Нью-Йорк, Вашингтон жана Нью-Жерсиде 1-августтан тартып маанилүү финансылык мекемелерди күзөтүү күчөтүлдү. Катаал чараны кабыл алууга төрт жыл мурдакы маалыматтар негиз болду. Ага карабастан АКШнын ички коопсуздук кызматынын жетекчилиги “ал-Каида” уюму чабуулду мурда эле пландаганын жана жакында ага түзөтүү киргизгенин айтышат.
Ооганстанда азыр президенттик шайлоо өнөктүгү кызуу жүрүп жаткан чак. Байкоочулар негизги күрөш өткөөл өкмөттүн төрагасы Хамид Карзай менен билим берүү министри Юнус Кануни ортосунда болот деп жоромолдошот. Анткен менен, жападан жалгыз аял талапкер - Масуда Жалалдын саясый өнөктүккө катышуусу да чоң кызыгууну жаратууда.
Ирактын сабий-мадей жамааты өлкөдөгү эң чакан, тынч жана башкалардан коомай жашаган эл. Сабейлер өз динин Жер бетиндеги эң байыркы дин деп эсептешет жана өздөрүн Адам атага берилген каттын жолдоочулары деп билишет. Тарсалар ыйык туткан “Тоорат” китебинде Адамды Жер бетиндеги биринчи адам деп жазат.
Ирактык барымтачылардын пакистандык эки жаранды өлтүрүүсүн ырасмий Исламабад бейшемби күнү айыптады. Козголоңчу топтун барымтадагы чет элдиктерди өлтүрүүсү, алардын чет элдиктери Иракка аскер жөнөткөн өлкөлөргө кысым көрсөтүү үчүн кеңири колдонууга алганын дагы бир ирет тастыктайт.
Кошмо Штаттардын түндүк чыгышындагы Бостон шаарында оппозициядагы Демократтык партиянын улуттук курултайы уланууда. Жыйындын экинчи күнү партиянын беделдүү мүчөлөрү Буштун администрациясын америкалыктардын үмүтүн актабады, эл аралык коомчулукту бөлдү деп сындашты. Ал эми президенттикке талапкер Жон Керринин принципиалдуу жана өзүнө ишенген курч баштоочу деп мүнөздөштү. Керринин зайыбы болсо, анын күйөөсү АКШнын дүйнөдөгү ордун бекемдөөгө “опол тоодой” салым кошот деди.
Македониянын парламенти борбордук бийликти бөлүштүрүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун талкуулоого чогулган дүйшөмбү күнү өлкө байтакты Скопьеде миңдеген адамдар катышкан нааразычылык акциясы өттү. Мыйзам Евробримдик арачылыгы менен жетишилген тынчтык келишимдеринин маанилүү бөлүгү. Үч жыл илгерки парламенттеги талкуу улуттар аралык жаңжал менен бүткөн болчу. Талдоочулардын айтымында, славян көпчүлүгү муниципалдык бийликтердин чек арасын өзгөртүү жөнүндөгү мыйзам өлкөнү улут-улутка бөлүп жиберет деп, ага карамандай каршы.
170 жылдан ашуун мезгилден бери Кошмо Штаттардын ири саясый партиялары президенттикке жана вице-президенттикке талапкерлерин жалпы улуттук жыйында тандашат. Күчтүү талапкер курултайга чейинки шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө алдыга суурулуп чыгышканы менен, алардын программалык сөзү, улуттун болочок баштоочусу катары карманчу стратегиясы ушул жыйында сындан өтөт. Дүйшөмбү күнү Бостондо Демократтык партиянын курултайы ачылат. Бул чоң саясый “спектакль” партиянын келечек багыты жана ийгилиги үчүн өтө маанилүү өнөктүк саналат.
Британияда хижабды коргоо жыйыны түзүлдү. Аты айтып тургандай эле, мусулман аялдардын мамлекет тарабынан каржыланган Батыш Европанын окуу жайларында хижаб кийип, же башын жоолук менен ороп жүрүүсүн коргоону көздөйт. Хижаб маселеси келип “мусулман аялдар Британия сыяктуу секулярдык өлкөдө кандай кийинип жүрүшү шарт?” деген суроо туудурат.
Канадалык журналист-фотограф аял Захра Каземини өлтүрдү деп күнөөлөнүп жаткан Ирандын чалгындоо кызматынын агентинин үстүнөн сот иши жекшемби күнү токтоду. Каземинин үй-бүлөсүнүн кызыкчылыгын коргоп жаткан белгилүү адвокат Ширин Эбади сотту маанилүү күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн жашырып койду же эске албады деп күнөөлөдү. Эбади айым тынчтыктын Нобель сыйылыгынын лауреаты.
Корей жарым аралын ядролук куралсыз аймакка айлантууда Россия менен Түштүк Корея чогуу аракеттенмек болушту. Мындай билдирүү эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери Сергей Лавров менен Бан Ки Мундун ишемби күнү Сеулда аяктаган сүйлөшүүсүнөн кийин жасалды. Түндүк Кореянын өзөктүк куралдарды өнүктүрүү программасынан келип чыккан кризис, Лавровдун билдиришинче, өлкөнүн коопсуздугуна “ишенимдүү” кепилдик берүү жана экономикалык “туңгуюктан” чыгууга көмөктөшүү аркылуу жөндөлүшү шарт.
Багдадда тынчтыкты бузуп, аба жарган октун, жер солкулдата жарылган бомбанын үнү басыла элек. Ошон үчүн жаштар көп убактын үйдө өткөрүшөт. Тобокелге салып, көчөгө чыгышса, мечитке намазга барышат же интернет-кафелерде теңтуштары менен кездешет. Спорт клубдар, дискотекалар жана театрлар дээрлик иштебейт.
1-июлда АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл Судандын батышындагы Дарфур провинциясында болуп кайтты. Пауэллдин артынан эле калабалуу аймакка келген Улуттар Уюмунун башкатчысы Кофи Аннан Судан бийликтерин араб согушчандары же жанжавиддердин кара африкалыктарды кырып-тоноосун токтотууга чакырды. Пауэллдин билдиришинче, Вашингтон тез арада аймакка эл аралык соопчулук уюмдарынын киргизилишин жана жанжавиддердин куралсыздандырылышын каалайт.
Ирак бир жылдан ашык мезгилден кийин кайрадан эгемен өлкө болду. Анын күнкорсуздугунун калыбына келтирилиши менен тышкы жардам көбөйөбү? Көпчүлүк талдоочулар Иракта коопсуздук жагдайы жакшырмайынча эл аралык коомчулук жардам берүүгө өтө эле ашыкпайт деген пикирде. Ошон үчүн Аяд Алави башындагы жаңы бийлик козголоңчуларды басып, элдин урматына жетишүүсү абзел дешет байкоочулар.
Ирактын АКШдагы элчиси болуп дайындалган Ренд ар-Рахим айым үстүбүздөгү жумада Вашингтондо Америка коомчулугунун өкүлдөрү менен кездешти. Элчи Америка бейөкмөт ишкерлери институтунда өткөн жолугушууда эгемен Ирактын жаңы өкмөтү алдындагы милдеттер, өлкөнүн коопсуздугу жана келечеги тууралуу кеңири ой бөлүштү.
Улуттар Уюмунун Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиги - МАГАТЭ жекшемби күнү Иранды өзөктүк программасынын алкагында центрифугаларды курууну токтотууга чакырды. Иран 29-июндан кечиктирбестен центрифугаларды курууну улантарын өткөн аптада кабарлап, ошол эле учурда уранды байытууну саалгытып тураарын билдирген. МАГАТЭ мындан бир нече күн мурдакы резолюциясында Иран бийликтерин эл аралык инспекторлор менен кеңири багытта кызматташпаганы үчүн сындаган болчу.
Кошмо Штаттары Ирактын жаңы өкмөтүнө өлкөдөгү бийликти мурда мерчемделгенден эки күн илгери өткөрүп берди. Ирактык лидерлер өлкөнү эми америкалык убактылуу администрациясыз өздөрү башкара баштайт. Эркиндик Иракка тынчтык алып келеби же жаатыштыкты дагы курчутабы?
30-июнда Ирактагы бийлик АКШ башындагы көп улуттуу күчтөрдөн ирактыктардын өздөрүнө өтөт. Анын алдында ирактык козголоңчулардын чабуулдары күчөдү. Ишемби күнү Хилла шаарында эки автомобилге коюлган бомба жарылып, андан кеминде 40 киши өлдү. 50гө жакын адам жарадар болду. Ирактын утурумдук өкмөтүнүн башчысы Аллавинин билдиришинче, татаал кырдаал январь-март айларына белгиленген жалпы элдик шайлоонун өз мөөнөтүндө өткөрүлүшүнө жолтоо болушу мүмкүн.
Саудиянын бийликтери падышалыкта иштеген чет элдик адистердин жүрөгүнүн үшүн алып, бир нече айдан бери өлкөнү да коогага салып жаткан террорчу топту чоң жоготууга учуратты. Жума күнү түн ичинде өткөрүлгөн операция кезинде өзүн “Арабия жарым аралындагы “ал-Каида”” деп атаган топтун башчысы жана үч согушчаны жок кылынды. Согушчан деп шектелген 12 адам кармалды. “Ал-Каиданын” жергиликтүү кол башчысынын өлтүрүлүшүн тактынын мурсакери, ханзада Абдулланын кеңешчиси Абдул ал-Жубейр топко урулган “орду толгус сокку” деп атады.
Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү Ирактын күнкорсуздугун калыбына келтирүү жөнүндөгү резолюция боюнча бир мунасага келишти жана аны бүгүн куптандан кийин бекитишет. 30-июнда америкалыктар бийликти Ирактын убактылуу өкмөтүнө өткөрүп берет. Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү резолюциянын акыркы долбоору Ирак өкмөтү коопсуздук иштерин толук контролдоосуна мүмкүндүк түзөт дешет. БУУнун чабарманы Лахдар Брахиминин айтышынча, Ирак өкмөтүнүн алдындагы эң чоң милдет өлкөнүн коопсуздугун камсыздоо болот.
Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши өзүнүн жекшемби күнкү жыйынында Иракта 30-июндан кийин киргизилчү коопсуздук чараларын талкуулады. Бул күнү Кошмо Штаттары башындагы коалициялык күчтөр бийлик укуктарынын бир бөлүгүн Ирактын өткөөл өкмөтүнө өткөрүп беришет. АКШнын БУУдагы элчиси Жон Негропонтенин айтышынча, Коопсуздук Кеңеши кабыл алынчу резолюция боюнча бир мунасага жетишкени калды.
Дагы жүктөңүз