Өзбек бийликтеринин ырасташынча, өлкөнүн экономикасы үстүбүздөгү жылдын алгачкы тогуз айында дээрлик 10 процентке (9,8 %) өскөн. Бирок, маалымат каражаттары жана статистика органдары бийликтин чеңгелинде болгондуктан, серепчилер ички дүң продукция - президент Каримовдун өкмөтү айткандай - 9,8 процентке өскөнүнө ишенишпейт. Карапайым калк да экономикалык жетишкендиктин “үзүрүн” сезишпегенин, тескерисинче, азык-түлүк акыркы айларда кымбаттап кеткенин айтышат.