Дүйнөлүк Соода Уюмунун Мексиканын Канкун шаарындагы жыйыны ийгиликсиз аяктаганы үчүн, анын катышуучалары жаат-жаатка бөлүнүп, каршы тараптарын күнөөлөшүүдө. Жыйын беш күнгө созулган сүйлөшүүдөн кийин бай жана жарды өлкөлөр арасындагы чет элдик инвестицияны коргоо, бирдиктүү атаандаштык жана соода эрежеси боюнча чыккан талаштан улам токтотулган эле.
Палестиналыктардын лидери Ясир Арафат Израилди өз ара айкашты токтотуп, элдешүүгө чакырды. Арафаттын билдиришинче, радикалдуу “Ислам Жихады” жана ХАМАС согушчул топтору элдешүүгө макул болушкан. Израил тарап Арафат бийлик башында турганда палестиндер менен элдешүү мүмкүн эмес дешип, жөөт аскерлери радикал палестин топторуна каршы жортуулун улантышууда.
Америка Кошмо Штаттарынын президенти Жорж Буштун америкалык араптар жана мусулмандардын ири уюмдары менен кызматташуусу айрым бирөөлөргө көп жага бербеген сыягы. Алардын бири, Вашингтондогу Коопсуздук саясаты борборунун президенти Франк Гафнинин жазышынча, Жорж Буш азыркыдай радикал-солчул ислам уюмдары менен эмес, алардын байистүүлөрү менен мамиле түзгөнү жөндүү.
Дүйнөлүк банктын эксперттери шейшемби күнү Чыгыш Европа жана Борбор Азия регионунда СПИД эпидемиясынын жайылып кетүү коркунучу бар экенин эскертти. “ХХ кылымдын жаналгычы” деп эсептелген бул илдетке каршы чечкиндүү чара көрүлбөсө, эксперттердин айтымында, региондун экономикасы өтө чоң зыянга кириптер болот.
Дүйшөмбү күнү Сауд Арабиясынын байтакты эр-Рияд шаарындагы “ал-Хайыр” түрмөканасында болгон өрттөн, соңку маалыматтар боюнча, 67 арестант набыт болду жана 23 адам, анын ичинде үч күзөтчү түтүнгө уугушуп, абалдары оор. Сауд бийликтеринин маалымдашынча, бул падышалыктын тарыхындагы эң катуу өрт болду. Абакта жалаң абийир туткундары менен “ак кол кылмышкерлер” кармалчу..
9-сентябрь күнү Корея Элдик Демократиялык Республикасынын түзүлгөнүнө 55 жыл толду. Маараке урматына ордо шаар Пхеньянда элдик жүрүш жана чакан аскерий парад өттү. Байкоочулар көптөн күткөндөй, Түндүк Корея жакында жасалган жаңы баллистикалык ракеталар пардга катыштырылбады; өлкө лидери Ким Чен Ир салтанатта демейдегидей куттуктоо сөзүн сүйлөбөдү.
Ооганстандагы америкалык күчтөр акыркы эки жумадагы аскерий операция учурунда талибдер деп шектелген 200дөй согушчанды жок кылышты. Бул операция талибдердин өз күчтөрүн өлкөнүн түштүгүндө топтоосуна жол бербөөнү көздөйт деп билдирди Ооганстандагы АКШлык аскерлердин командачысы Жон Винс. АКШнын коргоо министри Доналд Рамсфелддин айтымында, ал Ооганстандагы америкалык аскерлерди көбөйтүүнүн зарылдыгы жок деп эсептейт.
Кошмо Штаттарынын финансы министри Жон Сноу шаршемби күнү Бээжиндеги эки күндүк сапарын каарытты. Сноудун визити учурунда Кытай жетекчилиги улуттук акча юандын кубатын рыноктогу суроо-талап аныктоосу шарт экенин мойнуна алышты. Бирок, Бээжиндин юанды АКШ долларына “бекем байлоо” саясаты качан токтотулары так айтылбады. Талдоочулардын айтымында, арзан юань кытайлык товарлардын эл аралык базардагы өтүмдүүлүгүн жогорулатып, миллиондогон адамдарды жумуш менен камсыздайт.
Ливия 1989-жылкы авиажардырууда набыт болгон франциялык жүргүнчүлөрдүн үй-бүлөлөрүнө кошумча компенсация төлөп берүүгө көндү. Буга чейин Ливия маркумдардын жакындарына 33 миллион доллар компенсация төлөгөн. Август айында ырасмий Триполи 1988-жылы Шотландиянын аба мейкиндигинде болгон жардырууда өлгөн адамдардын үй-бүлөлөрүнө 2,7 миллиард доллар компенсация төлөгөнгө макулдук берген. Ливиянын лидери Муамар Каддафинин билдиришинче, эки авиакырсыкка байланыштуу иштер биротоло жабылды жана өлкө Батыш менен кызматташунун жаңы дооруна кирди.
Ишемби күнү таңга жуук Баренц деңизинде россиялык суу астында жүрүүчү эски атомдук кеме чөгүп кетти жана “К – 159” кемесинин 10 мүчөсү опат болду. Үч жыл мурда азыр кырсык болгон жайдан алыс эмес жерде суу астында жүрүүчү “Курск” атомдук кемеси кырсыкка учурап, 118 аскердин өмүрү кыйылган. Россия президенти Владимир Путиндин сөзү менен айтканда, Түндүк Флотундагы соңку кырсык – “деңиз тартип бузууну кечирбестен жазалай турганын” күбөлөйт.
Палестина автономиясынын төрагасы Ясир Арафат менен премьер-министри Мохаммед Аббастын ортосунда күч органдарын башкаруу боюнча катуу таймаш жүрүүдө. Израил 21 адамдын башын жалмаган 19-август күнкү террордук чабуулга жооп кылып, радикалдуу “Хамас” уюмунун бардык мүчөлөрү жок кылынат деп жарыялады. Жекшемби күнү израилдик тикучардын чабуулунан “Хамастын” төрт мүчөсү опат болуп, ондон көп адам жараат алды.
Чыгыш Европа өлкөлөрү акыркы он жылдагы экономикалык реформа учурунда өтө катаал сыноону баштан кечирди. Регион реформанын натыйжасында атаандашкан эл аралык автоөндүрүүчүлөр үчүн аябагандай ыңгайлуу өндүрүштүк базага жана рынокко айланган. Бүгүн Польша, Румыния, Мажарстан жана Чехиянын ишканаларында түрдүү маркадагы автомобилдер чыгат.
Бириккен Улуттар Уюмунун Багдаддагы кеңсесине шейшемби күнү жасалган бомба чабуулунан 17 киши курман болду. Алардын ичинде БУУнун Ирандагы өкүлү Сержио Виейра де Мелло да бар. БУУнун жетекчилиги чабуулду Ирак элинин эркиндигине жол бербөө аракети катары баалап, Иракта күнкорсуздукту жана коопсуздукту орнотуу боюнча жүргүзүп жаткан иштерди дагы күчөтүүгө чакырды.
Ооганстанда кырдаал - татаал. Акыркы күндөрү жүздөгөн талибдер Пактия вилайетиндеги эки чоң кыштакка кол салышып, полициякананы өрттөп кетишти. Кагылышууда ондон ашык полициячы жана аскер окко учуп, 20га жакын талиб жок кылынган. 19-августта түштүктөгү Кандагар жана башка аймактарда аскерлер чукул кырдаал абалына өткөрүлдү. Бул тушта АКШ өкмөтү Ооганстанга көмөктөшүү боюнча жаңы пландын үстүндө иштөөдө.
Батыш Иордандын Иерихо жана Калкилия шаарларынан жөөт аскерлерин чыгарып кетүү боюнча өткөн израилдик-палестиналык сүйлөшүүлөрдө тараптар бир бүтүмгө келе алышкан жок. Израилдин эки шаарда аскерий бекеттерди сактоо мүдөөсү сүйлөшүүнүн ийгиликсиз бүтүшүнө себеп болду. Палестин тарап аскер бекеттерин калтыру - мурдакы эки жактуу келишимдерди бузуу деп санайт. Сүйлөшүлөр эми шейшшемби күнү улантылат.
Ишемби күнү Уганданын мурдакы мамлекет башчысы Иди Амин келбес апарга узай берди. Ал соңку жылдары Сауд Арабиясынын Жидда шаарында жашап жаткан. Адам укугун коргоочу уюмдардын маалыматы боюнча, Иди Амин бийликте турган сегиз жыл ичинде аз дегенде 300 миң адам жок кылынган; Угандадан 10 миңдеген азиялыктар куулуп чыккан.
Европа Биримдигинин экономикасында Ирландия менен эрегишчү дагы бир “жолборс” өсүп жетилүүдө. Жолборстун аты Литва. Табигый байлыктары чектелүү бул өлкөнүн үстүбүздөгү жылдагы орточо экономикалык өсүшү 7%га жакын, ал эми келээрки жылы 6%дан кем болбойт деп күтүлүүдө. Литванын экономикалык ийгилигинин сыры эмнеде?
Ирактагы америкалык аскерлердин чыгымы акырындап өсүүдө жана “АКШ президенти Жорж Буштун Иракка каршы согуш ачышына жетишээрлик жүйөө бар беле?” деген суроого Вашингтон али негиздүү жооп бере элек. Ооганстандагы жагдай жакында кайрадан курчуй баштады. Акыркы өткөрүлгөн сурамжылоо - шайлоочулар Буштун экономикалык саясатына канааттанбаганын көрсөттү. Талдоочулар экономикада көзгө урунарлык жылыштар жасалбаса, Буш келерки жылкы президенттик шайлоодо жеңилип калышы ыктымал деп эсептешет.
Францияда жекшемби күнү чиркөөгө милдеттүү түрдө барып, сыйынууга обол 1879-жылы тыйуу салынат. Үч жылдан кийин мектептерде диний таалим-тарбия берүү биротоло токтотулат. Бүгүн Франция секулярдык мамлекет. Өлкөдөгү түрдүү диний жамааттар бирдей укукка ээ: дин-ар бир атуулдун жеке иши.
Үчүнчү жыл катар дүйнөлүк экономиканын өсүүсү солгундап барат жана анын ирделип кетерин ырастаган даана белгилер жок. Бирок, дүйнөлүк экономиканын локомотиви эсептелген Кошмо Штаттарында жана евромейкиндикке кирген өлкөлөрдүн дөө-шаасы Германияда айрым оң жылыштар бар экени байкалат. Ошол эле кезде АКШда жумушсуздук дале бийик деңгээлде калууда.
Дагы жүктөңүз