Дин адамдардын ой-максатына жана жүрүм-турумунө таасир этүүчү, чоң иштерге дем берчү касиетке ээ. Динди башка диндегилерге каршы же кара сантай иштерди актоо үчүн пайдалануу да жат көрүнүш эмес. Адамдардын зобун-зордукту жасоосу жана ислам ортосундагы байланыш заманыбыздын өтө талуу суроосуна айланды. Талдоочулар террорчулукка каршы согуш түпкүлүгүндө ислам экстремизмине же исламды туу көтөрүп, адамдардын бейкут турмушуна бүлүк салып, миңдеген адамдарды кара кийгизген күчтөргө каршы багытталганын айтышат. Ислам дини чындап эле кара күчкө ээби? Же аны бир ууч адамдар натуура пайдалануудабы?
Британиянын улуттук статистика башкармалыгы өткөргөн акыркы изилдөө өлкөдөгү мусулмандардын абалы башка диний жамааттарга салыштырганда өтө оор экенин, тактап айтканда, мусулмандар арасында жумушсуздук өтө жогору жана алар кыйын шартта жашашканын көрсөттү. Бул өлкөнүн мусулман жамааты үчүн жаңылык эмес. Анткени, Британ мусулман уюмдары өкмөткө бир нече ирет кайрылып, аларга жардам берүүнү өтүнгөн.
Россия президенти Владимир Путиндин Украинадагы сапары уланууда. Ал шейшемби күнү Украин телеканалында көрармандардын суроолоруна жооп берди жана эки өлкөнүн тыкыс кызматташуусун жактап, россиячыл премьер-министр Виктор Януковичтин экономикалык саясатына өз суктануусун билдирди. Сурамжылоолорго караганда, жекшемби күнкү шайлоодо батышчыл эсептелген оппозициячыл саясатчы Виктор Юшенко Янукович менен тең чыгышы ыктымал. Юшенконун тарапкерлери украин бийликтери Путиндин визитин шайлоочуларды Янукович үчүн добуш берүүгө пайдаланмак болууда деп эскертишти.
Кошмо Штаттардын Жогорку Сотунун төрагасы Уильям Ренквист (William Rehnquist) рактан дарыланат деген дүйшөмбү күнкү кабар АКШ коомчулугунда анын мураскери ким болот жана мураскердин атын атоочу президент ким деген суроону пайда кылды. 2-ноябрда америкалык шайлоочулар президент Жорж Бушту дагы төрт жылга шайлайбы же сенатор Жон Керри үчүн добуш беришеби, азырынча беймаалым. Саясый талдоочулардын айтымында, АКШнын болочок президентине түрдүү талапкерлердин ичинен Ренквистин ордуна татыктуу адамды тандап алууга туура келет.
23-октябрь – Сербиянын түштүгүндөгү Косово провинциясында парламенттик шайлоо күнү. Бул 1999-жылдын жайынан бери Улуттар Уюмунун башкаруусу астындагы провинциядагы парламенттик экинчи шайлоо. Жаңы парламент алдында Улуттар Уюму менен Косовонун келечек статусун аныктоочу сүйлөшүүлөрдү өткөрүү вазийпасы турат. Албан көпчүлүгү провинциянын эгемендигин жактаган талапкерлер үчүн добуш берет деп күтүлүүдө. Аймактын Белграддын башкаруусунда калышын каалаган серб азчылыгы добуш берүүгө бойкот жарыялашкан.
Британия өкмөтү Кошмо Штаттардын өтүнүчүн утурлай Ирактын борбордук аймактарына өз аскерлерин жибермек болду. Коргоо министри Жэфф Хундун айтымында, мындай чечим жагдайды кылдат иликтөөдөн кийин кабыл алынган. Ага ылайык Британиянын 850 чамалуу аскерлери Ирактын түштүгүнөн Багдадга жакын аймактардын бирине келип жайгаштырылат. Бул америкалык аскерлерге негизги күчтү ирактык козголоңчуларга каршы топтоо мүмкүндүгүн жогорулатат. Азыр Иракта АКШнын 140 миңдей жоокери бар.
Август айында Тажикстандагы эң жогорку диний кеңеш - уламалар кеңеши аялдардын жума намазды мечитке барып окушуна тыйуу салган эле. Кеңештин чечими көпчүлүк мусулмандарга жага бербеди. Алардын пикиринде, уламалар кеңешинин фатвасы- сунни мусулмандар арасында калыптанган диний үрп-адаттарга жана Тажикстандын конституциясына каршы келет.
Ырасмий маалыматтарга караганда Белорус Республикасында жекшемби күнү өткөн референдумга катышкан шайлоочулардын 77 проценти президенттин бийлик мөөнөтүн узартууну жакташты. Жергиликтүү жана чет элдик байкоочулардын айтымында, добуш берүүнүн натыйжасы азыркы президент Александр Лукашенконун үчүнчү мөөнөткө мамлекетти башкаруусуна “дарбазаны кенен ачты”. Борборшайлоокомдун маалыматы боюнча, саясый өнөктүккө белорус шайлоочуларынын 90 процентке жакыны катышкан. Референдумдун жыйынтыгы жөнүндө шайлоонун эртеси күнү – 18-октябрда Белорустун Лукашенкого чейинки лидери, парламенттин мурдакы төрагасы, азыр оппозициядагы Станислав Шушкевичтин пикирин сурадым. Маектешибиз 1991-94-жылдары Белорус Республикасын жетектеген.
Президент Жорж Буш АКШнын дүйнөдөгү кызыкчылыгын коргоодо эларалык коомчулук менен эсептешпестен, зарыл көрсө куралдын күчүнө таянган жана бир беткей саясат жүргүзгөн адам катары белгилүү. Анын демократ-атаандашы Жон Керри тышкы саясатта эзелкидей көп жактуу байланышты калыбына келтирип, эларалык иштерди дипломаттык жол менен чечүүгө басым жасаарын убада кылууда. АКШнын президенттигине талапкер бул эки саясатчынын саясый программасында кандай окшоштуктар менен айырмачылыктар бар?
Жекшемби күнү Белоруста президенттин бийлик мөөнөтүн узартуу боюнча жалпы элдик референдум жана парламенттик шайлоо болду. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымдашынча, бардык шайлоочулардын 77 проценти бир эле адамдын үчүнчү мөөнөткө да президент болушун колдоду. Ал эми парламентке оппозициячыл партиялардын бир да бир өкүлү шайланган жок. Оппозиция шайлоо мыйзам бузуулар менен өткөнүн билдирүүдө. Бирок КМШ аткаруу комитетинин төрагасы Владимир Рушайло добуш берүү эркин жана калыс өттү деп билдирди.
НАТОнун Ооганстандагы миссиясы боюнча альянстын мүчөлөрү арасында эки башка пикир бар экени шаршемби күнү ачык болду. Азыр америкалык аскерлер Ооганстанда аткарып жаткан миссия Түндүк Атлантика уюмуна өтсүн деген АКШнын сунушуна Германия каршы чыкты. Бирок НАТОнун башкы катчысы Вашингтондун тарабын алып, Ооганстандагы эки миссияны бардык операцияларды жетектеген бир командачы башкарганы оңдуу деген сунушту айтты.
Өзүн Грузиядан күнкорсуз деп жарыялаган Абхазиянын жаңы президенти болуп Сергей Багапшанын шайланганы дүйшөмбү күнү ырасмий түрдө жарыяланды. Бирок республикадагы кырдаал татаал бойдон калууда. Шайлоодо жеңилген экс-премьер-министр Раул Хажимбанын жактоочулары дүйшөмбүдөн шейшембиге оогон түнү бою Сухуми шаарындагы Борбордук шайлоо комиссиясынын имараты алдында нааразылык акциясын өткөрүштү. Абхазиянын негизги колдоочусу Орусия шайлоонун жыйынтыгына өтө этият баасын берди.
Малайзиянын мурдакы вице-премьер-министри Анвар Ибрагим алты жыл мурда ал кездеги өкмөт башчы Махаткир Мохамад менен эрегише кетип, ошондон кийин “бачабаздык кылды” жана коррупцияга аралашты деп соттолгон эле. Анын тарапкерлери менен байкоочулар айыпты адегенден тартып эле саясый жалаа катары баалашкан. Өткөн аптада Малайзиянын Жогорку соту 57 жаштагы Анвардан “бачабаздык жасады” деген айыпты алып салды. Эми “коррупционер” деген жалаа жокко чыгарылса, өлкөнү саясый реформалоону жана мусулман дүйнөсүндө байистүүлүктү ташбыйкаттоону өзүнүн борчу санаган Анвар Ибрагим кайрадан саясый турмушка кошула алат. Полициянын ур-токмогунан алган жараатын азыр Мюнхенде дарылатып жаткан Анвар Ибрагимден “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кабарчысы Брюс Якобс интервью алган.
АКШнын Мамлекеттик департаменти дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндигинин абалы тууралуу жылдык докладын шаршемби күнү жарыялады. Докладда ыйман эркиндигин урматтабаган сегиз өлкөнүн аты аталган. Динзарлардын абалы “өзгөчө тынчсызданткан” өлкөлөрдүн тизмесине АКШнын терроризмге каршы күрөштөгү жакын союздашы Сауд Арабиясы биринчи жолу киргенине көпчүлүк байкоочулар көңүл бурушту.
Үстүбүздөгү аптада Брюсселде диний сабырдуулукка арналган чоң жыйын өттү. Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюму каржылаган бул форумда 2001-жылдын 11-сентябрындагы алаамат окуялардан кийин Батыш Европа жана Кошмо Штаттарда мусулмандарга болгон мамиле осолдоп кеткенин исламдын өкүлдөрү жапырт айтышты. Жыйындын катышуучулары Батыштын мусулман жамаатынын радикалдуу жакка оошуна коом өзү да жооптуу деген көз карашты колдошту.
Ирактык козголоңчулар жапырыгын күчөтүүдө. Шейшемби күнү Багдаддагы полиция күчтөрүнүн баш кеңсесинин жанында болгон жардыруудан 50гө жакын адам өлдү. Ирактын өткөөл президенти Гази ал-Жавер НАТОну жана Евросоюзду өлкөдөгү кырдаалды стабилдештирүүгө көмөктөшүүгө чакырды. Ирактын ООНдогу атайын чабарманы Коопсуздук кеңешине кайрылып, январь айына мерчемделген шайлоо өнөктүгүн тынч өткөрүү үчүн Улуттар Уюмунун күчтөрүн Иракка жиберүүнү сурады. Буштун администрациясы Иракты реконструкциялоого чегерилген 18,5 миллиард доллардын 3,5 миллиардын өлкөдөгү коопсуздукту жакшыртуу жана экономиканы өнүктүрүүгө сарпталсын деп чечти.
Тажикстан 1990-жылдардын башында Москвадан күнкорсуздук алганда, аны Иран алгачкылардан болуп тааныган эле. Ошондон бери окшош тилдүү эки мамлекеттин кызматташуусу ылдам өнүгүп барат. Президент Мохаммад Хатаминин 14-сентябрда аяктаган визити да эки жак үчүн жемиштүү болду. Иран өкмөтү Сангтуда ГЭСинин курулушун бүткөрүүгө 250 миллион доллар кошмок болду.
Ооган өкмөтүнүн төрагасы Хамид Карзай Герат провинциясынын губернатору Ысмайыл Ханды кызматтан алды. Эскиден Кабулга моюн толгоп жүргөн Хандын бийликтен кетирилиши - Улуттар Уюмунун атайын чабарманы Жан Арнонун айтымында - алдыдагы президенттик шайлоону тополоңсуз тынч өткөрүп алууга шарт түзөт. Ысмайыл Хан жана башка бир катар лашкер башчылар өкмөттүн куралсыздандыруу жана алардын жеке аскерлерин таркатуу планын колдобой жатышкан.
Өткөн жылы Иран өзүнүн өзөктүк программасынан чыккан кризисти токтотуу ниетин көрсөтүп, уранды байытуу токтотулат деп Франция, Британия жана Германияга убада берген. Бирок Эл аралык атомдук агенттик - МАГАТЭ июнь айында Иранды МАГАТЭнин адистери менен кызматташпай жатат деп сындагандан кийин, ырасмий Тегеран убада сөзүнөн тайды. МАГАТЭ шаршемби күнү жарыялаган жаңы докладында Европа өлкөлөрү менен жетишилген шартты Ирандын бузганын тастыктады. Эми Европа малекеттери кандай кадам жасайт?
Россиянын түштүгүндөгү барымта кризиси качан жөндөлөт - белгисиз. Түндүк Осетиянын бийликтери билдиргенге караганда, Беслан мектебин 1-сентябрь күнү эртелеп басып алган согушчандар 354 адамды барымтада кармоодо. Алардын 130у мектеп окуучулары. Калабада 12 кишинин каны төгүлдү. Президент Путиндин сөзүнө карганда, бардык аракет барымтадагы адамдарды аман-эсен куткарып алууга жумшалууда. Непада аскерлер чабул жасаса, барымтачылар мектепти жардырып жиберери кабарланууда. Барымта кризи Путиндин Кавказда тынчтык орнотуу ниетине урулган катуу сокку болгонун талдоочулар тегиз белгилешүүдө. Соңку маалыматтар боюнча, барымтадан 26 адам, негизинен аялдар менен балдар бошотулду.
Дагы жүктөңүз