Үстүбүздөгү жумада Кошмо Штаттарынын улуттук акчасы - доллар арзандоосун токтотуп, кыска мөөнөткө кубаттана түштү. Доллардын арзандоосу анын дүйнөлүк рыноктогу атаандашы евронун күчтөнүшү менен коштолуп, Европа өлкөлөрүнүн экономикалык өсүүсүнө коркунуч туудуруп жаткан. Талдоочулар доллар акыркы айларда жоготкон кубатын тез арада калыбына келтирээрине ишенишпейт. Алардын айтышынча, доллардын тагдыры АКШ өкмөтүнүн колундагы иш.
Бейшемби күнү Жаңы Делиде Индия өкмөтү менен кашмирлик сепаратчылардын кездешүүсү башталды. Бул - Индия өкмөтү менен кашмирлик жикчилердин саясый жетекчилигинин 1989-жылдан берки биринчи жолугушуусу. Үч жума мурда Индия менен Пакистан 56 жылдан бери созулуп келаткан Кашмир чатагын жөндөө боюнча ырасмий сүйлөшүүлөрдү баштайлы деп макулдашкан.
Дүйшөмбү күнү Кошмо Штаттардын Айова штатында Демократтык партиянын жактоочулары менен талапкерлердин кездешүүлөрү өтөт. Бул жыйындарда өлкөнүн президенттигине талапкерлер көрсөтүлөт. Шайлоо өзү ноябрь айында болот. Айовадагы саясый өнөктүк шайлоо участкаларында өткөнү менен, кайсы талапкерде президент Жорж Буш менен беттешүүгө чыгуу мүмкүнчүлүүгү чоң экенин айкын кылат.
Француз бийликтеринин мектептер окуучуларынын сабакка диний ишенимди ашкере шарданалаган кийимди кийип, же чоң крести тагынып келүүсүнө тыйуу салуу аракети көп улуттуу өлкөнүн сикх жамаатын да козголтту. Демейде саясый турмушка көп аралашпаган сикх азчылыгы биринчи жолу өз талабын ачык айтып, эркек сикхтердин оромо селдечен жүрүүсүнө тыйуу салбоону талап кыла башташты.
Кошмо Штаттарынын мурдакы финансы министри Пол О'Нейл Си-би-ес телеканалынан жекшемби күнү көрсөтүлгөн интервьюда президент Жорж Бушту Иракка кол салууга мурдатан, тагыраак айтканда 2001-жылдын 11-сентябрына чейин эле ынтаа кылып жүргөн деп күнөөлөдү. Телемаек учурунда "жашыруун" деген грифи бар документтер да көрсөтүлгөндүктөн, Ак Үй купуя сакталчу иш кагаздарынын ачыкка чыгып кетүү себебин иликтөөнү буйруду.
Ирандын Коргоочулар кеңеши тогуз жүзгө жакын либералдуу көз караштагы талапкерди февраль айында болчу парламенттик шайлоого катыштырбоо жөнүндө чечим чыгарды. Алардын ичинде парламенттин реформачыл президент Мохаммад Хатаминин саясатын колдогон 80ден ашуун мүчөсү да бар. Мыйзамгерлердин бири ислам консерваторлорунун чечимин “кансыз төңкөрүш” деп атады.
Ишемби күнү Ирактын Амара шаарында полиция менен жумуш берүүнү талап кылган ирактыктардын ортосунда болгон кагылышуу учурунда британиялык аскерлер беш адамды атып өлтүрүштү. Британ тараптын маалымдашынча, ирактыктар аларга гранаталарды ыргытышканда, аскерлер каршы ок атууга мажбур болушкан. Даниялык аскерлер Ирактын түштүгүндө химиялык заттарды жайылтуу үчүн пайдаланылуучу снаряддарды табышканын билдиришти.
Еврокомиссиянын төрагасы Романо Проди эскерткенге караганда, Европа Биримдигинин алдында эки жол турат: Биримдиктин жаңы конституциясын бекитүү же болбосо уюмга мүчө өлкөлөрдүн бир тобунун ылдам интеграциялануу жараяны. Евробиримдиктин азыркы төрагасы, Ирландиянын премьер-министри Берти Ахерн ширкеттин мүчөлөрү интеграциялануу деңгээли боюнча бөлүнүшүн жактабады.
Президент Гейдар Алиев көз жумгандан бир жума кийин, Азербайжан, Армения жана Грузиянын парламентарийлери кездешип, Тоолуу Карабах маселесин талкуулашты. Үч өлкө парламентарийлери Шотландияда болгон кездешүүнү Карабах чатагын чечүүдөгү оң жылыш катары баалашты. Тоолуу Карабах чөлкөмүнүн армян жамааты 1991-жылы өздөрүн Азербайжандан күнкорсуз жарыялап, ошондон бери ырасмий Бакуга баш ийбейт. Тоолуу Карабах чатагынан чыккан урушта Армения Азербайжандын 14 процент жерин басып алган.
Британияда курулуган “Beagle –2” космостук кемеси 25-декабрь күнү Марс планетасына конот деп болжолдонууда. Кеменин “кызыл” планетага ийгиликтүү конуусу Британия жана Европанын космостук агенттиги үчүн өтө маанилүү. Анткени, Британия мурдакы Советтер Союзу жана АКШдан кийинки бөлөк планетага космостук кемесин кондурган үчүнчү өлкө болот.
Украинанын экономикасы өтүп бараткан 2003-жылы 9 процентке жакын өсөт деп болжолдонууда. Мындай чоң өсүш эң алды өлкөнүн химия жана металлургия өнөр жайынын акыркы жылдары дүйнөлүк базарга өтүмдүү продукцияны сата баштаганы менен түшүндүрүлөт. Анын негизинде элдин азык-түлүккө, өнөр жай товарларына жана турак-жайга болгон талабы өсүп, тамак аш, жергиликтүү машина өнөр жайы жана курулуш тармагынын жандануусун тездеткен.
Америкалык аскерлер, Саддам кармалгандан кийин, ирактык козголоңчуларга каршы күрөштү күчөттү. Апта соңундагы рейд учурунда 120дан көп адаватчы камакка алынды. АКШнын аскерий жетекчилигин билдиришинче, кармалгандардын арасында антиамерикалык козголоңчу топтордун башчылары да бар. Кошмо Штаттарынын өзүндө болсо, террордук чабуулдар болот деген коркунучтан улам, жекшемби күнү шашылыш коопсуздук чаралары көрүлдү.
Кошмо Штаттарынын деңиз аскерлери ишемби күнү Арабия деңизинин түндүгүндө маң заттары жүктөлгөн эки кайыкты туткунга алышты. Америкалык аскерий жетекчиликтин маалымдашынча, аткезчи кайыктар террорчул “ал-Кайыда” уюмуна тийиштүү болушу мүмкүн жана эки кайыктын экипажы менен “ал-Кайыданын” байланышы иликтене баштады.
Cаддам Хусейндин колго түшүрүлүшү өтө маанилүү окуя болгону менен, АКШ башындагы коалициялык күчтөргө каршылык көрсөтүү токтойт дегенди билдирбейт. Дүйшөмбү күнү Багдаддын чет жакасындагы полицайканаларда болгон террордук жардыруулардан полициянын сегиз офицери курман болду жана төрт адам жараат алды. Эрегишчи күчтөрдүн согушу токтойбу? Саддам массалык кыргын салчу куралдар кайда экенин айтып береби?
Ирактын мурдагы президенти Саддам Хусейнди америкалык аскерлер кармады деген кабар согуштун жана коркуп-кооптонуунун азабын көргөн көпчүлүк ирактыктарга жеңилдик алып келди. Ошол эле учурда диктатордун жактоочуларынын демин убактылуу болсо да басты. Бирок, байкоочулардын айтымында, Саддамдын колго түшүүсү менен, Ирактагы кагылышуулар дароо эле токтоп калчудай эместей.
Жекшемби күнү Кабул шаарында Ооганстан үчүн өтө маанилүү жыйын - Лоя Жырга ачылды. Улуу Жыйындын 500 делегаты өлкөнүн жаңы конституциясын талкуулап бекитишет. Мурдакы ооган падышасы Мухаммед Закир Шах улуу жыйынды агып жатып: “Бул конституция бекитилсе, гүлдөп-өсүүгө кепилдик берет”.- деди. Көпчүлүк делегаттар долбоордуу майда топторго бөлүнүп талкуулоого нараазы болсо, экинчи бир жамаат падышалыкты калыбына келтирүүнү талап кылмакчы.
Молдовадан өзүн күнкорсуз деп эсептеген Днестрди жээктей жаткан чакан чөлкөмдө “Алазан” тибиндеги снаряддар жоголгонун үстүбүздөгү жумада батыш маалымат каражаттары жарыша кабарлашты. Алар радиоактивдүү таштандылар менен дүрмөттөлгөн “булганыч снаряддар” болушу ыктымал деген шектенүүлөр бар. “Булганыч снаряддар” эл аралык террорчуларга сатылышы мүмкүн деген кооптонуу чөлкөмдөгү чатакты жөндөө зарылдыгын саясатчылардын эсине кайра салды.
Ооганстандагы америкалык аскерлер 9-декабрь күнү чыгыштагы Хост провинциясында ооган эрегишчилерине жана талибдердин калган-каткан күчтөрүнө каршы чабуулга өттү. Андан үч күн мурда америкалык учактар талибдерди мээлеп урган соккудан тогуз ооган бала өлүп, талибдер чыгым тартпаган. Балдардын капылет өлүмү АКШлык аскерлердин стратегиясы жана чалгындоосу тууралуу түрдүү суроолорду жаратты.
Литвада азыр саясый жагдай өтө курчуп турган кез. Атайын түзүлгөн парламенттик комиссия өлкө президенти Роланд Паксасты жана анын кеңсесин уюмдашкан кылмышкерлер менен байланышы бар, мындай байланыш мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч туудурат деп жарыялады. Парламент эми комиссиянын иликтөөсүнө таянып, президент Паксаска ишеним көрсөтпөө жараянын баштоого кам көрүүдө.
АКШ президенти Жорж Буштун Жакынкы Чыгышта демократияны жайылтуу боюнча жаңы демилгесинин мазмуну азырынча беймаалым. Бирок, Вашингтондун бардык араб өлкөлөрүн демократиялуу болууга шыктандыруу аракети чөлкөмдө кызуу талкууланып, түрдүү көз караштарды пайда кылууда.
Дагы жүктөңүз