Жекшемби күнү Польшанын президенти Александр Квасьневский эки күндүк референдумдун натыйжасына маанайы жаркырап турган колдоочуларына “Өлкөнүн Европага кошулуу тилеги аткарылды” деп жарыялады. Борборшайлоокомдун алдын ала маалыматы боюнча, добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын 76 проценти Евробиримдикке өтүүнү жакташкан. Референдумдун биринчи күнү шайлоочулардын 18 проценти гана добуш бергендиктен, өлкө жетекчилиги менен байкоочулар саясый өнөктүктүн жыйынтыгы кандай болот деп чочулап жатышкан.
Ишемби күнү Кабулда германиялык аскерлерди тарткан автобус бомба чабуулуна кабылды. Тынчтык миссиясын аякташкан жоокерлерди тарткан автобусту аэропортко бараткан жолдо белгисиз жанкечтинин автомобили “сүзө келип” жарылганда, германиялык 4 жоокер өлүп, дагы 29 жоокер жарадар болду. Талдоочулардын айтымында, террордук чабуул- Ооганстан үчүн коопсуздук өтө олуттуу проблема экенин көрсөтөт.
Бейшемби күнү Россиянын курамындагы Түндүк Осетиянын Моздок шаарына жакын жерде россиялык аскерлерди тейлеген автобус жардырылды. Алдын ала маалыматтар боюнча, жардыруудан 15 адам, анын ичинде сегиз аскер курман болду. Дагы 12 адам жараат алды. Ырасмий бийликтердин айтымында, темир жолдон өтүп бараткан автобусту аял-жанкечти жардырган. Осетин бийликтери жардырууну террорчулук деп баалады.
Санк-Петербург шаарынын 300 жылдык мааракесин баана кылып, Россиянын президенти Владимир Путин 50гө жакын мамлекеттин жетекчилерин конокко чакырды. Мартабалуу коноктор Улуу Петр негиздеген шаарда сый көрүп жаткан чакта Россиянын түштүгүндөгү Чеченстанда абал татаал бойдон калууда. Жума күнү башкалаа Грозныйда автобус минага кабылып, үч адам курман болду. Эл аралык “Хьюман Райтс Уоч” уюму Санк-Петербургга тойго келген сыйлуу коноктор Чеченстандагы адам укугун бузуулар жөнүндө унутуп калбастан, Кремлдик төбөлдөрдүн эсине салып кою керек деп эсептейт.
Франциялык илимпоз Оливьер Руа Ооганстан, Борбор Азия жана ислам динине арналган бир нече китептин автору. Алардын ичинде “Жаңы Борбор Азия: Мамлекеттердин түптөлүшү”, “Саясый исламдын ойрон болушу” жана “Глобалдык ислам” деген эмгектер да бар. Илимпоз азыр Франциянын илимий изилдөөлөр боюнча улуттук борборунда бир бөлүмдү жетектейт. Оливьер Руа үстүбүздөгү аптада “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун Прагадагы баш кеңсесинде болуп, исламдын эл аралык жүзү жана радикалдуу канаты жөнүндө журналисттер менен ой бөлүштү.
Кытайдын мамлекет башчысы Ху Цзянтао 1-июнда Франциянын Эвиан шаарында өтчү өнөр жайы өнүккөн өлкөлөрдүн лидерлеринин жыйынына катышат. Буга дейре Кытай жетекчилиги “Сегиздин тобу” деп аталган бул топтун саммитине ырасмий түрдө катышкан эмес. Бирок, ырасмий Бээжиндин айтымында, Кытай “Сегиздин тобунун” жыйындарына катышууну каалаганы менен, анын туруктуу мүчөсү болууга умтулбайт.
Дүйшөмбү күнү таңга жуук Түркиянын түндүк батышында Украинага караштуу “Як-42” самолету кыйроого учурап, 70тен көп адам набыт болду. Ырасмий маалыматтар боюнча, курман болгондордун 62си испаниялыктар. Алар Ооганстандагы эл аралык тынчтык күчтөрүнүн курамында 4 ай кызмат өтөп, мекенине кайтып баратышкан. Бишкектен учуп чыккан самолет Трабзон аэропортунда май куюп алып, андан соң Испанияга сапар алмак.
Финансы чөйрөсүндө кадыр барктуу “The Financial Times“ гезити жазгандай, американын экономикасы азыр өзгөчө мезгилди баштан кечирип жаткан кез. АКШнын борбордук банкы доллар дүйнөнүн кубаттуу акчаларына салыштырмалуу 30 процентке жакын арзандап кеткенден кийин, алдыда дефляция болушу мүмкүн экенин эскертти
Дүйнөнүн экономикасы кубаттуу өлкөлөрүнүн биринчи кварталдагы өсүүсү жөнүндө жарыяланган маалыматтар, Евросоюзга мүчө өлкөлөрдө жылдын алгачкы үч айында өсүү токтогонун, ал эмес айрым өлкөлөрдүн абалы өткөн жылга салыштырмалуу начарлап кеткенин көрсөттү. Мындай шартта АКШ долларынын куну качып, жалпы европалык евроакчанын кубатынын өсүүсү эмнеге байланыштуу?
Өткөн аптада Германиянын полициясы SPAG компаниясынын Гессен жериндеги баш кеңсесин тинтүүгө алды. Немес маалымат булактарынын кабарлашынча, SPAG компаниясы россиялык кылмыш топторунун “арам акчаларын адалдаштырууга көмөктөшкөн” деп шектелүүдө. Россия президенти Владимир Путин 2000-жылга чейин бул компаниянын консультативдик кеңешине мүчө болгон.
Румыния парламентинин 150дөн ашык мүчөсү менчик ишканасы же депутаттык кызматына удаа кайсы бир фирмаларда кеңешчи-консультант жана башка ушул сыяктуу акы төлөнчү жумуштары бар экенин мойнуна алышты. Жаңыдан күчүнө кирген коррупцияга каршы мыйзамга ылайык, депутаттар жеке ишкердүүлүктөн баш тартышы же болбосо саясый ишмердүүлүктөн кетиши шарт. Румынияда кеңири жайылган коррупцияны ооздуктоого багытталган жаңы заң Батыш өлкөлөрүнүн кысымы астында кабыл алынган эле.
Байкоочулардын айтымында, Кошмо Штаттарынын Мамлекеттик катчысы Колин Пауэллдин Жакынкы Чыгыштагы сапары натыйжасыз болбоду. Ариел Шарондун өкмөтү 25 миңдей палестиналыктын Израилге каттап иштөөсүнө уруксат берди, 180ден көп палестиналыкты абактан бошотту. Палестин тарап Израил менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн улантууга даяр экенин билдирди.
Соңку кезде Бириккен улуттар уюмунда (кыскартылган аталышы БУУ) өтө кызуу талкууланган маселе – Коопсуздук кеңеши 1990-жылы Иракка каршы кабыл алган экономикалык санкция болууда. Катаал чара Ирак армиясы 1990-жылдын август айында коңшулаш Кувейтке басып киргенден кийин киргизилген. 3-июнда Улуттар уюмунун “Мунай ордуна азык-түлүк” программасынын мөөнөтү узартылар алдында, АКШ соода чектөөсүн алып салуу боюнча резолюциянын долбоорун Коопсуздук кеңешине сунуш кылмакчы.
АКШлык аскерлердин Саддам Хусейндин режимин кулатуусун ирактыктардын бир жааты боштондук деп бааласа, ислам фундаменталисттери кайрыдиндердин баскынчылыгы катары кабыл алышты. Буга пакистандык илимпоз Хусейн Хакканинин Вашингтондо чыкчу “Foreign Policy” журналына жарыяланган макаласы күбө.
Үстүбүздөгү аптада Европа Биримдиги эскерткенге караганда, Румыния уюмга өтүүнүн шартын аткарам десе, биринчи кезекте өлкөдө кеңири жайылган коррупцияга каршы чындап күрөшүүсү зарыл. Апрель айынын баш ченинде АКШлык жана европалык ырасмий адамдар да коррупциянын кесири Румыниянын өнүгүүсүнө жолтоо болуп жатканын айтышып, румын өкмөтүн тиешелүү чара көрүүгө чакырышкан.
Түркия Россиядан “Көгүлтүр агын” боросу аркылуу газ алууну токтотту. Натыйжада, Кара деңиздин астынан өткөн кымбат баалуу газ боросу 1 ай пайдаланылбай жатып жумушсуз калды.
Түрдүү топторго катар диниятчылар да Саддам Хусейн түптөгөн режим кулатылгандан кийинки Иракта түзүлгөн бийлик ваакумун коомдогу өз ордун бекемдөө үчүн пайдаланууга аракеттенүүдө. Алардын эң активдүүлөрү Моктада аc-Садр менен Мухаммад Бакр ал-Хаким.
Шейшемби күнү Кошмо Штаттары Түндүк Кореянын алты айдан берки дипломаттык эрөөлдөн чыгуу жөнүндөгү сунушун четке какты. Бул сунушка ылайык, Вашингтон Пхеньянга ал муктаж заттардан жардам бериши жана Түндүк Кореянын коопсуздугуна кепил өтүшү шарт. Анын акысына Пхеньян өзөктүк программасынан баш тартып, баллистикалык ракеталарды экспорттоону токтотот.
Дагы жүктөңүз