Тажик бийликтери үй-бүлөдөн запкы жеп чүнчүгөн хоженттик аялдарга жаңы конуш бермек болду. Конушжай Хожент шаардык ооруканасынын бир ныптасынан орун алат. Бул жерде күйөөлөрү уруп- кодулаган жана башка запкы жеген аялдар убактылуу башпаанек таап, аларга медициналык жана психологиялык жардам, ошондой эле жана укуктук жактан кеңеш берилет. Аялдарга жардам берүү борборун АКШ өкмөтү каржылайт.
Россия 14- июлда “Европадагы жөнөкөй куралдуу күчтөр жөнүндөгү келишимге” катышуусун убактылуу токтоткон. Москванын аталган келишимден чыгуусу Россия менен Батыш арасындагы карама каршылыкты курчуткан эле. Эки тарапты элдештирүү маселеси Испаниянын тышкы иштер министри Мигель Анхель Моратинос бейшемби күнү Москвада болгон кезде талкууланды.
Ирактын Кербала шаарында жоолашкан шиит согушчандары менен полиция ортосунда чыккан айкашта 50 чакты кишинин каны төгүлдү. Калабаны басуу үчүн Кербалада чукул кырдаал абалы жарыяланып, зияратчылардын шаарга кирүүсү чектелди. Айкаш британ аскерлери түштүктөгү Басра шаарын калтырып кеткени жаткандыктан, алар чыгып кеткенден кийин, шиит топтору ортосундагы бийлик үчүн күрөш дагы курчуйт сыяктанат.
Үстүбүздөгү жумада ирандык аялдардын “Бир миллион кол тамга” өнөктүгү башталганына бир жыл толду. Өнөктүк ээри- зайып ажырашканда, мүлк мурастоодо, бала асырап алууда эркектерге ашыкча укук берилгенине көпчүлүк аялдар нааразы экенине коомчулуктун көңүлүн бурууну көздөйт. Анын уюштуруучулары эки жылдын ичинде 1 миллион адамдын кол тамгасын чогултууну мерчем кылышкан.
Россиянын баш прокурору Юрий Чайканын ырасташынча, 2006- жылы 7- октябрда “Новая газетанын” кабарчысы Анна Политковскаяны өлтүрүүнү Кремлдин тыш өлкөлөрдөгү душмандары буйруп, келишимге адам өлтүргөн кылмыш тобу ишке ашырган. Бирок, Политковскаянын өлүмүн өз алдынча иликтеген “Новая газетанын” журналисттери Чайканы кылмыштын бетин ачуунун ордуна тергөөнү “саясый оюнга айландырууда” деп күнөөлөштү.
АКШлык конгрессмендердин тобу шейшемби күнү Прагага келишти. Алар Чехиядан соң Мажарстан жана Польшада болушат. Алардын сөзүнө караганда, Кубанын лидери Фидель Кастро террордун жардамы менен гана элди былк эткирбей тескеп турат. Арал мамлекетте ар бир шаарчанын калкы катуу көзөмөл астында болгондуктан, тоталитардык режимге каршы күрөшүү кыйын. Бирок, эл азыр Кастро орноткон бийлдиктин маңызын түшүнө баштады дешет америкалык конгрессмендер “Азаттыкка” берген интервьюда.
2006- жылы Ооганстандын түндүк аймактарында апийим өстүрүү бир кыйла азайды. Бирок, өлкө түштүгүндө жана чыгышында апийим өндүрүү олуттуу көбөйдү. Азыр дүйнөлүк кара базардагы маң заттарынын дээрлик 95 пайызы Ооганстанда өндүрүлөт деп айтылат БУУ дүйшөмбү күнү жарыяланган изилдөөдө. Апийим өндүрүү эң алды Ооганстандын түштүгүндөгү калабалуу кырдаалга, ошондой эле бийликтердин наркобарондор менен маң аткезчилигине аралашкан чиновниктерди жоопкерчиликке тарта албагынына байланыштуу “рекорддук деңгээлге” өскөн.
Грекиянын Пелопеннес жарым аралы кара түтүндүн астында калды. Өрттөн улам көптөгөн кыштактардын эли шашылыш көчүрүлдү. Жүздөгөн өрт өчүрүүчүлөр турак үйлөрдү жана байыркы тарыхый жайларды “тилсиз жоодон” тыш өлкөлөрдүн жардамы менен сактап калуунун аракетин кылууда. Өрттү кимдир бирөөлөр атайылап уюштурду деп шектелүүдө жана алардын башы үчүн 1 миллион еврого чейин сыйлык жарыяланды.
Италиянын “Eni” компаниясы башындагы батыштык консорциум Казакстандын Кашаган мунай кенин өздөштүрүүдөн четтетилиши ыктымал. Казак бийликтери консорциумду жаратылышка зыян келтирип, анын кесепетинен Каспий деңизинде тюлендер өлдү, балыктар азайып кетти деп күнөөлөөдө. Буга дейре “Eni” тобунун атына мунай кенин өздөштүрүүнү кечеңдетүүдө жана долбоордун өздүк наркын башта айтылгандан көбөйтүп жиберди деген доомат айтылган.
АКШ өкмөтү Ирактын премьер- министри Нури Маликини толук колдойт. Азыр согуштан астын- үстүн болуп жаткан Ирак кези келгенде Япония сыяктуу эркин, демократиялуу, бакубат өлкө болот. Азыр террорчулар менен жүрүп жаткан согуш саясый мүнөзгө ээ. Президент Буш мындай пикирин 22- августа чет жерлерде согушкан америкалык ветерандар менен Канзас шаарында болгон кездешүүдө айтты. Буштун бул сөзүн Ак Үй чоң саясый жарыя деп атады.
Чечен-Ичкерия Республикасынын биринчи президенти Жохар Дудаевдин аялы Алла Дудаеваны чечен жикчилери козголоңчул өкмөттүн маданият министри кылып бекитти. Чеченстандын Москвадан эгемендүү болушун каалаган Жохар Дудаев 1996- жылы россиялык ракетадан атып өлтүрүлгөн. Чечен жикчилери Алла Дудаеваны министр кылып дайындоо аркылуу Москвадан күнкорсуз мамлекет куруу үчүн күрөштү токтотушпаганын дагы бир ирет эларалык коомчулуктун эсине салышты.
Иранды ядролук программасынан баш тарттыруу үчүн кайсы бир катаал чараны колдонгондон мурда, бардык дипломаттык жолдор толук колдонулуш керек. Мындай билдирүүнү АКШнын Мамкатчысынын орун басары Николас Бөрнс кечээ Вашингтондо өткөн маалымат жыйынында жасады. Иран жакында Эларалык атомдук агенттик- МАГАТЭ менен сүйлөшүүгө макулдук берген эле. Ошондуктан, “БУУнун Коопсуздук Кеңешинде Иранга каршы жаңы санкция колдонуу маселеси каралышы керекпи?” деген суроону Бернс мырза жоопсуз калтырды.
Белорус 2008-жылдан тартып улуттук акчасын орус рублуна байлаганды токтотушу ыктымал. Бул жөнүндө Белорустун улуттук банкы билдирди. Дүйнөлүк акча базарында АКШ валютасына аттандаш жалпы европалык евронун жана орус рублунун куну өсүп баратканда, белорус рублун америкалык долларга байлоо аракетин айрым талдоочулар экономикалык эмес, саясый чечим катары баалашууда.
Орусиянын акыйкатчысы Мурманск облустук психикалык оорууканасында жаткан Лариса Арапты үйүнө койо берүүгө чакырган эле. Ага карабай, дарыгерлер Ларисаны оорууканада кармашууда. Лариса Араптын айтышынча, психикалык оорууканада жаткан балдарды уруп-кемсинтүүлөр жана зордуктоо фактыларын ашкерелеген макаласы үчүн андан бийликтер ушинтип өч алышууда.
Көзкарандысыз аскерий эксперттерден турган эларалык комиссия 6-августа орусиялык учак Грузиянын аба мейкиндигине кирип, ракетадан атканын тастыктады. Грузия эми бул окуя боюнча Улуттар уюмунун коопсуздук кеңеши атайын жыйын өткөрүүсүн талап кылууда. Орусия башынан эле анын учактары 6-августа Грузиянын аба мейкиндигин бузбаганын айтып келет. Аскерий чатакты иликтөө үчүн Орусиялык адистердин тобу бейшемби күнү Грузияга келди.
Бишкек саммитине келген сыйлуу меймандардын тизмеси- Шанхай кызматташуу уюмунун Азияда мааниси өсүп баратканын күбөлөйт. Жыйынга Түркмөнстандын жаңы президенти Бердимухаммедовдун жана БУУнун башкатчысынын орун басары Лин Пасконун катышуусу өзгөчө сөзгө татыйыт. Буга дейре Түркмөн жетекчилиги берегидей саясый жыйындарга барчу эмес. Батыштын талдоочулар Бишкектеги жыйындан эмнени күтүшүүдө?
Иран президенти Махмуд Ахмединежад дүйшөмбү күнү Өнөр жай жана кендердин министри Алиреза Тамасеби менен Мунай министри Касем Вазири-Хаманени кызматтан алды. Кээ бир байкоочулар Ахмединежад эки министрди алмаштырып, маанилүү эки тармакты көзөмөлдөөнү өз колуна алды дешет. Ошол эле учурда, Ахмединежад министрлерди өзүнүн экономикалык саясатын актоо үчүн кызматтан бошотту деген да пикирлер айтылууда.
Украинанын саясый партиялары 30-сентябрда болчу парламенттик шайлоого кызуу даярданып жаткан кез. Ири партиялар курултай өткөрүп, өз программаларын жана талапкерлеринин тизмесин бекитти. Анткен менен, парламенттик шайлоо бийликке жаңы адамдарды алып келип, анын бейнесин өзгөртөт деп үмүт кылгандар жаңылышат. Иликтөөлөргө караганда, болочокку парламент азыркы парламенттен көп деле айрымаланбайт.
Иранда бир нече айдан бери түрмөдө отурган теги ирандык америкалык эки жарандын соту жакында болот. Тегерандын орун басар прокурору Хасан Хаддад жекшемби күнү маалымдаганга караганда, айрым “жазма иштер” аяктар замат соттун өкүмү чыгат. Майда кармалгандан бери Тегерандын атактуу Эвин түрмөсүндө отурган Хале Исфандияри айым менен Кыян Тажбакш Ирандын коопсуздугуна каршы аракеттенди деп күнөөлөнүүдө.
Жер кезип, сапарда жүргөн жолоочу жергиликтүү адамдарга салыштырганда байкагыч келет. Анткени, ал сапарда жүрүп көргөн нерселерин башка өлкөдө көргөндөрү менен салыштырат; артык- кемин баамадап, аларга өз баасын берет. “Азаттык” радиосунун кабарчысы Кубаныч Гераев жакында Кыргызстанда үч жума жүрүп келди. Журналист өз сапары жөнүндө Амирбек Азам уулу менен ой бөлүшкөн.
Дагы жүктөңүз