1-декабрь СПИДге каршы күрөшүүнүн дүйнөлүк күнү. Бул күнү СПИДге каршы күрөшүүчүлөр коомчулуктун көңүлүн коркунучтуу дартка буруу максатында түрдүү иш чараларды өткөрүшөт. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун изилдөөсү боюнча, үстүбүздөгү жылы ВИЧ илдетине 5 миллион ашык адам чалдыккан жана алардын саны 40 миллионго жетти. Быйыл СПИД 3 миллионго чукул адамдын өмүрүн алат.
Лондондо мамлекеттик визит менен жүргөн Кошмо Штаттарынын президенти Жорж Буш ырасмий сапарынын экинчи күнү Британия премьер-министри Тони Блэр менен кездешти. Жолугушуудан кийинки пресс-конференцияда Буш жана Блэр террорчулукка каршы глобалдык деңгээлде күрөшүү зарыл деген ишеничте экенин билдиришти.
Парижде чыгуучу “International Herald Tribune” гезитинин акыркы сандарынын биринде таанымал улама Тарык Рамадандын саясый бейнесине арналган макала чыкты. Швецарияда мисирлик мигранттын үй-бүлөсүндө төрөлгөн Рамадан кийинки кезде Францияда катуу сынга кабылууда. Улама өзү да француз ойчулдары Бернард-Генри Левини, Андре Глюкманнды жана Бернард Кушнерди Саддам Хусейндин режимин кулатууну колдогондору үчүн сынаган эле.
АКШ президенти Жорж Буштун Британиядагы мамлекеттик визити уланууда. Президент Буш шаршемби күнү бешимге чейин Букингем сарайында канайым Елизавета менен ырасмий кездешти. Андан соң британ консерваторлору жана социал-демократтарынын башчылары менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, Лондондун Уайтхолл сарайында АКШнын тышкы саясаты жана америкалык-британиялык алакалар жөнүндө сөз сүйлөдү.
Шейшемби – Италия үчүн аза күтүү күнү болду. Өлкө 12-ноябрда Ирактын түштүгүндөгү Насирия шаарындагы бомба чабуулунан курман болгон 19 уулун келбес сапарга узатты. Бул италиялык аскерий күчтөрдүн Экинчи Дүйнөлүк согуштан берки чет жерлердеги эң чоң жоготуусу. Насириядагы террордук чабуулдан италиялыктардан башка дагы 14 адам набыт болуп, 80ден көп адам жараат алган.
АКШ президенти Жорж Буш келерки жылдын июнь айында Ирактагы бийликти ирактыктардын өз өкмөтүнө өткөрүп берүү планын жактады. Бирок, америкалык аскерлерди Ирактан чыгарып кетүү, ал кезде өлкөдө түзүлчү коопсуздуктун абалына жараша болот, - деди Жорж Буш.
“Эркин Европа/ Азаттык” радиосунун кыргыз бөлүмүнүн түзүлгөндүгүнүн 50 жылдыгына байланыштуу бөлүмдүн мурдакы кызматкерлери менен бир өткөрүлгөн маектер түрмөгүн улантабыз. Аким Өзгөн “Азаттык” радиосунун кыргыз бөлүмүнүн мурдакы директору (1990-1994). Ал азыр үй-бүлөсү менен Түркиянын Измир шаарында жашайт. Аким Өзгөн кыргыз тилиндеги уктуруулардын Кансыз согуш жылдарындагы берүүлөрүнүн өзгөчөлүгү жана өзүнүн советтик Кыргызстанга алгачкы ирет баруусу тууралуу эскерип, эгемен Кыргызстандын келечеги тууралуу ой-бөлүшөт.
“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун Кыргыз кызматынын түзүлгөндүгүнүн 50 жылдыгына байланыштуу бөлүмдүн мурдакы кызматкерлери менен бир өткөрүлгөн интервьюлар түрмөгүн сунуш кылмакчыбыз.
Исламчыл талибдерден соңку Ооганстандын конституциясынын долбоору 3-ноябрь күнү - мурда убада кылынгандан эки ай кечиктирилип - коомчулукка сунуш кылынды. Ооган жетекчилиги маанилүү документтин өз мөөнөтүндө даяр болбогонун “техникалык себептерге” шылтап жатты. Ооганстандын жаңы конституциясынын долбоорун Лоя Жырганын мүчөлөрү келерки айда болчу жыйынында талкуулап бекитишет.
Жарым жылдан кийин Европа Биримдигине кошулганы турган Латвия, Литва жана Эстониянын экономикасы акыркы жылдары күргүчтөп өсүүдө. Европа комиссиясы өткөн жумада жарыялаган маалыматка караганда, Балтика боюндагы мурдакы советтик үч республиканын өсүү ыргагы Евробиримдикке келерки жылы мүчө болуп өтчү калган 7 өлкөдөн бир кыйла жогору. Оргуштаган экономикалык өсүүнүн сыры эмнеде? Европа комиссиясынын эсеби боюнча, үстүбүздөгү 2003-жылы Латвия, Литва жана Эстониянын ички дүң продукциясы 6,6 процентке өсөт. Евробиримдиктин аткому болгон Еврокомиссия - Балтика боюндагы мурдакы советтик үч республиканын экономикасындагы оргуштаган өсүүнү эл чарбасынын бардык тармактарына инвестициянын көп салынганы менен түшүндүрөт.
Жекшемби күнү Грузияда парламенттик шайлоо болот. Байкоочулардын айтымында, шайлоодо бир да партия басымдуу көпчүлүк добушка ээ болуп, парламентти жеке башкарып калбайт. Грузиндер арасында шайлоодон кийин коңшулаш Азербайжандагы сыңары кагылышуулар болушу ыктымал деген чочулоолор бар.
Шаршемби, 15-октябрь күнү Иракта жаңы акча жүгүртүүгө чыгат. Ал Ирактын мурдакы лидери Саддам Хусейндин заманында ашыкча мол чыгарылып, өлкөнү инфляциянын терең сазына батырган эски банктнотторду алмаштырат. Ирактын коалициялык администрациясында, жаңы акчанын колдонууга киргизилиши Иракта монетардык туруктуулуктун орношуна өбөлгө болот деген үмүт бар.
Америка Кошмо Штаттарынын президенти Жорж Буш эл арасында жоголуп бараткан кадырын көтөрүү үчүн жана Ак Үй жүргүзгөн Ирак саясатын сындоочулардын көбөйүп баратканына жооп иретинде өткөн аптада бир катар кадамдарды жасады.
Палестинанын убактылуу өкмөтүнүн башчысы Ахмед Корейи жекшемби күнү жасаган билдирүүгө караганда, ал министрлер кабинетин келерки үч жума бою жетектейт да, андан кийин жаңы премьер дайындалат. Бир жума гана премьер-министр болуп иштеген Корейинин билдирүүсү Палестин жетекчилигиндеги кризисти эле эмес, Жакынкы Чыгыштын АКШ колдогон тынчтык планы жакында аткарылбасын айгинелейт.
Коррупцияга каршы күрөшүүчү “Transparency International” уюму бийлик адамдары арасындагы коррупция фактылары тууралуу 2003-жылдагы изилдөөсүн жарыялады. Изилдөө дүйнөнүн 133 өлкөсүндөгү өткөрүлгөн жана коррупциянын абалына ишкер-бизнесмендер менен катардагы жарандарды сурамжылоонун, ошондой эле кылдат өткөрүлгөн талдоонун негизинде баа берилген. Кыргызстан коррупция боюнча 133 өлкөнүн ичинен 119-орунду ээлеген.
Кыргыз президенти Аскар Акаев 2-октябрда Бириккен Улуттар Уюму-БУУнун Башкы Ассамблеясында сөз сүйлөдү. Ал БУУ өз вазийпасын аткарып бүттү деген айрым пикирлерди четке кагып, глобалдык, регионалдык, ал түгүл улуттук деңгээлдеги маселелерди чечүүдө уюм чоң эмгек жасап жатканын айтты. Ошондой эле, Кыргыз жетекчилиги коррупция менен жакырчылыкты азайтуу үчүн талыбай аракеттенип жатканын белгилеп, байдөөлөт өлкөлөрдү кедейликке каршы күрөштө жардамын аябоого чакырды.
Британиянын премьер-министри Тони Блэр башкаруучу Жумушчу партиянын шаршемби күнкү жыйынында өз өкмөтүнүн саясатын, анын ичинде өлкөнүн Ирак согушуна катышуусун чечкиндүү жактады. Соңку жарым жылда-Ирак саясатынан улам Блэрге оппозиция күчтүү болгону менен, ал сөзүн аяктаганда партиялаштары узакка созулган кол чабуулар менен алкашты.
Вашингтон Иракты кайра курууну тездетүү боюнча Улуттар Уюмуна жаңы резолюцияны даярдап жаткан кезде, Ирактагы коалициялык күчтөргө кол салуулар күчөдү. Дүйшөмбү күнү Ирактын ортолук бөлүгүндөгү ал-Халдия шаарынын четинде АКШлык аскерлердин кербенине кол салынды жана уруш төрт саатка жакын созулду. Ал эми Хавижа шаарында Саддамдын тарапкерлеринин демонстрациясы өттү.
Дүйшөмбү күнү таңга жуук америкалык аскерлер жана Ирак полициясы Саддам Хусейн туулуп өскөн Тикрит шаарында операция өткөрдү. Бирок, кылдат даярдалган бул операция натыйжасыз аяктады. АКШ армиясынын өкүлү Дэвид Пуарьенин билдиришинче, Саддамдын федаиндери жашаган 15 үй тинтилип, эч ким колго түшүрүлгөн жок. Шектүү төрт адам кармалды.
Өткөн жумада Ялтада өткөн жолугушууда Россия, Украина, Казакстан жана Белорус Бирдиктүү экономикалык мейкиндикти түзүү жөнүндөгү келишимге кол коюшту. Келишим төрт мамлекетти товарлардын, капиталдын жана жумушчу күчүнүн эркин алмашуусуна шарт түзүүгө милдеттендирет. Бул жобо тейлөө кызматтарына да тиешелүү. Постсоветтик мейкиндикте Евробиримдиктин тажрыйбасын кайталоо биринчи кезекте кимге пайдалуу?
Дагы жүктөңүз