Улама-аалымдардын айтымында, Мухаммед пайгамбар аял-эркектердин денесин чыңдап, ден соолук үчүн зарурат көнүгүүлөрдү аткарып машыгуусун осуят кылган. Ал эмес, пайгамбар өзү аялы Айша менен жарышып, экинчи келген. Анткен менен, бүгүн бир катар мусулман өлкөлөрүндө аялдардын эркектер менен мелдешүүсүнө же эл аралык спорттук таймаштарга катышуусуна уруксат жок. Бирок аялдар да ага моюн сунуп беришпестен, башка өлкөлөрдөгү курдаштары сыяктуу кыймылга жеңил кийимдерди тартынбай кийген учурлар арбын.