Израил-палестин чатагын жөндөөнүн жаңы планы үстүбүздөгү жумада жарыяланат деп күтүлүүдө. Палестина парламентинин автономиянын жаңы өкмөтүн бекиткенден кийин жарыяланчу тынчтык планын Кошмо Штаттары, Евробиримдик, Улуттар Уюму жана Россия төртилтиги чогуу иштеп чыккан.
Ишемби күнү Багдаддын чет жакасындагы курал жарак кампасында болгон жардыруулар коңшулаш аймакка чоң зыян келтирди. Жардыруулардан Заафарания районунда ондон көп адам набыт болду, бир нече турак үй кыйрады. Кырсык жергиликтүү элдин америкалык аскерлерге кыжырдануусун жаратты. АКШлык аскерлердин билдиришинче, кампаны белгисиз бирөөлөр аткылагандан улам жарылуу болгон.
Дүйшөмбү күнү Кошмо Штаттарынын аскерлери Ирак өкмөтүнүн акыркы таянычы деп саналган Тикрит шаарынын борборун олуттуу каршылыксыз ээлешти. Тикрит президент Саддамдын кичи мекени. Андан бир аз мурда, америкалык аскерлер менен жергиликтүү уруу аксакалдарынын ок атышууну токтотуу боюнча сүйлөшүүсү болгон.
Согуштан соңку Иракты башкарууга Бириккен Улуттар Уюму кандай деңгээлде катышат? Ирактагы согуштун натыйжасы Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө демократиялык өзгөрүүлөрдүн башталуусуна өбөлгө болобу? Бул суроолор азыр талдоочулар арасында кызуу талкууларды жаратууда.
Украинанын көмүр өнөр жайы соңку жылдары өтө оор кезеңди баштан кечирүүдө. Кендерде тез-тез болгон түрдүү кырсыктын кесепетинен улам жумушчулар арасында өлүм-житим көп. Жыл башынан бери көмүр кендериндеги кырсык 40ка жакын адамдын өмүрүн алды. Адистер өндүрүштүк кырсыктын негизги себеби - тармактын жетерлик каржыланбай жатканында дешет.
Ирак согушу башталгандан бери өлкөдөгү шийи мусулмандарынын, күрттөрдүн жана түрк элдеринин келечеги жөнүндө көп сөз болууда. Бирок негизги бөлүгүн ассириялыктар менен халдейлер түзгөн ирак тарсаларынын келечеги унутта калтырылгандай. Жалпы саны 1 миллиондон көп ирак тарсаларынын көйгөйлөрү кайсылар?
АКШлык аскерлер борбор калаа Багдаддын ичинде согушуп жатканда, Ирактын төбөлдөрү, өзгөчө президент Саддам Хусейндин жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн өлкөдөн тыш жактарда жаап-жашырган байлыктарын издөө улантылууда. Эксперттердин эсеби боюнча, Европа жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө жашырылган Саддамдын үй-бүлөсүнө таандык акчанын суммасы 7-10 миллиард доллардын ортосунда болот.
Кошмо Штаттары Иракка каршы согушту ирак элин Саддамдын катаал режиминен бошотуу үчүн эмес, өлкөнүн мунай байлыгына эркин чыгуу жана аны каалагандай башкаруу максатында баштаган деген сын пикирлер кеңири жайылган. Бирок, адистердин айтымында, өлкөнүн соңку жылдары кароосуз калган мунай өнөр жайын жакынкы 2–3 жылда калыбына келтирүү мүмкүн эмес дешет.
АКШлык аскерий жетекчиликтин маалымдашынча, америкалык аскерлер Багдадга түштүк тараптан 50 чакырымдай жакындап келди. Маалымат булактары билдиргенге караганда, Ирактын тандалма Республикачылар гвардиясы ордо шаарды коалициялык күчтөрдөн коргоого кам көрүүдө.
Президент Нурсултан Назарбаевдин мурдакы кеңешчиси, АКШлык бизнесмен Жеймс Гиффендин коррупцияга аралашты деген шектенүү менен камакка алынышы казак президенти үчүн өтө жагымсыз кабар. Бир жагынан, Назарбаевдин ысмы коррупциядан сырт эмес деген шектенүүгө негиз берсе, экинчи жактан, айрым аналитиктердин айтымында, чет элдик капиталдын Казакстанга келүүсүнө тескери таасир этиши ыктымал.
“Ансар ал-Ислам”. Бул сөз кыргызча “Ислам жолдоочулары” деп которулат. “Ансар ал-Ислам” Ирактын түндүгүндөгү секулярдуу күрд өкмөтүнө 2001–жылы ачыктан ачык согуш жарыялаган куралдуу топ.
Ирактагы коалициялык күчтөрдүн саны күн сайын көбөйүүдө. Өткөн түнү Ирактын түндүгүнө америкалык 1 миңге жакын аскер кирди. Ирактын түштүгүндөгү маанилүү порт шаар Умм Каср, биздин кабарчы Чарлз Рекнеглдин кабарлашынча, акырындап жумушчу режимине өтүүдө. Порттун сууларына ирактык аскерлер койгон миналар АКШдан алынып келинген дельфиндердин жардамы менен табылып жок кылынууда.
Исламдын ваххабизм окуусу мамлекеттик макамга ээ Сауд Арабиясында бийлик падышанын колунда. Өлкөдө калк шайлаган парламенти жок. Анткен менен, өлкө уруучулук башкаруу астында жашаган кездеги салттардын бири – мажилис бүгүнгө чейин сакталып калган.
Соңку эки күндө Кыргыз парламентинин мыйзам чыгаруу палатасында республиканын Салык кодексине өкмөт сунуш кылган өзгөртүүлөр жана толуктоолор боюнча кызуу талкуулор жүрүүдө. Кыргыз өкмөтү сунуш кылган долбоорду парламентарийлер кабыл алса, 1-апрелден тартып кыймылсыз мүлк үчүн салык алына баштайт. Жаңы салыктын зарылдыгын өкмөт эмне менен негиздейт? Парламентарийлердин бир жааты кыймылсыз мүлккө салык киргизүүгө эмне үчүн каршы?
АКШнын Мамлекеттик секретары Колин Пауэлл Кошмо Штаттары башындагы көп улуттуу күчтөрдүн Иракка каршы согушун колдогон 30га жакын мамлекеттин тизмесин жарыя кылды. Көңүл бурчу жагдай, Саддам Хусейндин режимин алмаштырууну жактаган өлкөлөрдүн көпчүлүгү Борбордук жана Чыгыш Европа мамлекеттери. Эмне үчүн?
Ырасмий Вашингтон түшүндүргөнгө караганда, Кошмо Штаттарынын Иракка каршы согушу өлкөдө демократиялуу бийликти орнотууга багытталган. Анткени менен, көпчүлүк талдоочулардын айтымында, согуш ислам радикалдарынын күчтөнүүсүнө жана реформачыл маанайдагы ислам диниятчыларынын саясый позициясынын бошоңдошуна алып барат.
Ирак кризисине байланыштуу “Адилеттүү согуш деген эмне?”, “Жоого озунуп сокку уруу деген эмнени билдирет?”, “АКШнын Иракка чабуул коем деп коркутуусу эл аралык мыйзамдарга ылайык келеби?” деген суроолор америкалык интеллектуалдар арасында өтө кызуу талкууланууда.
Ирак кризиси Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешин эки жаатка бөлгөнүн Кошмо Штаттарынын Мамлекеттик секретары Колин Пауэлл ачык айтып чыкты. Кеңеш мүчөлөрүнүн бир жааты Иракты күч колдонуп куралсыздандыруу зарыл дешсе, экинчи жааты Улуттар Уюмунун аскерий инспекциясы улантылсын деген көз карашта. Ал эми инспекция башчысы Ханс Бликстин айтымында, Ирак бийликтери инспекторлор менен мурдакыдан тыкыз иштешүүдө.
Фундаменталист деген термин алгачкы ирет өткөн кылымдын 20-жылдарында Америка Кошмо Штаттарында пайда болгон тарса-христиандардын диний кыймылынын мүчөлөрүнө жана жактоочуларына карата колдонулган. Термин кийинчерээк динге өтө берилген жана диндин баштапкы тазалыгын сактоого чакырган адамдар жөнүндө сөз болгондо да пайдаланылчу болгон. Ислам фундаменталистери кимдер?
«Иракка каршы болжолдонуп жаткан согушту болтурбоо үчүн президент Саддам Хусейн эмне кылышы шарт?» деген суроо араб мамлекеттерин эки топко бөлдү. АКШлык жана британиялык күчтөрдүн аскерий базалары жайгашкан Перс булуңундагы мамлекеттер Саддам башка өлкөгө чыгып кетсин деген көз карашта. Бул сунушка булуңдагы өлкөлөрдүн кызматташуу кеңешине кирбеген араб мамлекеттери каршы.
Дагы жүктөңүз