Жума күнү Бонндо отун энергиясынын жаңыланма түрлөрүн пайдаланууга арналган бийик деңгээлдеги эл аралык конференция аяктады. Германиянын канцлери Герхард Шрөдер жана Британиянын премьер-министри Тони Блэр жыйында сүйлөгөн сөздөрүндө дүйнөлүк мунай өндүрүү бүгүнкү күндө террорчулардын чабуулуна көз каранды болуп калганына көңүл бурушту. Анын далили катары Шрөдер май айынын соңку күндөрүндө Саудияда иштеген чет элдик адистер жашаган турак жай комплексине кол салууну атады.
Көпчүлүк батыштыктар исламды эркек жана аялдар ортосундагы теңсиздикти ташбыйкаттаган дин катары ойлошот. Ошон үчүн Батыштын мусулманчылыкка өткөн тарса аялдарына таң калышып, “Эмне үчүн эркин коомдо өскөн билимдүү аял эркектерге көп аял алууга уруксат берген ислам динине өтүшүп, башынан аягына чейин оронуп-чулганып жашай башташат?” деген сыяктуу суроолорду коюшат. Айрым аялдар күйөөгө чыгуунун амалын издеп, бөтөн динге өтөт дегендер да бар.
Рим-католик чиркөөсүнүн жетекчилиги 14-майда жасаган билдирүүсүндө тарса-католик аялдарды мусулмандарга күйөөгө чыгуудан этият болууга чакырды. Католик чиркөөсү - дүйнөдөгү ири диндер сыяктуу – конфессиялар ортолук же диндер аралык үй-бүлө курууну колдобойт. Бирок Ыйык Ватикандын соңку кайрылуусун байкоочулар Рим католик чиркөөсү дүйнөдөгү бардык тарса чирөөлөрүн баш коштурууга бел байлаган сыяктуу деп боолгошууда.
11-май күнү Михаил Саакашвилинин Грузиянын президенти болуп шайланганына 100 күн толду. “Роза революциясынын” жолбашчысы эл арасында өтө популярдуу. Бирок грузин жетекчилигинин коррупцияга каршы айоосуз күрөшү учурунда адам укугун бузууларга жана мыйзамсыздыкка жол берилип жатканы жөнүндө тынчсыздануулар арбын айтылууда. Бул, сынчылардын айтымында, жарандык коомдун өнүгүшүнө зыян келтирип, аны алсыратууда. Айрым талдоочулар Саакашвилинин жаңылыштыгы анын башкаруучулук тажрыйбасынын жетишсиздигинен болууда дешет.
АКШ президенти Жорж Буш менен коргоо министри Доналд Рамсфелдди саясый оппоненттери Ирактагы согуштун башкы күнөөкөрү деп эсептешет. Америкалык аскерий полицайлардын ирактык туткундарды кемсинтип-кордогон фотосүрөттөрү жарыяланып кеткенден кийин, АКШ Конгрессинин кээ бир мүчөлөрү Рамсфелди кызматтан кетирүүнү же өзү кетүүсүн талап кылышууда. Министр Рамсфелддин болочогу кандай болот?
Жекшемби күнкү террордук жардыруудан ажал тапкан Чеченстандын президенти Ахмед Кадыров дүйшөмбү күнү өзүнүн Центорой кыштагында жайга берилди. Бир жылдары адаватчы болуп жүрүп, кийин Москванын тирегине айланган 52 жаштагы мурдакы муфтийдин өлүмү Чеченстанды жетекчисиз калтырды. Мамдуманын айрым таасирлүү мүчөлөрү Чеченстанды мурдакыдай президенттик башкарууга өткөрүүнү сунуш кылышууда. Мурда өзүн актабаган түз башкарууга президент Путин мауклдук бербеши мүмкүн. Анткен менен, Москва үчүн Кадыровдун ордун толтурчу адамды табуу жеңил болбойт.
Ирактык козголоңчулардын колунда азыр барымтада сегиз чакты чет элдик бар. Барымтачылардын айтышынча, италиялык аскерлер Ирактан чыгып кетпесе, алардын үч жердеши туткундан бошотулбайт. Үч жапон жараны уурдалганда да ушундай талап коюлган. Барымтадагы адамдардын тагдыры тууралуу кабарларга айрым өлкөлөрдүн маалымат каражаттарында чектөөлөр коюлууда. Анын себеби эмнеде? Мындай чектөөгө карата адистер эмне дешет?
Ооганстандагы козголоңчу топтордун бири- радикалдуу “Хезб-и-Ислами” кыймылынын бир жааты өлкөдө тынчтыктын орношуна жана ырасмий бийликтер менен кызматташууга каршы эмес экенин билдирди. Бу мазмундагы билдирүү ооган өкмөт башчысы Хамид Карзай катардагы талиб жоокерлери менен офицерлерин урушту токтотуп, өлкөнү курууга жардамдашууга чакыргандан кийин жасалды. Бирок, “Хезб-и-исламинин” кызматташууга ынтызар мүчөлөрүнүн арасында топтун ана башы Гулбиддин Хекматияр жок.
2004-жылдагы Дүйнөлүк экономикалык атаандаштыкка арналган изилдөөнүн жыйынтыгы 5-майда Лозанна шаарында жарык көрдү. Көлөмдүү изилдөөгө караганда экономикалык ишкердик үчүн дүйнөдөгү эң мыкты өлкө - Кошмо Штаттары. Акыркы кезде Россия, Ортолук жана Чыгыш Европада да бизнес чөйрөсү тез жакшырып барат. Бирок бу региондо демократия, шарданалык кеңири кулач жая элек. Тамыры терең коррупция тышкы капиталдын келүүсүнө кедергисин тийгизип жатканын изилдөөчүлөр чоң кемчилик катары белгилешет.
Кошмо Штаттардын аскерий жетекчилиги Ирактын мурдакы Республикачылар гвардиясынын генералы Жасим Мохаммед Салехти Фаллужадагы Ирак коопсуздук күчтөрүнүн башчысы кылып дайындоо жөнүндөгү баштапкы планынан баш тартты. Фаллужага жайгаштырылчу ирактык күчтөрдүн башчылыгына генерал-майор Мохаммад Латиф дайындалчудай болууда. Латиф мурда коопсуздук кызматында иштеп, Саддам бийлигинин акыркы жылдары сүргүндө жүргөн. Генералдарды алмаштыруу Фаллужада тынчтык орнотууга мүмкүндүк береби, азырынча белгисиз.
Израилди башкаруучу “Лихуд” партиясы премьер-министр Ариел Шарондун жөөт аскерлерин жана жөөт тургундарын Газа тилкесинен чыгарып кетүү жөнүндөгү планын колдогон жок. Жекшемби күнү өткөн бул добуш берүүнүн жыйынтыгы, талдоочулардын айтымында, АКШ президент Жорж Буштун администрациясын осол абалга койду. Ак Үй Шарондун планын эл аралык коомчулуктун сындоосуна карабастан колдоп жаткан эле.
Талдоочулардын айтымында, Кошмо Штаттардын Израил жана Иракта жүргүзгөн саясатына байланыштуу араб дүйнөсүнүн айрым бөлүктөрүндө америкалыктарга болгон жек көрүүчүлүк күч алууда. Арабдардын көңүлүн алып, колдоосуна жетишүү үчүн АКШ өкмөтү тышкы саясатында мусулмандарга көбүрөөк көңүл бурушу абзел дешет байкоочулар.
Үстүбүздөгү айда Германиянын мусулман жамааттарын бириктирген эки чоң кеңеш террорчулукту ислам дининин табиятына сыйбаган көрүнүш ирети айыптады. Бул мусулмандарды баш коштурган мартабалуу эки уюм чогуу өткөргөн алгачкы жышаана болду. Акыркы жылдары Германияда жашаган түрк тилдүү калктардын Ислам кеңеши менен башка мусулман элдердин Борбордук кеңеши террорчулукту үзбөй, бирок өз-өзүнчө сындап жүрүшкөн.
Испаниянын жаңы өкмөтү Ирактагы испан аскерлерин мүмкүн болушунча тез арада мекенине чыгарып кетүүнү буйруду. Кошмо Штаттары башка өлкөлөр да Иракта аскерлерди кармап туруу зарылдыгын карап көрүүсү ыктымал деп боолгойт жана терроризмге каршы күрөштө Испания менен эриш-аракак иштей берээрин билдирди.
Европанын өнүгүү жана реконструкциялоо банкы, кыскача аталышы ЕБРР Өзбекстанда мамлекеттик секторго караштуу долбоорлорду каржылоосун токтотту. Банктын билдирүүсүнө караганда, мындай чечимди жасоого ырасмий Ташкендин демократия жана адам укугу жаатындагы реформаларды үзгүлтүккө учурутканы негиз берди. Бейөкмөттүк уюмдар банктын бу кадамын колдошту.
Чех республикасынын эли Европанын башка өлкөлөрүнүн калкына салыштырмалуу динге көп берилген эмес. Коммунисттик заманда динзарларга катуу кысым көрсөтүлгөндүктөн, Чехиядагы кээ бир чиркөөлөр менен ибадатканалар классикалык музыка угуучу жайларга жана көрсөтмө уюштуруучу жерлерге айланган. Салттуу эмес диндердин ичинен ислам - чехтер үчүн жаңы дин. Ошентсе да 10 миллион элдүү Чехияда азыр 10 миңге жакын мусулман бар жана барган сайын ислам динин кабыл алган чехтердин саны өсүүдө. Чехтер эмне издеп, мусулманчылык жолуна түшүүдө?
Шаршемби күнү Москва шаардык соту орусиялык илипоз Игорь Сутягинди Кошмо Штаттардын пайдасына тыңчылык кылып, мамлекетке чыкынчылык жасады деген жыйынтыкка келди. Соттун чечими менен окумуштуу 15 жылга эркинен ажыратылды. Бир күн илгери антчылар соту (суд присяжных) атомдук куралдар боюнча адис-эксперт Сутягинди күнөөлүү деп тапкан болчу. Игорь Сутягин соттун чечимин уккандан кийин, ал чет өлкөгө басма сөзгө жарыяланган гана маалыматтарды бергенин айтып, күнөөлүү эмес экенин билдирди. Айыпкердин адвокаттары Конституциялык сотко кайрылмак болушту.
Иракта жекшемби күндөн бери күч алып жаткан айкаштар шиит диниятчысы Муктада ас-Садрдын ысмын алдыңкы планга чыгарды. Акыркы күндөрдөгү кагылышууларда, соңку маалыматтар боюнча, ирактык 46 жана коалициялык күчтөрдүн 9 жоокери набыт болду. Ас-Садрдын тарапкерлери Басра шаардык өкмөтүн басып алышты. Жаш динаятчыны Ирактагы америкалык администрациянын башчысы Пол Брэмер “мыйзамды бузду” деп жарыялады. Бу кооганын артында турган Муктада ас-Садр деген ким өзү?
“Дин жана коом” берүүсүнөн “Хизб ут-Тахрир” партиясы жөнүндө уга аласыздар. Уюмдун Лондондогу башкеңсесинин өкүлү доктор Имран Вахид, диниятчылар М.Жумановдун, А.Асранкуловдун, С.Камалуддин жана башка адамдардын исламчыл бул кыймыл жөнүндөгү пикирлери менен тааныша аласыздар.
Дагы жүктөңүз