Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:44

ГЕНЕРАЛ ПЕТРЕУСТУН ДОКЛАДЫНА КОНГРЕССМЕНДЕР ЫНАНАБЫ?


АКШнын Демократтар партиясы Ирактагы согуштан майнап жок дешип, бир нече айдан бери америкалык аскерлерди өлкөгө кайтарууну талап кылышууда. Президент Буш тарабындагы республикачылар “кошумча аскер жөнөтүү саясатынын” жемишин көрүү үчүн күтө туруу зарыл дешүүдө. Ирактагы америкалык күчтөрдүн башчысы, генерал Дэвид Петреус дүйшөмбү күнү Конгрессте сүйлөп, Ирактын коопсуздугун камсыздоодого оң жылыштар бар экенин, бирок аскерлерди азыр кыскартуунун кесепети өтө жаман болорун айтты.

Генерал Дэвид Петреус Өкүлдөр палатасынын Тышкы иштер жана Аскерий кызматтар боюнча комитеттеринде 10-сентябрда жасаган билдирүүсүндө Иракта коопсуздукту камсыздоо боюнча америкалык күчтөргө жүктөлгөн милдеттер негизинен аткарылганын белгиледи:

-Аскерлер көбөйтүлгөндөн бери аскерий тапшырмалар негизинен аткарылды. Жоо кубаттуу жана жай катаал болгонуна карабай, коалициялык аскерлер менен Ирактын коопсуздук күчтөрү коопсуздук жаатында ийгиликтерге жетишти.

Быйыл февралдан бери Ирактагы америкалык күчтөрдүн саны 30 миңге көбөйтүлгөн. Азыр Иракта АКШнын 168 миң аскери бар.

Петреустун айтышынча, аскерий операциялардын натыйжасында быйыл ирактыктар арасындагы жоготуулар 40 проценттен ашуун кыскарган, жанкечтилердин чабуулу, автомобилдерди жардыруулар да азайган. Ал ошондой эле Ирак аскерлери кубатына толуп баратканына конгрессмендердин көңүлүн бурду:

- Ирактын коопсуздук күчтөрүнүн катарында айрым жаатчылык болгону менен, алар акырындап жетилүүдө жана көп жоопкерчиликти өзүнө алууда.

Генерал Петреус эмки жылдын ортосуна Ирактагы аскерлердин санын 2007- жылдын февралына чейинки деңгээлге түшүрүү мүмкүн экенин, бирок аларды эрте чыгарып кетүүнүн “кесепети жаман” болорун эскертти.

Аскерий кызматтар комитетинин төрагасы Айк Скелтон аскерлер көбөйтүлгөнүнө карабастан Ирак өкмөтү өлкө калкын элдештирүү боюнча мыйзамдарды жай кабыл алып жатканына канаатанбаганын айтып: «Келерки алты айда бул багытта оң жылыштар болобу?” деп суроо салды. Бул суроого АКШнын Ирактагы элсиси Райан Крокер мындай жооп берди:

- Мени да, албетте, мыйзамый талаптар жай аткарылып жатканы тынчсыздантат. Бул бирок улуттук элдешүү багытында прогресс жок дегенди билдирбейт. Оң жылыш бар. Мырза төрага, аскерлерди көбөйтүү июнда гана өз жемишин бере баштаганын унутпоо баарыбыз үчн маанилүү.

Генерал Петреус менен элчи Крокерди Конгрессте угуунун жыйынтыгы Буштун администрациясы үчүн өтө маанилүү. Анткени, Ирактагы америкалык аскерлердин мандатын узартуу Конгрессте өткөн талкууга жараша болот.

Соңку изилдөөлөргө караганда, көпчүлүк америкалыктар аскерлерди Ирактан чакырып алууну каалашат.

XS
SM
MD
LG