Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:10

Еврокомиссия Орусияга каршы жаңы санкцияларды 17-сентябрда карабай турган болду


Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен жана АКШнын президенти Дональд Трамп
Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен жана АКШнын президенти Дональд Трамп

Еврокомиссия Орусияга каршы жаңы 19-санкциялардын долбоорун тааныштырууну кийинкиге жылдырды.

Документ 17-сентябрда каралары күтүлүп жаткан. Бирок Евробиримдиктин Туруктуу өкүлдөр комитетинин жыйынына бир күн калганда күн тартибинен алынганы белгилүү болду.

Politico европалык дипломатка шилтеме берип, муну АКШ президенти Дональд Трамптын позициясына байланыштырды.

Трамп буга чейин Орусияга каршы кошумча санкциялар үчүн Евробиримдик орус газынан толук баш тартышы керек деген шарт койгон.

Bloomberg дагы санкция топтомунун жылышы Трамптын позициясына байланыштуу экенин айтып, ошол эле кезде санкциялык чаралар Евробиримдиктеги алдыңкы мамлекеттерден тышкары АКШ, Канада жана Жапония кирген "Чоң жети" тобунда талкуулана турганын жазды.

Politico маселе белгисиз мөөнөткө жылганын, ал эми Bloomberg эки жумадан кийин каралышы ыктымалдыгын кабарлады.

Politico кепке тарткан булактар Трамптын талабынын аткарылышы Орусиянын мунайын алып жаткан Словакия менен Венгриянын позициясынан көз каранды экенин айтышкан.

АКШнын президенти шаркетке дагы бир талап койгон - Орусиядан мунай сатып алууну улантып жатышат деген негизде Кытай менен Индияга каршы 100% бажы төлөмүн киргизүү. Le Monde басылмасы экономикалык олуттуу кесепеттерден улам Еврокомиссия буга даяр эместигин жазып чыкты.

Еврокомиссия санкция топтомуна байланыштуу маалымат бере элек.

Шерине

XS
SM
MD
LG