Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департаменти Анжияндагы кандуу булоон боюнча көз карандысыз иликтөө өткөрүүнү жана өлкөдөгү реформаны саалгытпай жүргүзүүнү өтүнүп, Өзбекстанга кайра кайрылды. Шейшемби күнү Мамдепартаменттин өкүлү Ричард Баучер Өзбек өкмөтүнүн аракети кырдаалга жооп бербейт деп, бийликтердин коомду контролдоону дагы күчөтүүсүнө тынчсыздануу билдирди. Бирок ырасмий Ташкендин Кошмо Штаттары менен эл аралык коомчулуктун талабына ылайык көз карандысыз иликтөөгө макул келээри беймаалым.
Дүйшөмбү күнү Ирактагы АКШлык аскерлерге, Ирактын коопсуздук күчтөрү жана шииттерге каршы жасалган чабуулдарда 50дөн ашуун кишинин каны төгүлдү. Үстөккө-босток чабуулдардан улам шаар-кыштактарда жаатташтык согушу чыгып кетиши мүмкүн деген кооптонуулар айтыла баштаган эле. Бирок, талдоочулар Ливан, Ооганстан жана Пакистандагыдай сектордук согуш Иракта башталып кетет деген чочулоо негизсиз деп санашат.
Эл аралык укук коргоочу уюмдар- президент Хамид Карзайдын Вашингтондогу ырасмий сапарын туштай- америкалык аскерлердин ооган туткундарына карата болгон катаал мамилесине жалпы коомчулуктун көңүлүн бурушууда. Карзай өзү да АКШ президенти Буш менен болчу кездешүүдө бардык ооган туткундарды анын өкмөтүнө өткөрүп берүүнү жана Ооган жериндеги АКШлык аскерлердин операциясын көбүрөөк контролдоону кааларын билдирди.
Ирандын тышкы иштер министри Камал Харазинин шейшемби күнү Багдадга жасаган визитин Ирак жетекчилиги жогору баалады. Харази- эки жыл мурда Саддам Хусейндин бийлиги кулатылгандан бери Иракка коңшу алты өлкөдөн келген бийик даражалуу биринчи ырасмий адам болду. Байкоочулардын айтымында, Харазиянын сапары коңшу эки өлкөнүн мамилесиндеги оң бурулуштун жышааны.
“Newsweek” журналы Гуантанамадагы аскерий түрмөдө Куран кордолду деп жазган кабары жаңылыш маалымат болгонун мойнуна алды. Басылма 9-майдагы санында АКШлык тергөөчүлөр туткун талиптерге психологиялык кысым көрсөтүү үчүн Куранды маскаралады, атүгүл бир нускасын ажаатканага түшүрүп жиберди деп жазган эле. Бу кабардан улам Ооганстанда тополоң чыгып, кеминде 15 адамдын каны төгүлгөн.
Өткөн жекшемби күнү тарса-христиандардын ортодокс масхабы Иса пайгамбардын кайра тирилген күнүн же Пасха майрамын белгилешти. Иса пайгамбар, ислам диниятчыларынын ишениминде, өзүнөн кийинки жана акыркы пайгамбар Мухаммад алейсалам болорун асманга көтөрүлүп баратып айтып кеткен экен. Иса пайгамбардын кайра тирилүүсү, анын жерге түшүүсүнүн таржымалы ыйык китеп Инжилде жана Кураны Керимде кандай сүрөттөлөт?
Ооган өкмөтү үчүн чейрек кылым созулган ич ара согуштан калган каруу жарактар чоң түйшүк болууда. Апатанын дүйшөмбү күнү Баглан вилайетинде жергиликтүү лашкер башынын курал-жарак сакталган жашыруун кампасы жарылып, 28 кишинин өмүрүнө зобун келтирди. 50дөн ашуун адам түрдүү деңгээлде жарадар болду. Кырсык лашкер башчыларды жана куралдуу топторду куралсыздандыруу, ошондой эле согуш маалында топтолгон аскерий техниканы таап, жок кылуу өтө машакатуу иш экенин дагы бир ирет ырастады.
Нью-Йоркто атактуу Ооган маң аткезчи Башар ажы Нурзай карамалды. Нурзай буга дейре мурдакы талип режимин жардыргыч заттар, каруу жарак жана аскерий күчтөр менен камсыздады деп күнөөлөнүп жаткан. Эми ага Кошмо Штаттарга 50 миллион доллардан ашуун суммага героин алып кирмек болду деген күнөө коюлду. Нурзайды АКШ бийликтери кармоого куштар 10 өтө коркунучтуу маң аткезчи жана уюмдун кара тизмесинде болчу.
Ирандын мурдакы президенти Акбар Хашеми Рафсанжани июнга белгиленген президенттик шайлоого катышууга ынтызарлыгын билдирүүдө. Көпчүлүк серепчилердин боолгошунча, 70 жаштагы кексе диниятчы азыркы президент Мохаммед Хатамиге күчтүү атаандаш болот. 1979-жылкы Ислам ынкылабынан бери Рафсанжани саясатка активдүү аралышып келет жана ушу тапта өтө таасирлүү Масилээтчилер кеңешин жетектейт.
Бир жума мурда эле Москва менен Тбилиси бири-бирин россиялык аскерий базаларды Грузиядан чыгарып кетүү боюнча сүйлөшүүдөн качууда деп күнөөлөп жатышкан. Дүйшөмбү күнү Грузиянын тышкы иштер министри Саломе Зурабишвили Москвадагы сапары учурунда Россия 2008-жылга өлкөдөгү аскерий базаларын чыгарып кетүүгө даяр экенин маалымдады. Эки жак тийиштүү келишимге кол койо элек. Бирок, Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров тараптар мунасага жакын экенин билдирди.
Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери дүйшөмбү күнү Люксембурда өтчү жыйында биримдик менен Россия арасындагы кызматташуу маселесин, тагыраак айтканда 10-майда Москвада өтчү саммитке даярдыктын жүрүшүн талкуулашат. ЕБ расмий өкүлдөрүнүн айтымында, стратегиялык кызматташуунун негизги багыттарын аныктоодо олуттуу кыйынчылыктар болууда. Евробиримдиктин виза режимин жеңилдетүү, Сибирдин аба мейкиндигинен учкан европалык учактардан салык алуу боюнча эки жак бир мунасага келе элек.
Жекшемби күнү дүйнө өлкөлөрүндөгү армян коомчулугу Түрк осмон империясынын акыркы жылдары жүз миңдеген алардын кандаштарын көчүрмө кылуусунун жана кыруусунун 90 жылдыгын белгилешүүдө. Биринчи дүйнөлүк согуш тушунда зобунга кабылган армяндардын урук-жааттары ондонгон жылдардан бери ата-бабаларынын канын төккөн калабаны геноцид деп таануу үчүн күрөшүп жүрөт. Азыркы Түркиянын өкмөтү 1915-жылкы кыргынды империянын курамындагы армяндарды тамыр курут кылууга багытталбаганын айтып, актанып келет.
2-апрелде кайрылгыс сапарга кеткен Рим-католик чиркөөсүнүн башчысы Папа Иоан Павел 2-чинин ордуна шайланчу диниятчыны кандай сыноолор күтүүдө? Ватикандын жаңы башчысы кайсы маселелерге айрыкча маани бериши абзел? Талдоочулар менен диниятчылардын айтымында, Ватикандын жаңы жетекчиси эң алды ислам дини менен кызматташууну жакшыртышы шарт.
ЮКОС мунай компаниясынын мурдакы башжетекчилеринин үстүнөн жүрүп жаткан сот жараяны дүйшөмбү күнү аягына чыкпай калды. Мурдакы мунай магнаты Михаил Ходорковский өзүн ага коюлган бардык жалаалар боюнча күнөөлүү деп эсептебесин айтты. Андан кийин сот төрагасы өкүмдү 27-апрелде чыгараарын айтып, масилет курууга чыгып кетишти.
Дүйшөмбү күнү Кытай жана Индия ортосунда стратегиялык жана экономикалык карым-катнаштын жаңы формасына башат салынганын эки өлкөнүн өкмөт башчылары Вэн Цзябао жана Манмохан Синх жарыя кылышты. Эки лидер Гималай тоосундагы талаштуу аймак боюнча чатакты жөндөөөгө багытталган келишимдерге да кол коюшту. Бул келишимдер килейген эки мамлекет арасындагы экономикалык карым-катнаштын жакшыруусуна үлкөн салым кошору айтылууда.
Ишемби күнү он миңдей адам Япониянын Бээжиндеги элчилигин жана шаардагы япониялык мекеме-ишканаларды ташбараңга алышты. Жекшемби күнү ушундай акциялар өлкө түштүгүндө да өттү. Демейде ар кандай демонстрацияларга каршы чечкиндүү аракеттенүүчү Кытай полициясы ташбараңды тыйган жок. Кыжырданууларга Японияда жаңы тарых китебинин чыгышы себеп болду. Кытайлардын айтышынча, окуу китебинде Экинчи дүйнөлүк согуш кезинде япондор Кытайда жасаган мыкаачылыктар жаап-жашырылган. Антияпониялык акцияларга байланыштуу ырасмий Токио жекшемби күнү нааразылык билдирди.
Арап өлкөлөрүндө акыркы жылдары салтуу элдик ырларга катар эле Батыш музыкасынын таасири астында жаралган обондуу ырлар көбөйдү. Аларды арап өлкөлөрүндөгү жеке менчик ондон ашуун телеканалдар эртеден кечке тынбай көрсөтөт. Кийинки учурда классикалык ырларды жаш, чырайлуу поп-ырчылардын музыкалык видеоклиптери сүрүп чыга баштаганы байкалат. Үналгы-сыналгыдан көп аткарылган жана үнтасмалары көп ойнотулган арап музыкасын жалпысынан кандай мүнөздөсө болот?
Кыргызстанда болуп жаткан окуяларга коңшулаш өлкөлөр жана Россия этияттык менен мамиле кылышып, тараптарды кырдаалды курчутпай, сабырдуулукка чакырууда. Дүйнө Украина жана Грузиядагы ынкылап кезиндегиден айрымаланып, кыргыз өкмөтүнө ачык колдоо көрсөтүп жаткан жок. Анын себеби эмнеде? Коңшулаш өлкөлөр Кыргызстандагы жагдайга кандай карайт?
Дүйшөмбү күнү БУУнун башкатчысы Кофи Аннан өзү жетектеген эл аралык мекемени реформалоонун планын жарыя кылды. План келерки жарым жыл ичинде Улуттар Уюмунун коопсуздук кеңешин кеңейтүүнү жана Адам укугу боюнча комиссияга кошумча укуктарды берүүнү сунуш кылат. Аннандын сөзүнө караганда, планды бекитүү үчүн өтө жигердүү сүйлөшүүлөр зарыл. Анткен менен ал Улуттар Уюмунун 60 жылдык тарыхындагы өтө олуттуу реформаны Башкы ассамблея колдойт деген үмүттө.
20-мартта АКШ башындагы коалициялык күчтөрдүн Иракка басып киргенинин эки жыл болду. Бү күндү утурлай дүйнө өлкөлөрүндө согушка каршы жана Ирактан чет элдик аскерлерди чыгап кетүүгө чакырган демонстрациялар өттү. АКШ президенти Буш болсо Саддамдын режиминин кулатуу Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө демократиялык реформаны баштоого түрткү болгонун билдирди. Жекшемби күнү Ирактын Мосул шаардык полициясынын орун басар акими өлтүрүлдү.
Дагы жүктөңүз