Ирандын экономикасы үчүн маанилүү эки тармактын жетекчисинин кызматтан бошотулушуна байланыштуу түрдүү кептер айтылууда. Айрым талдоочулар эки министр президенттин жакын адамдарын министрликтеги жылуу орундарга коюуга каршы турушканы үчүн портфелинен айрылышты деп боолгошот.
Ассошэйтед пресстин кабарчысы Саид Шариаттын жазышынча, Вазири- Хаманени июлдагы бензинди чендеп бердиргени үчүн кызматтан кетирилген болушу мүмкүн. Бензинди нормалап берүүгө каршы өлкөнүн түрдүү шаарларында тополоң чыккан эле.
“Фарда” радиосунун талдоочусу Мерда Гасемфар министрлерди кызматтан алуу- Ахмединежаддын өкмөтүндөгү мурдатан келаткан карама-каршылыктын натыйжасы болду деп санайт:
- Министрлерди алмаштыруунун бир канча себеби бар. Биринчиден, эки маанилүү тармактын министрлерин бошотуу 2 жыл мурда өкмөт түзүлгөндөн бери келаткан ички келишпестиктердин натыйжасы. Экинчиден, бул экономикадагы жагдайга байланыштуу. Ахмединежад шайлоо алдында айткан көп жакшы идеялар куру сөз экенин экономисттер ошондо эле айтышкан. Ал берген убадаларды өкмөт ишке ашыра алган жок. Элдин ишеними качып, нааразылыгы өсүүдө. Анүчүн президент Ахмединежад министрлерди сындоодо жана соңку эки жылда 4 министрди кызматтан бошотту.
Ройтерс агенттигинин маалымдашынча, Мунай министрлиги Пакистан жана Индияга газды арзан баада сатууга макулдук берди, тармакка чет элдик капиталды тарта алган жок деп да сындалган. Вазири- Хаманени айыптоону четке кагып, газды арзан баада сатуу жөнүндө келишим түзүлбөгөнүн айткан.
Алиреза Тамасебиге бир кыйла олуттуу күнөө тагылууда. Тегерандык экономист Саид Лайлаздын жазышынча, өнөр жай тармагына акыркы эки жылда көзгө көрүнөрлүк өсүш болбогон. Атүгүл 1980- 88- жылдардагы Ирак- Ирак согушунан бери өнөр жай тармагы азыркыдай начар абалга түшкөн эмес. Ал үчүн өкмөттүн карама- каршылыктуу саясаты күнөөлүү деп тыянак кылат Лайлаз. Экономикадагы начар абалдан улам эл арасында Ахмединежадка нааразылык өсүүдө. Мерда Гасемфардын сөзүнчө:
- Шайлоочулар Ахмединежадды сындашууда. Парламенттин бир мүчөсү Ахмединежад өзүн актоо үчүн министрлерди бошотту деген пикирин билдирди. Мен Ахмединежад шайлоочуларын жоготту, өкмөттөгү жана парламенттеги колдоочуларын жоготту деп айтмакчымын.
Министрлерди алмаштырууну Ирандын жөндүүлүк кеңешинин мүчөсү, таасирлүү саясатчы Мохаммед Хашеми президенттин орто жолдогу күлүк алмаштыруусу деп сындады. Анын пикиринче, министрлерди алмаштыруу өкмөттүн ишин олку-солку кылат.Мохаммед Хашеми- Жөндүүлүк кеңешинин төрагасы, экс- президент Акбар Хашеми Рафсанжанинин бир тууган иниси.