Улуттар Уюмунун башкы катчысы Кофи Аннан өзү жетектеген мекеменин мартабалуу айрым кызматкерлерин өз ыктыяры менен кызматтан кетүүгө чакырды. Ал бу кадамга бейтарап комиссиянын иликтөөсү жарыялангандан кийин барды. Бу докладда уюмдун коопсуздук ишине жооптуу жетекчилери Ирактагы калабалуу кырдаалга жетерлик көңүл бурушпады, эгерде тийиштүү коопсуздук чаралары маалкатпай көрүлсө, көпчүлүк кызматкерлердин өмүрүн сактап калууга болоору баса көрсөтүлөт
Бүгүн (29- март, дүйшөмбү күнү) эртең менен Ташкендин “Чарсу” базарында жана Бухара шаарында бир нече жардыруу болду. Өзбек бийликтеринин маалымдашынча, террордук жардыруулардан бери дегенде 19 киши өлдү, 26 киши жарадар болду. Набыт болгондордун алтоосу - полиция кызматкерлери. Жыйырма чамалуу адам жарадар болду. Өзбекстандын тышкы иштер министрлигинин өкүлү Илхом Закиров шектүү адамдар кармалып, суракка алынып жатканын билдирди. Өзбекстандын башкы прокурору бомба чабуулдары үчүн тыйуу салынган “Хизб ут-Тахрир” жана Өзбекстан ислам кыймылын күнөөлөдү.
Бүгүн (29-март, дүйшөмбү күнү) эртең менен Ташкенде бир нече жардыруу болду. Ройтер агенттигинин маалымдашынча, бомба шаардын ортосундагы эң чоң “Чорсу” базарындагы бал дүкөнүнүн алдында жардырылып, андан эки киши өлдү. Жыйырма чамалуу адам жарадар болду. Өзбекстандын тышкы иштер министрлигинин өкүлү Илхом Закиров “бир нече террордук аракеттин” болгонун жана шектүү адамдар кармалып, суракка алынып жатканын билдирди.
1-февралдан тартып Улуттар уюмунда иштеген кумса түгөйлөргө (гомосексуалдарга) кадыресе бүлөлөр сыяктуу жеңилдиктердин берилиши уюмга мүчө ислам өлкөлөрдүн нааразылыгын жаратты. Жеңилдик кумсалык ырасмий түрдө таанылган өлкөлөрдүн гана жарандарына берилген эле. Бу чараны Канада жана Евробиримдиктин мүчөлөрү жакташты. Ислам өлкөлөрү кумсалыкты мартабалуу эларалык уюмдун башкеңсесинде мыйзамдаштыруу үй-бүлө баалуулуктарына залал тийгизет деп кооптонушат.
Хосе Мария Аснар башындагы Испаниянын өкмөтү АКШ президенти Жорж Буштун Ирак саясатын өтө ишенимдүү колдогон. Бирок өткөн аптада Мадридде болгон бомба чабуулдарынан кийин шайлоочулар оппозициядагы Социалисттик партияга ооп, Аснардын өкмөтү бийликтен кетти. Жаңы премьер-министр болчу Сапатеро испан аскерлери Ирактан чыгарылаарын, өлкө тышкы саясатта Иракка согуш ачууга башынан каршы турган Германия менен Францияга ыктаарын эскертүүдө. Мадриддин бул кадамына Вашингтон кандай карайт?
2-март күнү Ирактын Кербала жана Багдадда шийилерге каршы жасалган бомба чабуулунан 140тан ашуун адам курман болду. Ушул калаймандан кийин “АКШ башындагы коалициялык күчтөр ирактыктардын коопсуздугун жетерлик камсыздай алабы?” деген суроо курч коюла баштады.
Румыниянын ортодокс чиркөөсү февраль айында кабыл алган чечимге ылайык, диний кызматкерлер партияларга мүчө, парламентке мүчө боло алышпайт же өкмөттүк кызматтарды ээлей алышпайт. Бу чечим жай айына чейин аткарылыш керек. Башкаруучу Социал-демократтык партия, ошондой эле саясатка аралышып жүргөн динаятчылар үчүн ортодокс жетекчилигин чечими күтүүсүз болду. Кошумчалай кетчү нерсе, Балкан өлкөлөрүндө жана Россияда ортодок чиркөөсү менен өкмөттүн карым-катнашы дале күчтүү. Ошентип, Румыниялык тарсалардын диний башчылыгынын мындай кадамга баруусуна эмне түркү болду?
Ирактын башкаруучу кеңеши өлкөнүн убактылуу конституциясына кол коюуну кийинге калтырды. Мерчем боюнча өткөөл мезгилдин конституциясына (бүгүн) шаршемби күндөн кечиктирилбей кол коюлуш керек болчу. Маанилүү иш-чараны токтото турууга шаршемби күнү Багдад жана Кербала шаарларында шийилерге каршы жасалган чабуулда 170 чамалуу адамдын курман болушуна байланыштуу жарыяланган аза күтүү себеп болду. Аза күтүү зыяпаты үч күнгө созулат.
1-март күнү Европа Биримдиги (ЕБ) америкалык товарларга каршы соода санкциясын жарыялады. АКШ өкмөтү сыртка товар экспорттоочуларга берген жеңилдиктерди Дүйнөлүк соода уюму мыйзамсыз деп тапканына карабастан, Вашингтон эки жылдан ашуун мезгил ага көңүл бөлгөн эмес болчу. Евробиримдик соода санкциясы Ак Үйдү ийге келтирет деген үмүттө. Күткөндөй эле президент Жорж Буш ошол эле күнү Конгресске кайрылып, АКШ - Евробиримдик арасындагы араздашууну токтотууга зарыл иш чараларды кабыл алууга чакырды.
Ирактын башкаруучу кеңешинин мүчөлөрү 1-марттын таңында өлкөнүн убактылуу конституциясын даярдап бүтүштү. Ошентип катаал сүйлөшүүлөрдөн кийин исламдын ролу, күрт автономиясынын статусу жана аялдардын улуттук парламенттеги орду боюнча талашка чекит коюлду. Убактылуу конституция Ирактын 30-июнга чейин түзүлчү жаңы өкмөтү колдончу башмыйзам. Өлкөнүн туруктуу конституциясын келерки жылда болот деп мерчемделген жалпы элдик добуш берүүдө шайланган парламент иштеп чыгат.
Россия – Грузия ортосундагы мамилелерди жакшыртууну көздөгөн президент Михаил Саакашвили үстүбүздөгү айдын он экисинде өлкөдө чечен жикчилеринин “аскерий базасы боло албайт” деп эскерткен болчу. Андан бир жумадан кийин Саакашвили бийликтерди ислам фундаменталисттерине, атап айтканда, ваххабизм идеяларына каршы чечкиндүү күрөшкө чакырды. Грузиянын жаңы президентинин мындай билдирүүлөрдү жасоосуна эмне өбөлгө болду?
Иранда жума күнү болгон парламенттик шайлоонун расмий жыйынтыгы чыга элек. Алдын ала эсептөөлөргө караганда, шайлоочулардын көбү консерваторлорду колдошкон. Бирок реформачыл партиялар алардын тарапкерлери шайлоого катышпагандыктан, эскичилдер жеңишке жетээрлик добуш топтой албаганын айтышууда. Эскичилдер топтолгон Көзөмөл кеңеши 2,5 миңге жакын реформачыл талапкерди шайлоодон четтеткенге байланыштуу, бир катар реформачыл партиялар шайлоого бойкот жарыялашкан болчу.
Өткөн аптанын соңку күндөрү Флорида штатынын Бока-Рейтон шаарында Чоң жетиге мүчө 7 өлкөнүн финансы министрлеринин кездешүүсү болду. Министрлер башка экономикалык маселелерге катар Америка долларынын наркын туруктуу кармоонун жолдорун да талкуулашты. Бул жыйындын соңунда кабыл алынган билдирүүдө Кошмо Штаттардын улуттук акчасы-долларды жөлөп-тайоонун зарылдыгы да белгиленет.
Өткөн жылдын аяк ченинде президент Жак Ширак мамлекеттик мектептерде диний символдорду тыйуу боюнча мыйзам иштеп чыгууну сунуш кылган эле. Бул сунушка ылайык, үстүбүздөгү аптанын шейшемби күнү Франциянын Улуттук Ассамблеясы көпчүлүк добуш менен жаңы мыйзам долбоорун кабыл алды. Мыйзам мусулман кыздардын жоолукчан, жөөт балдардын башына такыя кондуруп, ал эми тарса окуучулардын олчойгон крест тагынып сабакта отуруусуна тыйуу салат.
Cенатор-демократ Жон Керри мурдакы жеңиштерин бекемдеп, Виргиния жана Теннесси штаттарында да партиялаш атаандаштарын утуп чыкты. Байкоочулардын айтымында, Керринин шейшемби күнкү ийгилиги, анын ноябрда болчу президенттик шайлоодо Жорж Буш менен таймашка чыгуу мүмкүндүгү күчтүү экенин күбөлөйт.
Ырасмий Пхеньян пакистандык окумуштуу Абдул Кадыр Хандын Түндүк Кореяга өзөктүк куралдардын технологиясына тиешелүү маалыматты бергени тууралуу сөзүн “жалган” деп жарыялады. Илмпоз өткөн жумада Түндүк Корея, Иран жана Ливияга атомдук куралды жасаганга керектүү жашыруун маалыматтарды бергенин мойнуна алган. Түндүк Кореянын Тышкы иштер министрлиги шейшемби күнү тараткан билдирүүдө, Хандын сөзү Кошмо Штаттардын “негизсиз дооматы” деп сындалды.
Жекшемби күнү эртең менен жапониялык аскерлердин бир тобу Кувейттен Иракка келишти. Жапониянын коргонуу күчтөрүнүн аскерлери Ирактын түштүгүндөгү Самава шаарчасына жайгашып, согуштан бүлүнгөе өлкөнү кайра куруу иштерине жардамдашат. Бул - жапониялык жоокерлердин Экинчи дүйнөлүк согуштан бери биринчи жолу согуш жүрүп жаткан аймакка жиберилүүсү.
Сауд Арабиясындагы ыйык Мекке шаарына ажы болуу ниети менен келген 2 миллионго жакын зыяратчы ушул тушта парзын сакат кылышып, Медина шаарына аттанганы турушат. Айрым зыяратчылар Меккеден түз эле өз мекендерине сапар алышат.
Кошмо Штаттардын Демократтык партиясы шейшемби күнү жети штатта алгачкы деңгээлдеги “праймериз” деп аталган добуш берүүнү өткөрдү. Талапкерлердин “көчүнүн алдында” бараткан Жон Керри беш штатта жеңип чыкты. Анын атаандаштары Жон Эдвардс менен Уэсли Кларк бирден гана штатта ийгиликке жетишти. Керринин жеңиши ноябрда болчу президенттик шайлоодо анын Жорж Буш менен атаандаш болуу мүмкүнчүлүгү зор экенин күбөлөйт.
Украинанын парламенти бүгүнкү кезексиз сессиясында өлкө президенти Леонид Кучманын Конституцияны өзгөртүү боюнча киргизген сунушуна каршы добуш берди. Ошентип, президентти жалпы эл мурдакыдай эле ачык добуш берүү менен шайлайт. Кучма “президентти парламент шайласын” деп сунуш кылып жаткан.
Дагы жүктөңүз