Президент Жорж Буштун жарлыгына ылайык, 16-сентябрь “Катрин” капсалыңынын курмандыктарын эскерүү күнү болот. Табигый апааттан бери 12 күн өтсө да, АКШнын Түштүк жээгине келтирилген зыяндын өлчөмү, набыт болгон адамдардын саны так аныктала элек. Жаңы Орлеанга жасат салынчу 25 миң кап жөнөтүлдү. Шаардын мэринин болжолунда, топон суу бери дегенде 10 миң адамдын өмүрүн алган.
Өткөн жума күнү Нью-Йоркто Орусия жараны Владимир Кузнецов камакка алынды. Ал Улуттар Уюмунун Генералдык Ассамблеясынын бюджеттик комитетинин мурдакы төрагасы. 48 жаштагы дипломат мыйзамсыз акча операцияларын жасады деп күнөөлөнүүдө. Ай башында БУУнун соода камсыздоо кызматынын жооптуу кызматкери Александр Яковлев Иракка азык-түлүк сатууга кызыкдар компаниялардан 1 миллион доллар пара алды, деп айыпталып камалган.
18-сентябрда Ооганстанда парламенттик шайлоо өтөт. Анын алдында талиптер деп шектелген козголоңчулар мурдакы убадасын бузуп, өкмөттүк күчтөргө жана бейөкмөт уюмдардын кызматкерлерине дембе-дем чабуул коюп, буктурмага алышууда.
16-августта президент Курманбек Бакиев өлкөнүн энергетика тармагын чет элдик башкарууга же концессияга берүүнү сунуш кылды. Бакиевдин айтымында, тармакта тартип орното алчу мыкты орусиялык компаниялар бар. Манилүү тармакта абал ырасында эле оор. Айрым ырасмий маалыматтар боюнча, электр энергиясынын үчтөн бир бөлүгү ысырап болуп жатат. Керектөөчүлөрдүн карызы 2 миллиард сомго чукулдап калган.
19-кылымда жашап өткөн татар диниятчысы Шихабуддин Маржани aр бир сабаттуу жана акыл-эстүү инсандын Курандан жана Суннадан жашоодогу маанилүү суроолорго жооптуу издөө укугун жактаган динаятчы татар элинин байыркы замандан тартып, 19-кылымга чейинки тарыхына арналган эки томдуктун жана башка 30га жакын эмгектин автору. Ал ислам билим берүү системасын жакшыртуу же агартуучулук аркылуу улутту алга көздөй өнүктүрүү идеясын жайылткан биринчи татар динаятчыларынан болгон.
Өтүп кеткен август айында болгон аба кырсыктарынан улам Европа өлкөлөрү аба каттамдардагы коопсуздук талабын күчөтүштү жана авиаширкеттерден эл аралык коопсуздук жоболорун так аткарууну мурдакыдан да катуу талап кылышууда. Франция менен Бельгия аба бекеттерине конууга тыйуу салынган учактардын тизмесин жарыялады. Евробиримдик болсо жырам жыл ичинде уюмга мүчө 25 өлкөнүн атынан ушундай тизмени даярдамак болуп жатат.
Акыркы маалыматтарга караганда, Кошмо Штаттардын тарыхындагы өтө чоң бороон-чапкын жүздөгөн адамдардын өмүрүн алып, жүз миңдеген адамдарды там-жайсыз калтырды көрүнөт. Табигый апааттын зыяны миллиарддаган доллар болоору, дүйнөлүк экономикага да таасир этери айтылууда. АКШнын чукул кырдаалдар кызматы “Катрина” деп аталган бороон алып келген алааматка каршы күрөшүүдө. Суу чайган Жаңы Орлеан шаарынын оң миңдеген тургундары коопсуз жайларга көчүрүлгөнү жатат.
Ирактын жаңы Конституциясынын долбоору боюнча катуу талаш жүрүүдө. Либералдуу көз караштагы ирактык аялдар менен секулярдык партиялар Башмыйзамда аялдардын укугу чектелип калбасы үчүн катуу аракет кылып жатышат. Бирок Саддамдын режими кулатылгандан кийин баш көтөргөн кубаттуу шиит партиялары Конституцияга шариятка каршы келген жоболор кирүүсүнө каршы. Алар, айрыкча баш кошуу, ажырашуу, мурасты бөлүштүрүү сыяктуу маселелер шарият жоболоруна ылайык, молдолор тарабынан жөндөлүүсүн жакташууда.
Өткөн аптада Тажикстанда шпиондук кылды деп айыпталып, эки Өзбек жараны абакка салынды. Тажик бийликтери алардын бири Өзбекстандын коопсуздук кызматы-ӨККнын агенти, экинчиси Коргоо министрлигинин офицери болгонун маалымдашты. Акыркы жарым жылда Тажикстандагы “кырдаалды бейстабилдештирүүгө аракеттенмек болду” жана шпиондук кылды деп, бир нече адам соттолгон. ӨККнын агенттери Анжияндагы кызыл кыргындан кийин Түштүк Кыргызстанда да өтө активдүү иштей баштаганын ырастаган маалыматтар бар.
Беслан канабарымына бир жумадан кийин бир жыл болот. Мезгил бирок калабада уул-кыздарын жоготкон ата-энелердин ыйын дарылай албады. Соттун жүрүшүнө нааразы болушкан ата-энелердин бир тобу шейшемби күнү Түндүк Осетиянын Жогорку сотунун Владикавказдагы имаратын ээлеп алышып, аны 28 сааттан кийин бошотушту. Алар кызыл кыргын үчүн бийлик төбөлдөрү, анын ичинде өлкө президенти Владимир Путиндин да жоопко тартууну талап кылышты.
Бүгүн түн ортосуна Ирактын жаңы Конституциясынын долбоору даяр болуш керек. Башмыйзам боюнча атайын комиссия алгач берилген мөөнөткө - 15 августка бул жооптуу ишти бүтпөй калган эле. Улуттук ассамблея парламент Баш мыйзамдын долбоорун бекитсе, андан соң октябрдын ортосунда Конституция референдум аркылуу бекитилет.
Орусияда ата мекендик автомобилдерди чыгаруу кыскарып баратканда, мурдакы коммунисттик блокко кирген Борбордук жана Чыгыш Европа өлкөлөрү ири автоөндүрүүчүгө айланып барат. Пост-коммунисттик аймакта жумуш күчү арзан жана жергиликтүү кесиптик кошуундары кубаттуу эмес жана ийкемдүү болгондуктан, Германия, Жапония жана Франциядагы атактуу автобирикмелер өндүрүштү Чехия, Польша, Словакия жана Мажарстанга көчүрүүдө. Батыштык автомобиль жасоочулардын Чыгыш Европага өз ишканаларын көчүрүүсү эмнеге байланыштуу?
Газа тилкесин 38 жылга созулган басып алуу –айрым ортодокс жөөттөрдүн каршылыгына карабай соңуна чыкканы калды. Израил бийликтери жөөттөрдү өлкө ичине көчүрүү келерки жумада аяктайт деген ишеничте. Жума күнү тилкедеги эки чоң конуш жөөт тургундарынан бошотулду. Израил премьер-министринин Газадагы 21 конуштун жана Батыш Иордандагы 4 кыштактын калкын өлкө ичине көчүрүүдөгү чечкиндүүлүгүн БУУ колдоду.
Батыш сахаралык козголоңчулар туткундан бошоткон 404 марокколук жаран бейшемби күнү мекенине учуп келишти. Алжир колдогон жана өзүн “Полисарио майданы” деп атаган адаватчы топ туткундарды бошотуу менен Батыш Сахара чатагын жөндөөгө жардамдашууну каалаганын билдирди. АКШ жана Улуттар Уюму Алжир менен Мароккону учурдан пайдаланып, тээ 30 жылдан бери келаткан чатакты жөндөөгө жана өз ара карым-катнашты жакшыртууга чакырышты. Талдоочулар талашты жөндөө эл аралык террорчулукка каршы күрөш үчүн маанилүү экенин айтышат.
16-август күнү Вашингтондо жайгашкан “Шайлоо системасы үчүн эл аралык фонд” уюмунун демилгеси менен өткөн жыйында жаңы Кыргыз өкмөтү алдында турган проблемалар тууралуу кеп болду. Кыргызстандын шайлоо системасын реформалоо Америкалык бул уюмдун катышуусу менен жүргүзүлгөндүктөн, анын адистери Кыргызстандагы саясый-экономикалык проблемалар менен ичтен тааныш.
Чеченстандын Москвачыл жетекчилеринин бири орус бийликтеринин чечен жикичлерине каршы эки жолку согушунда бардыгы 160 миңге жакын адам набыт болгонун билдирди. Алардын төрттөн бири же 40 миң чамалуусу чечендер. Адис-талдоочулар Чечен парламентинин төрагасы Таус Жабраиловдун согуштун курмандыктары жөнүндөгү маалыматын саясый максатты көздөп жасалган кадам катары баалашты. Буга дейре ырасмий Кремль Чеченстанда жүрүп жаткан согуш 100 миңдей адамдын өмүрүн жалмаганын айтып келген.
Радикал мусулман диниятчысы шейх Омар Бакринин Британиядан чыгып кеткени көптөгөн британ мусулмандарын кубандырды. Бакри “ал-Каиданын” башчысы Усама бин Ладенге суктанган билдирүүлөрдү жасап жана Ирак менен Ооганстандагы британ аскерлерине кол салган мусулмандарды колдоорун жашырбай айтып жүрчү. Бакри - өткөн ишемби күнү жыйырма жылдан бери биринчи жолу өлкөнү таштап, Ливанга учуп келди. Британ өкмөтү өткөн аптада терроризмге каршы күрөштү күчөтүү боюнча бир катар иш чараларды кабыл алгандыктан, айрымдар Бакри абакка түшүп калуудан этияттанып, өлкөнү таштап кетти дешүүдө. Ырасмий Лондон, ырасында эле, жума күнү Бакринин өлкөгө кайра киргизилбей турганын жарыя кылды.
Ирактын жаңы Конституциясы бекитилгенге төрт күн калганда, шииттердин таасирлүү партиясы өлкөдөгү бардык шиит аймактарын бириктирген автономия түзүү сунушу менен чыкты. Сунуш-үндөө өлкөнүн саясый чөйрөлөрүн дүрбөлөлөңгө салды. Себеби, шииттер талабында бекем турса, Ирак шииттер жашаган түштүккө, күрттөр жашаган түндүккө жана сунниттер аймагы болуп, үчкө бөлүнүп кетиши ыктымал. Сунушту айрым шиит лидерлери менен суннит саясатчылары колдошкон жок. Талашты жөндөө үчүн бир катар сүйлөшүүлөр өткөрүлмөк болууда.
Кошмо Штаттардын космосту изилдөө агенттиги - НАСА ушу тапта Марсты чалгындоочу жандоочту “Кызыл планетага” кондуруу аракетин кылууда. Окмуштуулар 720 миллион долларлык жандоочу кеме төрт жылдык миссиясы учурунда Марстын аба ырайы жана кыртышы тууралуу кеңири маалымат берет деген үмүттө.
Эл аралык атомдук агенттик-МАГАТЭнин башкаруучулар кеңеши бейшемби күнү кеч шамда Ирандын ядролук программасын улантуусуна байланыштуу даярдалган долбоорду талкуулайт. Долбоорду Евротрио-Германия, Франция жана Британия киргизген. Талкуу башталбай жатып, Иран долбоорго макул эместигин билдирип, аны сынга алды. Документ Иран дүйшөмбү күнү Исфахандагы ишканасында ядролук программасына байланыштуу ишмердигин кайра баштагандан кийин даярдалган.
Дагы жүктөңүз