Атомдук энерегия боюнча эл аралык агенттик - МАГАТЭнин башкаруучулар кеңеши бүгүн шашылыш жыйынга чогулду. Жыйын Иран бийликтери Исфахандагы ишканада ядролук программасына байланыштуу иштерди кайра жандандырганга байланыштуу өткөрүлдү. Жыйынды чакырууну EU-3 деп аталган Франция, Британия жана Германия өткөн жумада эле талап кылган. Жыйында Исфахандагы атомдук ишканага көзөмөлдөөчү камералар коюлгандыктан, анын жабдууларына басылган сургуч мөөрлөр эртең түшкө чейин алынып салынсын деп чечилген. Бул жөнүндө Ирандын атомдук энергия уюмунун орун басар башчысы Мохаммад Саиди билдирди.
Ушу тапта Европа өлкөлөрүндө 15-20 миллион чамалуу мусулман жашайт. Алардын баары эле жаңы маданиятты жеңил кабыл алып, жергиликтүү эл менен камыр-жумур аралышып кетишпейт. Андыктан, көпчүлүк өлкөлөрдө Жакынкы Чыгыш, Африка же Азия өлкөлөрүнөн чыккан мусулмандар жамаат-жамаат болуп, өз каада-салттарын бекем тутуп жашашат. Алардын бир жааты турган өлкөсүнүн мыйзамдарына каршы келгенине карабастан шарият жоболорун ылайык көрөт.
Эки күндөн бери орусиялык суу астында жүрүүүчү чакан кайык Тынч океандын астында калууда. Ырасмий бийликтер экипаждын жети мүчөсүнө 24 саатка жетерлик кычкылтек бар экенин айтып, алар аман-эсен деген үмүттө. Мини-субмарин шашылыш жардамга келаткан АКШлык жана британиялык адистердин жардамы менен суу үстүнө көтөрүлөт деп күтүлүүдө. Мындан беш жыл мурда суу астында жүрүүчү “Курск” атомдук кемесиндеги кырсыкта, анын 118 мүчөсү курман болгон.
Советтер Союзу кыйрагандан бери Борбор Азия республикаларында ислам дини кайра жанданды жана эзелки нугуна түшүүдө. Алыскы мусулман өлкөлөрү медреселерди жана мечиттерди курууга көмөктөшүп, дааватчылар элди ислам жолуна ташбыйкаттап, үгүттөшүүдө. Анткен менен, көпчүлүк байкоочулар Борбор Азия мусулмандарынын динге болгон мамилеси ислам дүйнөсүнүн башка бөлүктөрүнө караганда башкача экенин белгилешет.
Сауд Арабиясынын падышасы Фахдды акыркы сапарга узатуу каадасы кандай өттү? Сауд падышаларынын өздөрүн Мекке жана Мединадагы ыйык жайлардын коргоочусу деп атоосунун таржымалы кандай? Жаңы падыша Абдулла менен өлкөдөгү диниятчылардын мамилеси кайсы багытта өнүгүшү ыктымал?
Американын Ей-Би-Си телекомпаниясынын Москвада иштеген кабарчыларынын акредитациясы мөөнөтү бүткөндөн кийин узартылбай токтотулат. Россиянын тышкы иштер министрлиги бул чечим Ей-Би-Си чечен лашкер башчысы Шамил Басаевдин интервьюсун ободон бергени үчүн кабыл алынганын билдирди. Нью-Йоркто жайгашкан Журналисттерди коргоо комитети ырасмий Москванын кадамын “Кремлдин түрдүү сынга, айрыкча, Чеченстандагы аракеттерине байланыштуу айтылган сынга чыдабастык менен мамиле кылганын күбөлөйт” деп баалады.
Ирактын жаңы Конституциясынын долбоорун даярдап жаткан комиссиянын төрагасы Башмыйзамдын долбоору өз мөөнөтүндө - 15 августан кечикпей даярдалып бүтөөрүн жарыя кылды. Долбоор мөөнөтүндө бүтпөсө, эрегишчи күчтөр күчтөнүп, өлкөдөгү этникалык жана диний топтор ортосундагы ажырым дагы тереңдейт деп кооптонгон Кошмо Штаттары комиссияга кысым жасап, чамынып иштөөнү талап кылып жаткан эле.
Өткөн түнү Ирандын өкүмзор Көзөмөл кеңеши шайлоонун 17-июнда болгон биринчи айлампасы мыйзам бузууларсыз өттү деп, анын натыйжасын бекитти. Чечүүчү экинчи айлампада мурдакы президент Акбар Хашеми Рафсанжани жана Тегерандын эскичил мэри Махмуд Ахмединежад беттешет. Ирандын ички иштер министрлиги жума күнү болчу президенттик шайлоо адилеттүү өтпөсү мүмкүн экенин эскертти. Ал эми бир катар реформачыл топтор жана инсандар Ахмединежад жеңсе, эскичил диниятчылар бардык бийлик бутактарын контролдоп калаарын айтышып, өз тарапкерлерин Рафсанжани үчүн добуш берүүгө чакырышты. Бул үндөөнү президент Рафсанжани да колдоду.
Британия өкмөтү өндүрүштүк газдардын аба ырайына тийгизген таасирине каршы күрөшүүнүн жаңы стратегиясын жарыя кылды. Долбоор көмүр жана газды отунга жакканда бөлүнүп чыккан таштандыларды Түндүк деңизинин астындагы мунай-газы казып алынып бош калган жайларда сактоону сунуш кылат. Бирок долбоордун сынчылары таштандыларды деңиз астында сактоо өтө кымбатка тураарын айтышууда.
Иранда жума күнү өткөн президенттик шайлоонун биринчи айлампасы калыс болгон жок деп санайт мөөрөйгө үчүнчү болуп келген реформачыл маанайдагы динаятчы Мехди Карруби. Карруби мырза өлкөнүн руханий көсөмү Аятолла Али Хаменейиге жолдогон катында аскерий жетекчиликти мыйзамды бузуп, Тегерандын эскичил акими Махмуд Ахмадинежадды колдоду деп күнөөлөдү. Бул катты жарыялаган үч гезитти ырасмий бийликтер өткөн түнү белгисиз мөөнөткө жапты. Бирок бийликтер өлкөнүн чоң шаарларында добуштарды кайра санамак болду.
16-17-июнда Брюсселде болчу жыйын Евробримдик үчүн чоң сыноо болот. Саммитте Европа Конституциясынын болочогу жана биримдиктин 2007-2013-жылдардагы бюджети талкууланат. Жакында эле болгон референдумда француздар менен нидерланддар Европа Конститутциясын колдобой, “жок” деп добуш беришкен. Британия орток бюджеттен алчу “жөлөк пул” боюнча Париж менен Лондондун арасында өзгөчө катуу талаш жүрүүдө. Брюсселдеги жыйын-Биримдик кризисти токтотууга жарамдуу экенин коомчулукка көрсөтө алабы?
Британиянын премьер-министри Тони Блэр дүйшөмбү күнү Москвага ырасмий сапарга келип, президент Владимир Путин менен жолугушту. Блэрдин максаты Африка өлкөлөрүнө жардам көрсөтүүдө жана климаттын өзгөрүүсүнө арналган Шотландияда болчу саммитте Орусиянын колдоосун алуу. Москва да Лондондун колдоосуна муктаж. Анткени, 1-июлдан тарта Британия Евробиримдикке, ал эми Орусия келерки жылы Чоң Сегизге төрагалык кылат.
Иранда 1979-жылы болгон Ислам ынкылабынан тарта аялдардын коомдук жайларда эркектер менен чогуу отуруусуна тыйуу салынган. Адеп-ахлак полициясы аялдардын этеги таманына чейин жеткен кара көйнөк кийип, бетин чүмкөп жүрүүсүнө кылдат көз салып турат. Көчөдө кол кармашып жүргөн аял-эркек болсо, токтоосуз камакка алынат. Бирок кийинки мезгилде бийликтер катаал тартипти акырындап жумшартууга мажбур болушууда. Буга шаршемби күнү Тегеранда өткөн футболдук таймаш күбө.
АКШнын Мамлекеттик департаменти адам аткезчилигине каршы күрөштүн абалы жөнүндө жылдык докладын жарыялады. Изилдөөдө 14 өлкө адам аткезчилигине, өзгөчө секс-кулчулукту токтотуу үчүн үч айдын ичинде жетиштүү чара көрбөгөндүктөн, алар санкцияга кабылышы мүмкүн экени эскертилет. Катуу чарага туш болчу өлкөлөрдүн көбү Азия менен Африкадан. Алардын ичинен Сауд Арабиясы, Кувейт, Катар жана Бириккен Араб Эмирлигинде аялдарды сойкулукка мажбурлоо өзгөчө кеңири жайылганы белгиленет.
22-июнда Брюсселде болчу жыйынга АКШ, Евробиримдик, Иракка катар Иран да катышуусу мүмкүн. Жыйын Иракты реконструкциялоонун жүрүшүнө арналат. Бейшемби күнү ЕБнын учурдагы төрагасы, Люксембургдун тышкы иштер министри Жан Асселборн Иран жыйынга чакырылганын тастыктады. Вашингтон менен Тегерандын осол мамилесине карабай, АКШнын Мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс Ирандын Брюсселдеги саммитке катышуусуна Кошмо Штатары каршы эмес экенин билдирди.
Ырасмий бийликтердин ырасташынча, акыркы жарым кылымда кытайлык католиктердин саны 2 эсеге, ал эми протестанттардын саны 50 эсеге көбөйгөн. Өлкөдөгү диний агымдарды катуу көзөмөлдөп турган Кытай бийликтери, талдоочулардын айтымында, акыркы жылдары тарса динине чокунгандарды чектөөнү бошоңдотуп, аларды өкмөттүк чиркөөлөрдүн башкаруусунда кармоого аракет кылууда. Анын себеби эмнеде?
Бюллеттендердин 95 проценти саналгандан кийин шайлоого катышкандардын 55 проценти орток Конституцияга каршы чыкканы маалым болду. Экзит-полл же добуш берип чыккан адамдарды сурамжылоо да шайлоочулардын 55 проценти Евросоюздун башмыйзамына “жок” деп жооп беришкенин көрсөткөн болчу.
29-майда Францияда Европа биримдигинин жаңы конституциясы үчүн добуш беришет. Референдумда эл жалпы европалык башмыйзамды колдобой коюп, Европанын биригүүсүнө жана болочок кеңейүүсүнө чоң залал келтириши ыктымал деген кооптонуулар айтылууда. Жаңы Конституцияны Нидерландиянын калкы да 1-июлда колдобой койот го деген да тынчсыздануулар болууда. Буга чейин башмыйзамды биримдиктин жети мүчөсү колдоду. Анткен менен, талдоочулар парламенттеги добуш берүүгө караганда, жалпы элдик референдум тобокелдүү экенине көңүл бурушат.
Евробримдиктин Тышкы байланыштар боюнча комиссары Бенита Ферреро-Волднер айым шаршемби күнү Ливиядагы сапарын карытты. Ал Ливияга болгариялык медсестралар менен палестиналык доктордун өлүмдөн куткарып калуунун аракетин кылып барган. Алты дарыгер жүздөгөн балдарга ВИЧ инфекциясын жуктурду деп айыпталып, былтыр атууга өкүм кылынган. Бенита Ферреро-Волднер айымдын визити Ливиянын Жогорку Соту медиктердин өтүнүч арызын кароо алдында жасалды.
Крестүүлөрдүн жортуулу тууралуу америкалык киночебер Ридли Скотт тарткан “Жаннаттын багы” көркөм тасмасы Батыш өлкөлөрүндөй эле, ислам дүйнөсүндө да жылуу кабыл алынды. Сынчылар арасында тасма экранга чыккандан мурда тарсалар менен мусулмандар ортосунда орто кылымдарда болгон кагылышууга арналган тасма диний араздашууну жаратат деген чочулоолор айтылып жаткан. Фильмде карт тарыхтын өтө катаал бир учуру көрөрманга чагылдырылып, рыцарлар менен мусулман аскерлеринин кылычташуулары өтө чебер көрсөтүлгөн.
Дагы жүктөңүз