Президент Махмуд Ахмединежад дүйшөмбү күнү Нью- Йорктун Колумбия университетинде сөз сүйлөдү. Иран мамлекет башчысынын илим храмына чакырылып, сөз сүйлөөсү сөз эркиндиги бааланган америкалыктар арасында катуу нараазылыктарды пайда кылды. Ахмединежад Нью-Йоркко БУУнун башкы ассамблеясынын жылдык сессиясына келген.
Ишемби күнү Нью- Йоркто Улуттар Уюмунун демилгеси менен Ирактагы кырдаалга арналган жыйын өттү. Жыйында Ирактын коопсуздугун камсыздоодогу тыш өлкөлөрдүн жардамын көбөйтүү, ал- Малики башындагы өкмөттүн жаатташкан тараптарды элдештирүү аракетин колдоо сыяктуу манилүү маселелер талкууланды. Бул маселе боюнча Иракка коңшулаш өлкөлөрдүн жана дүйнөнүн бакубат мамлекеттеринин тышкы иштер министрлери өз ойлорун ортого салышты.
“Ал- Каиданын” жолбашчысы Осама бин Ладен Пакистан мусулмандарын президент Мушаррафка каршы казатка чакырды. Интернет аркылуу 20- сентябрда таркатылган үндөөдөө Мушарраф июлда Исламабаддын Кызыл мечитин сепилге айлантып алган радикалчыл исламчылардын канын төгүп, “каапырга айланды” дейт бин Ладен. Аудиобилдирүү Мушарраф туш тараптан саясый кысымга алынып турганда жасалды.
Иран жетекчилиги МАГАТЭ менен өткөн айда жетишилген келишимди Ирандын ядролук программасы боюнча Батыш менен жүрүп жаткан талашты жөндөөчү маанилүү документ катары баалашкан эле. Бирок, кийинки комментарийлер ирандык саясатчылар арасында аталган келишим АКШ жана анын Британия, Франция сыяктуу союздаштарынын көзкарашын өзгөртө албайт деген ишеним күчтүү экенин көрсөтүүдө. Бул өлкөлөр Ирандын уранды байытуусун токтотуу үчүн БУУнун Коопсуздук Кеңеши Тегеранга каршы кошмча чара көрүшү керек деп санашат.
Өткөн жумда Грузия парламенти өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн санын 2008- жылы төрт миңге көбөйтүп, 32 миңге жеткирүү жөнүндө мыйзам кабыл алды. Сессияда аскерлерди көбөйтүү Грузиянын коопсуздугуна жаралып жаткан көп сандаган коркунучка байланыштуу армиянын кубатын артыруу зарыл экени менен түшүндүрүлдү. Грузин парламенти эмки жумада 2007- жылдын аскерий бюджетин дагы 190 миллион долларга көбөйтүү жөнүндө мыйзам кабыл алат.
Президент Назарбевдин качкындагы мурдагы күйөө баласы Рахат Алиевдин эки күзөтчүсү Казакстанга өз ыктыяры менен кайтып келишти. Алар дүйшөмбү күнү жасаган билдирүүсүндө мурдакы кожоюндарынын мыйзамсыз иштерин өз учурунда туура баалай алышпаганына өкүнүчүн айтышты. Ырасмий Астана күзөтчүлөрдүн көрсөтмөлөрү Алиевди Австриядан өткөрүп алууга чоң өбөлгө болот деп үмүттөнөт.
Шейшемби күнү Нью- Йоркто Улуттар уюмунун Башкы ассамблеясынын 62-жылдык сессиясы башталды. 25-сентябрдан тартып БУУга мүчө 192 мамлекеттин башчылары дагы башка ырасмий адамдар Улуттар уюмун реформалоо, климаттын өзгөрүүсү, маң заттарына, СПИДге жана террорчулукка каршы күрөшүү сыяктуу эларалык коомчулуктун тынчын алган маселелер боюнча ой бөлүшөт. Удаа эле Коопсуздук Кеңешинде Иран жана Косово проблемасы талкууланат. Айтылган маселелер боюнча БУУнун мурдакы башкатчысы Кофи Аннандын экс- кеңешчиси, профессор Майкл Дойлдын “Азаттыкка” берген маегинин айрым урунтуу жерлери.
“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кабарчысы Парназ Азима Иранда сегиз ай үй камагында отургандан кийин бүгүн Тегерандан Вашингтонго учуп кетти. АКШ жана Иран жарандыгы бар журналист айым 25- январда Тегеранда ооруканада жаткан апасын көргөнү барганда, полиция анын паспортун алып койгон, өзүн Ирандын коопсуздугуна шек келтирген пропагандалык маалыматтарды таркатты деп күнөөлөп, үйүндө отурууну буйруган.
Бүгүн Россияда маанилүү өкмөттүк жана экономикалык кызматтардын башында коопсуздук кызматынын мурдакы жана аракеттеги бийик даражалуу офицерлери же эл ичинде айтылгандай “силовиктер” турат. Күтүүсүздөн премьер- министрликтен кеткен Михаил Фрадковдун ордуна да келген Виктор Зубков мурда чалгындоо кызматында иштеген эмес. Бирок, ал өлкөдөгү бардык финансылык операциялардын үстүнөн байкоо жүргүзгөн Финансылык көзөмөл кызматын биринчи күндөн жетектеген.
Орус-чечен достук коому терроризмдин курмандыктарына арналган Вена конференциясына катыштырылган жок. Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун мындай чечимин АКШлык делегация “акылга сыйбас окуя” деп баалап, жыйынды таштап кетти. ЕККУнун учурдагы төрагасы- Испания “Россия катуу каршылык көрсөткөнгө” байланыштуу бейөкмөттүк уюмду конференцияга чакырбай койгону ырасмий түрдө маалымдалды.
Кошмо Штаттардын жетекчилиги Кремлдеги өзгөрүүлөргө дүйнө өлкөлөрүндө күн сайын боло жүрчү окуя ирети мамиле жасады. Шаршемби күнү президент Путин премьер- министр Михаил Фрадковдун кызматтан бошотуу жөнүндөгү өтүнүчүн канааттандырып, анын ордуна коомчулукка белгисиз Виктор Зубковду сунуш кылган эле. 65 жаштагы Зубков буга дейре Россиянын финансылык операцияларды көзөмөлдөө кызматын жетектеген.
11-сентябрда АКШда алты жыл мурда болгон террордук чабуулдардын курмандыктары эскерилди. Нью- Йоркто, Пенсилванияда жана Вашингтондо “ал- Каиданын” мүчөлөрүнүн жанкечтилигинен курман болгон 2974 адамды эскерип, коңгуроолор кагылды жана аза күтүлдү.
АКШнын Демократтар партиясы Ирактагы согуштан майнап жок дешип, бир нече айдан бери америкалык аскерлерди өлкөгө кайтарууну талап кылышууда. Президент Буш тарабындагы республикачылар “кошумча аскер жөнөтүү саясатынын” жемишин көрүү үчүн күтө туруу зарыл дешүүдө. Ирактагы америкалык күчтөрдүн башчысы, генерал Дэвид Петреус дүйшөмбү күнү Конгрессте сүйлөп, Ирактын коопсуздугун камсыздоодого оң жылыштар бар экенин, бирок аскерлерди азыр кыскартуунун кесепети өтө жаман болорун айтты.
Ирак өкмөтү коопсуздук, экономика жана калкты тейлөө жаатында оң жылыштарга жетишти. Мындай билдирүүнү премьер- министр Нури ал- Малики кечээ коопсуздук боюнча Багдадда ачылган эларалык жыйында жасады. Ал- Малики коңшу өлкөлөргө кайрылып, аларды региондогу кырдаалды бейстабилдештирип жаткан алааматка каршы чогуу күрөшүүгө чакырды. Багдаддагы жыйынга 22 өлкөнүн, анын ичинде БУУнун Коопсуздук Кеңешине туруктуу мүчө беш мамлекеттин өкүлдөрү катышууда.
Иран бийликтери америкалык илимпоз Гале Исфандияри айымды үч ай чукул кармаган соң 3- сентябрда өлкөдөн чыгып кетүүгө уруксат берди. Удаа эле “Фарда” радиосунун кабарчысы Парназ Азиманын паспорту сегиз айдан соң кайтарып берилип, ал Ирандан кетүүгө мүмкүндүк алды. Бийликтер башка бир америкалык окумуштуу Кыян Тажбакшы күрөөгө койо бериле турганын маалымдашты. Бирок, кош жарандыгы бар бул үч адам эмне себептен кармалганы тууралуу Иран өкмөтү ырасмий түшүндүрмө бербегендиктен, алар кандай негизде кармалган деген суроо туулат.
Брюсселдин бийликтери 11- сентябрда исламдын Европада өсүп бараткан таасиринен чочулаган адамдардын демонстрация өткөрүүсүнө уруксат берген жок. Жыйындын демилгечилери муну сөз эркиндигин бузуу деп баалашты. Брюсселдин мэри аларды 2001- жылда АКШнын шаарларында террордук чабуулдар болгон күнгө туштап демонстрация пландап, адамдар арасында жек көрүүчүлүктү жайылтмакчы болушту деп күнөөлөдү.
“Новая газетанын” кабарчысы Анна Политковскаянын өлүмүн иликтеген тергөөчүлөр тобу алмаштырылды деген кабарды Россиянын баш прокурорлугу калпка чыгарды. Баш прокурорлуктун билдиришинче, тергөө оор жана татаал болгондуктан, топ жаңы тергөөчүлөр менен толукталган. Жакында бул ишке катыштыгы бар деп шектелген 10 адам кармалганы маалымдалган. Кремлдин Чеченстандагы саясатын тартынбай сындаган даректүү макалалардын автору Анна Политковскаяны былтыр октябрда Москвада белгисиз бирөөлөр атып кеткен болчу.
Президент Жорж Буш дүйшөмбү күнү Иракта күтүүсүз визит менен болуп кайтты. Ал сапар учурунда Ирактагы АКШнын элчиси, америкалык күчтөрдүн командачысы жана Ирак жетекчилиги менен жолугушту. Буш кездешүүдөн соң эгерде Ирактагы кырдаал акырындап жакшыра берсе, америкалык айрым аскерлер Ата журтуна кайтарыла турганын билдирди. Бирок, андай чечим вашингтондук саясатчылардын талабы боюнча эмес, “командирлерибиздин жагдайга берген баасынын негизинде гана кабыл алынат” деди Буш.
2004-жылдын 1-сентябры Түндүк осетиялыктар үчүн кандуу алааматтын күнү. Бул күнү террорчулар тобу Беслан мектебин окуучулар жана алардын энелери менен чогуу басып алды. Мыкаачылардын канкордугунан жана коопсуздук күчтөрүнүн эпсиз аракетинен барымтадагыларды куткаруу учурунда 330дан ашуун адам, анын ичинде 186 бала набыт болду. Жакындарынан ажыраган үй- бүлөлөр трагедиянын себептерин изилдөө боюнча атайын комиссиянын ишине нааразы. Бесландыктар атайын күчтөрдүн эби жоктугун комиссия жашырып койду деп санашат.
Европа Биримдиги 3- сентябрда “Европага коңшу өлкөлөр саясатына” катышкан өлкөлөрдүн биринчи жыйынын өткөрөт. 2004- жылы кабыл алынган бул долбоордун алкагында Евробримдик өзүнө коңшу мамлекеттер менен демократияны бекемдөөдө, адам укугу жана мыйзамдуулукту сактоодо, эркин экономиканын негиздерин жайылтууда колмо- кол иштешүүнү көздөйт. Евробиримдиктин Тышкы байланыштар боюнча комиссары Бенита Ферреро- Вальднер айым “Европага коңшу өлкөлөр саясаты” жөнүндө “Азаттык” радиосуна интервью берди.
Дагы жүктөңүз