти Махмуд Ахмединежад жана руханий көсөмү Аятолла Али Хаменейи менен кездешти. Талабани соңку 40 жылда Иранга келген Ирактын биринчи президенти. Талдоочулардын айтымында, Вашингтон Тегеранды Ирактын ички ишине кийгилишүүдө деп айыптап жатканына карабастан, акыркы мезгилде ирактык-ирандык байланыштар тез жакшырып барат.
Жекшемби күнү атактуу Ньюремберг соту башталганына 60 жыл толду. 1945-жылдын 20-ноябрында башталып, 4 жылга созулган жараянда адамзаттын тарыхындагы өтө кандуу жана мыкаачы согуштун эң жооптуу аткаруучулары сот жазасына татылган. Мурдакы Югославия боюнча эл аралык кылмыш трибуналы менен Эл аралык кылмыш сотун түзүүгө, Геноциддин алдын алуу жана жазалоо боюнча Улуттар Уюмунун конвенциясы, согуштун мыйзамдары жана эрежелери жөнүндөгү Женева конвенциясы жана Адам укугунун универсалдык декларациясынын жаралышына дал ушул Ньюремберг жараяны негиз болгон. Бирок бүгүн да жер бетинде согуш оту басылбай, анын күнөөкөрлөрү жазасыз калууда.
Кытайдын дүйнөлүк экономикадагы мааниси өсүп, өлкөнүн экономикалык кубаты арткан сайын Вашингтон-Бээжин алакасы экономикалык мүнөзгө ооп, күн тартибининен саясый маселелер чыгып калчу болду. Президент Жорж Буштун ишемби күнү Кытайда башталчу сапары кезинде экономикага көбүрөөк маани берилип, саясый маселелерден Түндүк Кореянын ядролук программасы, диний эркиндиктин абалы жана башка суроолор талкууланат сыяктанат деп боолгошот байкоочулар.
Дагы жүктөңүз