Америкалык белгилүү актер Роберт Редфорд 89 жашында көз жумду. New York Times гезити ал Юта штатындагы үйүндө уктап жатып дүйнө салганын жазды.
Актердук карьерасын 1960-жылдары баштаган Редфорд 1969-жылы «Бутч Кэссиди жана Сандэнс Кид» деген тасмада башкы ролдун бирин аткарган. Маркум “Президенттин жан-жөкөрлөрү”, “Афера”, “Кондордун үч күнү”, “Африкадан”, “Тыңчылардын оюндары” фильмдери аркылуу таанылган.
1970-жылдары Голливуддун жылдызына айланган актер Оскар сыйлыгына көрсөтүлүп, бирок албай калганы менен 1981-жылы “Кадимки адамдар” деген психологиялык драманын режиссеру катары абройлуу сыйлыкка татыган. 2002-жылы ага кино тармагындагы жетишкендиктери үчүн Оскар ыйгарылган.
1981-жылы Редфорд көз карандысыз кинонун "Санденс" институтун негиздеген. Юта штатында ошондой эле аталышта эл аралык кинофестиваль уюштуруп келди.
Маркум саясий активдүүлүгү менен да таанылган. Айлана-чөйрөнү коргоону колдоп, АКШнын климат боюнча Париж келишиминен чыкканын сындаган. Ошондой эле АКШнын түпкүлүктүү элинин, ЛГБТ жамаатынын укуктарын колдоп жүрдү.
Шерине