Ишемби күнү Пакистанда кармалган Халид Шейх Мохаммедди Кошмо Штаттары 1996-жылдан бери издеп жүргөн. АКШ бийликтеринин ырасташынча, Мохаммед “Алкаида” террордук уюмунун үчүнчү маанилүү жетекчиси жана 2001-жылдын 11-сентябрында Дүйнөлүк соода борбору менен Пентагонго жасалган чабуулдун башкы пландоочусу саналат. Пакистандык тергөөчүлөр былтыр январда Карачиде уурдалып өлтүрүлгөн “Wall Street Journal” гезитинин кабарчысы Даниел Перлдин өлүмүнө да Мохаммеддин катышы болушу мүмкүн дешет.
АКШ өкмөтү шаршемби күнү маалымдаганга караганда, Түндүк Корея Йонбен атомдук станциясынын 5 мегаваттык ядролук реакторун кайра иштетүүдө. Реактор 1994-жылдан бери иштебей турган. Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик-МАГАТЭ ядролук реакторду Улуттар уюмунун инспекторунун катышуусуз иштетүүгө каршы экенин билдирди.
Кошмо Штаттары менен анын союздаштары Перс булуңуна аскер топтоп, Иракка согуш ачууга кам көрүүдө. Согуш даярдыгы тараптардын психологиялык таймашы менен коштолууда. Вашингтон Ирак президенти Саддамды Улуттар уюмунун аскерий инспекциясы менен кызматташсын, болбосо согуш болот деп эскертти. Саддам болсо эч жакка кетпей, жоого каршы турарын билдирди.
Малайзиянын борбору Куала-Лумпур шаарында Бейтарап мамлекеттер кыймылынын эки күндүк жыйыны өтүүдө. Кыймылдын жаңы төрагасы, Малайзиянын премьер-министри Махатхир Мохаммад жыйындын ачылышында сүйлөгөн сөзүндө Батыш лидерлерин терроризмге каршы согушту дүйнөдө өз үстөмдүгүн орнотуу үчүн пайдаланууда деп күнөөлөдү.
Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши Иракты куралсыздандыруу боюнча бир бүтүмгө келет деген үмүттө экенин АКШ бүгүн жарыя кылды. Буга катар АКШ менен Британия эки-үч күндүн ортолугунда Ирак боюнча жаңы резолюцияны сунуш кылышмак болууда.
Өткөн айда АКШнын чалгынчы-сателлити тартып алган сүрөт Түндүк Кореянын Йонбен өзөктүк комплексинин аймагында курулуш иштери жүрүп жатканын көрсөткөн. Бир кезде кыйратылган имаратка жүк тартуучу машинелердин үзбөй каттап, курулуш иштеринин тынбай жүрүп жатканы, Пхеньян өзөктүк каруу жарактын үстүнөн иштөөдө деген шектенүүнү дагы күчөттү.
Шаршемби күнү Арменияда жалпы элдик шайлоо өттү. Байкоочулардын айтымында, Президент болууну каалаган тогуз талапкердин төртөөсү гана экинчи айлампага чыгышы мүмкүн. Башка талапкерлердин иши жөнүндө кабары аз шайлоочулар Армениянын экономикасынын акыркы жылдардагы ылдам өсүүсүнө байланыштуу Президент Роберт Кочаряндын экинчи беш жылга бийликте калуусун жакташы ыктымал дешет жергиликтүү байкоочулар.
НАТО бир ай бою созулган талаш-тартыштан кийин Иракка каршы мүмкүн болчу согушта Түркияны коргоонун планын иштеп чыгуу боюнча бир бүтүмгө келди. Белгилей кетчү жагдай, коргоо планын иштеп чыгуу жөнүндөгү чечим уюмдун Коргонууну пландоо комитети тарабынан кабыл алынды. Бул комитетке НАТОго мүчө 18 өлкө кирет. Франция комитеттин мүчөсү эмес.
Арменияда 19-февраль күнү жалпы элдик шайлоо өтүп, тогуз талапкердин ичинен өлкөнүн жаңы президенти шайланат. Көпчүлүк байкоочулардын айтымында, армян оппозициясы алга түрткөн талапкерлердин арасында аракеттеги президент Роберт Кочерянга татыктуу атаандаш жок.
НАТО биримдиги азыр кризисте. Кризиске непада Иракка каршы согуш болуп калса, НАТОнун жобосуна ылайык, Түркия коргоого алынсын деген Анкаранын өтүнүчү түрткү болду.
Бириккен улуттар уюмунун каруу жарак инспекциясынын башчысы Ханс Бликстин соңку билдирүүсүнө караганда, ырасмий Багдад массалык кыргын салчу куралдарды өнүктүрүү программасы жөнүндөгү болгон маалыматтын баарын ачыкка чыгаруусу же андай куралдары жок экенин ырастаган ишенимдүү танык-далилдерди инпекцияга бериши шарт. Ирак лидери Саддам Хусейн болсо өлкөдө тыйуу салынган эч кандай куралы жана Багдаддын “ал-каидачылар” менен байланышы жок деп кайра кайталады.
Пентагон Иракка каршы мүмкүн болчу согушта кандай тактика колдонору согуштун жүрүшүндө эле ачык болбосо, ага дейре купуя сакталаары анык. Деген менен, аскерий эксперттердин айтышынча, америкалык күчтөр согуштун алгачкы күндөрү Ирактын коргонуу объекттерин тынбай бомбалап, ирактык аскерлердин эс-учун жыйнатпай психологиялык кысым көрсөтөт.
Европа кеңешинин маалымдашынча, Европа континентинде жашаган элдин саны 800 миллиондон ашты. Ошол эле мезгилде, Еврокеңештин изилдөөсү Борбордук жана Чыгыш Европанын көпчүлүк өлкөлөрүндө балдардын төрөлүүсү өтө пастап, тескерисинче, эмиграция ылдам өсүп баратканын көрсөткөн. Мындай абалга адам укугун коргоочу европалык уюмдар менен Еврокеңеш өтө кабатыр.
Дүйшөмбү күнү Ооганстандын түштүк чыгышында америкалыктар менен коалициянын аскерлери жана талибдер ортосунда күн бою созулган салгылашуу болду. Салгылашууда талибдердин кеминде 18 жоокери жок кылынган. Бул жана башка танык-далилдерге караганда, качкын талибдер Пакистанга чектеш аймактарда катарын толуктап, ал турсун, жаңы өкмөт курган имиш.
Бириккен Улуттар Уюмунун аскерий инспекция башчыларынын доклады Коопсуздук кеңешинде катталган дипломаттар арасында Ирактын каруу жарак эксперттери менен кызматташуусуна карата жалпы кооптонууну жаратты. Бирок, Ирак боюнча Коопсуздук кеңеши кабыл алчу жаңы резолюциянын тегерегинде биримдик жок.
Жекшемби күнү күрд козголоңчулары кайрадан аскерий операцияларды улантып, Түркиялык күчтөргө кол сала баштайбыз деп билдиришти. Алар билдирүүнү Түркиялык аскерлердин өткөн аптанын шаршемби күнкү чабуулуна жооп иретинде жасашты. Түркия мүмкүн болчу Иракка каршы согуш алдында күрд проблемасына ашыкча сактык менен мамиле кылат. Анын себеби эмнеде?
Бириккен улуттар уюмунун өзөктүк курал-жаракты контролдоо агенттигинин директору Мохаммад эл-Барадейи ирактык илимпоздун үйүнөн табылган документтер Ирак 1980-жылдардын акыр ченинде байытылган уранды жаңы технологиянын негизинде алууга аракет жасаганын тастыктайт деп ишемби күнү билдирди. Окумуштуунун сөзүнө караганда, ал уранды байытуу программасы боюнча иштебей калган жана илимий документтерди студенттерге тааныштыруу үчүн гана алган.
Өткөн жума күнү Түндүк Корея “балакеттүү үчилтикке” аны Вашингтон куру жерден кошпогонун тастыктагандай, Ядролук куралдарды жайылтпоо жөнүндөгү келишимден чыкканын жарыя кылды. Пхеньяндын жарыясынан төрт күн өтпөй, учурдагы ядролук абалдын кепилдери - Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөлөрү кризисти болтурбаш үчүн дипломатиялык аракетин башташты.
Акыркы 16 айда терроризмге каршы жүрүп жаткан согуш Өзбекстанды уруш майданына чектеш өлкө катары Вашингтондун союздашына айлантты. Бирок, кээ бир Батыш байкоочуларынын айтымында, Өзбекстан эски советтик саясый-экономикалык системаны реформалай албады, жергиликтүү ислам радикалдарына каршы буроо да таппады.
Дагы жүктөңүз