Евробиримдик эки жыл мурда Анжиянда болгон кызыл кыргындан кийин Өзбекстанга каршы киргизген виза режимин жарым жылга жеңилдетүүнү оң тапты. Атап айтканда, кан төгүүгө катыштыгы бар ырасмий адамдар эми биримдикке мүчө өлкөлөргө бара алышат. Бирок, Өзбекстанга каруу жарак сатууга тыйуу салган эмбарго дале күчүндө калтырды. Британия, Швеция сыяктуу өлкөлөр Өзбекстанда адам укугун бузуулар токтогон жок дешип, виза режимин жеңилдетүүгө акыркы мүнөткө чейин каршы болуп жатышты.
Түркия- АКШ мамилеси чоң сыноо алдында турат. Мамлекеттик катчы Кондолиза Райс ишемби күнү Вашингтон- Анкара ортосундагы алака оор мезгилди баштан кечирип жатканын белгилеп, Түркияны Ирактын түндүгүнө кирип, күрт козголоңчуларына чабуул жасоодон карманууга чакырды. Райс, ошондой эле, Конгресстин комитетинин 1915- жылы Осмон империясы армяндарга кызыл кыргын уюштурду деп тааныганга байланыштуу Түркияны каршы чара көрбөөгө үндөдү.
Финансы дүйнөсүндөгү кадыр барктуу Standard and Poor (S&P) рейтинг агенттиги болочокто Казакстандын экономикалык өсүүсү басаңдайт деген прогноз жасады. Бул Казакстандагы кредиттик бум негизинен тышкы капиталдын эсебинен каржылангандыктан, эларалык финансы рыногундагы туруксуз кырдаал өлкөнүн банктарына тескери таасир тийгизиши ыктымал дегенди түшүндүрөт.
Евробиримдик 15-октябрга карай Өзбекстанга Анжияндагы кызыл кыргынга байланыштуу киргизилген санкцияны күчүндө калтыруу же алып салуу маселесин чечиш керек. Бирок, бир тарап Ташкент менен жандуу кызматташып туруу үчүн санкцияны жеңилдетүү зарыл санашса, экинчи жак Өзбекстанда адам укугу жакшырмайынча, андай кадымга барууга болбосун айтып, биримдиктин мүчөлөрү бир бүтүмгө келе албай жатат.
Үстүбүздөгү аптанын башында Евробиримдиктин тышкы саясат жана коопсуздук боюнча комиссары Хавьер Солана Ашхабад, Астана жана Бишкекте болуп кайтты. Даражалуу коноктун визити Евробиримдик менен Борбор Азия ортосундагы кызматташууну бекемдөөгө багыттады. Байкоочулар сапар учурунда Солана Түркмөнстан менен Казакстанды Батыш Европаны газ менен камсыздоочу Nabucco газ боросуна тартуу үчүн астейдил аракет кылганына көңүл бурушту.
Оксфорд изилдөө борбору “Туруктуу коопсуздукту көздөй” деп аталган жылдык докладын жарыялады. Бул изилдөөгө караганда, терроризмге каршы согуш жүрүп жатканы менен «ал-каидачылар” Пакистандын Ооганстанга чектеш аймактарында дале таасирлүү. “Ал- Каида” Иракта да активдүү. Ооганстандын Гелманд жана Кандагар провинцияларында талибдер эркин жойлоп жүрүшөт. Дүйнөлүк коопсуздукка табигый байлык үчүн күрөш жана абанын ысышы да таасир этүүдө деп белгиленет изилдөөдө.
10-октябрда АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын Тышкы иштер комитети Осмон империясы тушунда 1,5 миллион чамалуу армян кырылганын тааныган резолюцияны кабыл алды. Бул америкалык армяндардын узак жылдардан берки аракетинин натыйжасы болду. Ак Үй резолюция НАТОнун көрөсөн мүчөсү Түркияны бушайманга салат деп, ага каршы чыкты. Резолюция саясый ишара болгону менен жалпы түркиялыктардын кыжырын келтирери айкын. Армения жетекчилиги АКШнын Конгрессинин 1915- жылкы “армяндарды тукум курут кылуу” окуясын таануу аракетин колдоду.
2006-жылы 25 өлкөдө өлүм жазасына тартылган 1569 киши о дүйнө жөнөтүлдү. 51 өлкөдө 3861 киши өлүмгө өкүм болду. Бул тажрыйба АКШ жана Япония сыяктуу өлкөлөрдө да колдонулат. Катаал жазага кириптер болгондор же атып, же даргага асып, же электр столуна байланып өлтүрүлөт. Азыр, Эларалык мунапыс уюмунун эсеби боюнча, 132 өлкөдө, анын ичинде Кыргызстанда өлүм жазасы колдонулбайт. Адамды ажалга айдоо адамгерчиликсиз деген Евробиримдиктин жетекчилиги 10-октябрды “Өлүм жазасына каршы күрөшүүнүн Европа күнү” деп белгилөөнү чечти. Буга байланыштуу “Азаттык” радиосу Еврокеңештин башкатчысы Терри Дэвисти кепке тарткан.
Бир нече өлкөнүн башын кошкон регионалдык уюмдар постсоветтик мейкиндикте кеңири жайылган көрүнүш. Алардын бири- ГУАМ демократия жана экономикалык уюмуна мүчө төрт өлкөнүн лидерлери 10- октябрда Бакуда кезектеги жыйынга чогулду. Курамына Грузия, Украина, Азербайжан жана Молдова кирген бул уюм регионду Россиянын саясый жана экономикалык таасиринен эркин кылып, өз үстөмдүгүн орнотууга дилгир.
Дүйнөлүк базарда отун энергиясы өтө өтүмдүү товар. Газга бай Казакстан менен Түркмөнстан сыяктуу постсоветтик өлкөлөр дүйнөлүк энергетикалык базарга түз чыга албагандыктан, газын негизинен Россия аркылуу сатышат. Борбор Азиядагы саясый таасирин бекемдөөнү көздөгөн Россия аларды колдон чыгарбай, Каспийдин кен байлыктарын өздөштүрүүгө өтө активдүү катышууда. Ушундай бир долбоор- Эларалык Каспий коридору Россия жана Казакстан президенттеринин өткөн бейшембиде Новосибирск шаарында болгон кездешүүсүндө талкууланды.
Франциянын президенти Николас Саркози шейшемби күнү Россияга келгенде бар дипломатиялык өнөрүн көрсөтүш керек болот. Саркози президенттик шайлоо өнөктүгү маалында Россиянын лидери Путинди Чечен согушунун канына колу булганганын айтып сындаган болсо, өткөн жумада Кремлди дүйнөлүк проблемаларды татаалдантууда деп күнөөлөгөн. Россияга аттанар алдында Польшанын президенти жана Чехиянын премьер- министри менен кездешти. АКШнын абадан коргонуу системасын Польша менен Чехияга жайгаштыруу планына Россия каршы чыккан.
Доктор Терри Мэттингли Тарса коолеждери жана университеттеринин Вашингтондогу журналисттер борборун жетектейт. Илимпоз көбүн эсе диндин коомдогу орду жөнүндө маклаларды жазат жана диний жаңылыктарды маалымат каражаттарынын чагылдыруусун сындаган“GetReligion.org” сайтын редакторлойт. Доктор Мэттингли ислам терррорчуларынын 2001- жылдын 11- сентябрындагы АКШда жасаган чабуулдарынын себеби, алардын жанкечтилиике баруусунун себептери, ислам маданияты жөнүндө Амирбек Азам уулунун суроолоруна жооп берген.
Эртең ишемби күнү Пакистан парламентти жана провинциялардын аасамблеясы өлкө президентин шайлашат. Президенттикке беш талапкер атаандашууда. Бирок, азыркы президент Первез Мушаррафтын кайра шайлануу мүмкүнчүлүгү чоң экени айтылууда.. Аны парламентарийлердин көпчүлүгү колдоодо. Бирок, жоон топ оппозициячыл саясатчылар Мушаррафтын талапкерлигине нааразычылык ирети депутаттыгынан баш тартышты.
4-октябрда “Эркин Европа/Азаттык” радиоисунун Прагадагы башкеңсесинде россиялык журналист Анна Политковскаянын өлтүрүлүшүнүн бир жылдыгын эскерген конференция өттү. Чехиянын өкмөт башчысы Мирек Топаланек жыйында сүйлөп, эл аралык коомчулукту Россияда сот адилеттигин жана сөз эркиндигин сактоо үчүн өлкөгө көбүрөөк кысым көрсөтүүгө чакырды. Анна иштеген “Новая газетанын” редактору Дмитрий Муратов маркум адилеттүүлүктү баарынан өйдө койгонун жана ал жөнөкөй адамдардын түйшүгүн тең бөлүшкөн инсан болгонун белгиледи.
“Газпром” компаниясы эгерде Украина газ үчүн жыл башынан бери топтолгон карызын октябрдын аягына чейин төлөбөсө, өлкөгө көгүлтүр отунду берүүнү кыскарта турганын шаршемби күнү эскерткен эле. Бул эскертүү россиялык компания 2006- жылдын башындагыдай Украинага газ берүүнү кыскартат го деген кооптонууну жаратты. Өткөн жылдын башында “Газпром” Украинага газ берүүнү азайтканда, андан Европа өлкөлөрү да жабыркаган.
Президент Путин “Бирдиктүү Россия” партиясынын шайлоо тизмесин баштайт. Путин кремлчил партиянын курултайында премьер- министр болууга макул экенин да билдирди. Айрым серепчилер бул кадам “Бирдиктүү Россияга” декабрда болчу парламенттик шайлоодо 70 проценттен ашуун добуш алууга мүмкүндүк берет деп боолгошот. Путин премьер- министр болсо, анда ал келерки жылдын мартында экинчи президенттик мөөнөтү аяктагандан кийин да бийликте кала берет. Путиндин береги кадамы тууралуу Россиянын оппозициячыл партияларынын лидерлери эмне дешет?
Бейшемби күнү Мьянманын (мурдакы Бурма) борбору Рангунда өлкөнүн коопсуздук күчтөрү антиөкмөттүк демонстрацияга каршы ок ачты. Өкмөттүк булактар ок атуудан тогуз киши окко учуп, 11 киши жарадар болгонун билдирди. Батыш маалымат агенттиктеринин маалымдашынча, нааразычылык акциясын таркатуу учурунда жүздөгөн жарандар жана эки жүздөй кечилдер камакка алынган.
Бир нече ай мурда АКШ президенти Жорж Буш глобалдык климаттын өзгөрүүсүнө каршы күрөшүү боюнча демилге көтөрүп, ага ыктыяруу гана өлкөлөрдү кошуп, экономикасы ылдам өсүп бараткан Кытай менен Индияны кошпоону сунуш кылган. Бул демилге өндүрүштүк газдарды бөлүүнү кыскартуу жөнүндөгү Киото протоколу жана БУУ менен Европанын планын камчылап, атаандаштыкка чакырат. Мамкатчы Кондолиза Райс бейшемби күнү Вашингтондо 16 мамлекеттин өкүлдөрү менен болгон кездешүүдө Буштун планын ишке ашырууу башталганын жарыя кылды.
Президент Саакашвили Нью-Йоркто жүргөндө анын кечээки жакын ынагы Грузияны солкулдатчу билдирүү жасады. Өкмөттүн мурдакы көрүнүктүү мүчөсү Ираклий Окруашвили президентти ири ишкерди тындым кылууну буйруган деп күнөөлөдү жана премьер- министр Зураб Жвания газга уугуп өлгөн деген ырасмий версияны калпка чыгарды. Улуттар уюмунун Башкы ассамблеясында жүргөн Саакашвили өз жообун айта элек. Президенттин кеңсеси Окруашвилинин билдирүүсүн арзыбаган кеп ирети четке какты.
АКШ президенти дүйнө өлкөлөрүн террорчулукка каршы чогуу күрөшүүгө, Ооганстан, Ирак, Ливандагы демократия үчүн күрөштү колдоого үндөдү. Жорж Буш шаршемби күнү БУУнун Башкы ассамблеясынын ачылышындагы сөзүндө Беларус, Түндүк Корея, Сирия жана Ирандагы диктатордук режим үчүн Улуттар Уюмунун мүчөлөрү да жооптуу деди. Ал АКШ өкмөтү Мьянмардын аскерий хунтасына каршы кошумча санкция киргизгенин жарыя кылды.
Дагы жүктөңүз